СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соз остуруу тексти

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Соз остуруу тексти»

Күкүк

Бул окуя илгери болуптур. Ошондо күкүк кадимки эле аял экен. Күйөөсү элин, жерин коргоп жүрүп каза болот. Аял беш баласы менен калат. Балдарынын билгени-оюн. Эртеден кечке ойношот, эч нерсе жасашпайт. Курсагы ачып, жатарда гана үйдү эстешет.

Энеси болсо аларды багам деп, ар кайсы байларга жалданып иштейт. Кечинде үйгө чарчап келсе, үйдө тыным жок. Идиштерди жууйт, үйдү шыпырат, кечки тамакты жасайт. Байкуш энеси балдарынан суу алып келүүсүн суранса, баары бири-бирине шылтоолошот. Айласыздан өзү жөнөйт. Суудан келсе, оту өчүп калган болот. Балдары даяр отунду салып коюудан да эринишет. Айласыздан отту жагып тамак бышырат. Тамакты ичип бүткөндөн кийин, балдары айдын жарыгында оюндарын улантмакка сыртка чыгышат. Аял болсо ойноок балдарынын төшөгүн салат, чырактын жарыгында кийимин жамайт, жууйт. Балдары чарчаганда даяр төшөккө келип жатып калышат. Ушинтип күндөр өтө берет. Балдарына акыл киреби десе, такыр кирбейт.

Бир күнү энеси катуу ооруп калат. Жаздыктан башын көтөрө албайт. Алы жок. Эч кимиси энесин карап койбойт. Тескерисинче, төшөктө жатып алышып, “тамак бышырбайбы?” деп жаман көрүшөт. Энеси балдарынан суу берип коюусун суранат, бирок алар кулак да салып коюшпайт. Ошондо балдарына нааразы болгон байкуш эне кудайдан суранып, кушка айланып асманга учуп кетет.

Балдар жана кыздар, эненин көңүлүн калтырбагыла!

  1. Тексттеги бөлүкчөлөрдүн астын сызгыла.

  2. Таблицага бөлүкчөлөрдүн түрүн жана мисалдарды жазып чык.

    1


    2


    3


    4


    5


    6


  3. Суроолорго жооп бергиле:

  • Эненин канча баласы болот? __________________________________________________________

  • Балдары эмне жумуш менен алектенишет? _____________________________________________

  • Энеси эртеден кечке эмне жасайт? ____________________________________________________

  • Эмне үчүн энеси балдарына нааразы болду? ____________________________________________

  • Кандайча куш болуп учуп кетти? _____________________________________________________

  1. Сүйлөмдөрдү толуктагыла:

Эне байларга жалданып иштеп, кечинде балдары үчүн ....., ......, .... даярдачу. Балдары болсо ..... ..... ...... алектенишчү. Жада калса, алар ........ ......... эринишчү. Бечара эне ооруп калганда, ...... ...... деп жаман көрүштү. ......., ........ балдар ......, ...... калышты.

  1. Кызматчы сөздөрдү эки бөлүп жазып чык: жана, гана, менен, эч, гана, да, эле, ары, канчалык, өтө, бирок, эгер, экен, аябай, же, себеби, дагы, ошондуктан.

Байламталар

Бөлүкчөлөр