6-бөлүм.
– Кызым, алардын жашоосу да жашообу. Кара курсакты керек болсо ит деле тойгуса алат. Эркек болгондон кийин каражандын камын эле эмес, керек болсо эл, жердин камын ойлошу керек болучу. Андыктан көчө селсаяктарына боор оорутпай эле койгонуң оң. Алар, өздөрүнүн адамдык деңгээлин жоготуп алышканы үчүн үйлөрүнө батпай калганы жалганбы. Ал эми Зуура досуң атасы менен бирге жашап калган үчүн аны аяп аткан чыгар.Эгер атасы жакшы адам болгондо үйүнө батып жашайт эле го. Үйүнө батпай калган үчүн ошол ишке барды да. Кой мен көп сүйлөп баратам. Аны коюп сен сабагыңдан кечигип кала элегиңде эртелеп жөнө деп, шашкан түр көргөздү.Бул учурда Артык терезе жакта күтүп калган болучу, Элмираны. Эх, жашоо кемеси кайда гана алып барбайт. Бир кезде Элмира өзү айткандай Артыкты күнү-түнү күтүп, көп кыздардын арасынан озунуп жеткени жалганбы. Ал кезде Артыктын кыздар сүйгөндөй келбети бар эмес беле. Адам баласы дайыма сулуулукка кызыгып, кооздукка алданып келгени жалганбы. Ошол учурда Элмиранын артынан Сагын деген бала кандай чуркады «сени сүйөм»-деп. Элмира ал баланын мурду чоң деп чанып койгонуна өткөн мезгил күбө. Азыр ал бала жогорку кеңеште бакыйган кызматта иштейт. Эгер анын сүйүүсүн кабыл алып койгондо Элмира балтыйган особняк тамдын ээси болуп,кызартып кыз, агартып уул төрөп бир үйдүн куту болот эле го. Минтип жалгыздыктын азабын тартып узак түндү жалгыз өткөрбөй, күйөөнүн түйшүгүн тартып алаксымак. Конокко дагы жалгыз барбай Сагынды кычырата кийинтип, өзү дагы акыркы модадагы кийимдерден кийип эл кызыккан үй бүлөөлөрдөн болот эле го. Баарынан Артык үчүн кол жууганын эстегенде башы ооруп кетет. Ал кезде Артыкты эч ким наркоман болуп калат деп ойлогон эмес. Көпчүлүк Артыкты эл керегине жараган чоң кызматкер болот деп ойлогону жалганбы. Элмира миң сомдук купюрадан бирди терезе аркылуу ак кагазга ороп ыргытты. Артык эбак эле чоң үмүт менен күтүп калганын ушундан улам билсек болот, жөн эле айлык алган аткансып шашып акчаны алганы акча дегенде жанын бере тургансып алдастаганы Элмиранын көңүлүн кирдетти. Артык акчаны алганда ыракмат айтканга дагы жарабай, бирөө кармап кала тургансып шашканы, кыймыл аракети жогору жактан карап турган Элмирага жаккан жок. “Эми аны менен жолукпаш керек” деген гана ойду ойлоду. Албетте Артыктын жасаган жоругу ушундай ойго жетеледи. Миң сом ушундай бир чоң акчадай сезилип, бакыт кушун кармап алгансып Артык, каякадыр шашып баратты.
Артык жөн эле кенч таап алгансып, маңдайы жарыла сүйүнүп, жер төлөгө шашып келди. Бул учурда жер төлөдө жан адам жок болчу. Эки жакты элеңдей карап алды да, анан «эмне кылыш керек, бул акчаны»-деп, жерге көчүк басты.
Элмира айткандай акыркы учурда Артык өзүнүн боюна карамак турсун, кара курсак менен ичкиликтин гана камын көрүп, болгон дити кадимки селсаяктардай өз арбайын согуу менен алек болуп калган.
Ушул жолу эмнегедир аялзатына карата ою бузулуп, денеси аял эңсеп кетти. Кантсе да Элмира биринчи алган жары эмес беле. «Эмне үчүн ага жок дегенде ыраазы сөз айтпай кетип калдым, балким, ал менден эркектик мээрим күткөн чыгар»-деп чукул жерден өзүнүн кетирген күнөөсүн эстеп, Элмирага карата оюн оңдоду. Бирок, бул ою көпкө жашаган жок, сырттан Омскилер аң уулоодон олжолуу кайткан мергенчилердей, шатыра-шатман кабактары ачык кирип келишти. Артыктын баамында тигилер кымбат нерсе таап алышкан түрлөрү бар, андан дагы көтөргөн сумкалары дагы толтура. Аларды көргөндө эле Артык соодасы бүткөн сарттай башын жерге салып, кейипкердин кейпин кийип, жер тиктеп олтуруп калды.
