Просмотр содержимого документа
«Ден соолук көркү-спорт»
Класстык саат
Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы
№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси
ТЕКШЕРИЛДИ: ____________________________
Классы: _____________________________________
Мөөнөтү: __________________________________
Класс жетекчи:_____________________________
Начало формы
Конец формы
Сабактын темасы: Ден соолук көркү-спорт.
Сабактын максаты:
Окуучулар адамдын спорт менен машыгуусунун ден соолукка таасири жөнүндө түшүнүк алышат.
Өзүнүн ден соолугуна кам көрүү керек экендигин түшүнөт.
Ан-сезимдүүлүккө, сергек жашоо мүнөзүнө, спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.
Сабактын жабдылышы: Ден соолук жөнүндө учкул сөздөр жазылган плакат.
Сабактын жүрүшү:
I. Уюштуруу:
Аптечкабызда эмне бар? А эмне болуш керек эле?
II. Киришүү үчүн суроолор: Ден соолук жөнүндө өткөн мурдагы сабактарыбыздан канчалык билим алганыңарды төмөнкү суроолор менен текшерип көрөлү.
-Ооруганда сөзсүз дары колдонуу керекпи?
-Оорунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
-Сенин ден соолугуңа эң жоопкер адам ким?
-Эмне үчүн Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар көбөйүп жана жашарып баратат деп ойлойсуңар?
III. Жаны теманы баяндоо: «Өзүн айыктыра албаган адам-акылсыз» (Сенека).
«Биринчи байлык ден соолук» дегендей адамдын ден соолугу жакшы болсо, ал өзүнүн турмушун жакшы жолго коюуга, билим алууга, өз максатына жетүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү. Эгер адам өзү аракет кылбаса, анын ден соолугун чыңдоого башкалардын мүмкүнчүлүгү азыраак. Ооруп калып андан кийин дарылангандан коро, оорунун алдын алган бир топ женил болоорун медицина кызматкерлери да эскертишет. Оорунун алдын алуунун эң натыйжалуусу сергек жашоо мүнөзү-тазалык, жаман адаттардан алыс болуу, туура тамактануу, денени чыңдоо экени да белгилүү.
Ал эми денени чыңдоодо спорт менен машыгуу жакшы жыйынтык берет. Анткени спорт менен машыгууда адамдын бардык булчуңдары кыймылга келип, кан айлануусу жакшырат. Адамдагы ыкшоолук, ашыкча толуп кетүү ж.б. ден соолугуна зыяны тие турган факторлордон арылат.
ӏV. Талкуулоо үчүн суроолор: Класстагы ар бир окуучудан спорттун кайсы түрү менен машыгаарын жана машыгууну кааларын сурап чыгуу керек).
-Спорттун кайсы түрү менен машыккан пайдалуурак деп ойлойсуңар?
-Эмне үчүн андай ойлойсуңар?
-Адамдын айрым организмине пайдалуу гимнастикаларды билесиңерби?
-Ал гимнастиканы көрсөтүп бере аласыңарбы?
V.Бышыктоо. Көнүгүү иштөө. Бул көнүгүүбүздү «Унчукпастар оюну» деп коёбуз. Класс үч топко бөлүнөт. Ар бир топ бирден мүчөсүн чыгарат. Мугалим ага өзүнө гана көрүнө тургандай кылып карточкага жазылган, же сүрөтү тартылган спорттун бир түрүн көрсөтөт (же машыгып жаткан адамды). Ал доскада туруп үн чыгарбастан кыймыл менен көрсөтөт. Анын өзүнүн тобу кайсы спорт экенин таап айтып беришет. Бул оюн бүткөн соң, класс окуучулары жана мугалим гимнастикалык көнугүүлөрдөн бир нечесин жасаса болот.
Vӏ. Жыйынтыктоо. Эмесе балдар, сабагыбыздын акыркы бөлүгүндө элибизде эзелтен келе жаткан ден соолук жөнүндөгү макал-лакаптардан айтып көрөлү.
«Биринчи байлык-ден соолук».
«Күлкү-ден соолуктун мүлкү».
«Жашыңдан денеңди чыңаганын-кылымга чыдаганың».
«Отургузсаң бак-шак, ден соолугун болот сак».
«Досторум менин силерге берээр кенешим: орто тойгонуңар ойдогудай, аша тойгонуңар-ден соолукту сойгонуңар».
«Тазалык-ден соолуктун булагы».
«Дарттуу болсоң дарылан, соо болсоң сактан».
Тамеки чегүү-өмүрдү кыскартат.
Начало формы
Конец формы