СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маалыматтар базасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Маалыматтар базасы»


Маалыматтар базасы - бул белгилүү бир темага же маселеге байланыштуу. Аны толугу менен жана каалаган анын бөлүгүн ыёгайлуураак көрсөтүүнү камсыз кыла тургандай уюштурулган кабарлардын жыйындысы. Маалыматтар базасы, маалыматтарды берүү жана иштеп чыгуу үчүн пайдаланылуучу таблицалар, формалар, суроо - талаптар жана отчеттордун жыйындыларынан турат.

Реляциялык маалыматтар базасы белгилүү типтеги обьектилер жөнүндөгү информацияларды камтуучу өз ара байланышкан таблицалардын көптүгү болуп эсептелет. Таблицанын ар бир сабы бир эле обьекти жөнүндөгү маалыматтарды, ал эми таблицанын мамычалары бул обьектилердин ар түрдүү мүнөздөмөлөрүн-атрибуттарын камтыйт. Таблицанын сапчалары жазуулар деп аталат да бардык жазуулар бирдей структурага ээ жана алар обьектинин атрибуттарын сактоочу талаалардан түзүлөт. Жазуудагы ар бир талаа обьектинин бир эле мүнөздөмөсүн камтыйт жана маалыматтардын өтө так аныкталган тибине ээ болот. (М: тексттик сапча, сан, убакыт).

Бардык жазуулар бир эле талаага ээ болушат, аларды атрибуттардын түрдүү маанилери гана камтылган. Маалыматтар менен иштөө үчүн МББС (СУБД) пайдаланылат, МББСнын негизги функциялары-бул маалыматтарды аныктоо, маалыматтарды иштетүү жана маалыматтарды башкаруу. Таблицага маалыматтарды киргизүүдөн мурда, бул таблицалардын структураларын аныктоо керек. Муну менен талаалардын типтери жана аталыштарынын жазылышы эле түшүндүрүлбөстөн, башка мүнөздөмөлөрдүн катарлары да түшүндүрүлөт. (Мисалы: киргизилген маалыматтардын форматтары, критерийлерин текшерүү).

Таблицалардын структураларын жазуудан башка, негизинен таблицалардын арасындагы байланыштар берилет. Реляциялык маалыматтар базасында байланыштар түрдүү таблицалардагы талаалардын маанилеринин дал келүүлөрү боюнча аныкталат.

Мисалы: клиенттер жана заказдар "бирөө-баарына" мамилеси менен байланышкан б.а. таблицадагы клиент жөнүндөгү кабарларды камтыган бир эле жазууга бул клиенттердин заказдарынын таблицасында бир нече жазуулар тиешелүү болушу мүмкүн. Эгерде окутуучулар жана алар лекция окуган курстардын ортосундагы мамилени карай турган болсок, анда бул "көпчүлүк-көпчүлүккө" мамилеси болот, б.а. бир эле окутуучу бир нече курска лекция окушу мүмкүн. Мындай мамиленин тиби өтө көп кездешет. Эреже катары эки учурда болот: жазуу чоё сандагы талаага ээ болот жана бир типтеги обьектилер жөнүндөгү маалыматтар байланышкан эки таблица боюнча таралат же таблицадагы бир нече сандагы жазуулар үчүн кошумча атрибутту аныктоо керек, анда негизги таблица "бирөө-баарына" мамилеси менен байланышкан бул кошумча атрибуттар үчүн өзүнчө таблица түзүлөт.

Каалагандай МББС маалыматтар менен төрт жөнөкөйрөөк операцияны аткарууга мүмкүнчүлүк берет:


  1. Таблицага бир же бир нече жазууларды кошумчалоо;

  2. Таблицадан бир же бир нече жазууларды өчүрүү;

  3. Бир же бир нече жазуудагы кээ бир талаалардын маанилерин жаёыртуу;

  4. Берилген шартты канаатандырган бир же бир нече жазууларды табуу;


Маалыматтар базасы - информацияны сактоочу жай. Маалыматтарды электрондук иштетүү областында базалык түшүнүктөрдүн бири болуп "информация" эсептелет. Биз күндөлүк жашоо-тиричиликте колдонгон информация биздин эсибизде сакталат. Биз аларды эё эле түрдүү-түрдүү булактардан (китеп, газета, радио ж.б) алабыз. Кээде аткарылуучу иштин тартибинде мазмуну боюнча айырмаланып, структурасы боюнча бири-бирине окшош өзүнчө "порция" (бөлүк) болгон чоё көлөмдөгү информация пайдаланылат. Сөз даректердин справочниги товарларынын каталогу же биржалык кабарлар жөнүндө жүрүшү мүмкүн.