Жер төлөнүн ичи караңгы болгондуктан, сырттан кирип келгенде алгач көзгө эч нерсе көрүнбөйт. Качан гана көз үйүр алганда анан көрсө болот. Артык капа болгон түр көргөзүп отурганын көргөн Омск:
– Ой, Артык, сага эмне болду?!-деп, чочуп сурады эле:
– Алиги мага жолуккан аял, менин биринчи никем болчу. Мени катуу капа кылып койду. Ок тийген эч нерсе эмес, катуу айткан сөздүн күчү жаман экен. Ал мага табасы канып, катуу урушуп, тилин тийгизди-деп, калпты каратып туруп айтканда Омор жан тартып:
– Ооба, туура айттың. Адамдын көңүлү ооруса абдан жаман. Бирок, аял кишинин сөзүн сөз дебей эле койгон оң. Алардын болгон күчү тилинде. Аны коюп, кел, биз менен отуруп көңүлүңдү ач. Омск жолдон каратып туруп кызылдай эки жүз сом таап алды, ал акчанын дароо эсебин таптык. Эки жүз сомго телегейлери тегиз болуп жаткандар, Артыктын чөнтөгүндөгү миң сомду көрүшсө эмне болушмак.
Көрсө, адам баласы азга алымсынып, болгон сайын барга көз тойбогон, бул тээ атам замандан бери келаткан адат экенин ким тана алат. Чынын айтканда, кедей адамдардын пейили кенен, ниети жакшы болорун Артык ушул жерден билди. Эки жүз сомго билинбегени менен көп нерсе сатып алышыптыр. Жөн эле ресторанда отурушкансып, кичине тасмалды жайып, баарын жайнатышты.
Артык тымызын байкап отурду, эч сыр бербей. Андан дагы тигилердин ынтымагы, сөз сүйлөө маданияты ичке алиги киргенге чейин өкүмүн жүргүздү да, анан ичимдик өзүнүн вазыйпасын аткара баштады. Сөз удулу келгенде Артык тигилерди таң калтырып, өзүнүн кеңешин айтты:
– Балдар, биз ушинтип эле жүрө беребизби?!-Бул сөздү уккан тигилер суроолуу карап калышты, дагы эмне сөз айтат дегенсишип. Учурдан пайдаланып Артык маанилүү сөз айтчудай, баарын текши карап алып, кадимки чоң окуу жайдын окутуучусундай, үнүн жасап алып:
– Келгиле, биз минтип жер төлөнү башпаанек кылгандан көрө, баңгизат сатып, буттан туралы. Азыр, көпчүлүк калк баңгилик соодасына өтүп кеткен. Албетте, коркунучтуу, бирок, кирешеси абдан жогору.
Бул айтылган сөздү Омск жактыра бербей:
– Артык, кой, биздин тынч жашообузду бузба, ансыз деле кызыл погончондор кичине эле бирдеме болсо бизден сурап, бизди ууру тутушат. Жашаган жерибиз жер төлө болсо дагы, жашообуз тынч. Баңгизат менен бизнес кылгандардын жашоосун деле көрүп жүрөм. Сен айткандай кирешеси жакшы, аны тана албайм. Андан көрө башка бир жол тапчы, таштанды аңтаргандан бөгөк-деди эле, Артык:
– Анда мындай кылалы. Кечээ мен бир жерден качып келдим. Алар, мени «Баткенден баңгизат алып келип бер, эки килограмм. Биз сага эки миң американын акчасын беребиз»-дешти. Бирок, алардын ниети түз эмес экенин билип, качып чыктым. Муну эмне себеп менен айтып жатам. Мен алардан баңгизатынын дарегин билдим. Бул жагынан аз болсо дагы тажрыйбам бар. Эгер, ал баңгизатты бул жакка алып келсем, өткөрө турган точкаларды жакшы билем. Буга чейин баңги бизнесине аралашып калгам-деп, оозуна алы келбей айтып жиберди. Бул айтылган сөз менен ортодо катуу талкуу жүрүп, Артык менен бирге Омор Баткенге бармай болду. Андан дагы ичкилик ичке киргенде, эч ким тартынбай калат эмеспи. Баары болгон кеңештерин айтып отурушту да, сөз аягы барып жер төлөнүн ичин жаңырткан ырга толду. Омор, бала кезинен ырга жакын өскөндүктөн, Рыспай менен Асанкалыйдын ырларын созгондо Артыктын оозу ачылып, филармонияда концерт угуп отургансып, ырды бүт дитин коюп угуп, өткөндү эстеди.
