СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Алымбаева Бермет Бекешовна
Сабырова Элзада Сыдыковна
4-классТАР
үчүн тарбиялык саттар
Бишкек - 2022-ж.
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ
ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДОО ЛАБОРАТОРИЯСЫ
Алымбаева Бермет Бекешовна
Сабырова Элзада Сыдыковна
Канткенде жакшы адам боло алам?
4-класс
(Класс жетекчилер үчүн
методикалык колдонмо)
КББАнын Окумуштуулар кеңеши
29.06.2015 №7 кол жазманы басууга сунуштады
Бишкек – 2022
УДК 31
ББК 81.4 Ки
А -18
Рецензенттер: Ниязова А. М., к.п.н. КББАнын “Заманбап билим
берүү технологиялары жана методикалык камсыздоо лабораториянын директору, А. Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин тарбия иши боюнча директордун орун басары Табалдиева Нурмира Төлөбаевна
ISBN 978-9967-28-560-20
Тарбия - ийгиликтин башаты / Түз / Б.Б. Алымбаева – Б.: 2022. – 110 б.
Бул методикалык колдонмо жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенген тарбия иштери боюнча директордун орун басарына, класс жетекчилерге, педагогика менен байланышкан кесипке даярданып жаткан студенттерге арналат.
КИРИШҮҮ
Бул методикалык колдонмодо 4-класстардын класс жетекчилеринин аткара турган иштери камтылды.
Класстык тарбиялык сааттардын болжолдуу тематикалары
ТЕМА: “Өнөр алды – кызыл тил”
(4-класс)
“Эне – бул мекендин башталышы,
эне – бул эне тил, эне – бул эне сүтү
менен кошо сиңген абийир”
Чыңгыз Айтматов.
Кыргыз элим көркөм сөздүн устасы,
ар бир сөзү кылымдардын нускасы.
өрнөк кылып муундардан-муунга,
кылым бою сактап келет кыскасы
Сабактын максаты:
Б илим берүүчүлүк:
Балдар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт;
Окуучуларга кыргыз тилинин улуулугун, көркөм сөздөргө бай экендигин жеткирүү;
Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу эне тилинен байкала тургандыгын баалай билүүгө багыттоо;
“Өнөр алды кызыл тил” деген сөздүн айланасында талкуу уюштуруу;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишет.
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучулар эли-жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат;
Балдарды сөздү барктай билүүгө, таза, маданияттуу сүйлөөгө тарбиялоо;
Мамлекеттин тилдин күңгөй-тескейи жөнүндө пикирлешүү;
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен эне тилинин тарыхын, маданиятын маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: “Өнөр алды - кызыл тил” дегендей эне тилибиздин тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: кыргыз тилди чагылдырган сүрөттөр, эне тили тууралуу макал-лакаптар, ватман, скотч, маркер, а4 кагаздар, учкул сөздөр ж.б.
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Иллюстрациялык түшүндүрүү
сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын усулу: сынчыл ойломду өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Мамлекеттик тил гимни, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, макалдар, тесттер, табышмактар, топтордо иштөө.
Кыргыз тил маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
Кыргыз тил тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Улуттар аралык достукту бекемдөө, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук, кыргыз тил үчүн гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Класстык сааттын планы:
Уюштуруу учуру – 3 мүнөт.
Сабакты өтүүгө киришүү – 8 мүнөт.
Сабактын негизги болүгү – 25 мүнөт.
Сабактын жыйынтыгын чыгаруу – 9 мүнөт.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу.
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалим: Балдар! Биз бүгүн “Өнөр алды кызыл тил” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
Э либиз илгертен кеп-сөздү баалап, барктап келген. "Өнөр алды - кызыл тил", "Удулу келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт", "Бутунан жаңылган турат, сөзүнөн жаңылган турбайт", "Сөзүң өлгөнчө өзүң өл", "Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил" деген сыяктуу не бир сонун макал-лакаптардан эле кыргызда сөзгө канчалык маани берилээрин түшүнсө болот. Илгери бүтүндөй уруулардын тагдыры чечилген чоң жыйын-курултайларда уруу башчылары сөзү түгөнүп баратканда же маанилүү кеп айттырыш үчүн чечендерди, кептин баркын билген сөзмөрлөрдү ортого бекеринен салышпагандыр. Себеби, орду, мааниси менен айтылган кепке калың журт муюп, ал эми таамай айтылган сөз таамай атылган октой тийип, каршылашы кепке жыгылган. Ошол эле өткөн жоокер заманда акылман-кеменгерлер, сөзгө чечендер элчиликке барып, эл тагдырын чечип, журтун калың жоонун чапкынынан аман алып калганы көркөм сөз казналарда айтылып эле жүрбөйбү.
Силер, биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүнө сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдүү да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.
Кыргыз эли тилге, сүйлөө маданиятына артыкча маани берген эл болгондуктан,” өнөр алды кызыл тил” дешкен.
Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.
К ыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды.
1989-жылы 23- сентябрында мамлекеттик тил жөнүнө мыйзам кабыл алынган эле.Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун,-дешет эмеспи.
Т ил – бул нечендеген кылымдарды карытып, урпактардан урпактарга көөнөргүс касиетин менен улуу көчүн улаган тарыхы. Улуттун улуулугун сактаган эне тили. Улуу акын Р. Гамзатов: ”Эгер эртең алар тилим жок болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым”-деп жазат.
Анын сыңарындай, кыргыз эли да, өз эне тилин сүйүп жана аны кылымдардан кылымына кастарлап сактап келүүдө.
“Адамдын эне тили - анын жан тамыры”. ”Дил бермети – тил” демекчи, жан дүйнөдөгү ой – тизмектерин тил аркылуу билдиресин да. Ошондуктан тээ алмустактан келе жаткан булбул тилдүү таңдайынан чаң чыккан, күлкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таң атырган кыргыз элимдин урпактарына бал татыган Умай-энебиз батасын берчү.
Касиеттүү кыргыз элибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда, кыргыз тили жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен тең тайлаша өнүгүшүнө ишенебиз.
"Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" деп бекеринен айтылган эмес. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры - кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.
Эне тил жөнүндө ырлар:
1-окуучу: Эне тилим улуу тил,
Манас бабам сүйлөгөн.
