Сабактын максаты: Окуучулар Айтматовдун он эки керемети жөнүндө түшүнүк алышат жана Айтматовдун кереметтуулугун жүрөгү менен сезе билишет.
Айтматов ааламына сүңгүп,кыргыздын наркын бийик туткан инсан экендигин, айкөлдүгүн билип,андан үлгү алышып сыймык тутушат жана жаратылышка аяр мамиле кылууга, нарктуу уул- кыздардан болууга тарбияланышат
Сабактын темасы "Айтматовдун он эки керемети"
Саламатсыздарбы урматтуу эже агайлар жана окуучулар? Баарынарга кутман Кун! Ар биринер керемет ,озгочо жансынар. Ошол себептуу ар биринердин оюнар,көз карашынар да кереметтүү.Андыктан өзубузду эркин сезип олтурабыз.
Сабак башталганда
1) Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн айтышат
балдар
2) 12- декабрь кандай күн? Суроого жооп беришет
3) Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгына кайрылып кыскача айтып кетем
4) Чыңгыз Айтматовдун улуулугун,сулуулугун даңазалаган кыздар чыгып "Чыңгыз ким?" Деген ырларын айтышат
5) Чыңгыз Айтматовдун он эки кереметинин биринчи керемети
Чыңгыздын каармандары. Башкы каармандары тарыхый инсандар эмес,айылдан чыккан карапайым инсандар. Анын айрым каармандары тарыхый каармандардай таасирге ээ. Башкача айтканда Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан ,дүйнө тааныган кыргыздарды жаратты. Маселен: Танабай менен Толгонай.
Түшүндүрүп Чыңгыз Айтматовдун каармандары камтылган видео көрсөтүлөт
Айтматовдун экинчи керемети
2) Айтматовдун көрөгөчтүгү
Айтматов СССР убагынан баштап кандай гана керемет поэма прозаларды жаратты.Анын кеменгерлиги кечекини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини да көрө билгендигинде. Маселен; Экс Билим Министри Каныбек Иманалиевтин айтуусунда мисалы Гүлсары повестинде бала кезде мисалга жылкыга кызыгып окусак, студент кезде махабат темасы кызык болчу,ал эми токсонунчу жылдары бүтүндөй коммунисттик доордун портретин көрдүк деген. Демек улам жаш өткөн сайын жаңы өңүттөн өзгөрүп турат экен да.
Айтматовдун учунчу керемети
3) Адам жана жаныбар . Каармандардан кандай жаныбарларды билебиз? Ооба,Бугу эне ,Акбара менен Ташчайнар,Жаабарс чыгармада башкы каарман катары катышат. Алардын да бул дүйнөдө адам сыяктуу жашоого акысы бар. Гулсарынын өмүрү - бүтүндөй коммунисттик доордун өмүрү. Акбара менен Ташчайнардын өчү - табияттын өчү. Бугу эненин баланы сактап калышы- адамзаттын табияттан көз каранды экендиги.
Айтматовдун төртүнчү керемети
4) Согуш темасы ( согуш талаасынын сүрөтү турат) Кандай ойлойсуңар Айтматовдун төртүнчү керемети эмне жөнүндө ?өздөрү табышат. Айтматов согуш доорунун дүйнөлүк деңгээлдеги эң жогорку жазуучу. Эрте келген турналар,Саманчынын жолу, дээрлик согуш темасына арналган. Бирок ал согуштун жексурлугун , согуш талаасындагы кырчылдашкан салгылашууну эмес,бир октун үнү угулбаган тылдагы адамдын трагедиясы аркылуу укмуштуудай көркөм айтып бере алган. Бир эле маселен Толгонай эненин монологу Шекспирдин деңгээлиндеги улуу трагедия, эң кызыктуу парадокс. Ошондо окуучулар монолог айтышат.
Айтматовдун бешинчи керемети
5) Географиялык чексиздиги . Ар бир мамлекеттин желектеринин сүрөтү турат. Өздөрүнө суроо берем. Кандай ойлойсуңар бешинчиси кандай керемет? Айтматовдун чыгармалары Таластын Шекер айылынан башталып ,кыргыздын тоо - ташын аралап өтүп,казактын улуу талаасы Сары-Өзокту аралап,Орусиянын унутта калган, Түндүк элдеринде,Охот деңизинде , Москвада Германияда, Океандын үстүндө,аягы келип космосто уланат.