Ооба, алгач Элмира менен кыз-жигит болуп жүргөн кезде ушул ырлар жаңы чыгып, азыркы жаштардын сөзү менен айтканда “хит” болуп жаткан болчу. Элмиранын жакын курбусунун үйүнө конокко барып, ушул ырларды ырдашкан. Ал күн кантип эсинен кетет. Таза таланттын чыгармасы канча убакыт өтсө дагы жаш бойдон жаңырып турарын Артык ушул жолу байкады.
Айнура ооруканадан чыкканы өзүн абдан жакшы сезип, көңүлү өстү. Бир кезде, тактап айтканда ооруканага жатканда эле, эркек аттуунун баарысын көргүсү келбей, эркектен көңүлү көк таштай калбады беле. Эми ал азаптын баарын унутуп, бүт дитин, ой максатын Талгат ээлеп алып, анын ар бир айткан сөзүн, жасаган мамилесин, ал турсун «мен баары бир сага үйлөнөм, сенин макулдугуңду өмүрүм өткөнчө күтөм» деп, чын ыкласы менен айтканын, ойдо жок белектерди бергени, күлдүрүп анекдот айтканы Айнуранын келечекке карата болгон ой-тилегин өстүрдү. Бир кезде бүт эркек аттууну Артыкка теңесе, бул жолу Талгатка окшогон аялзатын түшүнө билген жан бар экенине ичи жылып турду.
Бир аптадай үйдөн чыкпай, адабий китеп окуп, өзүн алаксытты. Бирок, баары бир көнүп калган өз үйү, өлөң төшөгү эсинен дароо эле кете койгон жок. Эки жолу түш көрсө, Артык кечирим сурап келип жатыптыр. Бул түш Айнурага жагымсыздыкты эле тартуулады. Анткени, Артыктын өзүн көрмөк турсун, атын укканда жүрөгү козголуп, бир башкача чочуп кетет. Андан ушундай көңүлү калганына өзү дагы таң калып келет.
Убакыт чоң шашке болуп калган. Айнура китеп окуп отурганда чөнтөк телефону шыңгырап калды. Белгисиз номерди көрүп, ким болду экен-деп, кулагына такап бейтааныш аялдын үнүн угуп:
– Ооба, мен Айнурамын-деди. Бул Артыктын биринчи аялы Элмира болчу.
– Мен, Элмира, Артыктын биринчи аялымын, сени менен жолугуп пикир алышсамбы дедим эле. Айнура таң калып калды. Менин телефон номеримди кайдан алган-деп ага жооп таппай турса да билгизбей, үнүн пас чыгарып:
– Эмне жөнүндө?-деди, чочугансып. Качан гана анын сөзүн угуп болгондо Айнура макулдугун берип, жолугушчу жерди тактап, күндүн бетин булут каптагандай, кабагы бүркөлө түштү, «Жолугушуу кандай өтөт»-деп ойлонду. Бир чети Элмираны көрүүгө ышкысы күч алды. Андайда убакыт дагы өтпөй, сааттын жебеси бир орундан жылбай калат эмеспи. Айнура Ак үйдөгү чиновникке жолукчудай абдан жасанып, боло турган жолугушуунун кандай өтөөрүнө кызыгуусу артты. «Эмнеге мени чакырып жатат, телефон номеримди ага ким берди?» деген суроого эч жооп таба албай койду.
Убакыт жакындаган сайын денесин майда калтырак басып, сүрдөгөнү күч алды. Акыры үйдөн чыгып, жолугушчу жерге айтылган убактан саал эртерээк келди, Элмираны сыртынан көрмөккө.
Чачын сары түскө боёп, акыркы мода менен кийинген, боюна тыкан Элмираны ал дароо эле тааныды. Айткени, айтылган дарекке келип, улам кол саатын карап, бирөөнү күтүп жаткандай белги берип, эки жакты элеңдеп караганын Айнура бир топко сынап карап турду да, анан акырын жанына басып келди.
