Просмотр содержимого документа
«Бутанаев. ................»
Кече кыргызтаанууга опол тоодой салым кошкон Астайбек Бутанаев агай каза тапты. Кыргызтаануу илими үчүн орду толгус чоң жоготуу болду. Эми бул кишинин ордун ким толтурат? Ал салган чыйыр менен келе жаткан жаштар барбы? ............... Кыргызстанда жаштар, өзгөчө билимдүү, таланттуу, амбициялуу жаштар, анын ичинде эркек балдар материалдык себептерден жана коомдогу престижи төмөндүгүнөн улам илимге келбейт. Келип калса да, кайып каскагынан Кыргызстандагы алдыңкы 2-3 университетте окуп иштеп калганы үчүн, же болбосо Түркияда, Батышта PhD программасына грант утуп алганы үчүн келип калышат. Эми бизде Улуттук аттестация комиссиясы (ВАК) деген СССРден калган мамлекеттик мекеме бар. СССРдин өзү жок, бирок илимий диссертацияларда Маркс менен Энгельстен, Ленин менен Сталинден цитата алынып, алынбаганын; коммунисттик идеологияга ылайык келип келбегенин текшерген аттестация комиссиясы калды. Бул мекеме эч кандай илимий-техникалык базасы, адамдык-адистик ресурсу болбосо да кандайча ушуга чейин Билим берүү жана илим министрлигинен тизгин талашып, Улуттук илимдер академиясынын бир ыптаасын ээлеп, өз таасирин жоготпой келет?! Себеби өтө жөнөкөй. Эң биринчиден, биздин интеллигенция эсил кайран СССР дин таасиринен чыга элек. Алар үчүн илимдин, билим берүүнүн, деги эле бардык нерсенин эң мыкты эталону - бул СССР учурундагы нерселер. Батыштан келген нерселер менен көрүнүштөр, анын ичинде PhD деген түшүнүк алар үчүн "бузуку". Экинчиден, учурунда саясий-коомдук турмушка активдүү катышып жүрүп, кийин көңүл сыртында калган айрым окумуштуу агалар өз тармагында диссертациялык кеңештердин түшпөс төрагасы болуп, бул кеңештерди материалдык пайда табуунун, коомдук таасирге ээ болуунун аянтчасына айлантышкан. Ошондуктан аттестациялык кеңештин жоюлушуна, же болбосо замандын талабына ылайык милдетинин өзгөрүшүнө, реформа болушуна каршы турушат. Эми айтайын дегеним - ушул Улуттук аттестациялык комиссия ар түрдүү себептер менен Батыш өлкөлөрүнөн жана жергиликтүү бир канча университетте алынган PhD илимий даражасын илимий даража катары таанып, илимдин кандидатына теңегенге жылдар бою каршы болуп келе жатат. Эмнеге?! Мен үчүн эч түшүнүксүз. Илим үчүнбү? Менимче, жок. Аны өз тармагымдын, болгондо да улуттук маңызы бар байыркы түрк-кыргыз филологиясынын мисалында түшүндүрөйүн. Бул тармак боюнча Кыргызстанда бир гана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде педогогикалык-окутуучулук курам, илимий-техникалык база бар. Анан Түркиянын, Германиянын, Венгриянын университеттеринде мүмкүнчүлүк бар. Учурунда Санкт-Петербург менен Москвада да бар эле, тилекке каршы, азыр жок. Эми байыркы түрк-кыргыз филологиясы боюнча Батыштан илим жактап, PhD даражасын алып келгендерди "кодулап", алардын докторлугун кандидат деп тааныбай коюуудан ким утат?! Менимче жооп белгилүү. Эми Кыргызстанда эч изилденбеген башка табигый-так илимдер боюнча сөз да жок.
Учурунда бир жарым жыл Улуттук илимдер академиясында иштегем. Ошондуктан "укмуш" деп эсептелген кандидаттык, докторлук жактоонун күңгөй-тескейин өтө жакшы билем. Диссертациялык кеңешти менчиктеп алган бир агайдын башка бир агайга "менин көзүм тирүүмдө, эч качан жактай албайсың" дегенине күбө болгом, Диссертациясын жазуудан эмес, кагаздарды толтуруудан, алдын ала жактоолордон тажап, даяр ишин жактабай койгондорду көргөм. Эң негизгиси биз азыр атаандаштыкка негизделген базар экономикасындабыз. Окумуштуулугуң сага берилген кандидаттык диплом менен эмес, жазган илимий иштериңе карай өлчөнөт. Ошондуктан атаандаштыкка негизделген илимди жактаган Батыш, Жапан, Корей өнүгүп жатат.
Баса, илимдин кандидаты, доктору деген түшүнүктөр СССР (коммунисттик Россия) ойлоп тапкан уникалдуу система эмес. Падышалык Россияда кандидат-магистр-доктор (PhD) деген система болгон. 1930-жылдары магистр дегенди чыгарып, анын ордуна кандидат дегенди коюшкан. Ошентип кандидат-доктор экөө калган. 30-жылдардагы индустриялаштыруу учурунда адамдарды өндүрүштөн алып койбош керек деген саясат менен ЖОЖдогу сабак алуу баскычын жоюп коюшкан (сапатын жакшыртыш үчүн эмес, экономия болсун деп). Ушуну эске алып, чындап салыштырып келсек, илимдин кандидаты - бул азыркы магистрге туура келет.
#БилимАкипресс