Айтматовдун алтынчы керемети
6) Миф жана реалдык жашоо. Айтматовдун чыгармалары Ак кемедеги Бугу эне, Найман эне менен уланып акыркы Сардал кыз деген улам жаңы чыгармаларда параллелдүүлук жүрүп жатат.Башкача айтканда жомок менен реалдуу турмуш үзөңгүлөш журот.Чыныгы жашоонун балалык аруу кези туюлат.
Айтматовдун жетинчи керемети
7) Сүйүү темасы .Айтматовдун сүйүү темасын камтыган кандай чыгармалары бар?
Окуучулар Илияз, Асель,Кадичанын ролун аткарып беришет. Жөнөкөй айылдык турмушта жашаган , жөнөкөй адамдын суйуусундөгү улуу жана аруу сезимдер. Асель менен Илияз, Султанмурат менен Мырзагүл,Райымалы менен Бегимайдын махабат темасы адамды адам кылып турган эң бийик аруу сезим катары сүрөттөлөт.
Айтматовдун сегизинчи керемети
8) Адеп ахлак темасы же жан дүйнө экологиясы .
Айрыкча Момун чал менен бала, Дүйшөн менен Танабай,Сейит менен Сейде. Адамдар адамгерчиликтен кетпегиле деп , көр дүйнөдөн жан дуйнонун бийик экендигин айтып жүргөн
Айтматовдун тогузунчу керемети
9) Эки тилди бирдей билгени
Доскада жилик эттин сүрөтү турат. Бул жилик эттин Айтматовго кандай байланышы бар? Суроого Чыңгыз Айтматовдун 5жашында орустардын жылкысы өлүп ошону эмне себептен өлгөнүн тушундуруп бергендиги үчүн алган биринчи сыйлыгы- жилик экендигин балдар айтып беришет.
Дагы бир кызык 1980-жылдары Руханият,инсан , маңкурт деген көбүн эсе Чыңгыз Айтматов аркылуу таркаган . Өзгөчө "Маңкурт" бүгүнкү күндө немис,Кытай ,орус,араб ,англис ж.б.дуйнолук тилде котормосу жок.
Айтматовдун онунчу керемети 10) Кыргыздын жан дүйнөсүн ачып берген улутман сүрөткер.СССР учурунда эле кыргыздын байыркы тарыхы Эне-Сайга байланыштуу экендигин эң алгач айтып чыккан. Дегеним: Кыргыз эли сөздөн бүткөн эл, ымыркай төрөлсө бата берип, сөз менен тосуп алат, бешик ыры менен ымыркайды сооротот. Жоого аттанарда да сөз берет, өлгөндө да сөз чыгарып кошок кошуп узатат. Андан да сөз менен жаан жаадырып, сөз менен адамды оорудан айыктырат.
Айтматовдун он биринчи керемети 11) Айтматов ааламын жаратты . Кыргыз адабияты эле эмес кыргыз театры, кино өнөру опера жана балет өнөрү,көркөм сүрөт өнөрү музыка деги эле улуу жазуучунун чыгармаларынан таасир албаган бир да өнөр тармагы калбады. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын кино тартуу аркылуу улуу таланттар Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев эң ириде Айтматовдун чыгармалары аркылуу бийиктикке чыгышты .
Айтматовдун он экинчи керемети 12) Айтматовдук нарктуулук Эң кызык эң керемет жерине келдик балдар. Жогоруда айтылган он бир кереметинде нарктуулук барбы? Айтып беришет. Чынгыз Айтматовдун айкөлдүгу - нарк.Кандай гана наамдары бар э, ошого карабастан адамгерчилиги айкөлдүгү бийик инсан."Кайрылып куштар келгиче" ангемесинде кыргыздын наркы Улуу Манас эпосуна болгон чакырыктар камтылган. Чыңгыздын өзүнөн өз улутундан кимди сыйлайсын,сыймык тутасын деп суроо салганда " Эң ириде Саякбай Каралаевдин ысымын айтмакмын" деп жооп берген.Манас эпосу дагы кара сөз менен Айтматовдун демилгеси менен жазылган.Биз акыркы миң жылда Манас атабыздан улут болуп сакталып калсак,соңку 100 жылда Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылдык.
Балдарга суроо берилет. Айтматов жөнүндө силерде кандай керемет ойлор жаралды? Айтматов силер үчүн ким? Окуучулар жооп беришет. Анан Кыргыздын жери керемет, тоосу керемет, суусу керемет Манасы жана Айтматову керемет .Ушул кереметтерди бийик тутуп Манас менен Айтматовду окуган сайын улам сыймык тутуп, моокумубуз канбай, улуттук кыргыз көчүн,ата салтын эне баркын улай берели.