– Элмира эже сизсизби?- деди, коңгуроодой назик үнү менен. Бул берилген суроо менен Элмира башын ийкеп алгач аялдык сын көз менен Айнураны баштан аяк караганга үлгүрдү да, анан өзүн сыпаа тутуп:
– Ооба, сен Айнурасыңбы? — деди кайра өзүнө. Артыктын эки аялы ушинтип жолугушту. Алгач Элмира:
– Кандай, жашооң жакшыбы? – деди, кам көрө сүйлөп. Айнура кара күчкө жылмайып:
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз? — деди сөздү өзүнө багыттап.
– Жалгыздык эле болбосо, баары жакшы. Бир чети жаман күйөөдөн көрө, жалгыз жашаганга эмне жетсин. Жүрү, мындай басып кафеге кирип, жай олтуруп сүйлөшөлү – деп карады, Элмира маанилүү сөз айтчудай. Айнура эми гана өзүнө келип, аны тик карап:
– Эже, кафеге кирбей эле, тигил жакка барсак кандай болот?- деди, бери жактагы олтургучтарды көргөзүп. Элмира каршы болуп:
– Жок, экөөбүз тагдырлаш болсок, жок дегенде даамдашып, жакшылап таанышып алалы, — деп алдыга басты. Айнура бул жолу каршы боло алган жок. Негизги сөз кафеден орун алып, олтурушканда башталды
Жасалгасы көңүл толорлук кафенин ички көрүнүшү, кирген адамдын көңүлүн өзүнө бураарын Айнура дароо эле байкады. Канча болду мындай кафеге кире элегине. Өзүнчө сүрдөп, такыр башка дүйнөгө түшүп калгансып, эки жакты аяр карап, кооздукка суктанганын жүзүнөн билгизип койду. Кафенин ичинде үнү жай чыккан магнитофондон чет элдин музыкасы сыбызгып турду. Бирок, бул музыка көңүл көтөрбөй кайра чөгөргөндөй белги берди. Эгер, Элмиранын ордунда эркек киши болгондо, Айнура сүрдөгөнүнөн такыр эле буту чалыштап, баса албай калат беле, ким билет. Экөө, терезе туштан орун алып отурушканда, Элмира үстөмдүгүн көргөзүп суроо берди:
– Сүйлөп отур, Айнура. Мен, сен жөнүндө кенен билем. Артык мени таштап, сага үйлөнгөндө сени көрбөй туруп аяган элем, «кандай шорду тийди болду экен»-деп. Кийин, көчөдөн экөөңөрдү көргөндө, ичим туз куйгандай ачышты. Ошондо эле, сени ал куулук менен алдап алганын билдим. Сендей көз жоосун алган сулуу кызды, ага ыраа көргөн жокмун. Элмиранын шар жана ачык мүнөзү Айнурага абдан жакты. Ал турсун анын өзүнө жан тартып сүйлөгөн сөзүнө эреркеп да кетти. Сөз удулу келгенде:
– Эже, сиз абдан туура баамдагансыз “мен Артыкка тием” деп ойлогон эмесмин. Тааныштар менен кафеге кирип, Оштун пловун жегенбиз. Көрсө, пловко баңгизаттан көбүрөөк дозада кошуп коюшкан экен. Эсиме келсем, Артык жанымда жатыптыр. Ошол окуя менен мен анын торуна илинип калбадымбы-деп, болгон окуяны үстүртөн айтып өттү эле, Элмира кабагын түйүп:
– Ал ошону кылмак. Анын башы ошондой иштерге катуу иштөөчү. Жалаң арам жол менен акча таап, жеңил оокатка көнгөн шүмшүк болчу?-деп, сөз ээрчите сүйлөп, «кулак сенде»-дегенсип, карады эле Айнура берилүү менен өз кебин улады:
– Эгер, ал аракка берилген адам болсо, мен аны оңой эле оңдоп алмакмын. Баңгизатка берилгенин кеч билип калбадымбы. Көрсө, Артык «наркоман экен»,-деп, болгон окуянын четин чыгарды да, анан Элмираны сын көз менен карап койду. Элмира кунт коюп угуп отурганын жүзүнөн билгизип, Артыкка кыжырланып:
– Бирөөнүн тагдыры менен ойногон шүмшүк. Андай, эки жүздүү, арам ой, бети жокторго мага, сага окшогон кыздар туш болуп, жашоодон аксап жатышпайбы. Айтмакчы, мен, сени эмнеге чакырдым билесиңби? Эгер макул көрсөң, экөөбүз Артыктан төрөлгөн кыздарыбызды, бири-бирине тааныштырып коелу. Эже-сиңди болуп катышып алышсын. Экинчиден, азыр Артык, мен жашаган жактагы жер төлөдө жашап жатат. Ага колдон келген жардамыбызды берип, ооруканага жаткызып дарылатсак кандай болот?! Жаман да болсо никелүү күйөөбүз эмеспи. Атасы менен апасынын арбагы ыраазы болор. Азыр анын кейпи кетип калыптыр-деди эле, Айнура дароо айтылган сөздү укканда башын көтөрүп, Элмираны таң кала карап:
