Интектактивдүү окутуунун ыкмалары
Таанышуу ыкмасы.
Сыйкырдуу Анжела
Бардык семинардын катышуучулары тегерек болуп турушат. Фасилитатор өзүнүн атын айтат жана өзүнүн ысымынын биринчи тамгасына окшош оң маанайдагы же мактоодон турган сын атооч сөздү кошуп, толуктап айтат. Мисалы, «Салам, мен супер Салтанатмын». Бардык катышуучулар айлана боюнча кезеги менен ушундай маанайда өздөрүн тааныштырат.
Айлана
Семинардын катышуучулары чоң айлана болуп турушат, ар бири ирээти менен өзүнүн атын, кызматын, иштеген жерин, кайдан келгенин айтышат.
Топтук таанышуу
Семинардын катышуучулары 6 кишиден турган топторду түзүшөт, анан 2 кишиден бөлүнүшөт. Ар бир катышуучуга 3 мүнөт өзүн өнөктөшүнө тааныштырууга , өзү жөнүндө маалымат берүүгө жеке кызыкчылыктарын айтып жана өзү жөнүндө кызыктуу жана керектүү нерселерди башка катышуучуларга тааныштырууга берилет. Угуучу жандандыруучу суроолорду берип, жардам берет: анан кийин 6 кишиден турган топтор кайра жолугушат, топтун ар бир мүчөлөрүнө 2 мүнөттөн берилет өзүнүн өнөктөшүн тааныштырууга (же өнөктөшүнүн атынан таанышып, ал үчүн айтат).
Ысымды кармоо
Семинардын катышуучулар чоң айлананы түзүшөт. Фасилитатор жумшак буюмду, (мисалы, жумшак оюнчук, топу ж.б.) айланада турган катышуучулардын бирине анын атын айтуу менен ыргытат. Биринчи катышуучу буюмду тосуп алып, анны башка бирөөгө анын атын айтуу менен ыргытат. Бул ыкмакатышуучу буюм алып бүткөндөн кийин токтотулат. Бир аз убакыттан кийин ыкмага ыргытыш үчү 2-3 жумшак буюм кошсо да болот.
Автопортреттер
Семинардын катышуучулары А4 форматындагы кагаздарды алат жана аларга өзү эмне кылганда жакшы көрөрүн (графикалык же оозеки формада) көрсөтүш үчүн 5 минөт убакыт берилет. Бүтөрү менен ар бир катышуучу кагазды өзүнө жабыштырат же өз алдында кармап, аудиторияда кармап басып жүрөт, башка катышуучулар менен жолугуп, кагазда жазылган нерселер жөнүндө сүйлөшөт.
Менин ысымымдын тамгалары мен жөнүндө
Семинардын бир катышуучусу өзүнүн атын айтат жана атынын ар бир тамгалары боюнча өзүн мүнөздөгөн сөздөрдү табыш керек. Мисалы, Айбек (активдүү, ыймандуу, барктуу, эрктүү, кайраттуу). Кийинки катышуучулар да өздөрүн ушундай жол менен тааныштырат.
Менин ысымымдын тарыхы
Ар бир катышуучу өзүнүн ысымынын эмнени билдиргени, мындай болуп аталышы эмнеге байланыштуу экенин жана кантип бул ысымды алып калгандыгы жөнүндө тарыхын эстеп, айтып беришет. Ошондой эле өзүнүн фамилиясынын келип чыгышы тарыхы жөнүндө айтып берсе да болот.
Топторго бөлүүнүн ыкмасы
«Молекулалар».
Семинардын катышуучулары бөлмөнүн бош жерине келишет жана атомдордун кыймылына окшоштуруп, баш аламан кыймылдап баса башташат.
Фасилитатор «молекулалар 2 (3,4,5 ж.б) атомдордон турушат» - деген сөздү айтат, айтылган санга жараша катышуучулар топторду түзүшөт.
Бул молекулалардын кыймыл аракети бир нече жолу кайталанат.