Жашап келет биз менен,
Кылымдардан кылымга.
2-окуучу: Эне тилим ырыскым,
Толуп турган чагымда.
Жашап келет биз менен,
Кылымдардан кылымга.
3-окуучу: Эне тилим таалайым,
Кайда гана барбайын.
Эне тилим барында,
Дайым жарык маанайым.
4-окуучу: Тилим барда улукмун,
Тилим менен улутмун.
Эне тили болбосо,
Аты аталбайт улуттун.
5-окуучу: Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,
Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил.
Бул тил менен Манас бабам жар салып,
Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.
6-окуучу: Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,
Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.
Кыргыз тили акындардын ырынан,
Чечендердин таңдайынан чыккан тил.
7-окуучу: Кыргыз тили бабалардан калган тил,
Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жазган тил.
Кыргыз тили байыркынын дастаны,
Бир мезгилде муңга баткан арман тил.
8-окуучу: Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,
Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.
Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,
Далай акын дастан жазган ыр жазган.
Азыр балдар макал-лакаптарды айтуу:
Макал-лакаптар.
1-окуучу: "Ой океан-тил булак"
2-окуучу: "Буттан жанылган турат, тилден жанылган турбайт"
3-окуучу: "Тил билсен - дил билесиң"
4-окуучу: "Тил - акындын күзгүсу"
5-окуучу: "Тил - акындын таразасы"
6-окуучу: "Тил акыйкаттын ачкычы"
7-окуучу: "Тил - ойдун булагы"
8-окуучу: "Тилсиз улут болбойт"
9-окуучу: "Узун тил уудан жаман"
10-окуучу: "Өнөр алды кызыл тил"
11-окуучу: "Тилдин сөөгү жок"
12-окуучу: "Илим менен билимге көпүрө - тил"
13-окуучу: "Эне тил - улут сыймыгы"
Табышмактар.
Ким унчукпастан сүйлөйт? (китеп)
"Кыдырата таш койдум, кызыл өгүзду бош койдум" (тил, тиш)
Макалдар (тест)
Тил билсең...билесиң.
а)адам. б)өлкө. в)эл. г)дил.
2. Тил акылдын…
а) каражаты, б) булагы, в) тепкичи, г) ачкычы
3. Тилде… жок
а) уят, б) мээ, в) бет, г) сөөк
4. Жалгыз дарак… болбойт
а) тактай, б) токой, в) отун
5. Эшек жүгүруп... болбойт
а)күлүк, б)тулпар, в) аргымак
6. Көпчүлүк түкүрсө көл болот, көл... сел болот
а) жинденсе, б) чайпалса, в) толкуса
Суроо - жооп викторинасы.
- Бир кылымда канча жыл? (100)
- Шаршембиден кийин кайсы күн келет?
- Жолон Мамытов акынбы, сүрөтчүбү, актербү?
- Синоним деп эмнени айтабыз?
- Сары-Челек көлү кайсы облуста жайгашкан?
- Проза менен поэзиянын айырмасы кандай?
- Түлкүнүн баласын эмне деп аташат? (бачики)
- Физкультура сөзүнүн кыргызча аталышы? (дене тарбия)
- Дүйнөдө эмне күлүк? (ой)
- Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" - деген таасын ой кимге таандык? (Исхак Раззаков. Кыргызстан ЦК Компартиясынын Биринчи секретари).
Макалды ула:
Тилде сөөк жок... (айбанда акыл жок);
Тилден жыгылганча...(буттан жыгыл);
Тилдин сөөгү ...(жок);
Тили – бал, жүрөгү...(муз);
Абийириңди жашыңан...(сакта);
Адептүү – алкыш алат, адепсиз-...(каргыш алат).
Бышыктоо. Суроо: “Өнөр алды – кызыл тил” ушул макалды кандай түшүндүңөр, балдар?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
“Ар бир тил өз эли үчүн ыйык тил” ушуну чечмелеп бергиле?
Эне тилиңер жөнүндө кандай макалдарды билесиңер?
“Өнөр алды - кызыл тил”макалды чечмелеп бергиле?
Эне тилиңерди жакшы көрөсүңөрбү?
Өз эне тилин билбегендерди биз эмне дейбиз?
Бабалар сөзүн билип жүр!
“ Өнөр алды кызыл тил”
“Кеп көркү – тил, ойдун көркү – сөз болот”
"Бутунан жаңылган турат, сөзүнөн жаңылган турбайт".
"Сөзүң өлгөнчө өзүң өл".
"Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил".
“Өнөр алды кызыл тил”.
“Тил ойдун сандыгы”.
“Элин сыйлабаган тилин жерийт”.
“Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт”.
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Өнөр алды кызыл тил” деген темада кеп кылдык. Демек, эне тилибизди кастарлап, сүйүп, баалап келишибиз керек.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
“Өнөр алды кызыл тил” жөнүндө дил баян жазып келүү .
ТЕМА: “Канча тил билсең, ошончо дил, эл билесиң”
(4-класс)
“Өнөр алды кызыл тил”.
С абактын максаты:
Окуучуларга башка элдердин тарыхын, тилин, дилин үйрөттүү;
Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу жөнүндө билүүгө багыттоо.
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучуларды башка элдин тарыхын, маданиятын сыйлоо, баалай билүүгө багыттоо; кругозорун кеңейтүү, башка элдин маданиятын таанып билүүгө кызыгуусун арттыруу;
“Канча тил билсең, ошончо дил, эл билесиң” деген сөздүн айланасында талкуу уюштуруу;
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучуларды сөздү барктай билүүгө, таза, маданияттуу сүйлөөгө тарбиялоо;
Башка улуттар тили жөнүндө пикирлешүү.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен башка улуттардын тарыхын, маданиятын маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей алардын тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү:
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Иллюстрациялык түшүндүрүү сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын жабдылышы: жаратылышын чагылдырган сүрөттөр, макал-лакаптар.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Элибиздин улут аралык достугу, ынтымагы, түрдүү улуттардын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
Улуттар тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Улуттар аралык достукту бекемдөө, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук, улуттар аралыгы гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Класстык сааттын планы:
Уюштуруу учуру – 3 мүнөт.
Сабакты өтүүгө киришүү – 8 мүнөт.
