СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч. Айтматов . тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч. Айтматов . тест»

_______ мектепин 11___ классынын окуучусу __________________________________

2023-ж. 20-ноябрь 2-сабак


Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча билим деңгээлин текшерүү

(окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептин 11-классы үчүн )

I тесттик иш

1. Ч.Айтматов …

а. прозаик в. прозаик, драматург

б. прозаик, акын г. прозаик, драматург, публицист


2. Ч.Айтматов өзүнүн чыгармачылыгынын адабий башталышы катары эсептеген чыгармасы кайсы?

а. «Гезитчи Дзюйо» аңгемеси в. «Жамийла» повести

б. «Асма көпүрө» аӊгемеси г. «Бетме-бет» повести


3. Жазуучунун кайсы чыгармасы кейипкердик баяндоо аркылуу ишке ашкан?

а. «Эрте келген турналар» повести в. «Делбирим» повести

б. «Гүлсарат» повести г. «Касандра белгиси» романы

4. Кичинекей революционер тууралуу чыгармасынын аталышы

а. «Ак жаан» аңгемеси в. «Фудзямадагы кадыр түн» драмасы

б. «Тоолор кулаганда» романы г. «Гезитчи Дзюйо» аңгемеси


5. Ч.Айтматов «Фудзямадагы кадыр түн» драмасын ким менен биргеликте жазган?

а. Калтай Мухамеджанов в. Мухтар Ауэзов

б. Мухтар Шаханов г. Аалы Токомбаев


6. «Обон» кайсы чыгарманын алгачкы аталышы?

а. «Кыямат» романынын в. «Делбирим» повестинин

б. «Жамийла» повестинин г. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести


7. «Он төрт жашар өспүрүм чоң кишинин иштегенин иштеди, чоң кишинин түшүнгөнүн түшүнүп, чоң кишиче кайгырды». Ч.Айтматовдун кайсы каарманы жөнүндө сөз болуп жатат?

а. Султанмурат в. Сейит

б. Алтынай г. Кириск


8. Ч.Айтматовдун чыгармасындагы аянычтуу окшош тагдырга кабылган адам жана жаныбар

а. Арсен жана Жаабарс в. Султанмурат жана Чабдар

б. Сабитжан жана ак куш г. Арзыгүл жана Акбара


9. Автордун бир күндүк окуяны чагылдырган чыгармасы

а. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести в. «Тоолор кулаганда» романы

б. «Ак кеме» повести г. «Кылым карытар бир күн» романы


10. «Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык» деген макалды Айтматовдун чыгармаларынын ичинен кайсы каарман айткан?

а. Садык в. Базарбай

б. Орозкул г. Ысмайыл


11. Раймаалы менен Бегимайдын махабаты кайсы чыгармада берилет?

а. «Кылым карытар бир күн» романында в. «Ак кеме» повестинде

б. «Кыямат» романында г. «Биринчи мугалим» повестинде


12. Каруунун кеткендеги өкүнүчү кайсы чыгармада берилет?

а. «Саманчынын жолу» повестинде в. «Кыямат» романында

б. «Кылым карытар бир күн» романында г. «Тоолор кулаганда» романында

13. Борбордук Азиядагы Арал деңизинин трагедиясы Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында мисал келтирилген?

а. «Кыямат» романында

в. «Чыңгызхандын ак булуту» романы

б. «Кылым карытар бир күн» романында

г. «Ысык-Көлдүн куту жана куну» публицистикалык чыгармасы


14. Терс каарманды негизги каарман катары сүрөттөгөн чыгарма

а. «Ак кеме» повести в. «Саманчынын жолу» повести

б. «Бетме-бет» повести г. «Кызыл алма» аңгемеси


15. Сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыгы тууралуу окуя жазуучунун кайсы чыгармасында кимдин образы аркылуу берилет?

а. «Кыямат» романында Мишандын образы аркылуу

б. «Гүлсарат» повестинде Сегизбаевдин образы аркылуу

в. «Кылым карытар бир күн» романында Абуталиптин образы аркылуу

г. «Тоолор кулаганда» романында Эрташ Курчалдын образы аркылуу


16. Акчага, атакка сатылган сүйүү кайсы чыгармада сүрөттөлөт?