Акыркы молекуланы түзүү аракети бул жумушчу группаны уюштурууга багытталган. Түзүлгөн топ тапшырмаларды аткаруу үчүн отурушат.
Кайыкчалар
Семинардын катышуучулары деңизде сүзүп жүргөнүн элестетет.
«Кайыкчалар» деген сөздөн кийин катышуучулар 2 кишиден топторго биригишет, кол кармашып, колдорун узунунан жана туурасынан көтөрүү менен «Кайыкчага» окшоштурушат.
«Суу» деген сөздөн кийин катышуучулар кайрадан сууга сүзө башташат, ар кандай багытта кыймылдашат.
2 жана 3 кадамдагы кыймыл 2 жолудан кайталанат, 3 жолу катышуучулар тапшырманы аткарууга 2 ден болуп отурушат.
Туулган күндүн сызыкчасы
Семинардын катышуучулары сүйлөбөстөн кыймылы менен туулган күндөрдүн катар сызыкчаларын түзүшөт, январдан баштап декабрь айына чейин.
Катышуучулар бир сызыкчага тизилгенден кийин алар ар бири өзүнүн туулган күнүн жана айын айтышат жана сызыкчанын тура түзүлгөңдүгүн текшеришет.
Катышуучулар туулган айлары боюнча топторго биригишет.
Каргалар жана таранчылар
Семинардын катышуучулары эки кишидер болуп, эки катарга тизилишет.
Катышуучулар бетме – бет туруп, бир колун алдыга сунушат.
Биринчи жак - таранчылардын, экинчи жак – каргалардын ролун аткарышат.
«Каргалар» - деген сөздөн кийин карганын ролун ойногондор таранчынын ролун ойногон кишилердин колун кармаш керек.
«Таранчылар» деген сөздөн кийин таранчылар каргалардын колун кармаш керек.
4 чү жана 5 чи кадамдагы кыймылдар 3 жолу кайталанат.
Бири – бирине карама – каршы 2 кишиден турган катышуучулар тапшырманы аткарууга орундуктарга отурушат.
Түс
Семинардын катышуучулары кандайдыр бир түстөгү карточканы тандашат (кызыл, көк, сары ж.б.) карточкалардын саны топтогу катышуучулардын санына жараша болот.
Карточкалардын түстөрүнө карата семинарлардын катышуучулары тапшырмаларды аткаруу үчүн топторго бөлүнүшөт.
Паравозик
Семинардын катышуучулар класстык бөлмөнүн ортосуна келип, «Вагондордун» ролун аткарып, баш аламан тартипте кыймылдай башташат.
Бир нече «Паравозик» катышуучулардын колуна билгизбей бирден белгилүү бир ат жазылган карточканы карматышат (карточкада мектеп предметтеринин аттары, кандайдыр бир проблемаларга байланышкан суроолор ж.б.). «Паравоздордун» санын катышуучулар бөлүнүүчү топтордун санына жараша болот.
«Паравозик» деген сөздү айтканда колунда карточкасы бар адамдар колдорун жогору көтөрөт, ал эми калган катышуучулар «Вагондор» «Паровоздорго» биригишет да, «Поезд» түзүшөт. Вагондордун саны тототордун катышуучуларынын санына жараша аныкталат. (4, 5, 6, ж.б.)
«Вагондор» деген сөздөн кийин «Поезд» ажыратылат. «Вагондо» катышуучуларынын бары баш аламан кыймылдашат, «Паровоз» катышуучулар билгизбестен карточкаларын башка «Паравоздун» туүзүүчүлөрүнө беришет.
Бул ишкердүүлүктө 3 жана 4 – кадам 3 жолу кайталанат жана «Поезд» болуп түзүлгөн топ тапшырмаларды аткаруу үчүн жумушчу орундарын ээлешет.
Сиямдык эгиздер
Семинардын катышуучулары класстык бөлмөнүн ортосуна келет жана бош жеринде баш аламан кыймылдай башташат.
«Эгиздер» деген сөздү угар менен 2 ден жупташат. Бири – бирине далысын тийгизет жана колдорун кармашат.
