3-ҮЛГҮ САБАКТЫН ФРАГМЕНТИ:
«КӨБӨЙТҮҮ ЖАНА БӨЛҮҮ АЛГОРИТМИ»
Аталышы/Темасы: Үч орундуу сандарды аягы нөл менен аяктаган эки орундуу сандарга жазуу түрүндө көбөйтүү.
Максаттуу класстар: 4
Ишмердүүлүктүн максаты: Окуучулар алгоритмди колдонуу менен үч орундуу сандарды аягы нөл менен аяктаган эки орундуу сандарга көбөйтүүнү аткарышат.
Керектелүүчү материалдар: Китеп, дептер, калем сап, карандаш жана чийүүгө
керектүү буюмдар.
Маанилүүлүгү: Үч орундуу сандарды аягы нөл менен аяктаган эки орундуу сандарга жазуу түрүндө көбөйтүү алгоритмин түшүнүү жана колдонуу – көп орундуу сандарды жазуу түрүндө көбөйтүүнүн негизи болуп эсептелет.
Окуу китеби менен байланышы: [будет заполнено позже учителями.]
Окуу китеби менен байланышы: [мугалимдер тарабынан кийинчерээк толтурулат]
Жол-жобосу (Процедура):
Пландоо:
Мугалим окуучулардын Moodle, Zoom же буга чейин колдонуп жүргөн башка окутууну башкаруу системасынан Форумду жана секциялык бөлмөлөрдү (breakout rooms) колдонууну үйрөнүшкөнүнө ынануусу керек.
Сабакка чейин:
Окуучуларга көрсөтүү үчүн сабактын "Моделдештирүү", "Практика", "Жогорку деңгээл", "Төмөнкү деңгээл", "Ыкчам баалоо" этаптарына слайд-шоу түзүү үчүн Google Презентацияларын (Google Slides) же башка онлайн-каражаттарды колдонгула.
I-бөлүм. Сабакты ачуу жана киришүү
II-бөлүм. Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу
Виртуалдуу манипулятивдик материалдары бар электрондук баракчага өткүлө, мисалы, https://www.knowatom.com/interactive-simulations/area-model-multiplication. Аянты 43 ▪ 2 көбөйтүү маселеси менен көрсөтүлгөн фигураны куруу үчүн тик бурчтук моделин колдонуңуз. 43 ▪ 2 = 86 экенин окуучуларга көрсөтүңүз.
Окуучулардан 43 ▪ 20нын жообун кагазга жазып, кагаздарын көтөрүүнү сураныңыз. Бир нече окуучуга жообу менен бөлүүшүнү сунуштаңыз.
Виртуалдуу манипуляциялык аянт моделин колдонуп, 43 ▪ 20 көбөйтүндүсүн билдирген аянтты түзүңүз. Окуучуларга 43 ▪ 2 = 86 экенин көрсөтүңүз.
Окуучуларга 20 = 10 ▪ 2 болгондуктан, 43 ▪ 20 аянты 43 ▪ 2нин аянтынан 10 эсе көп, б.а., 860 = 10 ▪ 86 экенин айтып, жыйынтыктаңыз.
Алдын ала даярдалган слайдда же башка презентацияларды түзүү үчүн тиркемеде 243 ▪ 20 көбөйтүндүсүн көрсөтүп, окуучулардан маселени мамыча түрүндө жазып, өз алдынча чыгарууну сураныңыз. Окуучулардан нөл менен аяктаган сандарды жазуу түрүндө көбөйтүү ыкмасын колдонуп чыгарууну талап кылган башка маселелерди да тандай аласыз.
Кандай жооп алдыңар?
Кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?
Бул маселени чыгаруунун башка жолу менен ким бөлүшө алат?
Google Презентациялар (Google Slides) же башка презентацияларды түзүү үчүн тиркемеде алдын ала даярдалган слайддан мисалды кайра көрсөтүңүз. Окуучуларга айтыӊыз: Башка мектептеги бир окуучу 243 жана 20 сандарынын көбөйтүндүсү 486 болот деп айтты.