а. «Кыямат» романында в. «Жамийла» повестинде

б. «Тоолор кулаганда» романында г. «Саманчынын жолу» повестинде

17. Белгилүү сынчы Кеӊешбек Асаналиев Айтматовдун кайсы чыгармасына «кыргыз адабиятындагы жаӊы сөз» деп баа берген?

а. «Жамийла» повестине в. «Бетме-бет» повестине

б. «Саманчынын жолу» повестине г. «Делбирим» повестине


18. Ч.Айтматовдун ата-энесине арнап жазган чыгармасы

а. «Саманчынын жолу» повести в. «Манас-Атанын ак кар, көк музу» очерк-макаласы

б. «Биринчи мугалим» повести г. «Гүлсарат» повести


19. «Жамийла» повестин «Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эӊ сонун баян» деп баалаган ким болгон?

а. казак жазуучусу Мухтар Ауэзов в. адабий сынчы Кеӊешбек Асаналиев

б. француз жазуучусу Луи Арагон г. орус окумуштуусу Георгий Гачев


20. «Түбөлүк колукту» уламышы Айтматовдун кайсы чыгармасында берилген?

а. «Фудзямадагы кадыр түн» драмасында

б. «Түнкү сугат» аӊгемесинде

в. «Тоолор кулаганда» романында

г. «Кыямат» романында


II Дал келтиргиле


1

Ч.Айтматовдун “Бетме бет” повестиндеги Ысмайылдын негизги турмуштук принциби

А)

Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги агартуу иштеринин кыйынчылыктары

2

“Биринчи мугалим” повестиндеги сүрөттөөгө алынган

мезгил

Б)

Танабайдын тагдырын чагылдырган баян

3

Эрте келген турналар повести

В)

Өз кара жанын калкалоо, өзү жөнүндө гана ойлоо

4

“Гүлсарат” повести

Г)

Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү баян

5

“Жамийла” повести

Д)

Өспүрүмдөр тууралуу баян



1

2

3

4

5









III Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп сүйлөмдөрдү толуктагыла:


  1. Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы............................ кичинекей кезинен эле агасына жакын болгон.

  2. “Жамийла” повести алгач........................ деген ат менен жарык көргөн.

  3. “Эрте келген турналар” повестинде кош айдоого барган балдардын тобун “......... .......................................” деп аташкан.

  4. Султанмуратка Мырзагүлдүн берген белеги...... ......................... болгон.

Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан............................. обону угулсун.


















I Тесттин жооптору


1-Г, 2-Г, 3-В, 4-Г, 5-А, 6-Б, 7-А, 8-А, 9-Г, 10-А, 11-А, 12-Г, 13-Г, 14-Б, 15-В, 16-Б, 17-В,

18-А, 19-Б, 20-В;


II Дал келтирүү

1

2

3

4

5

В

А

Д

Б

Г


III Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп сүйлөмдөрдү толуктагыла:

Жообу:


  1. Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы Роза кичинекей кезинен эле агасына жакын болгон.

  2. “Жамийла” повести алгач “Обон”деген ат менен жарык көргөн.

  3. “Эрте келген турналар” повестинде кош айдоого барган балдардын тобун “Ак сай десанттары” деп аташкан.

  4. Султанмуратка Мырзагүлдүн берген белеги жүз аарчы болгон.

  5. Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун.






























_______ мектепин 11___ классынын окуучусу __________________________________

2023-ж. 20-ноябрь 2-сабак


Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча билим деңгээлин текшерүү

(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин 11-классы үчүн )

I тесттик иш

1. Ч.Айтматов …

а. прозаик в. прозаик, драматург

б. прозаик, акын г. прозаик, драматург, публицист


2. Ч.Айтматов өзүнүн чыгармачылыгынын адабий башталышы катары эсептеген чыгармасы кайсы?

а. «Гезитчи Дзюйо» аңгемеси в. «Жамийла» повести

б. «Асма көпүрө» аӊгемеси г. «Бетме-бет» повести


3. Жазуучунун кайсы чыгармасы кейипкердик баяндоо аркылуу ишке ашкан?