«Адамдар» деген сөздү уккандан кийин жана кайрадан баш аламан кыймылдай башташат.
2 жана 3 иш кадамдары 3 жолу кайталанат.
Акыркы жуптар бир топ болушат да , тапшырмаларды аткаруу үчүн жумушчу орундарына отурушат.
Жаныбарлар
Семинардын катышуучулары класстык бөлмөнүн ортосуна чыгышат. Ар бири жаныбардын аты жазылган карточкаларды алышат. Карточкада жаныбарлар (уй, ит, мышык, карга, чычкан, бака ж.б.) түзүлүүчү топтордун санына жараша болот.
Катышуучулар карточкада жазылганды окуйт жана жазылган жаныбардын үнүн туурайт («Муу- му, гав – гав, ква – ква ж.б.) үндөрү аркылуу өзүнүн «үй бүлөсүн» табышы керек жана жаныбардын аты боюнча топко биригишет.
Андан кийин катышуучулар карточкалары н бири бирине беришет жана кайрадан баш аламан кыймылдай башташат.
«үй бүлө» деген сөздү угар менен катышуучулар карточкадагы жаныбардын атын окуп, анын үнүн туурайт жана өз үй - бүлөсүн табат.
2, 3, 4 иш кадамдары 3 жолу кайталанат акыркы «үй бүлө» жумушчу топту түзөт.
Эртең менеки учурашуу ыкмасы
Кызгылт көз айнек
Семинардын катышуучулары өз ыктыярлары менен жуптарга биригишет.
Катышуучулардын жубунан бирөө кандайдыр бир кызгылт көз айнек кийген сыяктуу болот жана ал өнөктөшүн толугу менен көрүп тургандай болот.
Өнөктөшүнө: «өңүңдө же түшүңдө менден татынакай эмнени көрүп турасың?» - деген сөздү айтат.
Катышуучу кызгылт көз айнеги менен өзүнүн өнөктөшүн карап туруп, анын жакшы жактарын айтат (сулуу көзү, жагымдуу жылмаюсу, өзгөчөлөнгөн көз карашы ж.б.).
1 катышуучунун жакшы жактары айтылып бүткөндөн кийин, кызгылт көз айнекти 2 чи өнөктөшү кийген сыяктанат жана 2, 3, 4 чү иш аракеттер кайталанат.
Сырткы жана ички айлана
Семинардын катышуучулары эки айлана түзүшөт: сырткы жана ички болуп, бири бирин карап, жуп болуп турушат.
Катышуучулар бири бири менен учурашып, пикир алышат.
Фасилитатордун сигналы менен (алаканын чабат, музыка, коңгуроо кагат) катышуучулардын сырткы айланадагылар оң жакты көздөп бир кадам жылып, ички айланада турган коңшу өнөктөшүнө бет маңдайына барат жана көнүгүүдөгү экинчи кдамдагы аракеттер кайрадан кайталанат.
Сырткы айланадагы катышуучу жылып отуруп өз ордуна келмейинче
2 чи жана 3чү кадамдагы иш аракеттер бир нече жолу кайталанат.
Кар үймөгү
Семинардын катышуучулары 10 дон киши болуп 3 айланага биригишет.
Биринчи катышуучу оң жагына бурулуп, анда турган коңшусунун атын айтып, ага комплимент жасайт. М: Айгүл, сиз ак көңүлсүз.
Кийинки катышуучу оң жагында турган коңшусунун атын айтып, өзүнө карата айтылган комплимент сөзүн кайталайт жана өзүнүн сөзүн кошот. М: Айжан, сиз ак көңүлсүз жана татынакайсыз.
2 жана 3 кадамдагы иш аракеттер кайталана берет жана айланадагы аракеттерди баштаган 1 - катышуучунун дарегине бардык сөздөр айтылганга чейин.
Каалоолор сандыкчасы
Семинардын ар бир катышуучусу узунунан кесилген анча чоң эмес кагазды алат, ага өзүнүн ысымын жазып, бүктөйт жана сандыкчага салат.
