Салттуу технологиялар
Айтып берүү методдору (аңгеме, түшүндүрүү, лекция, аңгемелешүү, окуу китеби менен иштөө ж.б.);
Көрсөтмөлүүлүк (таблица, схема, сүрөттөрдү иллюстрациялоо, диафильм, кино демонстрациялоо, музейге, өндүрүшкө, жаратылышка экскурсия ж.б.);
Практикалык (көнүгүү, көнүктүрүү, үй жана аудиторияда өз алдынча иштөөнү уюштуруу, эксперимент, эмгек жана коомдук иштерге тартуу ж.б.)
Инновациялык технологиялар
1. Окутуунун активдүү методдору менен формаларын колдонгон педагогикалык технологиялар: оюн технологиялары, проблемалык окутуу, өстүрүп-өнүктүрүп окутуу технологиялары, программалык окутуу технологиялары, интерактивдүү окутуу, окутуунун компьютердик технологиялары, модулдап окутуу, окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу ж.б.
2. Адептивдүү педагогикалык технологиялар: түрдүү деңгээлин карап окутуу; окутуунун жекелештирилиши; вальдоф педагогикасы; суггестивдүү технологиялар; окутууга аудиовизуалдык мамиле кылуу; адептивдүү мектеп (Е.Ямбург), мектеп-парк (Балабан); агромектеп (А.Католикова) ж.б.
3.Окутуунун автордук мектеби катары сунуш этилген педтехнологиялар: Ш.А.Амонашвили, Е.И.Ильин, С.Н.Лысенкова; Никитиндердин үй-бүлөлүк тарбиялоо системасы; В.Ф. Шаталов ж.б.
Инновациялык мектептер
1. Мектеп – гимназиясы – универсалдуу билим берүү (ар жактуу) менен окуу предметтерин (тандап алган) тереңдетип үйрөтүү гуманитардык, илимий-табигый, эстетикалык, техникалык багытта жүргүзүлүүдө. Базистик окуу планынын негизинде вариативдик окуу планы түзүлгөн. Мисалы, Бишкек шаарындагы № 5 гимназия мектеби гуманитардык, химия-биологиялык, англис тили боюнча терең билим берүү максатын көздөйт.
2. Мектеп-лицейи окуучуларды келечекте кесип алууга багыттайт. Гимназияга караганда лицей тандап алган кесиби боюнча гана билим алууга мүмкүндүк берет. Мисалы: Бишкек шаарындагы № 61- физика-математикалык мектеп лицейи башталгыч класстан эле кесиптик багыт бере баштайт. Ал жалпы билим берүү менен келечек кесибине да багыттайт. Мындай лицейлер республикабыздын бардык шаарларында ачылган. Мисалы: Жалалабад, Ош, Нарын, Каракол ж.б.
Мектеп - комплекстери биргелешкен билим берүү системасы: орто билим берүүчү мектеп-бакча, мектеп-вуз, мектеп-колледж, мектеп-музыкалык борбор, мектеп-спорт класстары ж.б.
Профилдик (кесиптик) мектептер балдардын тандап алган предметин тереңдетип окутулуучу программалары менен айырмаланат.
Автордук мектептер жеке автордун түзгөн өзүнчө программасы менен иштешет. Мисалы: Тоң районундагы академик А.А.Салиевдин автордук мектеби көбүнчө музыкалык билим берүүгө багытталган.
Эксперименталдык мектеп аянтчалары бар мектептер изденүү, аныктоо иштери боюнча уюштурулуп, окуу пландарынын көп түрү боюнча сабак өтүү менен алардын эң натыйжалуу жагын аныктайт. Мисалы: Бишкек шаарндагы № 67 мектеп, № 65 «экология-диалектика» мектеби, Новопавловка орто мектебиндеги социалдык-педагогикалык комплекси, балдарга жалпы билим берүү менен музыкалык, спорттук, эмгекке, көркөм өнөр жайына багытталган даярдык берүү мектептери.
Альтернативдик мектептер ачылды. Мисалы: «Открытое сердце» деген Мария Монтессоринин гуманист инсанды калыптандыруу идеясы боюнча, «Золотой ключик» Вальдорф педагогикасынын идеясы менен ачылган. Кыргыз- түрк лицейлери ж.б.
Инновациялык программалар
«Кадамдан - кадамга» («Step by Step») программасы.
ПИКС проектиси.
«Глобалдык билим берүү».
«Инклюзивдик билим берүү» программалары. интерактивдүү методдорду камтыган (сынчыл ойлом, мээге чабуул) көптөгөн инновациялык программалар ж.б.