СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коррупция келечектин душманы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Коррупция келечектин душманы»

Сабактын темасы: Коррупция - келечектин душманы.



Сабактын максаты: 1. Окуучулар коррупция жөнүндө кеңирни маалымат алышат.

2. Коомго тийгизген кесепеттерин талдашат жана сынчыл ой

жүгүртүүлөрү калыптанат, чындыкка, адамдык ыйык

сапаттарды тутууга аракеттенишет.

3. Элин-жерин сүйүүгө жана чынчыл, акниет эмгектенүүгө

тарбияланышат.



Сабактын жабдылышы: видио ролик, гезит, журналдар,сүрөттөр.



Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу бөлүгү.

б) үй тапшырманы суроо.

в) Жаңы тема.

г) Сабакты жыйынтыктоо


Коррупция – бул, калктын терен катмарына жайылган илдет, таза коомдун бирден-бир душманы деп эсептейм.

Ал ар бир гана инсандын же болбосо бир эле мамлекеттин маселеси эмес, тилекке каршы, бүтүндөй дүйнөнү түйшөлткөн глобалдуу көйгөй.

Коррупция Кыргызстанда бөтөнчө тамыр алгандыктан көп зыяндарга учурап, социалдык жана саясий – экономикалык абалы начарлап жатат, ошондой эле өсүп өнүгүшүнө чон тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы ар бирибизге малым экендиги шексиз.

Турмуштук эле көрүнүштөн бир мисал: Айгул – мыкты бухгалтер. Кайсы бир мамлекеттик мекемеге ишке орношуу үчүн жетекчиге кирди. Бирок, ал аны жумушка кабыл албастан, өзүнүн балдызын орноштуруп койду. Ал эми Айгул өз мекенинен билимдүүлүк, кесипкөйлүк менен жумуш таба албасына көзү жетип, чет өлкөгө жумушка орношту. Натыйжада мамлекет мыкты адистерден куру калып, кадр маселесинен аксап жатат.

Ошондой эле коррупция, менин жеке оюм боюнча, билим берщщ, сот тармагында, медицинада, ички иштер кызматында өзгөчө тамыр алган.

Анда иштеген кызматкерлер дагы коррупцияны жашоосунда бир бөлүгүндөй көрүп, пара алуунун , жек – жаатчылыктын сазына белчесинен батып калгандай. Элдин убалынан коркпогон, калк кызыкчылыгын өздүк кызыкчылыктарга алмаштырып, мамлекеттин келечегин ойлобогон адамдардын айынан бул нерсе, кудум эле ХХ кылымдагы чума эпидемиясындай күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми ушундай ыплас көрүнүштөрдүн күбөсү болгон жаш муундарчы?

Алардын акыл – эси, жашоого болгон көз карашы түп тамырынан бери коррупцияга байланышып, «Окуганда эмне? Атамдын мансабы бар же акчанын кщчщ менен окууга өтөм, жумушка орношом», деген түшүнүк калыптана баштайт. Өлкөнүн келечеги жаштар деп жатса, мындай ыплас ойду туу тутуп, коррупция акыл – эсине сунгуп кирип калган келечек муундар мамлекеттин кыйын кырдалына бек туруп, андан – ары улут катары сактап кете алабы, деген кумон ой жаралат.

Демек, коррупция – мамлекеттин саясий - экономикалык абалын гана томондотпостон, бир бутундой олконун ал эле эмес улуттун тыптыйгын болушуна жеткируучу татаал койгой экендиги талашсыз.

Бирок, коррупциянын ушунчалык кучтуу, майтарылбас душман

экендигин билип туруп кайдыгерлик кылбастан, бардыгыбыз жапа тырмак киришип , катал мыйзамдарды кабыл алуу менен козомолду кучотуу зарыл. Ошондой эле чон – чон кызматтарды аркалап жургон карт борулордун ордуна билимдуу, кайрат – жигердуу, патриот сезимдеги позитивдуу жаштардан сынакттын негизинде жумушка кабыл алуу керек деп эсептейм. Мына ушул иш аракеттер гана коррупцияны толугу менен жойбосок да, богот кое алабыз деген ойдомун.

Сценка болгон окуядан бир көрүнүш:

Бир тууганым экообуз таенемдин колунда тарбияланып келебиз. Мындай кырдаал мен учун абдан окунучтуу жана кайгылуу. Башкалардай болуп биз да толук уй-булодо жашагыбыз келген, бирок мунун бары арта калды, эми алдыдагы келечекке карай бактылуу жашоо куруу керек экендигине ынандым.

Албетте, озум энсеген кесипке ээ болгум келет, бирок менин катарымда эле колунда кызматы, байлыгы бар инсандардын балдары акчанын кучу менен каалаган окуу жайга отуп кетишет. Ошондон улам мен коррупцияны жек коргондон, жек коруп келем.


Мекенимдин эн мыкты журналисти болгум келет, менин жашоомдогу кырдаал ушундай абалда болсо да, мен учун умуттун шооласы эч качан очпойт.

Сабакты жыйынтыктоо: Мына балдар коррупциянын келип чыгуу жолдорун

жана ага карама каршы туруунун жолдорун

түшүндүңөрго деп ойлойм.

Жашоодо созсуз акыйкат болоруна ишенгиле!


Үйгө тапшырма: « Коррупцияга жол жок» деген темага дилбаян жазып келүү.