Бардык ысымдар жазылган кагаздар сандыкчага салынып бүткөндөн кийин, ар бир катышуучу бирден ысым жазылган кагазды алып, аны ачып өзүнүн кесиптешинин атын окуйт. Эгер катышуучу өзүнүн аты жазылган кагазды алып алса, анда кайрадан сандыкчага салып, башкасын алат.
Бардык катышуучулар кесиптештеринин дарегине жакшы каалоолорду даярдашат.
Ар бир катышуучу кезеги менен кагаздагы аты жазылган адамга кайрылып, каалоолрду айтат.
Каалоо ыры
Семинардын катышуучулары 5 – 6 адамдан болуп бир топко биригишет.
Ар бир топ бир куплеттен эстеп же жаңы жазып чыгышат.
Ар бир топ каалоо ырын ырдап, анын мазмунун айтып беришет.
Саламдашуу
Бардык семинардын катышуучулары тегерете турушат жана кезеги менен оң жагында турган коңшусуна анын атын атап туруп: «Саламатсыңбы, мен сени көргөнгө кубанычтуумун» - дейт жана сөзсүз түрдө адам үчүн жагымдуу болгон сөздү кошуп айтышат.
Башкача саламдашуу
Бардык семинардын катышуучулары тегерете турушат кезеги менен ар бир катышуучуларга салам айтышат, бирок бири – бирин кайталабай. Саламдашуу мүмкүн ар түрдүү тилде айтылат жана күтпөгөн (башкага окшобогон) формада берилиши мүмкүн.
Сабакты баштоо тактикасы
Дарыя
Доскага дарыянын сүрөтү тартылган ватман кагазы илинет.
Семинардын катышуучулары өзү чапталуучу узун (полоска) кагаздарды алышат жана семинардан эмнени күтүп жатканын жазышат.
Катышуучулар күтүүлөрүн жазган кагаздарды тартылган дарыянын сүрөтүнүн үстүнө жабыштырышат.
Үмүт багы
Семинардын катышуучулары өзү чапталуучу узун сызыкча (полоска) формасындагы кагазды алышат да семианрдан эмнени күтүп жаткандыгын жазышат.
Ватман кагазына тартылган бакка өздөрүнүн кагаздарын чапташат.
Фасилитатор керек учрда кагаздагы жазууларды окуй алат.
Күндүн темасы
Семинардын катышуучулары 5-6 адамдардан турган топторго биригишет.
Топтордогу катышуучулар талкуулоо менен девиз кабыл алышатж бир күн бою аны менен иштешет.
Ар бир топтор өз девизин үн чыгарып окушат.
Алтын эрежелер
Семинардын катышуучулары семинардын жүрүшүнө керектүү болгон эрежелерди аташат.
Эрежелер ватман кагазына жазылат жана семинар бүткөнгө чейин доскага илинип коюлат. Мисалы, кол көтөрүү, башкаларды укканды үйрөн, регламентти сактоо, бардык катышуучулардын активдүүлүгү, күлүп жана башкалардын көңүлүн көтөр ж.б.. Эрежелердин пункттары эч качан «Жок» деген сөз менен башталбашы керек.
Тааныш эмес сөздүн образы
Фасилитатор тааныш эмес же мааниси жок сөздүн үн кошулмасын айтат. Ал ар түрдүү элестетүүлөрдү (ассоциация) чынжырчасын пайда кылат, акырындап бир образ түзүлөт.
Семинардын катышуучулары 2-3 мүнөт ойлонуп , пайда болгон образды сүрөттөшү керек.
Баарлашуу семинары
Ар бир семинардын катышуучулары проблемага карата берилүүчү суроолордун санына жараша, узунунан кесилген (полоска) барактарын алышат.
Фасилитатор суроону окуйт, катышуучулар биринчи кесилген баракты алып, ага «1» деген цифраны жазат жана суроого кыскача жооп жазат.
Фасилитатор 2 чи суроону окуйт, ар бир катышуучу 2 чи кесилген баракты алып, «2» деген цифраны жазат жана бул 2 чи барака кыскача жоопторду жазат.