Чоё көлөмдөгү информациялар менен иштөөдө информацияны издөө ылдамдыгы өтүү керек. Мындан башка, даректи альфавит боюнча иргелген даректер тизмесинен издөө, альфавит боюнча иргелбеген тизмеге караганда ылдамыраак жүрөт. Иштетилген маалыматтардын көлөмүнүн өсүшү маалыматтарды уюштуруу каражаттарынын эффективдүүлүк проблемасын жана ага болгон байланыштарды алдыёкы планга жылдырат.

Маалыматтарды башкаруу. Компьютер ар түрдө маалыматтарды иштетүүгө жөндөмдүү. Маалыматтарды тейлөө программасынын жардамы менен маалыматтарды атайын формада сактоого, андан талап кылынган кабарды тандоого, иштетүүгө, кесиптештерине берүүгө болот. Даяр маалыматтар базасы МS АССЕSSтин жардамы менен колдонуучу сураган критерий боюнча андан маалыматтарды издөөнү жасаса болот. Натыйжада экранда (мисалы): ачылганына 30 күндөн көп болгон бардык счеттордун же дем алыш күндөрү соода жүргүзүүчү бардык магазиндердин тизмесин алууга болот жана бул маалыматтарды кийинки иштетүүгө жөнөтсө болот. Маалыматтардын жыйындысын камтыган маалыматтарды издөө механизимин бир түргө келтирүү үчүн стандарттык формада сакталат. Сөз таблицалык форма жөнүндө жүрүп жатат, анын үстүндө маалыматтардын ар бир жазуусу таблицанын өзүнчө сапчасы катары каралат. Анда маалыматтардын жыйындысы жазуулардан, ал эми маалыматтардын ар бир жазуусу өзүнчө талаалардан турат. Базалардын бардык жазууларынын структуралары бирдей, алардын баары ошол эле талаалардын удаалаштыгына ээ болот, бирок талааларды камтыган ар бир жазуунун өзүнүн удаалаштыгы бар.

Маалыматтар базасын башкаруу системасы сырткы эске тутуучу түзүлүшкө маалыматтар базасын түзүү киргизүү жана дагы башка маалыматтарга байланыш түзүү, аларды иштетүү үчүн арналган универсалдуу программалык каражат болуп эсептелет. МББСнын классификацияларынын маанилүү белгилеринин бири болуп саналган сеттик, иеархиялык же реляциялык маалыматтардын моделдеринин мүмкүн болгон типтеринин бирин колдойт. МББС маалыматтар базасын пайдалануу коргоо жана калыбына келтирүүнүн көп максаттуу мүнөзүн камсыз кылат.Өнүккөн диалогдук каражаттар жана жогорку денгээлдеги суроо-талап тилдеринин бар болушу МББСти акыркы колдонуучу үчүн ыёгайлуу каражат кылат. МББСнын негизги каражаттары болуп:


  1. Маалыматтар базасынын структурасынын тапшырмаларынын каражаты;

  2. Маалыматтар базасын киргизүү, кароо жана аларды диалогдук режимде иштетүү үчүн арналган экрандык формаларды конструкциялоо каражаты;

  3. Берилген шартта маалыматтарды тандоо жана операцияларды, аларды иштетүү боюнча аткаруу үчүн суроо-талаптарды (запросторду) түзүү каражаттары;

  4. Колдонуучу үчүн иштетүүнүн жыйынтыктары печатка ыёгайлуу түрдө чыгышы үчүн маалыматтар базасынан отчетторду түзүү каражаты;

  5. Маалыматтарды иштетүүнүн стандарттуу эмес алгоритмдерин реализациялоо жана дагы колдонуучунун маселелериндеги окуяларды иштетүүнүн процедурасы үчүн пайдаланылуучу макростор: алгоритмдик тилдер, суроо-талап тилдери тилдик каражаттар.

  6. Бирдиктүү технологиялык процессте маалыматтар базасы менен иштетүүнүн түрдүү операцияларын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү колдонуучунун тиркемелерин түзүү каражаттары (тиркемелердин генераторлору, меню жана тиркемелерди башкаруу панелдерин түзүү каражаты) эсептелет.


Маалыматтар базасы-бул машинага алып жүрүүчү МББС каражаттары уюштурган маалыматтардын жыйындысы. Маалыматтар базасында сакталуучу маалыматтарды минималдык коду блакировкалоодо (көчүрүү) логикалык жактан байланышкан маалыматтардын интеграциясын камсыз кылат. Маалыматтар базасы конкреттүү предметтик областты көрсөтүүчү өз ара байланышкан информациялык обьектилердин кээ бир логикалык моделдерин чагылдыруучу маалыматтарды камтыйт.

2