– Элмира эже, сиз эмне деп айтып жатасыз?!. Экөөбүздүн тагдырыбызга балта чапкан Артык болсо, анан биз ага жардам берелиби?! Азыр, мен «Артык» деген атты уккум кебей турган учурум. Ал керек болсо мени тиги дүйнөгө жөнөтүп кое жаздаган!-деп, эмоцияга алдырып жиберди эле, Элмира токтоолук кылып:
– Айнура, мен сага түшүнөм. Эгер, мен сенин ордуңда болсом, сен айткан сөздү айтмакмын. Бирок, адам болгондон кийин итке теңелбеш керек да. Артык эмне мага жакшылык жасап коюптурбу? Кечээ түнү кайын атам менен кайын энем түшүмө кирип, аян берди. Алар абдан жакшы адамдар эле. Көрсө, «Жакшыдан жаман, жамандан мөөн туулат» дегендей, Артык атасы менен энесинин кадырына доо кетиргени аз келгенсип, сенин кызың менен менин кызымды тирүүлөй жетим кылганын карабайсыңбы. Кээде кызым «Атам кандай алдам болгон?»-деп сурап калат. Мен Артык менен ажырашканда анын болгон сүрөтүн тытып салган болчумун, “кызым аны тааныбай калсын”-деген ойдо. Мен кызыма «атаң өлүп калган»-деп айтып койгом.
Эки тагдырлаш кафеде кеминде эт бышым убакыт отурушту, өткөн-кеткенден кеп салып, ошону менен бирге экөө тең ичтеги муңдарын айтып, жеңилденип алышты. Айнура, Элмиранын ар бир айткан сөзүн анализ жасап, анын чыныгы адамдык касиетине таң берип, ою терең аялзатынын баркына жетпеген Артыкты дагы бир жолу ичинен тилдеп алды. Баарынан дагы «Кайын ата менен кайын энемдин кадыры үчүн» деген сөзү Айнуранын көңүлүн өстүрдү. Ушундай ички дүйнөсү кенен, пейили таза адам болорун, оюна дагы алган эмес. Бир келген жашоодогу, тагдырын бузган Артыкка кам көрүп сүйлөгөнү Айнураны ашыкча таң калтырды. Элмира сөз оңутун келтирип:
– Эч качан адам баласы бирөөнүн жаман гана жагын көрбөш керек. Анынсыңары, Артыктын адамгерчилик сапатына дагы баам салып, аны баңгизат менен ичимдиктин сазынан сууруп чыгып, жакшы жолго салсак, экөөбүзгө эң алгач улуу Алла ыраазы болот, экинчиден, арбак ыраазы болорунда эч шек жок. Биз көрбөйбүз, сүйлөйбүз. Алла менен арбак көрөт, бирок алар сүйлөбөйт. Ар бир ой-тилегибиз, жасаган ишибиз үчүн жооп берчү кез алдыда. Андыктан өз жолунан адашып жүргөн адамды оң жолго салып койгон чоң сооп иш. Элмира сөздү куюлуштуруп, ыйман жолуна тартып сүйлөгөн ар бир сөзү Айнура үчүн чоң ачылышка кабылган адамдай таасир берди. Алтурсун тамак кандай желгенин дагы Айнура билбей калды. Кафеден чыгышканда убакыт кеч бешим болуп, айланага күүгүм кирип калган болчу. Коштошордо Айнура:
– Эже, сиз менин телефон номеримди кайдан жана шапкечендер дагы көрүнгөн жок. Аңгыча эле шектүү бир машина баягы үйгө келип, бир кишини түшүрүп коюп, дароо изине кайтты. Андан дагы ал машинадан түшүп калган адам Артыктын эски таанышы Нургазы болуп калды. Бир азга күтүп, өзүн сабырлуу туткан Артык, ички купуя сыры менен бир жакшылыктын белгисин сезди. Эмнегедир бул чоочун эл, чоочун жерге батпай бараткан Артык үчүн шаар көздөн учуп, көнүп калган жертөлөсүнө жеткенге эки көзү төрт болуп турганда, жакшылыктын жышааны күчүнө-күч берди. Аңгыча эле орто бойлуу, сары чийкил, толмочунан келген эски таанышы Нургазы, эки жакты аяр карап тиги үйдөн чыгып, бери басканда, чоң бактын далдаасынан боюн алып чыккан Артык, алдынан утурлай басып озунуп салам берди. Нургазы, алгач Артыкты тааныган жок. Бир кездеги кычырап кийинген, сөздүн гүлүн тандап, абактын жаргон сөздөрү менен бурчка камаган, ал чөйрөдөгү абройлуу Артык менен азыркы көрүнүштөгү Артыктын айырмасы асман менен жердей айырма бар болчу.