2 чи жана 3 чү кадамдардагы иш аракеттер бардык суроолорго жооп жазылып бүткөнгө чейин улантылат.
Катышуучулар суроолордун санына жараша топторго бөлүнүшөт.
Ар бир топ өзүнүн номери боюнча жоопторду чогултат, аларды системалаштырат жана бир баракка негизги суроолорун жазып чыгышат.
Ар бир топтун катышуучулары жалпы классты жооптору менен тааныштырат.
Элестелген балатылар
Фасилитатор – зат атооч, жекелик түрдө, атооч жөндөмөсүндө турган баштооч (стартовый) сөздү айтат.
Семинардын катышуучулары окшош сөздү аташат. Фасилитатор өзү айткан баштооч сөздү сапча түрүндө жазат. Сөздөрдүн санын жана сапчанын кандай болушун фасилитатор өзү чечет.
Ушундай жол менен 2 чи сапча түзүлөт, бирок анын башталышы катары 1 чи сапчадан бир сөздү алат, ошоентип 3 чү, 4 чү ж.б. сапчалар түзүлөт.
Сөздөр андан ары проблеманы окуп билүү үчүн колдонулат.
Концептуалдык карта
Концепциянын планын түзүү чакыруу этабында сунушталып же кайтарым стадиясында колдонсо да болот.
Семинардын катышуучулары жакшы билген же абдан жакшы билген теманы сунуш кылышат.
Катышуучулар темага окшош сөздөрдүн тизмегин түзүшот. Катышуучулар сунуш кылган сөздөрдүн бардыгы жазылат. Жокко чыгарып же жазбай коюуга болбойт.
Сөздөрдү өз ара байланыштары боюнча категорияга бириктирилет. Концептуалдык карта түзүлөт. Ал таблица, сүрөт, схема ж.б. түрүндө болушу мүмкүн.
Сабак өткөрүүнүн ыкмасы
Сыйкырдуу шакекче
Фасилитатор шакекти алат жана анын сыйкырдуу экенин айтат. Ал ар түрдүү сыйкырдуу касиеттерге ээ болуп жасалышы мүмкүн: убакыт боюнча саякаттоо, өзүн фасилитатордун ордунда элестетүү, бир кесиптин ээси, бизнесмен, башка адамдын ордунда болуу ж.б.
Семинардын катышуучусу шакекти алат, кандай тандаган сыйкырына байланыштуу, жаңы адамдын атынан каралып жаткан проблеманы чечет
Проблемалардын түйүнү
Семинар башталганга чейин фасилитатор семинардын катышуучуларын тынчсыздан-дырган же алардын кесиптик ишкердүүлүгүнө байланышкан проблемаларды алып чыгат.
Ар бир проблема, проблемалык суроо түрүндө ички кесилген кагазга жазылат жана баракты бүктөп, жүндөн жасалган жип түйүнгө түрөбүз.
Түйүн семинардын 1 чи катышушуучусуна сунуш кылынат. Ал түйүндү артка түрүп, проблемалык суроо жазылган 1 чи кагазды табат жана аны окуп, жооп бергенге аракет жасайт. Проблемалык суроого жооп берүүдөн кыйналса, калган катышуучулар жардам берсе болот.
Проблеманы талкуулагандан кийин түйүн башка катышуучуга берилет жана
3 чү кадамдагы иш аракеттер бардык проблемалык суроого жооп алынып
бүткөнгө чейин кайталанат.
Мээ чабуулу
Фасилитатор ватман барагына проблема боюнча тема жазат.
Семинардын катышуучулары 2 – 3 мүнөт теманы талкуулашат.
Катышуучулар берилген тема боюнча идеяларын айтышат.
Фасилитатор ватман барагына аларды жазат.
Галерея
Семинардын катышуучулары топтордо 5-6 адамдан болуп иштешет.
Ар бир топ аткарган тапшырмаларын ватман кагазынын барагына кандайдыр бир түстөгү фломастер менен кооздошот.
Тапшырмалар аткарылып бүткөндөн кийин ватман кагаздарын класстык бөлмөнүн көрүнүктүү жерине жалпы көргөзмө үчүн илинет.