а. «Эрте келген турналар» повести в. «Делбирим» повести

б. «Гүлсарат» повести г. «Касандра белгиси» романы

4. Кичинекей революционер тууралуу чыгармасынын аталышы

а. «Ак жаан» аңгемеси в. «Фудзямадагы кадыр түн» драмасы

б. «Тоолор кулаганда» романы г. «Гезитчи Дзюйо» аңгемеси


5. Ч.Айтматов «Фудзямадагы кадыр түн» драмасын ким менен биргеликте жазган?

а. Калтай Мухамеджанов в. Мухтар Ауэзов

б. Мухтар Шаханов г. Аалы Токомбаев


6. «Обон» кайсы чыгарманын алгачкы аталышы?

а. «Кыямат» романынын в. «Делбирим» повестинин

б. «Жамийла» повестинин г. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести


7. «Он төрт жашар өспүрүм чоң кишинин иштегенин иштеди, чоң кишинин түшүнгөнүн түшүнүп, чоң кишиче кайгырды». Ч.Айтматовдун кайсы каарманы жөнүндө сөз болуп жатат?

а. Султанмурат в. Сейит

б. Алтынай г. Кириск


8. Ч.Айтматовдун чыгармасындагы аянычтуу окшош тагдырга кабылган адам жана жаныбар

а. Арсен жана Жаабарс в. Султанмурат жана Чабдар

б. Сабитжан жана ак куш г. Арзыгүл жана Акбара


9. Автордун бир күндүк окуяны чагылдырган чыгармасы

а. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести в. «Тоолор кулаганда» романы

б. «Ак кеме» повести г. «Кылым карытар бир күн» романы


10. «Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык» деген макалды Айтматовдун чыгармаларынын ичинен кайсы каарман айткан?

а. Садык в. Базарбай

б. Орозкул г. Ысмайыл


11. Раймаалы менен Бегимайдын махабаты кайсы чыгармада берилет?

а. «Кылым карытар бир күн» романында в. «Ак кеме» повестинде

б. «Кыямат» романында г. «Биринчи мугалим» повестинде


12. Каруунун кеткендеги өкүнүчү кайсы чыгармада берилет?

а. «Саманчынын жолу» повестинде в. «Кыямат» романында

б. «Кылым карытар бир күн» романында г. «Тоолор кулаганда» романында

13. Борбордук Азиядагы Арал деңизинин трагедиясы Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында мисал келтирилген?

а. «Кыямат» романында

в. «Чыңгызхандын ак булуту» романы

б. «Кылым карытар бир күн» романында

г. «Ысык-Көлдүн куту жана куну» публицистикалык чыгармасы


14. Терс каарманды негизги каарман катары сүрөттөгөн чыгарма

а. «Ак кеме» повести в. «Саманчынын жолу» повести

б. «Бетме-бет» повести г. «Кызыл алма» аңгемеси


15. Сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыгы тууралуу окуя жазуучунун кайсы чыгармасында кимдин образы аркылуу берилет?

а. «Кыямат» романында Мишандын образы аркылуу

б. «Гүлсарат» повестинде Сегизбаевдин образы аркылуу

в. «Кылым карытар бир күн» романында Абуталиптин образы аркылуу

г. «Тоолор кулаганда» романында Эрташ Курчалдын образы аркылуу



II Бул кимдин сөзү? Толтуруңуз.

Чыгармадан алынган үзүндүлөр

Кайсы каармандын сөзү

1.

- Сени болуштукка көтөрсөк деген ойдобуз. Бирок мобу агаң акылынан ажырап, эмне кылганын өзү билбей отуру, минтип жүрсө алиги биздин ишке жолтоо болору бышык...



2.

- Эгер менин ырдагангымды, кечигип келген сүйүүгө тартынбай, кубанып бой урганымды айып деп билсенңер, ошол үчүн гана мени акылдан айныптыр деп эсептесеңер, анда мен силерден кеттим.....


3.

- Мына! – деп домбраны жерге чапты, кутурган бука уйчуну тебелегенсип, назик аспапты бычырата тепседи...


4.

- Карагылачы жинди болуп баратат! Байлап салгыла, болбосо өлтүрөт!











III Жоопторун тушуна жазыңыз.

Чыгармадан алынган үзүндүлөр


Кайсы каарманга таандык?