Нургазы, көзүн алайтып чочуп кетип, анан кара күчкө каткырып күлүп, кучактап көрүштү. Экөөнүн ортосунда болгону беш мүнөттөй сөз уланып, анан негизги сөзгө өтүштү. Артык, ичтеги ичимдиктин деми менен өткүр сүйлөдү:
– Нургазы, эми мага сенин жардамың керек. Бир аптадан бери бул жакта сен чыккан үйдү айланып, керектүү затты ала албай жүрөм-деди эле, Нургазынын жүзү жайнай түштү да:
– Артык, эгер сен мени уятка калтырбасаң, мен сага жардам берет элем…-деп, сөзүн кыска бүтүргөндө, Артык учурдан пайдаланып:
– Нургазы, эркектик сөзүм. Экөөбүз бир кезде кандай жүрдүк эле. Эң негизгиси, мен бул аймактан тез кетип калышым керек болуп жатат, кызылдардын көзүнө чалдыкпай. Эмнегедир, мени чоочун деп, бөлөксүнтүп жатышабы же шек алып калыштыбы билбейм, кечээтен бери бир узун бойлуу кара мент артыбыздан кал бай аңдыганга өттү. Аларга эмне бир шылтоону таап күнөөнү мойунга илип койсо , чоочун жерде кимге арызданасың. Андан дагы азыр менттерден жакшылык күтүүгө болбой калбадыбы. Көптүк түр менен сүйлөгөн Артыктын сөзүнөн шек алган
Просмотр содержимого документа
«Физика акыл ордо»
АКЫЛ ТАЙМАШ
Физика мугалими
Асылбек кызы Айназик
1-ТУР
1. Бир нерсенин таасиринин астында башка бир нерсенин формасынын озгорушу эмне деп аталат?
А) куч
Б) деформация
В) инерттуулук
Г) Жумуш
1
2.Жарык кубулуштарын окутуучу
физиканын болуму ...
А) механика
Б) электр болуму
В) оптика
Г) квант физикасы
2
3.Алгачкы НОБЕЛЬ сыйлыгын алган физик окумуштуу ким?
А) Исаак Ньютон
Б) Блез Паскаль
В) Вильям Рентген
Г) Шаррль Огюстен Кулон
Вильям Рентген
3
1.Салмак жок кезинде же салмаксыз абалда нерсенин массасы жоголобу же оордук кучубу?
А) массасы
Б) оордук кучу В) салмак
Г) колому
4
2.Кун жарыктык бергени сыяктуу ай да жарыктык таратабы?
А) таратат Б) жарыкты сындырат В) жок, жарыкты чачыратат Г) жок,жарыкты чагылдырат
5
3.«Фюзис» деген созду орус тилинде «Физика» деп колдонгон орус окумуштуусу.
А) А.С.Попов Б) В.И.Ленин В) М.В.Ломоносов Г) Архимед
6
1.Адам кагылса алдынга ал эми сурулсо (сырпанса) алдынга жыгылат.Себеби эмне?
А) инерция
Б) сурулуу
В) инерттуулук
Г) ылдамдык
7
2.Чечиш учун коюлган проблема...