Ар бир топ толук мүчөлөрү менен башка топтун илген ватман кагаздарынын жанына келишет, маалыматтарды окушат, талкуулашат жана өз фломастерлери менен өздөрүнүн кошумча маалыматтарын жазышат. Топтордун иштөө кыймылынын ирээтин тактап коюу керек.
4 чү кадамдагы иш аракеттер кайталана берет, анткени ар бир семинардын катышуучулары ар бир барактагы маалыматтардын мазмуну менен таанышып чыгуулары керек.
Бумеранг
Семинардын катышуучулары 5-6 адамдан болуп топторго бөлүнүшөт.
Ар бир топ А-4; ак барагын жана бир түстөгү маркер алышат.
Топтогу 1 чи катышуучу семинардын негизги проблемасына тиешелүү болгон өзүнүн суроосун жазат, 2 чи катышуучу бул суроого карата өзүнүн суроосун таап жазат ж.б.
Катышуучулар өздөрүнүн суроолорун жазып бүткөндөн кийин башка топторго беришет.
Топтун катышуучулары берилген суроолорго карата жоопторду талкуулашат.
Ар бир топтогу катышуучу суроолорго жооп берет.
Интервью
Семинардын бир катышуучусу тегерете адамдардан турган айлананын ичине отурат жана жалпы проблемалык багыттагы анын социалдык ролу аныкталат (мисалы, окучу мугалим, студент, ата-эне, ректор ж.б. ).
Топтун катышуучулары 2-5 суроо беришет, ортодо отурган адам өзүнүн социалдык ролун так аткарышы керек.
Ортодо отурган катышуучу суроолорго так жооп бериши керек.
Селкинчек
Семинардын катышуучулары 5 – 6 адамдан болуп, топторго бөлүнүшөт.
Топтордун санына жараша чоң жалпы проблема кичинекей проблемаларга бөлүнөт жана ар бир топ барактарды тандап алашат, анткени барактын башына проблема жазылган. Ар бир топ ватман барагын жана бир түстөгү маркерлерди алышат.
Топтордо катышуучулар проблеманы талкуулашат жана өздөрүнүн маркери менен чечимдерин жазышат.
Саат жебесинин багыты боюнча барак кийинки топко берилет, алар окуп чыгат жана өздөрүнүн маалыматтары менен аны толукташат. Проблемаларды чечүү боюнча баракты бири – бирине берүү улантыла берет жана ал баштапкы топко кайра келиш керек.
Баштапкы топтун мүчөлөрү окушат, кесиптештеринин кошумчалоолорун окушат жана жыйынтыктап презентация жасашат.
Кат формасындагы сүйлөшүү
Семинардын катышуучулары өз ыктыярлары менен жуптарга биригишет.
Фасилитатор проблеманы тактайт. Сунуш кылынган проблемалык материалга таянуу менен бири – бирине кат жазышат. Катта кайрылып жаткан кесиптешине карата күнөм саноо, ыраазычылык, кеңеш жана башкача чагылдырса болот.
Катышуучулар бири бирине каттарын беришет жана аны окуп чыгышат.
Карточка тапшырма
Фасилитатор күн мурунтан 3 түрдүү түстөгү карточканы даярдайт: маалымат – колдоо мүнөздөгү карточка (маалымат берүү, маалыматты табат, суроо берет, түшүндүрөт же тактайт, жыйынтык чыгарат); Коммуникативдүү пландагы карточка (башкаларды сыйлоо, мамилелерди жөнгө салуу, жайгаштыруу ) жана жеке өздүк пландагы карточка (бөлүп салуу же мактаанчаактык);
Катышуучулар 3 төн болуп топторго бөлүнүшөт.
