Power Point
презентациясы
Power Point презентациясы
Тапшырмалардын областы
Инструменттер панели
Системалык меню
Үч баскыч
Аталыш аймагы
Горизонталдык меню
Абал сапчасы
Чуркатуу тилкеси
слайддар
иштөө талаасы
Аталыш аймагы:
Горизонталдык меню(ыссык баскычтар түшүнүгү бар. Ар бир пункта бирден тамганын алды сызылып турат. Бул тамгалар менен бирдикте ALT баскычын бассак, пункттар активдештирилет. Мисалы: ALT+Ф «файл пункту ачылат)
Стандарттык инструменттер панели:
Тапшырмалардын областы:
Абал сапчасы:
Ар бир фирма өзүнүн продукциясын заказчиктерге сунуш кылуусу үчүн жаңы технологиянын жардамы менен жарнама жасаса болот. Мына ушул программа Power Point презентациясы. Өзүбүз жөнундө реклама канчалык кызыктуу жана ишенимдүү болсо фирманын коммерциялык ийгилиги ошончолук чон болот.
Power Point .ppt кенейтилиштеги слайддарды камтыган презентациялык файлды түзөт.
Программа колдонуучуларга кенири өлчөмдөгү ар кандай темадагы презенттердин шаблондор өзгөчө образда жасалгаланган слайддарды өзүнө камтыйт. Слайддардын талаасында өзүбүздүн текстке, графике жана таблицага, диаграмма коюууга мүмкүн болгон объект жайгашкан. Мындан сырткары каалаган презентациялардын шаблонунун көркөм жасалгасын тандасак болот. Бул учурда презентациянын өзүбүздүн табитибизге жараша мазмуну эмес, сырткы көрүнүшү гана өзгөрөт.
Power Point презентациясын ишке чегергенден кийин алгач жаңы файл ачып, тапшырмалардын областынан бизге жакан макеттин түрүн тандайбыз.
Тандалган макетке даяр шаблондорду колдоно алабыз. Ал үчүн Инструменттер панелинен «Конструктор» пунктун тандайбыз. Пайда болгон диалогдук терезеден бизге жакан шаблонду тандап алабыз.
Даяр шаблонго өзүбүз кошумча сүрөттөрдү жайгаштырып, рекламалоочу маалыматты толуктап жазабыз. Тексттерди Wordart тын жардамы менен ар түрдүү формада жаза алабыз. Даярдалган презентациядагы маалыматтарды анимациялоо үчүн: Горизонталдык менюПоказ слайдовНастройка анимации пункттун тандайбыз. Пайда болгон тапшырмалардын областынан(терезеден) «Добавить эффект» пункттан керектүү кыймылды тандап алабыз. Кыймылдардын бир нече түрлөрү берлиген(жөнөкөй жана татаал учурлары бар). Төмөндөгүдөй терезе пайда болот.
Биз рекламалоодо бир нече слайд түзөбүз. Ал үчүн Горизонталдык менюСоздать слайды тандайбыз. Ал учурда жаңы слайд пайда болот. Ал слайдга башка шаблонду колдонгубуз келсе, шаблонду тандап, чычкандын оң баскычын басабыз. Пайда болгон контексттик менюдан «Применить к выделенным слайдам» пункттун тандайбыз. Төмөнкү терезеден көрүнүп турат.
Жеке эле шаблондорду колдонбой, фонго ар түрдүү градиент, же сүрөттү фон катары, текстураларды, узорлорду колдонсок да болот. Ал үчүн: Горизонталдык менюФорматФон пункттун тандайбыз. Бул учурда төмөндөгүдөй терезе пайда болот.
Способы заливки пукттун тандасак төмөнкүдөй терезелерди көрө алабыз:
Биз төмөнкү учурда Способы заливкинин «Градиентная» пункттунан 2 түстү колдонуп, фонду алдык.
Слайды анимациялоо үчүн: Горизонталдык менюПоказ слайдовЭффекты анимации… пукттун тандайбыз. Пайда болгон тапшырмалардын областынан төмөнкүлөрдүн бирин (анимацияны) тандап алууга болот.
Слайддарды анимациясын үндүн коштоосунда жасоого болот. Ал үчүн: Горизонталдык менюВставка Фильмы и звук Звук из файла.
Слайддын өлчөмүн өзгөртүү үчүн: Горизонталдык менюВидМасштаб же Инструменттер панелинен өзгөртүүгө болот.
Маалыматтардын өлчөмүн өзгөртүү үчүн, инструменттер панелинен төмөнкү баскычтарды колдонууга болот(текстти белгилеп, төмөнкү баскычтарды басабыз).
Даяр слайддарды демонстрациялоо үчүн: Абал сапчасынан төмөнкү баскычты басууга болот, же Горизонталдык менюПоказ слайдовначать показ, же жөн эле F5 функционалдык баскычын басууга болот.
Түзүлгөн бир нече слайддарды демонстрациялоодо дайыма эле ирети менен аткарбай, каалаган иретте чыгарууга болот. Ал үчүн: Горизонталдык менюПоказ слайдовПроизвольный показ… пункттун тандайбыз. Төмөнкү терезе пайда болот.
Бул терезеден слайдардын иретин оң жактагы терезечеге кошуп отурабыз:
Power Pointта электрондук таблицаларды колдонуу
Power Pointин өзүндө таблица түзүү үчүн «Создать слайд» баскычын басып, таблица-слайды тандоо менен жүргүзүлөт.
Power Pointко Wordдо жана Excelде түзүлгөн таблицаларды алып келип койсок болот.
Wordдогу таблицаны коюш үчүн:
Word жана Power Point ишке чегилип даяр туруш керек
Wordдогу таблицаны Таблица-Выделить таблицу командасы менен бөлүп алып,
а) инструменттер менен;
б) CTRL+C комбинациясы менен;
в)Вставка-Копировать командасы менен алмашуу буферине көчүрөбүз.
3. Power Pointте слайддын коюлуучу позициясына курсорду орнотуп, Правка-Специальная вставка командасын тандайбыз.
4. “Обьект Документ Microsoft Word” пунктун басып, “Связать” селектордук баскычын басабыз. “Вставить” баскычын бассак таблицаны слайдка орнотобуз да түпкү документ менен байланышты түзүп, ОК баскычын басабыз.
Excelдин таблицасын слайд менен байланыштыруу жогорудай эле жүргүзүлөт.
Экранга маалыматты чагылдыруу: Power point колдонуучуларга маалыматтарды ар кандай түрдө кароого жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Текст киргизип, анын структурасын кароодо, эскерткич тузгондо, слайдка графика коюуда аларга тиешелуу тур берип ишибизди ынгайлаштырабыз. Аларды программанын терезесинин аягындагы баскычтар менен же горизанталдык менюнун Вид командасынан тандаса болот.