Сабактын негизги бөлүгү – 25 мүнөт.
Сабактын жыйынтыгын чыгаруу – 9 мүнөт.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу.
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалим: Балдар! Биз бүгүн “Канча тил билсең, ошончо дил, эл билесиң” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
К анча тил билсең, ошончо дил билесиң дегендей азыркы ааламдашуу доорунда көп тил билүү учурдун талабы. Мындан улам, учурда жаштар бир эмес бир нече чет тилдерин үйрөнүүгө далалаттанууда.
Ошол үчүн улуулардан “жети элдин тилин бил” деген накыл калыптыр. Бабаларыбыз бул насаатты тек гана айтып койбостон, жашап өздөрү үйрөнүшүп көрсөтүшкөн. Кайсыл заман, кайсыл доор болбосун, элибиздин сөз баккан, илим-билимге кызыккан, кат тааныган, кыл калем кармаган акылдуулары бир эмес бир нече тилди өздөштүргөнүн тарых тастыктайт. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Сарахси, Оши сыяктуу аалым бабаларыбыз эне тилибизден бөлөк жок эле дегенде фарсы жана араб тилдерин ийне-жибине чейин өздөштүрүшкөн. Кечээги эле Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Жеңижок, Молдо Кылыч, Абдираим сыяктуу залкар акындар жана калемгерлер өзбек, казак, тажик тилдерин мыкты билишкени айтылат. Андан берки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бүтүндөй плеядасы болсо орус тилин терең үйрөнүшүп, ошол аркылуу дүйнөлүк илим-билимдин агымына аралашыптыр. Азыркы жаштардын арасында орус, англис, кытай, француз, түрк, араб, фарсы, корей, жапон тилдерин жер жаңгактай жеңил чаккан көп тилдүүлөр көбөйүп барат. Бул өтө жакшы көрүнүш. Эне тилибиз, албетте, уюткулуу улутубуздун улуу уңгусу, акыл, маданият, билим көрөңгөбүздүн тарам-тарам тамыры, байманалуу пайдубалы, берекелүү башаты. Бирок биз үчүн дүйнөгө ар тараптан эшик-терезе ачкан дүйнөлүк тилдер, ар кандай элдер, мамлекеттер жана маданияттар менен байланыштырган алтын көпүрөнүн милдетин аткарууда жана аткара бермекчи.
Балалыкта, биздин кыргыз элибиз ар кимиси биринчи эне тилин жакшы үйрөнүшөт. Андан кийин орус тилин үйрөнүшөт. Анткени, илгертен биз орус эли менен дос катары бирге жашап келе жатабыз.
Тилди өздөштүргөн сайын анын даамы дагы да даана жана таттуу сезиле баштайт. Бара-бара үйрөнүүгө жана адам катары өсүшүнө себеп болгон китептерди биринин артынан бирин окуй баштаса жакшы. Пушкиндин, Толстойдун, Достоевскийдин, Есениндин, Тургеневдин түп нускасын окугандагы туйган жан дүйнө ырахатын сүрөттөө кыйын болот. Кызыккан балдар англис тилин, анан япон тилдерин өздөштүрөт. Араб тили менен орус тилинин структурасы, грамматикасы окшош болот.
Учурда эл аралык деңгээлде билими бар, келечектүү жаш адистерибизден уучубуз куру эмес. Ааламга жол айылдан башталат демекчи, бир эле шаардан эмес, айылдардан да күчтүү окуучулар келип окуп бир учурда эне тили менен расмий тилден тышкары англис, түрк, азербайжан тилдеринде эркин сүйлөп, испан, француз тилдерин да билген кыз-жигиттер арбын. Ошого кичинекейиңерден канча тил билип үйрөнсөңөр, ошончо алардын маданиятын, салт-санаасын дагы үйрөнөсүңөр. Жаңы чет тили – бул жаңы дүйнө, жаңы кадам жана жаңы жан дүйнөңөрдүн төңкөрүшү, өзгөрүүсү. Чет тилдерин үйрөнүү менен өзүңөргө руханий, маданий эркиндикти баалуулуктарды табасыңар. Кайсы бир чет тилин үйрөнүп баштабагыла бул макалды унутпагыла. “Канча тилде булбул болуп сайрасаң дагы, эне тилиңди, кыргыз тилин, булбулдан артык бил” – деп эскертким келет.
Тилди үйрөнүш үчүн окуучунун каалоосу же кызыгуусу болушу абзел.
Келгиле балдар Испан макалын угуп көрөлү: “Кайда бараар багытын билбеген кемеге эч бир шамал жардам бере албайт”, “Учурда тил үйрөнүү, эне тилин билүү менен бирге бир же бир канча чет тилди да билүү маанилүү” болуп калды. Антени, күн санап өзгөргөн жашоо-турмуш шарттары, иш табуу мүмкүнчүлүгү, иш ээлеринин же фирманын талаптары ал жерде иштегиси келген адистигинен башка да, компьютерди колдоно алуу менен бирге бир канча тил билүүсүн шарттайт. Бара-бара ааламдашуу процессинде башка тилди билбей туруп, кийин келечекте балдар ишинде толук ийгиликтүү боло албайт. Көп учурда чет тилин үйрөнүү ал тилди сүйлөгөндөр менен сүйлөшө алуу, пикир алмашуу үчүн гана керек деген сыяктуу туура эмес, бул жерде анда тар көз караштар болушу мүмкүн. Анткени, чет тили ал элдин маданиятынын айрылгыс бир бөлүгү жана тил үйрөнүү менен бирге ал элдин маданиятын да үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Тил, бирок ишенимсиз дос. Бир аз көңүл бөлбөй койсоң таштай качат. Ошол үчүн аны унутта калтырбай, ар дайым пайдаланып, колдон келсе өнүктүрүп-өстүрүп, байытып отуруу керек. Бир тилдин зыяны башка тилге тийбегендей болсун.
Бир жолу тааныштарымдын үй-бүлөсү чет өлкөлөрдүн бирине көчүп кетишкен. Алардын 3-класс окуган кызы жергиликтүү тилди өздөштүрүүгө баш-оту менен киришип кетип, кыргыз тилин унута баштаган экен. Булар 6 –жылдан кийин келишти. Ошондо чоң энеси: “Колунда турган бар улуу байлыгыңды жоготуп жатканың кандай? Өзүңдүн эне тилиңди унутканың – бул чоң чекилик, -деп кейип кеңеш айтып жатканын уккам.