Топтордогу ар бир катышуучу бирден тапшырмалары менен карточканы алышат жана тапшырылган ролду аткарышат, мисалы, бир окуя жөнүндө айтып берүү жана анын оң жана терс жактарын бөлүп көрсөтүү. Бул окуяны таарынган адамдын абалында карап көрүү. Бул учурда мамиле түзүү максатка ылаыйктуу, анткени мындай болбос үчүн бул учурда мактанчаак киши өзүн кантип алып жүрөт жана бул эмнеге алып келет. Бул абалда адамдын иш аракети эмне бөлүп жарышы мүмкүн ж.б.
Ар бир топтогу катышуучу тапшырманы аткаргандан кийин топтун ичинде презентация жасайт.
Каалоосу боюнча бир топтун катышуучулары бардык катышуучулар үчүн да презентация жасаса да болот.
Сабакты жыйынтыктоо ыкмасы
Сабакты жыйынтыктоо ыкмасы
Бүгүнкү күндүн жести
Туруп же отуруп семинардын катышуучулары семинардын жүрүшү жана уюштурулушуна карата өздөрүнүн мамилесин мимика жана жесттер менен көрсөтүшөт.
Бүгүнкү күндүн сүрөтү
Катышуучулар семинардын мазмунуна карата өздөрүнүн мамилелерин сүрөт менен көрсөтүшөт, анын маанисин түшүндүрүү зарылчылыгы болсо, айтып беришет.
Жазуу түрүндөгү жооп
Семинардынт катышуучулары 5-6 адамдан болуп топторго бөлүнүшөт.
Столдун үстүнө суроолор жазылган карточка коюлган: Сиз бүгүн жаңы эмнени билдиңи? Чыгып сүйлөгөндөрдүн жоопторунан кайсынысы конструктивдүү болду деп эсептейсиз жана эмне үчүн? Сизге сабакта өзгөчө көңүл бурган нерсе эмне болду? Эмне кыйын болду? Иштегенге эмне жолтоо болду жана эмне үчүн? Сиз өзүңүздүн иш тажрыйбаңызга эмнени колдоносуз ?
Ар бир катышуучу бир гана суроону тандайт жана ага жазуу жүзүндө жооп берет.
Жалпы суроолору боюнча катышуучулар биригишет, жоопторун бири – бирине окуп беришет, системалаштырып жыйынтыкташат.
Ар бир топтон өкүлдөр суроону жана ага жазылган жоопторду окушат.
Бүгүнкү күндүн сөзү
Ар бир семинардын катышуучусу катары менен (цепочка) өтүп жаткан семинарга карата мамилесин билдирген сөздү айтып чыгышат.
Билим океаны
Семинардын катышуучуларынын алдындагы доскага океандын сүрөтү тартылган ватман илинет. Аныфн төмөн жагына чапталуучу парустуу корабль тагылган. Ага катышуучулар өздөрүнүн семинардан эмне күтп жаткандыгын жазышат. Жогору жагына семинардын негизги проблемасы жайгаштырылган (глобалдык билим берүү).
Катышуучулар чапталгыч корабльди алышат да, алардын капталына өздөрүнүн атын жазышат.
Катышуучулар ватмандын жанына келип, мейкиндиктин бир жерине өзүнүн кораблин чаптайт. Негизги проблема менен чапталган кораблдин аралыгы – бул материалды өздөштүрүүнүн деңгээли, эгер катышуучу өзүнүн кораблин ортого жайгаштырса, демек ал 50% өздөштүрдү, өздөштүрүү деңгээли – 100% ж.б. болушу мүмкүн.
Координат системасы
Ар бир семинардын катышуучусу координат системасына өзүнүн көз карашын аныктаган чекитти белгилейт. Бир багытка - мазмуну боюнча баасын, экинчисине – уюштуруу боюнча баасын белгилеген чекитти коёт.
Билимдер пирамидасы
Ар бир семинардын катышуучусу өзүнчө А4 барагына семинардан алган билимдеринин пирамидасын түзөт.алар кызыктуу фактылар, пайдалуу маалыматтар, өзгөчөлөнгөн тапшырмалар, жакшы маанайдагы эмоциялар ж.б. болушу мүмкүн.
Барактар класстык бөлмөгө катары менен илинет.
Бардык катышуучулар турат, басат, карайт, окуйт.