Досканы же Google документти ачыңыз. Окуучулардан сураӊыз:
Мындай жоопко силер макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Себебин түшүндүргүлө.
Кандай деп ойлойсуңар, ал окуучу 486 деген жоопту кантип алды?
Ал окуучуга силер эмне деп айтат элеңер?
Жыйынтыктаӊыз, көбөйтүү кандай чыгарылганына көңүл буруӊуз.
Айтыңыз: Үч орундуу сандарды аягы нөл менен аяктаган эки орундуу сандарга көбөйтүүнү мамыча түрүндө жазып чыгаруу үчүн төмөнкүдөй кадамдарды жасоо керек:
Google Презентациялар (Google Slides) же башка презентация тиркемесинде даярдалган слайдда мамычага жазылган 243 ▪ 20, 20 = 2 ▪ 10, 243 ▪ 2 туюнтмаларын көрсөтүңүз. 20 = 2 ▪ 10 туюнтманын астын сызып, айтыңыз: Бул мисалды жөнөкөйлөтүү үчүн мен 20 көбөйтүндүсүн ыңгайлуу сандарга ажыратам. Мисалы, мен билем, 20 = 2 ▪ 10 болот.
2ни тегеректеп, айтыңыз: Алгач 243 көбөйтүндүсүн 2 ге көбөйтүүнү мамыча түрүндө жазабыз:
243
x 2
486 деген жоопту жазып же терип, айтыңыз: Көбөйтүүнү аткарам: 3 бирдикти 2ге көбөйткөндө 6 бирдик болот, 4 ондукту 2ге көбөйтсөк 8 ондук чыгат, 2 жүздүктү 2ге көбөйтсөк 4 жүздүк болот:
243
x 2
486
10ду тегеректеп, айтыңыз: 486 санын экинчи көбөйтүүчүгө, 10го көбөйтөбүз:
486
x 10
4860
Жоопту жазып же терип, окуңуз: 4860.
Google Презентациялар (Google Slides) же башка презентация тиркемесинде даярдалган слайдда тилкеге жазылган 243 ▪ 20 туюнтмасын көрсөтүңүз. 2ни тегеректеп, айтыныз: Экинчи көбөйтүүчү нөл менен аяктаса, ондукту биринчи көбөйтүүчүнүн бирдигинин алдында жазып койсо болот. Биздин мисалды чыгарууда мамыча түрүндө төмөнкүдөй жазып чыгарууга да болот:
243
x 20
Мындай жазуу нөл менен аяктаган сандарга көбөйткөн учурларда гана колдонулаарын эске салуу зарыл.
4860ты жазып же терип, айтыңыз: адегенде 243тү 2ге көбөйткүлө, 486 чыгат, анан дагы 10го көбөйтүү керек экенин унутпагыла, б.а. оң жактагы натыйжага бир 0 коюу керек, натыйжа 4860.
Эгер убакыт жетиштүү болсо Google Презентациянын же башка тиркеменин жардамы менен ушуга окшош тапшырмаларды көрсөтүңүз.
Окуучуларга сиз көрсөтүп жаткан мисалдарды чыгарууну сунуштаңыз. Досканы же Google документти ачыңыз. Ар бир тапшырма боюнча окуучулардан сурамжылоо жүргүзүңүз. Өзүңүзгө тапшырманы аткарууда дайыма туура жооп тапкан окуучуларды жана көбүрөөк жаңылыш жооп айткан окуучуларды белгилеп алыңыз. Бир нече окуучуга жообу менен бөлүшүүнү жана ой жүгүртүү жолун түшүндүрүп берүүнү сунуштаңыз. Окуучулар айтып жатканда жоопторун жана түшүндүрүүлөрүн жазып туруңуз.