Эң туура ой. Ошондуктан жаңы тил менен алек болуп жатып, жаттаган тилиңди кароосуз калтыра көрбө. Барды сактай жана таптай билүүнүн өзү акылдуулук. Жылдап тер төгүп мээнет кылып үйрөнгөн тилиңди эс тутумдан өчүрүп алуу — узак убакытта кыйналып курган мунараны ураткандай эле кесирлик.
Эне тилибизди аздектейли, асырайлы, даңазалайлы. Башка тилди, балким, бир-эки жылда мыкты үйрөнсөң болот, бирок эне тилди өмүр бою өздөштүрөсүң. Чет өлкөгө кетип, ошол жакта отурукташып калгандардын бала-бакырасын айыптоо кыйын, бирок өз мекениңде жүрүп өз эне тилиңде чала-чарпыт сүйлөсөң, бул өз тамырыңа жана маданиятыңа кылган улуу кыянаттык.
Бышыктоо. Суроо: “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” ушул макалды кандай түшүндүңөр, балдар?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Чет тилдерди үйрөнүү керекби?
“Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” кандай түшүнөсүңөр, чечмелеп бергиле?
Башка тилдерди эркин сүйлөш үчүн эмне керек?
Эне тилиңер жөнүндө кандай макалдарды билесиңер?
Бабалар сөзүн билип жүр!
“Кайда бараар багытын билбеген кемеге эч бир
шамал жардам бере албайт”.
“Учурда тил үйрөнүү, эне тилин билүү менен бирге бир же бир канча чет тилди да билүү маанилүү”.
“Канча тил билсең, ошончо дил билесиң”.
“Жети элдин тилин бил”
“Канча тил билсең – ошончо адамсың”.
“Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү”
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” деген темада кеп кылдык. Демек, ар кимибиз башка тилдерди да үйрөнүшүбүз керек.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
“Тил” жөнүндө макалдардан жаттап келгиле. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң”, “Жети элдин тилин бил”.
ТЕМА: “жоомарттык”
(4-класс)
“Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла”
“Жоомарттык - боорукердиктин үнү”“Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет”
Жоомарттык - терең адамдын адеп-ахлак, жакшы мүнөзү жана чексиз өлчөмдө жакшылык иштери.
Ким башкага ыраа көрсө жарты нан, Жоомарттык- бул – көк асмандай кененден.
Ырыскысы бүтүндөлөт артынан,
тоодой бийик, Ыссык-Көлдөй тереңден.
Кайрымдуу бол, акылдуу бол кыз, жигит, Жоомарттык бул-бар дүйнөңдөн сырткары.
Жоомарт адам алыс санаа дартынан. Сөзгө дагы берешен бол дегенден.
Б илим берүүчүлүк:
Окуучулар жоомарттык сапат жөнүндө түшүнүккө ээ болушат;
Адамдагы жоомарттыкты байкоого көнүгүшөт;
“Жоомарттык” деген эмне экенин баалай билүүгө багыттоо;
“Жоомарттык - боорукердиктин үнү”деген сөздүн айланасында талкуу уюштуруу;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Бирөөнө кайрымдуулук жасоону үйрөнүшөт;
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучулар эли-жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат;
Балдарды жоомарт болууга, кайрымдуу, боорукер болууга тарбиялоо;
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен жоомарттык деген эмне маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: “Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет” деген макалдын мазмунун тушүндүрүү; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: жоомарттык тууралуу макал-лакаптар, флипчарт (ватман), скотч, маркерлер.
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: интерактивдүү метод.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
“Жоомарттык” тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Жоомарттык” тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Жоомарттык жөнүндө, ага кандай жакшы сапаттар кирет, мисалы: Марттык, берешендик, эр жигиттик, сабырдуулук ж.б. окуучуларга түшүндүрүү.
Класстык сааттын планы:
Уюштуруу учуру – 3 мүнөт.
Сабакты өтүүгө киришүү – 8 мүнөт.
Сабактын негизги болүгү – 25 мүнөт.
Сабактын жыйынтыгын чыгаруу – 9 мүнөт.
Тарбиялык сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу.
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалим: Балдар! Бүгүн “Жоомарттык” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
Сабактын башында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо. Урматтуу
окуучулар, силер шаркырап аккан суу жөнүндө кандай пикир айта аласыңар?
1-окуучу: Шаркырап аккан суу эч качан токтоп калбайт.
2-окуучу: Шаркырап аккан суунун алдын бөгөп койсоң да ташып кетет.
3-окуучу: Шаркырап аккан суу таштан-ташка урунуп бышып калат.
4-окуучу: «Агын сууда арам жок» деген кеп бар?
5-окуучу: Адамдын өмүрүн да агын сууга салыштырышат.
Мугалим: Туура айтасыңар балдар, аккан суунун баркын адамдар
жакшы билишет. Биз бүгүн силер менен ошо агын сууга салыштырылган адамдык асыл сапаттар тууралуу сөз кылабыз. Ал асыл сапаттар жоомарттык. Эки топтон бирден окуучу чыгып столдогу конвертти алышат. Конвертте жомарттык жөнүндө айтып берүү. Конверттин ичин ачып даярданышат. флипчарт (ватман) жана түстүү маркерлер берилет. Флипчартка тема жөнүндөгү топтун ойлорун түшүрүшөт. Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблицаны сунуштап, ал окуучуларды сурамжылоо аркылуу толтурулат. Бул алгачкы түшүнүктөрдү аныктоого көмөк көрсөтөт.
1-топ: «Жоомартык». Берилген суроону топто талкуулашып,
аткарып беришет.
“Жоомарттык” Адамдын мүнөзүн сыпаттап бергиле? (1-топ) | Жоомарттык жөнүндө макал-лакаптар (2-топ) |
-Марттык -берешендик -эр жигиттик -сабырдуулук жөнөкөйлүк ж.б | 1.“Жоомарттык - боорукердиктин үнү”. 2. “Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет”. 3. Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла
|
Мугалим: Жоопкерчилик - бул балдардын жаш кезинен баштап үйрөнүшү керек болгон, эң маанилүү баалуулуктардын бири.