Кайсы мезгил эле?

1.

...Деңиздин илеби бети-башын аймалады. А кезде деңиз жакын, темир жолдун түбүндө, эми болсо дүрбү салып көрө албас алыска качыптыр. Соолуп баратканы да...



2.

...Поездге жабышкан эл сан түмөн, күчтүүсү тоголото түртүп салып түшүп кетип жаткан...




3.

...соко тарткан өгүздөн бетер бышылдап, дагы кыр башына түртүп чыгат, дагы төгөт, дагы төгөт...



4.

...Жымырайта жамачы салынып, зымырайта көктөлгөн, сыры кетсе да, сыны кетпеген тери шым көчүгүндө, көбүнесе сакталуу турган, сыртка чыкканда эскиртпей сактаган, жарашыгы кете элек темир жол форма шапкеси ички моюнуна бек отурган чоң башы да эп келип турат...





IV Дал келтириңиз.

А

... кабагы карыш салынып, эки кашынын ортосундагы бырыш жондонуп чыкты....

1.

Казангап

Б

... балам дегенде ичип жаткан ашын жерге коё койчу эле. Уулу тууралуу оозунан эч жаман сөз чыккан эмес...

2.

Эдигей

В

... интернатта жаткырып окутту, институтта бактырып окутту, эмне үйрөнүп чыкканын ким билсин, бирок кишилиги жок чыкты. Мактанганын айтпа, ичкиликтен тартынбайт, тост айта келгенде алдына киши чыгарбайт, а бирок иштеген ишинин мазеси жок...

3.

Үкүбала

Г

... жылт-жулт ойноктогон кара көздүү келин эмес беле. Анан дагы бырыш баскан, оозу кемшейип, аял канча карыса да, тиши жок болгону жарашыксыз экендигин далилдеп турат...

4.

Сабитжан


А

Б

В

Г

















Чыгармадан алынган үзүндүлөр

Кайсы каармандын сөзү

1.

- Сени болуштукка көтөрсөк деген ойдобуз. Бирок мобу агаң акылынан ажырап, эмне кылганын өзү билбей отуру, минтип жүрсө алиги биздин ишке жолтоо болору бышык...


бий башы

2.

- Эгер менин ырдагангымды, кечигип келген сүйүүгө тартынбай, кубанып бой урганымды айып деп билсенңер, ошол үчүн гана мени акылдан айныптыр деп эсептесеңер, анда мен силерден кеттим.....

Раймалы

3.

- Мына! – деп домбраны жерге чапты, кутурган бука уйчуну тебелегенсип, назик аспапты бычырата тепседи...

Абдилхан

4.

- Карагылачы жинди болуп баратат! Байлап салгыла, болбосо өлтүрөт!

Абдилхан

II Бул кимдин сөзү? Толтуруңуз.



III Жоопторун тушуна жазыңыз.

Чыгармадан алынган үзүндүлөр


Кайсы каарманга таандык?

Кайсы мезгил эле?

1.

...Деңиздин илеби бети-башын аймалады. А кезде деңиз жакын, темир жолдун түбүндө, эми болсо дүрбү салып көрө албас алыска качыптыр. Соолуп баратканы да...

Эдигей

согуштан кайтып өзунун туулган жерине келе жаткан кези

2.

...Поездге жабышкан эл сан түмөн, күчтүүсү тоголото түртүп салып түшүп кетип жаткан...


Эдигей

согуштан кайтып өзунун туулган жерине келе жаткан кези

3.

...соко тарткан өгүйздөн бетер бышылдап, дагы кыр башына түртүп чыгат, дагы төгөт, дагы төгөт...

Үкүбала

Көмүр түшургөн жерде издеп жүргөн кези

4.

...Жымырайта жамачы салынып, зымырайта көктөлгөн, сыры кетсе да, сыны кетпеген тери шым көчүгүндө, көбүнесе сакталуу турган, сыртка чыкканда эскиртпей сактаган, жарашыгы кете элек темир жол форма шапкеси ички моюнуна бек отурган чоң башы да эп келип турат...

Казангап

Бороондуу разъезде турган Эдигей менен жолугушуусу



IV Дал келтириңиз.

Жообу:

А

2

Б

1

В

4

Г

3