СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас таануу. сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас таануу. сабагы»

       Билим берүү мекемелеринин « EdNet » бирикмеси    Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү мектеби      «Манастаануу»  окуу-усулдук комплекси    Кыргыз экономикалык университети Бурулкан Каримова

Билим берүү мекемелеринин « EdNet » бирикмеси Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү мектеби

«Манастаануу» окуу-усулдук комплекси

Кыргыз экономикалык университети

Бурулкан Каримова

Каримова Бурулкан Абдырахмановна КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын ага окутуучусу. КРнын билим берүүсүнүн отличниги.

Каримова Бурулкан Абдырахмановна

КЭУнун мамлекеттик

жана расмий тилдер

кафедрасынын ага

окутуучусу.

КРнын билим

берүүсүнүн отличниги.

«Манастаануу» курсу  521607- Финансы жана кредит,  521500- М енеджмент адистиктери  боюнча билим алган студенттерге  окутулат жана эпостогу акыл-ой  казынасын, рухий, сөз байлыктарын  турмушунда колдонууга үйрөтөт.

«Манастаануу» курсу

521607- Финансы жана кредит,

521500- М енеджмент адистиктери

боюнча билим алган студенттерге

окутулат жана эпостогу акыл-ой

казынасын, рухий, сөз байлыктарын

турмушунда колдонууга үйрөтөт.

 Манас ааламы Испанияда Манас шаары Кореяда Манас булуңу Японияда Семетей шаары Венгрияда  Манас айылы Кытайда «Манас» дарыясы жана шаары Бутанда Манас дарыясы Латын Америкада Манас шаары Индияда «Манас» кичи эпосу Крымда Манас жарым аралы

Манас ааламы

Испанияда

Манас шаары

Кореяда

Манас булуңу

Японияда

Семетей шаары

Венгрияда

Манас айылы

Кытайда «Манас» дарыясы жана шаары

Бутанда

Манас дарыясы

Латын Америкада

Манас шаары

Индияда

«Манас» кичи эпосу

Крымда

Манас жарым аралы

Окумуштуулардын омоктуу ойлору: “ Манас” үчилтиги сыяктуу эстелик башка бир дагы элде жок. Эпос дүйнөлүк маданияттын казынасына кыргыз эли кошкон татыктуу салым болуп саналат.  С. Абрамзон «Манас» - турмуштун чыныгы мектеби, балдарды патриоттуулукка тарбиялоонун кайталангыс каражаты» ( А. Измайлов)

Окумуштуулардын омоктуу ойлору:

“ Манас” үчилтиги сыяктуу эстелик башка бир

дагы элде жок. Эпос дүйнөлүк маданияттын

казынасына кыргыз эли кошкон татыктуу

салым болуп саналат. С. Абрамзон

«Манас» - турмуштун чыныгы мектеби,

балдарды патриоттуулукка тарбиялоонун

кайталангыс каражаты» ( А. Измайлов)

Франциялык түрколог Реми Дор «Эпостун башынан аягына чейин биз баатырдын жана анын чоролорунун эл менен биримдигин, эл үчүн күйүп-бышкан патриоттук сезимдерин, адамдарга жардам берүүгө дайыма даяр тургандыгын көрөбүз - ушунун өзү эле угуучуларга эбегейсиз тарбиялык таасир берери шексиз»

Франциялык түрколог Реми Дор

«Эпостун башынан аягына чейин биз

баатырдын жана анын чоролорунун эл

менен биримдигин, эл үчүн күйүп-бышкан

патриоттук сезимдерин, адамдарга

жардам берүүгө дайыма даяр тургандыгын

көрөбүз - ушунун өзү эле угуучуларга

эбегейсиз тарбиялык таасир берери шексиз»

Эпостун мааниси, келечеги тууралуу ойлор:

Эпостун мааниси, келечеги тууралуу ойлор:

  • "Манас" эпосу КРнын Гимни, Герби, Туусу

сыяктуу эле мамлекеттин жана улуттун

ыйык көркөм мурасы болуп саналат. (Р.Отунбаева)

  • Бүгүнкү жашообузда пайда болгон руханий

вакуумду "Манастын“ ыйык дөөлөттөрү

менен толтуруш керек. (С.Байгазиев)

  • "Өткөнгө кызыгуу – келечекке болгон

камкордук” (Д. Лихачев).