Туура балдар, жоомарт адам – берешен, ар нерсеге март келет. Ар кандай маселени буйдалбай шарт чечет. Душмандык кылып, жолун тороп жатса да аны кечире билип, ойлонтууга аргасыз кылат. Өзү кыйналып турса да бирөөнүн көңүлүн ачат. Адамдык асыл сапаттардын башында жоомарттык турат.
Тарбиялоодо үй-бүлөдө бала өзүмчүл болгонун ата-эне билишет. Алар эч ким менен эч нерсе бөлүшкүсү келбейт. Мындай балалык өзүмчүлдүк көп үй-бүлөлөрдө кездешет. Бул балдардын күнөөсү эмес, бул жерде балдарда белгилүү бир айкөлдүктүн жетишсиздиги. Ошого ата-эне балдарын кичинекейинен жакшы сапаттарга үйрөтүш керек.
Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет.
Мугалим: Азыр балдар силерге “Жоомарт падыша” деген жомок айтып берем.
ЖООМАРТ ПАДЫША
Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, адилеттүү иш жүргүзгөн, зулумдук менен калыссыздыкты бүтүрүүгө жан үрөгөн бир падышаны көрө албаган жандар адам жалдап, ууландырышат. Бирок уу берген адам качып кутула албайт. Аны падышанын кашына алып келишет. Падыша ал адамдан:
-Мага эмне үчүн уу бердиң? Максатың эмне эле? - деп сурады. Ал адам:
-Падышам мен сиздин жоомарт адам экениңизди билемин. Душмандарыңыз мага миң алтын берип, сизди ууландырууну буюрушту. Акча үчүн абийиримди сатып ушул жарабас ишти жасоого мажбур болдум. Өз ишиме өзүм кыжаалатмын, -деди.
Падыша ал адамдан миң алтынды алып мамлекеттин казынасына тапшырды. Анан ал адамга ачууланып: -Акча, дүнүйө үчүн бирөөгө жаманчылык кылуунун чоң күнөө экендигин билбедиңби? Эгерде аны билген болсоң мындай ишке кол сунбас элең. Мен сени кечирдим, демек инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн кечирүүсү зарыл. Эгер сен берген уудан көз жумсам, адамдарым сени тытып жибермек. Ошондуктан тообо кылгын, акчага, дүйнө-мүлккө көз артып, бирөөнүн өмүрүнө кастык кылбагын, -деди.
Ал адам ыйлап тообо кылды. Падышадан кечирим сурады, коштошуп чыгып кетти. Падыша бардык жигиттерине бул адамга таптакыр тийбегиле деп буйрук берди.
Суроолор:
Падыша ал адамды эмне үчүн жазалаган жок?
Падыша ууну ичип, бирок аман калгандыгында кандай сыр бар деп ойлойсунар?
«Инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн кечирүүсү зарыл» дегенди кандайча түшүндүңөр?
“Жоомарттык” дегенди кандай түшүндүңөр?
Жоомарттык
Мурунку өткөн заманда бир падыша болуптур. Анын кырк вазири бар экен. Бир күнү падыша: Жомарттык мал менен болобу же баш менен болобу? – деп вазирлеринен кеп сурайт.
Жоомарттык мал менен болот да, малы жок болсо кантип жоомарттык
болот, - дешет вазирлер.
Жоомарттык мал менен болсо да силерде, дүйнө да силерде, үчөөң
биригип бир падыша элге той бергиле. Тоюңар кырк күндө тарасын – дейт падыша. Ушуну менен той башталат экен. Тойду башкарган үч вазир болду. Той аяктар күнү падыша думананын кийимин кийип, башына баш кийим кийип, колуна аса таяк алып, ийнине куржун салып, ак уруп биринчи вазир башкарып жаткан тойго барат. Вазир көрүп: «Думанага кайыр алып чык!» деп, үйдөгүлөргө айтат. Тойдун түрлүү тамагынан табакка салып чыгышат. Думана куржунуна салып алып, экинчи вазир башкарып жаткан шаан-шөкөткө барат. Ал дагы думананы үйгө киргизбестен, кайыр садагасын берип сырттан жөнөтөт. Думана үчүнчү вазирге барат. «Үү» деп кайыр-садага сурап, үйгө конуп кетүүнү суранат. Бирок вазир: «Үйдө төрө, мырзалар бар. Сен жатууга орун жок» деп жөнөтөт. Ошондо думана караңгы киргенине карабастан көчө менен жүрүп отуруп, бир кемпир менен баланын кара алачыгына дуушар болот. Бала сыртка чыгып, думананы көрүп: «Думананы үйгө кондуралыбы?» деп энесине айтат. Энеси: «Макул, айланайын, думана болсо үйгө кийир» дейт. Думана үйгө кирет. Бала бир байга үч жылы малай болуп, ошо күнү үйүнө акысына он кой алып келген экен. Бала энесине: - Конокко бир кой соёлу - дейт. Энеси макул болуп коюн союшат. Ошондо думана:
- Мага эки эле бөйрөгү керек, башка этин жебейм, - дейт.
- Эки бөйрөккө да тоёбу? Андан көрөк койдун баарын соёюн. Жыйырма бөйрөк болот, - деп бала койлорунун баарын союп, думанага 20 бөйрөгүн берет. Думана ак батасын берип, конбостон жүрүп кетет. Эртеси кан өзүнүн падышалык таажысын кийип, той башкарып узаткан үч вазирин чакыртып: - Тойду кандай тараттыңар. Бай, кедей кылып бөлгөн жоксуңарбы? Тойго думаналар келдиби? Жакшы коноктоп узаттыңарбы? – деп сурайт.
- Тойду абдан жакшы өткөрдүк, келген коноктордун баарын бирдей көрдүк. Думаналарга кайыр-садага, чапан берип узаттык. Абдан ыраазы болуп кетишти, - дейт вазирлери.
- Менин байлаткан он коюм бар эле. Түндө жок. Уурдаган ууруну таап келгиле, - деп вазирлерине буюрат. Вазирлери чапкылап акыры базарга барышат. Он койдун этин жаңыдан сата баштаган баланы көрүшүп, “падышанын коюн уурдаган ушул экен” деп, аны падышанын алдына алып келишет.
