Просмотр содержимого документа
«Бүгүнкү Кыргызстандагы коммунисттик идеологиянын абалы»
Бүгүнкү Кыргызстандагы коммунистик идеологиянын абалы
Аткарган: Осмонова Бегимжан Апышовна
Коммунисттик идеологиянын негизги идеялык багыттары
- 1. Бүгүнкү кырдаалдагы коңшу өлкөлөрдүн коммунистик партияларынын коомдук-саясий өнүгүүдө алган орду
- 2. Кыргызстандагы эгемендүүлүктүн алкагында коммунистик партиянын жүргүзгөн иш-чаралары
XIX к. Коммунисттик идеологиянын башатын к. Маркс, ф. Энгельс түзүп, программалык документти жана анын идеологиясы катары «Коммунисттик партиянын манифестин» жарыялаган
В.и.ленин маРксизМдин теориялык илимин андан ары өнүктүрүп, анын мазмунун өткөнгө, учурга жана келечекке салыштыруу аркылуу чыгармачылык менен пайдаланууну сунуштаган
Xx К. Башында көптөгөн мамлекеттерде пайда болгон коммунистик партиялар жана россияда орнотулган советтик бийлик коммунисттик идеологияны негизги идеология катары пайдаланган
Европа, азия, америка континенттериндеги кийинчерээк түзүлгөн социалисттик багыттагы партиялар дагы коммунисттик идеологияга басым жазашкан
Коммунисттик идеологиянын мазмунун учурга ылайыкташтырып марксизмди туу кылган коммунисттик партиялар дагы өз жолу менен бара жатат. Бүгүнкү кырдаалда коммунистик идеология түп тамыры менен жоголуп, анын келечеги жок деген көз караштагы ой-пикирлер, көтөрүлгөн маселенин бир жактай карагандык катары түшүндүрүлөт
- Чыгыш Европа, Кмшга кирген мамлекеттердеги парламенттик жана президенттик шайлоолордогу коммунисттердин жетишилген ийгиликтери коммунисттик партиянын жана анын идеологиясынын өнүгүүсүнүн жаңы этабы катары баалоого болот.
- Россиянын коммунистик партиясы 1993-жылы өзүнүн съездинде кайрадан жаңыланып, 2008-жылы кабыл алган жаңыртылган программасында социализмдин кайрадан куруу сунушталган. Учурга ылайык социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, өнүгүүдө демократиялык багыттагы элдик бийликке басым жасап, учурундагы коммунистик партиянын кетирилген каталарын 1930-1940-жылдардагы депрессияны эсептеп, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын камтыган өз программасын сунуштаган.
- Кытайдын коммунисттик партиясы өзүнүн жүргүзгөн идеологиясында коммунисттик партиянын идеологиясын сынга албоону, өнүгүүнүн мазмуну болгон социалисттик түзүлүштү, анын өзүнүн түзгөн Марксизм-Ленинзмдин жана Мао-Цзедундун идеясына каршы иш жүргүзбөөнү эскертет
Бүгүнкү Кыргызстандын коммунисттик партиясы 17.09.1992-ж кайрадан каттоодон өткөн. Партия мурдагы ккп борбордук комитетинин биринчи секретары А. Масалиев тарабынан негизделген
А. Масалиевдин кабыл алынган программасында:
- Марксизм-ленинзмди саясий кырдаалга ылайыкташтырып пайдалануу менен социалисттик демократиялык мамлекетти түзүү каралган
- Интернационализмдин алкагында жарандык укуктун, социалдык теңчиликти түзүлүшүнө шарттарды түзүү белгиленген
- Экономикалык өнүгүүдө бүгүнкү стихиялык реформалардын негизинде калкка түшүндүрүү менен, пландуу рынок экономикасынын өнүгүүсүнүн шарт түзүп, маанилүү өнөр жай тармагындагы мамлекеттик менчике айландырып, айыл-чарба багытындагы коллективдүү чарбага басым жасоо сунушталат
- Социалдык маселеде калкты жумуш орду менен камсыз кылуу
- Медициналык жана билим берүү тармагын мамлекеттин эсебинен камсыз кылуу иштери каралган
Мамлекеттик башкаруу системасын парламенттик жол менен жүргүзүп, бийликтин үч бутагынын шайлоо менен жүргүзүү мерчемделет
- Бийликтин 3 бутагы:
- 1. Мыйзам чыгаруу
- 2. Аткаруу
- 3. Сот системасы
Коммунисттик партия, эгемендүүлүктүн шартында парламенттик шайлоолордо айрым ийгиликтерге жетишкен. Алсак,
- 2000-жылы шайлоодо 27,65% добушка ээ болуп, парламентте 5 орун бөлүнгөн
- 2005-жылы 15 орунга ээ болгон
- 2007-жылы шайлоодо 5,12% добушка ээ болуп, 8 орун ээлеген
1999-жылы партия өз ичинен ыдырап, идеологиянын айрым маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу бийлигине карата түзүлгөн саясий кырдаалга ылайык 2ге бөлүнгөн:
- «Кыргызстан коммунисттик партиясы » Жетекчиси И. Масалиев
- «Кыргызстандын коммунисттик партиясы» жетекчиси К. Ажибекова
- Жогорудагы бөлүнүп кеткенге ылайык 2010-жылы парламенттик шайлоодо 5% тоскоолдуктан өтпөй, депутаттык мандатка ээ болбой калганга алып келди. Бул фактылар бүгүнкү коммунисттик партиянын жетекчи штабынын калк арасында дээрлик иш жүргүзбөгөндүгү менен түшүндүрүлөт.
- Жоготууларга кошумча ирээтинде белгилеп кете турган нерсе- эгемендүүлүктүн алгачкы этаптарын да пайда болгон солчул саясий партиялардын идеологиянын багыты:
- Эмгекчил адамдарды колдоо
- Социалдык тең укуктуулука басым жасоо
- Рынок экономикасына шарт түзүү сыяктуу көтөрүлгөн маселелер коммунисттик партиянын программасына үндөш болгондуктан калк арасында жакшы ийгиликтерге жетишкен. Алсак, парламенттик шайлоодогу «Ата-Мекен», СДПК партиялары алдыңкы орунду ээлешкен
Жалпысынан, бүгүнкү күнү калк арасында сиңип калган коммунисттик идея жана анын идеологиясын дүйнөлүк өнүгүүдөгү жетишилген ийгиликтерге таянуу аркылуу, келечектеги өнүгүүнүн стратегиялык багытына туура айкалыштыра калк арасындагы ишеничке эртедир, кечтир кайрадан ээ болору шексиз
Көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат!!!