Эпостун руханий маңызын жаштарга жеткизүү, мекенчилдикке тарбиялоо максатында КРнын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 21-июлдагы №346 – токтому Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин 2006-жылы 10 – октябрдагы буйругу

Эпостун руханий маңызын жаштарга жеткизүү, мекенчилдикке тарбиялоо максатында

  • КРнын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 21-июлдагы №346 – токтому
  • Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин 2006-жылы 10 – октябрдагы буйругу
«Манастаануу» курсунун максаты

«Манастаануу» курсунун максаты

ОУК төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:

ОУК төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:

С туденттер ээ болуучу компетенциялар

С туденттер ээ болуучу компетенциялар

С туденттер ээ болуучу компетенциялар

С туденттер ээ болуучу компетенциялар

Кесиптик компетенциялар

Кесиптик компетенциялар

Элди башкаруучу шайлоо Өкүм болбой өнүкпөйт, Өзүнчө бу журт жөнүкпөйт. Башчысы болбой марыбайт, Баш аламан жарыбайт, Ханы болсо кар болбойт, Жарактуу киши зар болбойт. Жабылса кытай жан койбойт.

Элди башкаруучу шайлоо

Өкүм болбой өнүкпөйт,

Өзүнчө бу журт жөнүкпөйт.

Башчысы болбой марыбайт,

Баш аламан жарыбайт,

Ханы болсо кар болбойт,

Жарактуу киши зар болбойт.

Жабылса кытай жан койбойт.

Башкаруучуга талаптар: Кана чыгыңарчы ханыңар, Чыгым тосор жаныңар, Калп айтпаган чыныңар Казатка чыгар тыңыңар, Беттешкен жоого белдүүңөр, Өткүр чечен тилдүүңөр, Өкүмөт жөнүн билчүүңөр!

Башкаруучуга талаптар:

Кана чыгыңарчы ханыңар,

Чыгым тосор жаныңар,

Калп айтпаган чыныңар

Казатка чыгар тыңыңар,

Беттешкен жоого белдүүңөр,

Өткүр чечен тилдүүңөр,

Өкүмөт жөнүн билчүүңөр!

Элди бир максатка баш ийдир үү Бала да болсом кан кылдың, Мен бийлеген кеп болсо: Жолдо болсун изибиз, Жоодон болсун ишибиз! Алтайда кантип туралык, Арбын аскер куралык, Ата жолун кубалык.

Элди бир максатка баш ийдир үү

Бала да болсом кан кылдың,

Мен бийлеген кеп болсо:

Жолдо болсун изибиз,

Жоодон болсун ишибиз!

Алтайда кантип туралык,

Арбын аскер куралык,

Ата жолун кубалык.

Баштаган ишинин аягына чыгуу Кытайга кыргын салбасам, Кырымга чейин албасам. Ма ң гулга бала салбасам, Багдатка чейин албасам Мээнетке белим байлайын, Берсе кудай тилегим Бээжинин к ө зд ө й айдайын.

Баштаган ишинин аягына чыгуу

Кытайга кыргын салбасам,

Кырымга чейин албасам.

Ма ң гулга бала салбасам,

Багдатка чейин албасам

Мээнетке белим байлайын,

Берсе кудай тилегим

Бээжинин к ө зд ө й айдайын.

ОУКнин инновациясы Даяр пикирлерди жаттап албай, өздөрү ой жүгүртүп, талдап, баа берип, жыйынтыкка келүүсүнө багытталган маалыматтар, тапшырмалар, тесттер берилген. « Манас» жөнүндө эмес, «Манастын» өзүн окутуп, ички дүйнөсүн аңтарып билишине, коммуникативдик жана кесиптик компетенцияларын, атуулдук ар-намысын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулган.

ОУКнин инновациясы

  • Даяр пикирлерди жаттап албай, өздөрү ой жүгүртүп, талдап, баа берип, жыйынтыкка келүүсүнө багытталган маалыматтар, тапшырмалар, тесттер берилген.
  • « Манас» жөнүндө эмес, «Манастын» өзүн окутуп, ички дүйнөсүн аңтарып билишине,
  • коммуникативдик жана кесиптик компетенцияларын, атуулдук ар-намысын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулган.
Курстун максатына жет үү ыкмалары: алдын ала болжолдоо схемасы, кроссворд, табышмак, макал-лакап, кызыктуу тапшырмалар, дебаттар; Эпос жана манасчылар тууралуу көрмөфильмдер, аудио ж.б.