- Кой табылды. Ууруну алып келдик, - дейт вазирлери. Бала малай жүрүп үч жылдык эмгегине он кой алгандыгын, үйүнө жаңы эле келгенде бир думананын келгендигин, ага он коюн союп бөйрөктөрүн бергендигин айтат. Падыша вазирлерине баягы кайыр садагасын көрсөтүп “ушуларды тааныйсыңарбы” дейт.
Вазирлер: “Биздин дасторкондон берилген жемиштер турбайбы. Думана тойго келгенде бергенбиз” дешет. Ошондо падыша өзү думана болуп барганын, коноюн десе “төрөлөр, мырзалар бар, үйгө батпайсың”- деп, кондурбагандарын айтып: “Жоомарттык мал менен болот бекен, же баш менен болот бекен? Жоомарттык баш менен болот, - мына деп вазирлерине көрсөткөн экен. Он коюн бир думанага бүт сойгон бала жоомарт, - деп вазирлерин уят кылган экен. Падыша ошондо баланы биринчи вазир кылып алыптыр.
Суроолор:
Падыша эмне үчүн думананын кийимин кийип вазирлерине барды?
Ким жоомарттыгын көрсөттүү?
Падыша вазирлерин кандай кылып жазалады?
Эмне үчүн баланы вазир кылып шайлап алды?
Бышыктоо. Суроо: Жоомарт деп кандай адам аталат экен? Окуучулар менен талкуу жүргүзөбүз.
Эми балдар, жоомарттык жөнүндөгү макалдарды айтабыз.
“Жоомартык жана жардамда шаркырап акан cуудай бол”.
“Боорукердик жана мээрүмдүүлүктө жадырап тийген күндөй бол”.
“Жок менен жоомарттын үйүн сыртынан ажыратууга болот”.
“Жомарттык– жакшы мүнөз болгону ошончолук, адамдын жаман мүнөздөрүн жабат”.
“Жоомарттык кылып жоолашууга барбаган да жакшы, бирок душман кол салса, тепсендиде калбаган жакшы”.
“Жоомарттык” ушул макалдарды кандай түшүндүңөр, балдар?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Жоомарттык деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?
“Жоомарттык” жөнүндө макал-лакаптарды билесиңерби?
“Жоомарттык” жөнүндө кандай жакшы сапаттарды билесиңер?
Кайрымдуулуктун маанисин түшүнгөнүңөрдү айтып бергилечи?
Бабалар сөзүн билип жүр!
“ Жоомарттык эр адамдын иши”.
“Кыргыз коомундагы өзгөчө сыпаттардын бири – марттык, берешендик, жоомарттык”.
“Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла”.
Жоомарттык – боорукердиктин үнү”.
“Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет”
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Жоомарттык” деген темада кеп кылдык. Демек, ар кимибиз жоомарттык эмне экенин үйрөндүк.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
“Жоомарттык” жөнүндө дил баян жазып келгиле.
ТЕМА: “дүйнө адамдарынын ачылыштары”
(4-класс)
“Билимдүүлүк баарын жеңет”
Сабактын максаты:
Б илим берүүчүлүк:
Окуучуларга илим, билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө. Түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Илимий ачылыштарга олуттуу мамиле жасай билүүгө чакыруу;
Ой жүгүртөт, баяндап айтат, сөз байлыгы өсөт;
Окуучулардын дүйнө таануусун, сүйлөө көндүмдөрүн калыптанат;
Тарбия берүүчүлүк:
Кругозорун кеңейтүүгө умтулууга, биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо;
Мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка, намыскөйлүүлүккө үйрөнүшөт.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен биримдик, ынтымактуулук деген эмне маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: Өз элинин улуу инсандарынын өмүрүнө,
чыгармачылык сезимдердүүлүгүнө шыктануу сезимин ойготот, мазмунун тушүндүрүү; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: “Дүйнө адамдарынын ачылыштары” тууралуу макал-лакаптар, флипчарт (ватман), скотч, маркерлер.
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: интерактивдүү метод.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
“Дүйнө адамдарынын ачылыштары” тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Дүйнө адамдарынын ачылыштары” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: “Дүйнө адамдарынын ачылыштары” жөнүндө, окуучуларга түшүндүрүү.
Тарбиялык сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу. (класста жагымдуу жагдай түзүү)
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалим: Балдар! Бүгүн “Дүйнө адамдарынын ачылыштары” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
Дүйнө адамдары дегенде кимдерди түшүнөбүз?
Ошондой адамдарды билесиңерби?
Адамдар байыртан эле жаратылыш сырларына кызыгып, аларды
ачууга, жашоо-тиричилигине колдонууга аракет кылып келишкен. Алгач отту пайда кылып, жагууну, тамак бышырууну, жумушчу жана аңчылык куралдарын ойлоп табышкан. Бара-бара сурот тартуу, жазуу, окууга уйронуп, илимий ачылыштарды жасай башташкан.
Бүткүл дүйнөлүк өтө жогорку деңгээлдеги илимий ачылыштарга Нобель сыйлыгы ыйгарылат. Бул эл аралык сыйлык Щвециялык инженер-химик Альфред Нобельдин 1895-жылдын 27-ноябрында жазган мурас кагазынын негизинде уюштурулган.
Бүгүн адамзаттын турмушуна, аң сезиминин өсүшүнө олуттуу таасири тийген ачылыштар жасаган адамдардын бир нечеси менен таанышабыз:
1. Вильгельм Рентген – эн алгачкы Нобель сыйлыгынын ээси (1901-жыл), немец экспериментатор-физиги, «рентген нурларын» ачкан. Азыр бул нурлардын жардамында адамдын ички органдарынын, сөөктөрүнүн сүрөттөрүн тартып алуу менен ооруусун аныктап дарылоо эң көп колдонулат.
2. Николай Коперник – польшалык окумуштуу-астроном, XVI кылымдын жарымында Жер Күндүн айланасында жана өзүнүн огунда айланаарын айткан. Ошону менен Жердин планета экендигин далилдеген.
3. Демокрит – байыркы грек окумуштуусу, биринчи жолу бизди курчап турган нерселер эң кичине бөлүнбөс бөлүкчөлөрдөн – атомдордон турат деген ойду айткан. «Атом» деген сөздү грек тилинен которгондо «бөлүнбөс» дегенди билдирет.
