СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика конспект план

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика конспект план»

Числосу 14-январь 2020-жыл 6- классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы: Юсупова Мунавар


Сабактын темасы: Моделдөө таанып-билүүнүн методу катары

Сабактын максаты:

А. предметтик моделдер жана моделдөө тууралуу түшүнүтөрдү алышат;

Б. метапредметтик белги-символдук аракеттерге ээ болушат;

В. жеке инсандык окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүктөрүн калыптандыруу;

- моделдердин көп түрдүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү калыптандыруу;

- окуучуларга информациялык жана натуралык моделдерди айырмалоого үйрөтүү;

- графикалык редакторду колдонуп, образдуу (графикалык) информациялык моделдерди түзүүнун мисалдарын берүү.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект- оригинал;модель; моделдөө; натуралык модель; информациялык модель.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Информациялык моделдөө» презентациясы;

Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүргөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:

1.төмөндөгү суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү:

- Курчап турган дүйнөнүн объекттери деп эмнени түшүнөсүңөр?

- Система деген эмне?

- Эмненин жардамы менен каалаган объектти сыпаттап көрсөтүүгө болот?

- Объекттин кандай белгилери маанилүү болуп саналат? Жаңы окуу материалын тїүшүндүрүүнү «Информациялык моделдөө» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Андан кийин прак-тикалык тапшырмаларды кошо кароо сунуш кылынат.

«Графикалык моделдерди түзөбүз» практикалык ишинде 2 тапшырманы аткаруу талап кылынат («Директордун кабине-ти», «Информатика кабинетинин планы»). 3-практикалык иш толуктоо мүнөзүнө ээ.

Үй тапшырмасы: § 8, № 1, № 2–№ 8. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз 10-иш. Көп деңгээлдүү тизме түзөбүз

Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.

Окуу китебиндеги тапшырмалар:№ 6.

а) өйдө учуруп жана учууга байкоо жүргүзүү;

б) кандай күрмө керек экендигин түшүнүү керек;

в) эмеректин жайгашуусу туурасында ойлонуу керек;

г) текчеге коюу.

№ 8. Информациялык моделдердин түрлөрү.


Информациялык

моделдер

















Образдуу


Аралаш


Белгилер