Просмотр содержимого документа
«Что же такое презентация?»
ИНФОРМАТИКА
6-КЛАСС
Сатыбалдыева Г.М.
Тема: Презентация деген эмне?
Сабактын максаты?
1. Презентация жөнүндө жалпы маалыматка ээ болосуңар. 2. Аны колдонууну биргеликте үйрөнөбүз
Презентация (англис тилинде ‘presentation’-көрсөтүү)-бул информацияны көпчүлүкө көрсөтмөлүү жана натыйжалуу көрсөтүүнүн жолу.
Компьютердик презентация тексттерди, сүрөттөрдү, фотографияларды, анимацияны, видео жана үн сериаларын камтыган слайддардын бир графикалык стилде жасалгаланган ыраатуулугун көрсөтүүчү мультимедиалык продукт.
Презентациянын слайды –бул көп катмарлуу структура: тандалган фонго текстти, сүрөттөлүштодү жана башка объекттерди катмарлап жайгаштырат. Катмарларды бири-бирине салыштырмалуу жылдырып, объекттердин жайгашуусуна ылайыктуу вариантты тандап алса болот.
Эжеке презентацияны редакциялоого болобу???
Презентацияны кайсыл программадан түзөбүз???
Азаматсынар балдар, туура суроо бердиңер.
Мультимедия презентацияларын түзүү үчүн Microsoft PowerPoint программасын колдонобуз
Бул тиркеме менен иштөө, силерге анчалык кыйынчылык туудурбайт, себеби бул жерде силер тексттик процессорлор менен иштөө учурунда өздөштүрүлгөн билгичтиктердин негизги ыкмалары колдонулат.
Презентацияны түзүп жатканда төмөнкү этаптарга таянуу керек.
2. Слайддарды түзүү жана редациялоо.
1.Презентацияны пландаштыруу
4.Түзүлгөн презентацияны аудиторияга айтып берүү
3.Презентацияны монтаждоо
Бышыктоо үчүн суроо 1. ‘Presentation’ сөзүн англис тилинен которгондо эмне дегенди түшүндүрөт?
Маалымат
Көрсөтүү
Түшүндүрүү
Тапшырма!!! Өз алдыңарча Microsoft PowerPoint программасында «Мекеним Кыргызстан» деген темада презентация түзгүлө.