4. Исаак Ньютон – англиялык окумуштуу, физикада көптөгөн өтө маанилүү эмгектери бар, алардын бири ак жарыктын жети түскө ажырашын илимий түрдө негиздеген. Жаандан кийин күн ачык тийип калса, “асан-үсөн” же “күндүн желеси” деп аталган түрдүү түстөгү тилке пайда болгонун көрүп жүрөбүз.
5. Альберт Эйнштейн - Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921). «Броун кыймылдары» деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген.
Кыргызыстандагы белгилүү болгон чыгаан инсандар абдан көп,
Кыргыз дарыгерлеринин алпы Иса Ахунбаев 1950-жылдары Орто
Азия чөлкөмүндө биринчи ирет жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган дарыгер катары белгилүү. Жана ошондой эле илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, жана жүрөк ооруларына арналган.
Арабай уулу Эшенаалы (Арабаев Ишенаалы) (1882-1938) - 20-
кылымдын башындагы илим менен маданияттын өкүлү. Ишеналы Арабаев кыргыз жазуусунун башатында турган, алгачкылардан болуп кыргыз тилине Алиппе» жазган. Түрколог-лингвист; кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү.Эң алгач араб алфавитинин 25 тамгасынан түзүлгөн. Анда биринчи жолу башка тилдерден кирген сөздөр үчүн «х», «ф», «п» үнсүздөрү колдонулат.
Салиева Уркуя 1910-жылы азыркы Ноокат районунун Мүркүт
кыштагында туулган. Совет бийлигин чындоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.Тап душмандарынын колунан курман болгон.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү
жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер.
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Дүйнө адамдары дегенде кимдерди түшүнөбүз?
Ошондой адамдарды билесиңерби?
Олуттуу таасири тийген ачылыштар жасаган адамдардын атын атагылачы?
Кыргызстандагы чыган инсандарды кимди билесиңер?
Бабалар сөзүн билип жүр!
“ Илим - ийне менен кудук казгандай”.
“Илим – окуу булагы, өнөр – турмуш чырагы”.
“Илим акылдын кайрагы”.
“Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт”.
“Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт”.
“Илимдин падышасы – акыл, сөздүн падышасы – макал.
“Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек
азабын тарттырат”.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Дүйнө адамдарынын ачылыштары ” деген темада кеп кылдык. Демек, ар кимибиз жакшы инсан болгонго аракет кылып, жакшы окуп кыргыз элибиздин чыгаан инсандарынан бололу.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
“Илим - ийне менен кудук казгандай”, деген макалды
чечмелеп келүү.
ТЕМА: “Толеранттуулук”
(4-класс)
Толеранттуулук (лат. tolerantia - чыдамдуулук, көтөрүмдүүлүк)
“Толеранттуулук – бул сабырдуулук”
Сабактын максаты: (16 – ноябрь -Эл аралык толеранттуулук күнүнө карата өткөрсө болот)
Билим берүүчүлүк:
Окуучуларды “толеранттуулук” түшүнүгү менен тааныштыруу;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучулардын толеранттуулук түшүнүгү боюнча ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүү;
Адамдардын ортосундагы айырмачылыктарга сабырдуулук менен мамиле жасоого үйрөнүшөт;
Окуучулар мугалимдин жардамы менен толеранттуулук, сабырдуулук, чыдамдуулук, көтөрүмдүүлүк деген эмне маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучулардын толеранттуу көз карашын калыптандыруу, асыл сапаттарга тарбиялоо;
Толеранттуулук дегенге түшүнүк алышат;
Күтүлгөн натыйжалар:
Толеранттуу болууга умтулуусуна, өзүнүн кулк мүнөзү жөнүндө ой жүгүртүүгө багыт алып, ачууга алдырбоого үйрөнүүсүнө өбөлгө түзүлөт;
Баалуулуктарды сиңирүү: Өз элинин улуу инсандарынын өмүрүнө,
чыгармачылык сезимдердүүлүгүнө шыктануу сезимин ойготот, мазмунун тушүндүрүү; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: “Толеранттуулук тууралуу макал-лакаптар, флипчарт (ватман), скотч, маркерлер.
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: интерактивдүү метод.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
“Толеранттуулук” тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Толеранттуулук” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: “Толлеранттуулук” жөнүндө, окуучуларга түшүндүрүү.
Тарбиялык сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу. (класста жагымдуу жагдай түзүү)
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалим: Балдар! Бүгүн “Толеранттуулук” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
Толеранттуулук деген эмне? Сөз латын тилинен келген сабырдуу, бул
"ким чыдай алат, чыдай алат же кабыл алат" деген сапат. Сабырдуулук, кечиримдүүлүк, чыдамдуулук толеранттуулук тынчтыкка шарт түзгөн нерселер деп саналат.
Толеранттуулуктун эл аралык күнү 1995-жылдын ЮНЕСКОнун Парижде өткөн башкы конференциясында «Толеранттуулук принциптеринин декларациясы» бекитилген. Ошондуктан 16-ноябрь – Эл аралык толеранттуулук күнү деп жарыяланган. Ошол күндөн баштап 16-ноябрь ар жылы толеранттуулукка арналган эл аралык күндү, толеранттуулук түшүнүгүнүн маанисин ар бир адамга жеткире ала турган окуу мекемелеринде жана коомчулукта түрдүү иш- чараларды өткөрүү менен белгилөөгө чечим чыгарылган
Даярдоо иш-чаралары.
Ватмандын чоң барагына «толеранттуулук» түшүнүгүнүн аныктамасын жазуу жана аудиторияга арткы жагын каратып доскага илип коюу керек;
Таркатуу материалдары: Толеранттуулук деген эмне жана толеранттуулуктун түрлөрү.
Толеранттуулуктун аныктамасы:
Кызматташуу, өнөктөштүк сезими;
Башка бирөөлөрдүн оюн сыйлоо;
Адамдык кадыр-баркты сыйлоо;
Башкалардын укугун сыйлоо;
Башка бирөөнү кандай болсо ошондой кабыл алуу;
Өзүңдү башка бирөөлөрдүн ордуна коюу жөндөмдүүлүгү;
Башкача болуу укугун сыйлоо;
Көп түрдүүлүктү таануу;
Башкалардын тең укуктуулугун таануу;
Башкалардын оюна, жүрүм-турумуна, диний ишенимине сабырдуу болуу;
Күч колдонуудан, жабыр келтирүүдөн, басмырлоодон баш тартуу.
