Уюштуруу: (2мин) | Саламдашуу, журнал боюнча толуктоо,класстын тазалыгын кароо,жагымдуу маанай түзүү, 2 топко бөлүү. | Саламдашат,нөөмөтчү окуучу жооп берет.Бири бирине карап жылмайып,каалоо тилектерди айтып жагымдуу маанай түзөт,1-2 деп саноо жолу менен 2 топко бөлүнөт. | Эмоцио-налдык. |
Өтүлгөн тема суроолор. 3-мин. | 1-Рельеф деген эмне? 2-Рельефтин кандай формалары бар? 3-кургактыктагы эң бийик чоку кайсы? 4-океандагы эң терең чуңкур кайсы? | Суроого туура так жооп айтат. Бирин бири тууралайт. | Калыптан-дыруучу баалоо карточкалары берилет. Топко жана жекече. |
Билимдерин актуалдаш-тыруу (1 минута) | Биздин өлкө кандай өлкө? Эң бийик чоку кайсы? Биздин айылдын 2-3 тоолорун атап берчи. | суроого билген маалыматы боюнча жооп берет. | Диагностикалык |
1-Сабактын темасы жана максаты. Жаңы сабакты түшүндүрүү Слайд Текс менен иштөө 15-минута | Слайддан сабактын темасын жана максатын окуп түшүндүрөм. Жаңы тема “Окуп түшүнүү” ыкмасы менен өтөт.Теманы кыска тексттерге бөлүп берем. 1-Тоолор. 2- Тоолорго карта көргөзүп түшүнүк берем. 3-Тоолордун айырмасы. Айырмачылыктарды табуу. 4-Тоолордун мезгил боюнча өзгөрүшү. Цитата-комментарий ыкмасы. 5-Түздүктөр. 6-картадан көргөзүп түшүнүк берем. 7-Цитата-комментарий ыкмасы. | Теманы угат. Сабактын максатын жана түшүнөт.Суроо жаралса кол көтөрүп сурайт. 1-Тоолор боюнча окуп түшүнүк алат. 2-Мугалим берген карта боюнча кошумча түшүнүктү кунт коюп угуп картага ориентир алат ,суроо болсо кол көтөруп сурайт,берилген суроого жооп берет. 3-Текстти окуп түшүнөт,топто талкуулайт, Түшүнүгүн айырмачылыктарды табуу менен билдирет 4-Текстти окуп түшүнүп,эстеп калат,топтордо талкуулайт. Түшүнүгүн цитатага комментарий берүү менен билдирет. 5-Текстти окуп түшүнөт эстеп калат 6-Мугалим берген карта боюнча кошумча түшүнүктү кунт коюп угуп картага ориентир алат, суроо болсо кол көтөрүп сурайт,берилген суроого жооп берет. 7-Түшүнүгүн цитатага комментарий берүү менен билдирет. | Калыптан-дыруучу. Эмоционалдык. Кол менен баалоо. Кыйытып айтуу Багыт берүү Баалоо карточкалары. Бири бирине байкоо жүргүзүү |
Бышыктоо 13 мин | Топтордо иштөө. Тоолордун жана түздүктөрдүн адамдардын жашоосундагы маанисин түшүндүргүлө, Турмуштагы көрсөткүчтөрдү мисал кылып адамдар тарабынан тийген терс таасирлерге баа бергиле, аларды жоюу мисалдарын айткыла. | “Коллаж” ыкмасын колдонуп тапшырманы өз чыгармачылыгы менен топто биргелешип иштеп,башкалардын оюн угуп, толуктап,көйгөйлүү маселени чечүүчү ой пикирлерин айтат, аткарган ишин жактайт. |
Рефлексия. 10 мин | Бүгүнкү сабакта маанайыңар кандай болду? Сабакка койгон максатыбызга жеттикпи? Топтордо жакшы талкуу болдубу? Топто баалоо калыс болдубу? Сабактын өтүлүшү жана баалоо боюнча кандай сунуш айтасыңар? | Өз оюн эркин айтат, сабакка койгон максатка жана топтун ишине, анализ берет, топтордо бири бирин баалайт.Сабактын мындан аркы өтүлүшүнө жана баалоого сунуш айтат. | Калыптанды-руучу. критерийлердин негизинде топтордо бири бирин баалоо |
Тапшырма берүү,баа коюу. 2-мин | Китебиңердин 66-бетиндеги Тоолордун түзүлүшү боюнча айырмачылыктары деген 9-таблицаны окуп түшүнүп,жаттап келгиле. Кундөлүккө баа коём. | Тоолордун түзүлүшү боюнча айырмачылыктары туура так аныктамасын жаттап келип айтып берет. Кундөлүккө баа койдурат. | Жыйын-тыктоочу. |