Курстун максатына жет үү ыкмалары:

  • алдын ала болжолдоо схемасы,
  • кроссворд, табышмак, макал-лакап, кызыктуу тапшырмалар, дебаттар;
  • Эпос жана манасчылар тууралуу көрмөфильмдер, аудио ж.б.
Макалдар кайсы каарманга тиешел үү экенин чечмелеп бер Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың. Улук болсоң, кичик бол. Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт. Жаман киши өз камы үчүн күйүнөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт .

Макалдар кайсы каарманга тиешел үү экенин чечмелеп бер

  • Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың.
  • Улук болсоң, кичик бол.
  • Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт.
  • Жаман киши өз камы үчүн күйүнөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт .
       Усулдук ыкмалар,  о кутуу технологиялары «Оозеки тегерек стол» стратегиясы Венн диаграммасы. Кластер. Эки бөлүктүү күндөлүк. Синквейн. РАФТ. Ротация ыкмасы. Т-схемасы . Чаташкан логикалык чынжырлар ды ордуна коюу

Усулдук ыкмалар, о кутуу технологиялары

  • «Оозеки тегерек стол» стратегиясы
  • Венн диаграммасы. Кластер. Эки бөлүктүү күндөлүк. Синквейн. РАФТ. Ротация ыкмасы.
  • Т-схемасы .
  • Чаташкан логикалык чынжырлар ды ордуна коюу
 Кырдаалдар боюнча талкуу:   а) Көзкамандар Манас менен бала чактан чогуу өссө, өз улутунун тарбиясын алса, өз элине-жерине, ага-туугандарына минтип кастык кылмак эмес, анткени… б) Көзкамандар Манас менен бала чактан чогуу өссө деле кастык кылмак, себеби…

Кырдаалдар боюнча талкуу:

а) Көзкамандар Манас менен бала чактан чогуу өссө, өз улутунун тарбиясын алса, өз элине-жерине, ага-туугандарына минтип кастык кылмак эмес, анткени…

б) Көзкамандар Манас менен бала чактан чогуу өссө деле кастык кылмак, себеби…

Графикалык уюштургучтар Манасчылар

Графикалык уюштургучтар

Манасчылар

Класстер түзүү

Класстер түзүү

Венндин диаграммасын т үз: Окшоштугу Манас Ко ңурбай

Венндин диаграммасын т үз:

Окшоштугу

Манас

Ко ңурбай

Тегин бил үү - генин сактоо, дени сак муун

Тегин бил үү - генин сактоо, дени сак муун

Дагы кандай кызык бар? Т өкөр-дөөгөр-токарь. Кауз кылган көлү бар, ал көлүнүн ичинде түрлүү балык көбү бар. Күлчоронун кечирин салуу- XX кылымдагы трансплантация жасоо. Эринбей турган эр Манас, оржемил деген дарысын, жутуп алды барысын.

Дагы кандай кызык бар?

  • Т өкөр-дөөгөр-токарь.
  • Кауз кылган көлү бар, ал көлүнүн ичинде түрлүү балык көбү бар.
  • Күлчоронун кечирин салуу- XX кылымдагы трансплантация жасоо.
  • Эринбей турган эр Манас, оржемил деген дарысын, жутуп алды барысын.
     Алмамбет Каныкей камдап берген дарыны ичип, эс алат:   Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айлана чалдырган. Эбеп деген бир дары, Себеп деген бир дары Ошондо Каныкей жеңең алдырган. Эки жол бармак башындай, Таңдайына салды эле, Тамшанып Алмаң калды эле. Ооруган жери басылды Умачтай көзү ачылды.

Алмамбет Каныкей камдап берген дарыны ичип, эс алат:

Төгөрөктүн төрт бурчун,

Төрт айлана чалдырган.

Эбеп деген бир дары, Себеп деген бир дары

Ошондо Каныкей жеңең алдырган.

Эки жол бармак башындай,

Таңдайына салды эле, Тамшанып Алмаң

калды эле. Ооруган жери басылды

Умачтай көзү ачылды.

