Даербекова Айнура Даербековна
Туулган жылы: 22.06.1990
Туулган жери: Кажы-Сай айылы
Буткон окуу жайы: К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети, Европа Цивилизациясы Факультети, немец тили болуму
Иштеген мектеби: А.С.Пушкин атындагы гимназия мектеби
Стажы: 3жыл
кыргыз республикасы Ысык-Көл областы тоӊ району А.С.Пушкин атындагы гимназия мектеби Тема: «Гуманитардык билим берүүдө кеп маданиятын, ой-жүгүртүү жана ыймандык маданиятын калыптандыруу маселелери» XXVI Республикалык педагогикалык окууларга карата жазылган ДОКЛАД Даербекова Айнура Даербековна А.С.Пушкин атындагы гимназия мектебинин немец тили мугалими Кажы-Сай – 2017
Мазмуну
- Кириш сөз ……………………………...………………. 3
- Кеп маданияты деген эмне? …………...……..…………5
- Кеп маданиятын түшүнүү, ой жүгүртүү менен айкалыштыруу…….....................................................…...6
- Ыймандуулук маданиятын гуманитардык билим
- берүүдө калыптандыруу маселелери …………………..8
- Корутунду………………………………………………...9
- Колдонулган адабияттар …………......…………………11
- Тиркемелер……………………………..……….……….12
1. Кириш сөз
Тилден бал да тамат,
уу да тамат.
Тилден бал да тамат, уу да тамат.
Тил демекчи адеп тилден башталат.
Кыргыз элим эзелтен сынын коюп,
Тил аркылуу аң – сезимди баамдашат.
Элге жаккан жылуу сѳздѳн айтайын,
Кызыл тилдин таттуу балын тамызып.
«Жакшы сѳз жан эргитет» - демекчи,
Суу аккандай ал сѳздѳрдү агызып.
«Инш Аллах» - деп ѳткѳрѳмүн ѳмүрдү,
Калем менен ак кагазга ыр жазып.
Эмгек кылып жазыш үчүн ырларды,
«Акыл бер» - деп суранамын Алладан.
Жараткан бир Кудайдын буйругунан,
Жан дилим да ыр дүйнѳгѳ малынган.
Ошондуктан болсо керек билбедим,
Сезимим да «ыр жазам» - деп камынган.
Чыгармамдын эң негизги маанисин,
Кыргыз калкым туура тактап баа берээр.
Аман болсок келечекте баарыбызга,
Турмуштун ачуу - таттуу даамы келээр.
Сыноолордон ачуулукка алдырбастан,
Ыймандуулук ар дайым баарын жеңээр.
Кажысай. 2006 .
2. КЕП МАДАНИЯТЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
КЕП МАДАНИЯТЫ
тигил же бул доордо жашаган коомдун кебинин ал-ахыбалын изилдеген филологиялык илимдин бир бөлүгү.
кеп маданияты – бул кептин нормативдүүлүгү
Сүйлөшүүнүн коммуникативдик сапаттарына:
- анын тууралыгы,
- тазалыгы,
- түшүнүктүүлүгү,
- образдуулугу,
- адептүүлүгү,
- таасирдүүлүгү кирет.
Кеп маданияты:
- Элдик маданият
- Адеп ахлак
- Ички жан дуйно сезимдерин онуктуруу
Кеп тилди калыптандырат
Тил – кептин казына кенч кампасы
3. Кеп маданиятын түшүнүү, ой жүгүртүү менен айкалыштыруу
Кеп тактыгы
Кеп тазалыгы
Кеп байлыгы
Кеп адеби
- С ө з байлыгы
- Адамдын активд үү лексикасы
- Кеп-с өзд ү колдоно билүү
(ар турдуу коомдук же социалдык тармактарда)
- Адабий нормага т ө п келүү
- Сөз арасында кызматсыз с ө зд ө рд ө н арылуу
- Т ө л с ө з, чет с ө з, диалект с ө з ж.б. ө н ү г ө т
Биздин кеп-сөзүбүз
Этикет, адеп сөздөрүнүн жеке мааниси «сылыктык», «сыпайкерчилик», «элпектик», - деген өңдүү сөздөр аркылуу аныкталат
- так-таамай,
- даана
- түшүнүктүү
- Жеткиликтүү болушу абзел
4. Ыймандуулук маданиятын гуманитардык билим берүүдө калыптандыруу маселелери
Элибиз эзелтен бери балдарына мыкты таалим тарбия берүү максатында Улуу Мурасты ооздон-оозго, муундан-муунга, атадан-балага өткөрүп, каада-салтын, нарк-насилин, макал-лакап, таалим-тарбия сыяктуу көөнөрбөс улуу маданиятын даӊазалап, Манас атабыздын жети осуяты, Жети акенин акылдары, Калыгул, Арстанбек олуялар, Токтогул, Барпы өӊдөнгөн акындарыбыздын насааттары Маданиятыбыздын бийик экендигин айгинелеп турат.
Предмет: класстык саат Класс: 5-класс
Сабактын темасы: «Учурашуу адеби»
Билим берүүчүлүк максаты:
- Окуучулар учурашуу адебинин жол жобосун үйрөнүшөт, кайсыл учурда кандай таризде саламдашуу керек экенин билишет.
- Окуучулар учурашуу адебинин жол жобосун үйрөнүшөт, кайсыл учурда кандай таризде саламдашуу керек экенин билишет.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
- Окуучулар сөз байлыктарын күчөтүшөт жана өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт .
- Окуучулар сөз байлыктарын күчөтүшөт жана өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт .
Тарбиялык максаты:
- Окуучулар ыймандуулугун, адептүүлүгүн арттырышат, туура учурашууну адатка айландырышат .
- Окуучулар ыймандуулугун, адептүүлүгүн арттырышат, туура учурашууну адатка айландырышат .
Сабактын жүрүшү
1) Уюштуруу мезгили:
а) Учурашуу
- Саламатсыӊарбы балдар!
б) Класска жагымдуу жагдай түзүү
- Келгиле балдар бири-бирибизге жагымдуу маанай, жылмаюу тартуулап алып, бүгүнкү сабагыбызды баштайлы.
2) Тема менен тааныштыруу
3) Текст менен иштөө. Окуучулар 3 топко бөлүнүшүп текстерди окушат.
4) Балдар окуган текстердеги саламдашуу адебин, саламдашуунун жол-жоболорун ватманга маркер менен өздөрүнүн фантазияларын ишке киргизип, макал-лакап, ырлар, эрежелер, схемалар же болбосо сүрөт тартуу менен чагылдырышат.
5) Макал-лакап айтышып жарышка чыгуу
6) Жети акенин айткан акыл кептери, учкул сөздөрү
7) Учурашуу боюнча кырдаалга жараша ролдоштуруп оюн аткаруу
8) Сабакты жыйынтыктоо
а) Балдардын бири бирин баалоосуу
б) Мугалимди н баалоосу
в) Үйгө тапшырма берүү
г) Балдар менен коштошуу
5. Корутунду
Көпчүлүктөн ыйман качты көрүнөт,
Айтсаӊ кайра шылдыӊдашып күлүшөт.
Улуулардан күтсөк жакшы акыл сөз,
Ичип алып, алар деле дөөрүшөт.
Урмат-сыйын алмаштырып аракка,
Кантип анан кичүүлөрдөн сый күтөт?
Ичип-чегип сөгүнүшкөн улуулар
Кичүүлөргө кандай өнөр үйрөтөт?
Жаштар дагы улууларды туурашып,
Ичип чегип, дисколордо жүрүшөт.
Даават сөздөн, эки жактан угуп, көрүп,
Ичкиликтин арам экенин билишет.
Билишсе да коркпой туруп Кудайдан,
Той-топурду шылтоо кылып ичишет.
Билиндирбей ден-соолукту талкалап,
Тамеки да өпкө-боорду чиритет.
Мунун баарын билип туруп көпчүлүк,
Чиритсе да, жок тамеки чегишет.
Карлсруэ, Германия 2012
Жети акенин айткан акыл кептери,
учкул сөздөрү
- Жаш сурасаӊ – Карга акеге,
- Бата сурасаӊ – Мойт акеге,
- Акыл сурасаӊ – Сарт акеге,
- Айла сурасаӊ – Тилекмат акеге,
- Чындык издесеӊ – Садыр акеге,
- Калыстык сурасаӊ – Карач акеге
- Касиет сурасаӊ – Кыдыр акеге бар деп
эл ичинде бекеринен айтылбаган чыгаар...
“ Колуӊдагы камчыдан кыйын курал жок,
Койнуӊдагы катындан кыйын тууган жок”. (Сарт аке)
“ Өлгөндөн туяк калган артык, атанын ысымы өчпөйт.
Элге пайдасы тийбеген падышанын ак сарайынан,
кембагалдын жаман алачыгы артык.
Элдин эмгегин жеп кажыган жолборстон,
Жөргөл чычкан артык”. (Садыр аке)
“ Суучулдун өлүмү – суудан,
мергендин өлүмү – тоодон,
хандын өлүмү – ага-туугандан”. (Тилекмат аке)
Ырыс алды-ынтымак,
Ынтымагы бар элдин,
Айсыз кара түндө да,
Асманында күн турат.
Ынтымагы жок элдин,
Балдары иттей ыркырап,
Ачык-жарык күндө да,
Асманында түн турат. (Мойт аке)
Макал-лакаптар
- Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеӊиптир.
- Тил элчинин кылычы.
- Тили боштун дили бош, өзү түздүн сөзү түз
- Сөз кылычтан өткүр, балдан таттуу.
- Жакшынын сөзүнө өсөсүӊ, жамандын сөзүнө өчөсүӊ.
- Айтыла элек сөз сенин кулуӊ, айтылып кетсе сен анын кулусуӊ.
- Жакшы адам ачык сүйлөйт, сөз тамырын казып сүйлөйт,
- Жаман адам сасык сүйлөйт, өзгөлөрдү басып сүйлөйт,
- Адептүү сылык сүйлөйт, амалкөй былык сүйлөйт
- Буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт.
- Тартибиӊ тайкы болсо, тартканыӊ кайгы болот.
- Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшош.
Колдонулган адабияттар
- А.М.Исираилова «Кыргыз кеп маданиятынын мааниси жана өзгөчөлүгү» И.Раззаков атын. КМТУ УДК 8094341 – 07
- «Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы». Бишкек.:2015. 256 б.
- К.Жетимишбаев; Р. Масыракунов, «Санжыра санаты» Бишкек.:1999.76-б.
- К.Асанбеков «Ысык-Көлдүн жети акеси» Каракол 2011 160-б.
- Ж.Баласыгын, «Куттуу билим» Москва «НИК»1993, 493-б.
- Интернет булактары: www.ky.wikipedia.org ; www.arch.kyrlibnet.kg
Көңүл бургандарыңыз үчүн
чоң рахмат!