А) программа Б) формула В) маселе Г) тиркеме
8
3.Ньютондун 2-законунун табияттагы аталышы эмне?
А) инерция
Б) газ закону
В) оз ара аракеттешуу
Г) кыймыл
9
1. Томонку терминдердин кайсынысы физикалык кубулушту билгизет?
А) диффузия
Б) Куч
В) Ылдамдык
Г) Ылдамдануу
10
2.Эмне учун 1 литр банкага 1400 грамм бал батат?
А) бал оор болгону учун Б) балдын тыгыздыгы суунукунан чон болгондугу учун
В) балдын тыгыздыгы суунукунан кичине болгондугу учун
11
3.Ааламда эн чон ылдамдык эмненин ылдамдыгы?
А) жарыктын
Б) ракетанын
В ) электр тогунун
Г) самолёттун
12
1.Газдарга жана суюктуктарга берилген басым бардык чекиттерге бирдей узатылат.Бул кимдин закону?
А) Паскаль
Б) Э.Торричелли
В) Фарадей
Г) Лоренц
13
2.Бешиктин термелиши кандай кыймыл?
А) эркин термелуу
Б) электр кыймылы
В) аргасыз термелуу
Г) термелуу кыймылы
14
3.Электр деген термин кайсыл создон которулган ?
А) электричество
Б) айнек
В) эбонит
Г) янтарь
15
1.Убакыт бирдигинде откоргучтун туурасынан кесилиши аркылуу агып откон заряддын санына барабар чондук эмне деп аталат?
А) ток кучу Б) чыналуу В) каршылык Г) потенциал
16
2.Кубаттулуктун бирдиги эмне?
А) Джоуль(Дж)
Б) Ньютон(Н)
В) Вольт (В)
Г) Ватт(Вт)
17
3.Баллондогу газды ысытсак анын басымы кандайча озгорот?
А) басымы турактуу сакталат Б) басымы озгорбойт В) басымы азаят Г) басымы ашат
18
1.Жердин тартуу кучунун таасиринде таянычка же асмага аракет этуучу куч эмне?
А) оордук кучу
Б) салмак В) сурулуу Г) серпилгичтуулук кучу
19
2.Кандай кружка менен ысык чайды ичуу ынгайлуу?
А) пласстмасса Б) шиша В) темир Г) фарфор
20
3.Айга биринчи кадам койгон америкалык окумуштуу ким?
А) В.Терешкова
Б) Ю.Гагарин В) Мария Кюри Г) Нил Армстронг
21
1.Радиону ойлоп тапкан окумуштуу?
А) Максвелл
Б) Герц В) Попов Г) Галилей
22
2. «Эгер жердин таяныч чекитин мага таап берсенер , жерди оз огунан жылдырып жиберет элем» Бул кимдин создору?
А) Аристотель
Б) Архимед В) Ньютон Г) Ломоносов
23
3. Биринчи аял космонавт ким ?
А) Мария Кюри
Б) Ирен Кюри В) Ампер
Г) Валентина Терешкова
24
1. Кундолугуно: « Апасы аны дуйнонун генийине айлантырган жонокой эле «акыл-ээси кем болгон бала» -деп жазып койгон окумуштуу ким?
А) Максвелл
Б) Томас Эдисон В) Галилео Галилей Г) Александр П опов
25
2. Нерсеге аракет эткен кучтун отулгон жолдун узундугуна болгон катышы эмне деп аталат?
А) Кубаттуулук
Б) Жумуш В) Куч Г) Деформация
26
3. Радиаторлордун терезелердин жанына жайгашуусу кайсы физикалык кубулушка коз каранды?
А) Нурдануу
Б) Конвекция
В) Жылуулук откоруу
Г) конденсация
27
1. Ньютондун 3-законунун табияттагы аталышы кандай?
А) Инерция
Б) Кыймыл В) Оз ара аракеттешуу
Г) Дисперция
28
2. Гиерондун таажысынын негизинде бир законду ачкан окумуштуу, «Эврика!» нын негиздоочусу ким?
А) Аристотель
Б) Архимед В) Ньютон Г) Ломоносов
29
3.Кучту олчоочу прибор кайсы?