Ипотерапия Медицинанын атасы Гиппократ атка минүү оорудан айыгуунун жүрүшүн тездетет, кайгы-кападан арылтып, маанайыңды көтөрөт, жаркын жана тунук ойлорду тартуулайт деп эсептеген. XX кылымдын ортосунан баштап атка минүү менен дарылоо жанданган, кыр арка, омуртка сөөктөрү жана нерв системасы ооруган балдарды дарылоо үчүн жылкынын бардык түрү колдонулган.

Ипотерапия

Медицинанын атасы Гиппократ атка минүү

оорудан айыгуунун жүрүшүн тездетет,

кайгы-кападан арылтып, маанайыңды

көтөрөт, жаркын жана тунук ойлорду

тартуулайт деп эсептеген. XX кылымдын ортосунан баштап атка минүү менен дарылоо жанданган, кыр арка, омуртка сөөктөрү жана нерв системасы ооруган балдарды дарылоо үчүн жылкынын бардык түрү колдонулган.

Тест суроолору аркылуу ой ж үгүртөт :  Ар кимиси ар жактан келген кырк чоронун башын коштуруп, айбаттуу күчкө айлантып, эл кызматы үчүн пайдалана алгандыгы Манастын кайсыл сапаты? а) ишенчээктиги б) баатырдык сапаты в) акылы терең, калыс, кең пейил экендиги

Тест суроолору аркылуу ой ж үгүртөт :

Ар кимиси ар жактан келген кырк

чоронун башын коштуруп, айбаттуу күчкө

айлантып, эл кызматы үчүн пайдалана

алгандыгы Манастын кайсыл сапаты?

а) ишенчээктиги

б) баатырдык сапаты

в) акылы терең, калыс, кең пейил экендиги

Башталгыч топтун сынак суроолору: 1. Сүйлөмдөрдү улантыңыз: а) Алмамбет-трагедиялуу баатыр, анткени… б) Коңурбай терс каарман, себеби …. 2. К үлчорого жана Канчорого мүнөздөмө бериңиз. (Пайдалануучу с өздөр : балбан, митайым, жөн билги, чыккынчы, бийликти жакшы көрөт,баатыр, ичи тар, арамза,чечен, эпчил, акылман, эки жүздүү,чыныгы дос ж.б)

Башталгыч топтун сынак суроолору:

1. Сүйлөмдөрдү улантыңыз:

а) Алмамбет-трагедиялуу баатыр, анткени…

б) Коңурбай терс каарман, себеби ….

2. К үлчорого жана Канчорого мүнөздөмө

бериңиз. (Пайдалануучу с өздөр : балбан,

митайым, жөн билги, чыккынчы, бийликти

жакшы көрөт,баатыр, ичи тар, арамза,чечен,

эпчил, акылман, эки жүздүү,чыныгы дос ж.б)

Улантуучу топтун сынак суроолору:

Улантуучу топтун сынак суроолору:

"Элдүүнүн баары эр экен,

Не деген кеби эм экен,

Элинен азган мен кургур

Эгем таала кудурет

Не түрдүү пендем деди экен?! - деп ким

арман кылат? Эмне үчүн?

Сабак-сахна

Сабак-сахна

  Уркаш ата мейманда

Уркаш ата мейманда

«Манас» айтуу сабагы

«Манас» айтуу сабагы

Нидерланды окумуштуусу, социалдык антропология илиминин доктору, манастаануучу  Ниенке ван дер Хейде  1996- жылдан 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашаган «Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» деген эмгегинде «Манас» эпосун эс тутумуна сактап, оозеки жайылтып айтып келе жаткан манасчылардын бар болгондугу эбегейсиз чоң бакыт. «Манас» эпосунун манасчы тарабынан эл алдына чыгып ар бир аткарылышы байкалбаганы менен эл үчүн руханий кубат бере турган касиетке ээ кубулуш»,-дейт.

Нидерланды окумуштуусу, социалдык антропология илиминин доктору, манастаануучу Ниенке ван дер Хейде 1996- жылдан 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашаган

«Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» деген эмгегинде «Манас» эпосун эс тутумуна сактап, оозеки жайылтып айтып келе жаткан манасчылардын бар болгондугу эбегейсиз чоң бакыт. «Манас» эпосунун манасчы тарабынан эл алдына чыгып ар бир аткарылышы байкалбаганы менен эл үчүн руханий кубат бере турган касиетке ээ кубулуш»,-дейт.