Мугалим дайыма маселелерди туура чыгарган окуучуларды белгилеп, 1-топко жазат. Мугалим чыгарууда дайыма жаңылыш жооп алган окуучуларды белгилеп, 2-топко жазат. Теманы түшүнгөн, бирок дайыма эле туура жооп таба албаган окуучуларды 3-топко жазат. Окуучулар жогорудагы бөлүштүрүүгө ылайык чакан топторго бөлүнүшөт.
Мугалим ар бир топко виртуалдык жолугушууга орун берүү үчүн Google Meet, Zoom же башка окууну башкаруу системасынын секциялык бөлмөлөрүн (Breakout Rooms) колдоно алат.
3-топтун окуучуларына кошумча практикалык тапшырмаларды бериңиз.
Жогорку деңгээл: 1-топтун окуучуларына көбөйтүүгө карата жазуу түрүндө мамыча менен чыгарууга татаалыраак тапшырмаларды бериӊиз. Мисалы, разряддык бирдиктерди көбөйткөндө көбөйтүндү разряддар аркылуу өтсүн. Мисалы:
897 ▪ 50; 832 ▪ 70.
Досканы же Google документти ачыңыз. Бир нече окуучуга жообу менен бөлүшүүнү жана ой жүгүртүү жолун түшүндүрүп берүүнү сунуштаңыз. Окуучулар айтып жатканда жоопторун жана түшүндүрүүлөрүн жазып туруңуз.
Төмөнкү деңгээл: 2-топтун окуучуларына үч орундуу сандарды бир орундуу сандарга же үч орундуу сандарды нөл менен бүткөн эки орундуу сандарга көбөйтүүгө карата, бирок бирдиктер менен ондуктарды көбөйткөндө көбөйтүндү разряддык бирдиктер аркылуу өтпөй турган тапшырмаларды бериӊиз.
Бир нече окуучуга жообу менен бөлүшүүнү жана ой жүгүртүү жолун түшүндүрүп берүүнү сунуштаңыз. Окуучулар айтып жатканда жоопторун жана түшүндүрүүлөрүн жазып туруңуз. Төмөндөгүдөй суроолорду бериӊиз:
Бөлүүнү аткаруу үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?
Өзүңөрдүн эсептөөңөрдү түшүндүрүп бере аласыңарбы?
III-бөлүм. Окутуунун жыйынтыктарын баалоо
Мугалим бүт класс менен кайрадан Google Meet, Zoom же башка онлайн конференция тиркемесинде жолугушат.
Google Презентациялар (Google Slides) же башка презентацияларды түзүү үчүн тиркемеде слайдда 431 ▪ 20 = .... туюнтмасын көрсөтүңүз. Окуучулардан бөлүүнүн жыйынтыгын манжалары менен көрсөтүшүн же жоопту айтышын өтүнүӊүз.
Онлайн-конференциянын аудиториясына көз жүгүртүп, кыйналып жаткан окучуларды өзүңүзгө белгилеп алыңыз.
Айтыӊыз: Биз үч орундуу сандарды аягы нөл менен аяктаган эки орундуу сандарга мамыча түрүндө көбөйтүүнү үйрөндүк. Кандай ыкма болбосун, аны кандайча колдонгонубузду түшүндүрүп бере алышыбыз маанилүү.
Тапшырма разряддык бирдиктерди көбөйтүүдө көбөйтүндүнүн мааниси разряддар аркылуу өтө турган үч орундуу сандарды нөл менен бүткөн эки орундуу сандарга мамычалар түрүндө көбөйтүүгө карата окуу китебинен алынса болот.
Кыйналган окуучуларга үч орундуу сандарды нөл менен бүткөн эки орундуу сандарга көбөйтүүдө бирдиктер менен ондуктарды көбөйтүүдө көбөйтүндү разряддык бирдиктер аркылуу өтпөй турган тапшырмаларды бериӊиз.
Тапшырмалардын татаалдыгы практика бөлүмүндө каралган маселелердин татаалдык деӊгээлинен ашпашы керек жана үлгү сабактын фрагментинде көрсөтүлгөн максаттар менен дал келиши керек.
4