Өзүн- өзү тарбиялоо. Ыймандуулуктун башаты.
Ар кандай жамандык кишинин кишилик касиетин качырат. Кишинин наамын булгайт. Бала кезинен жалкоо, ууру, ушакчы, алдамчы, таш боор, ач кɵз болуу сыяктуу терс жана жаман адаттарды ɵз боюна, дүйнɵсүно үйүр кылган кишини ал жаман сапаттары акыры кɵңүлүн чɵгɵрүп, үмүтсүздүккɵ батырат. Акыры жамандык кишини ыпылас жолго салат. Киши ɵзүн ошондой ыплас жолдо кайралтпас үчүн бала кезинен ɵмүр бою жакшы эмне, жаман эмне дегенди ар дайым ичкен ашындай кɵңүлүнɵ тутуп, ɵз башындагы кемчилигин кɵрɵ билип, «Ээ, мен жолу калп айттым эле, жаман болду. Э, оройлук кылдым эле уят болдум»-деп ɵз кемтигин кɵрɵ билгенде киши ɵзүн-ɵзү тарбиялай алат. Ɵзүн-ɵзү тарбиялай билген киши ɵзүндɵгү кемчилигин тез жоёт. Оң жолдо жүзу жарык, иши ийгиликтүү. Ошентип, ɵзүн-ɵзү тарбиялай билүү- тарбиянын эң жагымдуусу жана туурасы. Мейли бала, мейли чоң киши болбосун, ошо жаш кезинен ɵзүн-ɵзү тарбиялай билсе, ага чет тарбия анча жугумсуз. Жакшы айтылган сɵз кулак сыртына калат. Бала чактан жакшы менен жаманды айырмалай билүү бул турмуштун ɵзүнɵн оң жана жакшы тарбия алуу.
Просмотр содержимого документа
«Өзүн- өзү тарбиялоо, ыймандуулуктун башаты.»