Д.У.Адылов, м.и.к., «Шаба-Тоо» психологиялык борборунун директору 2011-жылы 26-июнда ф.и.к.Т. Бакчиевдин манасчылык өнөрүнө изилдөө жүргүзгөн. 48 угуучунун 60% өз иштери менен алек болуп (үргүлөп, сүрөт тартып, башка нерсе окуп) отурса да эпостон үзүндү уккандан кийин ден-соолук абалы - 1,5 балл, маанайы 5 баллга чейин көтөрүлгөн.

Д.У.Адылов, м.и.к., «Шаба-Тоо» психологиялык борборунун директору

2011-жылы 26-июнда ф.и.к.Т. Бакчиевдин

манасчылык өнөрүнө изилдөө жүргүзгөн.

48 угуучунун 60% өз иштери менен алек

болуп (үргүлөп, сүрөт тартып, башка нерсе

окуп) отурса да эпостон үзүндү уккандан

кийин ден-соолук абалы - 1,5 балл, маанайы

5 баллга чейин көтөрүлгөн.

Экскурсия сабактары

Экскурсия сабактары

Табиятты Манастай с үй

Табиятты Манастай с үй

Урматтуу коноктор, Манас айылы чакырат !

Урматтуу коноктор, Манас айылы чакырат !

Манас Ордо комплексинде

Манас Ордо комплексинде

Манас Ордо комплексинде

Манас Ордо комплексинде

Илимий ресурстук усулдук борбор менен тыгыз ишт өө

Илимий ресурстук усулдук борбор менен тыгыз ишт өө

     Студенттердин пикирлери : Бул курстан Ата-Мекенди баалоого тарбияландык, журт ынтымагы ыдыраса аягы кейиштүү болот тура. (Элиза, МГ-1-09) Курстун бат б үтүп калганы өкүнүчтүү! Бирок, аз саат болсо да, көп маалымат алдык. Мага Манас баатырдын чачылган элди бириктирген, бир максатка баш ийдирген лидерлиги жакты. (Сезим, ФК-1-10)

Студенттердин пикирлери :

  • Бул курстан Ата-Мекенди баалоого

тарбияландык, журт ынтымагы ыдыраса

аягы кейиштүү болот тура. (Элиза, МГ-1-09)

  • Курстун бат б үтүп калганы өкүнүчтүү!

Бирок, аз саат болсо да, көп маалымат

алдык. Мага Манас баатырдын чачылган

элди бириктирген, бир максатка баш

ийдирген лидерлиги жакты. (Сезим, ФК-1-10)

Студенттердин пикирлери : Что мне дал курс по эпосу «Манас»? Такого восторга от чтения книг я не получала давно. И хотя в Кыргызстане живу с рождения, но именно сейчас оценила традиции, обряды, ценности кыргызского народа (Ольга, МГ-1-10)

Студенттердин пикирлери :

Что мне дал курс по эпосу «Манас»?

Такого восторга от чтения книг я не

получала давно. И хотя в Кыргызстане

живу с рождения, но именно сейчас

оценила традиции, обряды, ценности

кыргызского народа (Ольга, МГ-1-10)

        Студенттер жазыша т: “ Манас” эпосу атактуу, дүйнөлүк тарбиялаган, таасирленткен, шыктанткан Кыргыз элин ааламга тааныткан Мурас. Бектурсунова Чолпонайдын синквейни, ФК-1-10

Студенттер жазыша т:

“ Манас” эпосу

атактуу, дүйнөлүк

тарбиялаган, таасирленткен, шыктанткан

Кыргыз элин ааламга тааныткан

Мурас.

Бектурсунова Чолпонайдын синквейни, ФК-1-10

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Курс боюнча баалуу кеп-кеңештерди, сунуштарды күтөбүз. e-mail : burul61@mail . ru  Тел. 324 717 0777 30 30 63 Бурулкан Каримова

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

Курс боюнча баалуу кеп-кеңештерди, сунуштарды күтөбүз.

e-mail : burul61@mail . ru

Тел. 324 717

0777 30 30 63

Бурулкан Каримова