СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматов»

Сабактын темасы: Улутубуздун улуу жазуучусу – Ч.Айтматов

Сабактын максаты:

  • Ч.Айтматовдун дүйнө мамкеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын себептерин үйрөнүшөт;

  • Окуучулардын дүйнө таануусун, сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу,Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маалыматтарын кеңейтүү;

  • Өз элинини улуу инсандарынын өмүрүнө чыгармачылык ишмердүүлүгүнө шыктануу сезимин ойготуу .Алардан үлгү алууга үндөө.

Сабактын жабдылышы: слайд,сүрөтттөр,тест

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Сабакка болгон даярдыкты текшерет. “Алтын эреже”. Гимн

Жаңы тема:

-Ч.Айтматов качан, кайсы жерде төрөлгөн?

-Ч.Айтматов ким болгон?

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008)- кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу(1974), Социалистик Эмгектин Баатыры (1978),Кыргыз Эл Баатыры.

Ч.Т.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердим үй бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден “пантуркист” катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-баркытуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеева Айтматова-теги боюнча караколдук татар.Жергиликтуу театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган ,акылдуу аялдардан болгон.Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.1942-жылы экинчи Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чынгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат –сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коет . Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган



улан-кыздар саналуу гана эле. Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен бере алды. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучусу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин ,1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да,тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.1946-жылы ,сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы ийгиликтүү аяктайт.Чыңгыз Айтматовго дүйнөлүк кадыр –барк алып келген ,анын новаторлук калеминен жаралган 60-70-жылдарда жазылган “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Жаныбарым Гулсары”, “Ак кеме” , “Эрте келген турналар” аттуу повестери болду. Романдары “Кылым карыткан бир күн” (1980) , “Кыямат”(1986) жана “Касандра тамгасы”(1995) атту чыгармалары жарык көргөн. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий,социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук,жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши,адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.







1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган. 2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен 80 жаш курагында дүйнөдөн көз жумган.

Сабакты бышыктоо : Ч.Айтматов боюнча тест

Үйгө тапшырма: Ч.Айтматовдун каармандарын катыштырып текст түзүп келүү.

















107 А.Жунусов атындагы орто мектеби

Тарбиялык саат



Сабактын темасы:

Улутубуздун улуу жазуучусу –Ч.Айтматов







Аткарган: Юлдашева С

Текшерген: Сатмаматова З


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!