А) Тараза
Б) Спидометр В) Барометр
Г) Динамометр
30
2-тур
Бирдиктер
Кыймыл, секунд, саат, импульс, термелуу ,
Паскаль, Архимед, Ньютон
секунд, саат,
Паскаль, Ньютон
1
Бирдиктер
А, М, Р, F, N, T
Жумуш, куч моменти, басым,
куч, кубаттуулук, температура
2
Ылдамдык бирдиги
м/с
1
Кубаттуулук бирдиги
Вт
2
Жумуштун бирдиги
Дж
3
Энергия бирдиги
Дж
4
Ток кучу бирдиги
5
3
А
МАКАЛДАРДА ФИЗИКА КУБУЛУШТАРЫ
1
Алма сабагынан алыс түшпөйт
(Оордук күчү)
Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет
2
Буулануу
Темирди кызуусунда сок
Катуу заттардын касиеттери
3
Кубулуштар
Чай ичкенде, жыттын таралуусунда , молекулалардын аралашуусунда бул кубулуш учрайт
Диффузия кубулушу
1
Кубулуштар
Аны адамдар, жаныбарлар машиналар жасашат. Ал биздин бир орундан экинчи орунда болуп калышыбызга мумкундук берет.
Кыймыл
2
Кубулуштар
Ал жер шарындагы бардык нерселерде бар, ал болбосо. Кантип нерсе сатып алабыз?.
Масса
3
Формулалар
P=
1
P=mg
3
Физика табышмактарда
Дүүлүктүрүп атомду
Үч деңгээлдүү системадан алышты
Кандай нур деп аташат
Бул күчөтүлгөн жарыкты
(Лазер)
1
Кабыл алат толкунду
Нурдануу да чыгарат,
Туп-туз эле откоргуч
Мунун атын ким билет?
(Антенна)
2
Убакыттын отушу менен
Мезгили менен кайталанат,
Журок, селкинчек, ж.б,
Мисалдары боло алат
(Термелуу)
3
Кайсы окумуштуу жөнүндө сөз болуп жатат?
«Атом кекс түрүндө болот» дегенде
Макул болбой сунушуна Томсондун
Бар экенин далилдедиң илимде
Планетардык түзүлүшүн атомдун
Томсондун атомдук модели
1
Кайсы окумуштуу жөнүндө сөз болуп жатат?
Резерфорддун атомдук модели
Эрнест
Резерфорд
Медицина тармагында колдонулуп
Оорулуунун диагнозун таап келген
Рахмат сага улуу физик Рентген
Кыска толкун бул нурду ачып берген
Вильгельм Рентген
2
Гравитациялык турактуулукту, Чыгарган эсептеп. Аракетке каршы аракет , Болорун айткан ким тескеп?
Исаак Ньютон
3
Физика, логика
Химияда алардын саны -5, физикада-6, алгебрада-7. Эмне жонундо соз болуп жатат?
Тамгалар
1
Физика, логика
Машина онго кайрылып жатканда кайсы кайсы донгологу айланбайт?
Запас донгологу
2
Физика, логика
Эгер тунку 12 де жаан жаап жатса, 72 сааттан кийин кун ачылышы мумкунбу?
Жок, тун болуп калат
3
Астрономия
Күнгө эң жакын жайгашкан планета?
Меркурий
Жылдыздар жана планета дүйнөсү?
Космос
1
Астрономия
Кун системасындагы кайсы планета эн акыркылардан болуп ачылган?
Плутон
Жердин спутниги эмне?
Ай
2
Астрономия
Кайсы планетанын шакекчеси бар?
Сатурн
Алгачкы телескопту ким ойлоп тапкан?
Галилео Галилей
3
3-тур
АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДАГЫ
ФИЗИКАЛЫК
КУБУЛУШТУ АНЫКТОО
«Ысык-Кол» ыры
Кыш болуп кашкая суугу жок,
Жай болуп каткалан ысыгым жок
Мактанып жер жетерби?
Адам мындан кетерби?
Салыштырма жылуулук сыйымдуулугу
Суунун салыштырма сыйымдуулугу бардык
заттыкынан чон. Ошондуктан Ысык-Колдун
кышы жылуу, жайкысы салкын болот.
«Ак терек-кок терек» оюну
Балдардын эки тарапка болунуп, эки болок тизилип,колдорун бекем кармап, ун чыгарып;
« - Ак терек , кок терек, бизден сизге
ким керек?» - деген оюндарында кайсы физикалык закон аткарылат?
Ньютондун 2- законун байкоого болот
4-тур
КАТЕГОРИЯЛАР:
башталган жооптор
5-тур
Суроттогу физикалык кубулушту
баяндап беребиз.