Активдештирүү көнүгүү «Биздин кайсы жактарыбыз окшош». |
|
Негизги бөлүк Толеранттуулук деген эмне? Толеранттуулуктун түрлөрү Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турум «Биздин чөйрөдөгү толеранттуулук жана толеранттуу эместик» көнүгүүсү |
Активдештирүү көнүгүү:
«Биздин кайсы жактарыбыз окшош» (10 мүн.)
Максаты: класста эркин, жакшы атмосфераны түзүү, бири-бирине болгон ишенимди жогорулатуу жана окуучулардын биримдикте болушуна түрткү берүү.
Окуучулар тегерек болуп олтурушат.
Мугалим: Окуучулардын ичинен бирөөсүн реалдуу же элестеткен окшоштуктарга таянып чакырат.
Мисалы: «Айпери, сураныч, ортого чык, анткени экөөбүздүн чачтарыбыздын түсү окшош экен (биз Жер планетасында жашаганыбыз үчүн же биздин боюбуз бирдей болгону үчүн)». Айпери ортого чыгып, окуучулардын бирөөсүн окшоштуктарды айтып чакырат.
Ошентип, бардык окуучу катышмайынча оюн улана берет.
Талкуулоо:
- Силер өзүңөрдү кандай сезип жатасыңар? Эмне үчүн?
Болжолдуу жооптор:
Мен өзүмдү жакшы сезип жатам, себеби бардыгыбыз чогуу болдук;
Мен өзүмдү жакшы сезип жатам, себеби бардыгы менин жакшы сапаттарым жөнүндө билишти ж.б.
Мугалим: Кандай жыйынтык чыгарса болот?
Болжолдуу жооптор:
Биз азбыз, бирок биздин окшош жактарыбыз көп;
Адамдын өзгөчөлүктөрүн байкоо керек.
Киришүү бөлүгү (5 мүн.)
Мугалим: Толеранттуулуктун эл аралык күнү 1996-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген. Ошол күндөн баштап 16-ноябрь ар жылы толеранттуулукка арналган эл аралык күндү, толеранттуулук түшүнүгүнүн маанисин ар бир адамга жеткире ала турган окуу мекемелеринде жана коомчулукта түрдүү иш- чараларды өткөрүү менен белгилөөгө чечим чыгарылган.
Толеранттуулук — башка бирөөлөрдүн жашоо образын, жүрүм- турумун, сезимдерин, ой пикирин, урп-адаттарын, диний ишенимдерин сабырдуулук менен кабыл алып, мультиэтникалык, көп маданиятуулук чөйрөсүндө туруктуу чогуу жашоо дегенди түшүндүрөт.
Толеранттуулук бул баалуулуктардын жана нормалардын системасы. Бул системаны негизгилери булар:
инсанды сыйлоо – ар бир адамдын улутуна, диний ишенимине жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабай конкреттүү мүнөзү жана жүрүм-туруму үчүн баалоо;
адам укугун сыйлоо – ар бир адам баласынын коомчулуктун моралдык жана укуктук нормаларына каршы келбеген улуттук, диний жана башка мүнөздөмөлөр боюнча өзүн алып жүрүүгө жана ой пикирин айтууга укугу бар;
укуктук жана моралдык нормаларга каршы келбесе, башкача айтканда өтө оор күнөөгө жатпаса, башка адамдардын алсыздыгына, катачылыгына, кемчиликтерине сабырдуу болуу;
конфликттерди күч колдонуусуз чечүү жана келишимге келүүнүн баалуулугу;
адам баласынын жашоосунун баалуулугу жана физикалык жапа чегүүнүн жоктугу;
укуктук нормаларды сактоо баалуулугу;
кошо бөлүшүү, тилектеш болуу, кошо кайгыруу баалуулугу.
Улутуттар аралык толеранттуулук – башка улуттагы адамдарга оң
мамиле кылуу, улуттун жеке өкүлдөрүрүнүн кемчиликтерин жана терс жүрүм-турумун бардык улутка тиешелүү кылбоо, кандай гана адам болбосун «улуттук айыпсыздыкты урматтоо» позициясы менен мамиле жасоо.
Адептүү адамдар жакынына, алыс адамга калыс сабырдуу мамиле кылыш керек”, – дейт профессор П.П. Игумов. Ар дайым сабырдуу болуу адамдын кадырын жогорулатат.
Өз улутун ашкере мактоо, башкалардан жогору “көрсөтүү” – маданиятсыздыктын белгиси. “Литературная Россия” газетасынын (1989. № 52).
Географиялык жайгашуусуна негизделген толеранттуулук –
адамдын жашаган жерине карата шаардык, айылдык, башка райондон, региондон, мамлекеттен деген бөлүүлөргө жол бербеген мамиле.
Физиологиялык мүнөздөргө негизделген толеранттуулук – майып,
оорукчан, келбетинде кемчиликтери бар адамдарга түшүнүк менен мамиле жасоо. Билим жагынан төмөн катмардагы мектеп окуучулары жана бала бакчадагы балдарды изилдегенде бул түр эң маанилүү ж.б.
Тилге негизделген толеранттуулук – башкалардын тил маданиятына жана силерди түшүнбөгөн адамдарга сый мамиле жасоо.
Мугалим: Төмөндөгү суроолор боюнча талкуу жүргүзөт:
Азыркы учурда толеранттуулук темасы актуалдуубу? Эгерде «ооба» десеңер, анда эмне үчүн?
Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турум.
Максаты: Толеранттуу эмес жана толеранттуу жүрүм-турумга түшүнүк берүү, окуучулардын толеранттуу аң- сезимин калыптандыруу.
Мугалим: Толерантуу эмес дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Мугалим аныктама берет: Толеранттуу эмес деген бул башка адамды кабыл албоо, башка адамдар менен бирге жашоого даяр болбоо; Толеранттуулук эмес жүрүм-турум агрессивдүүлүк жана конфликт аркылуу көрүнөт.
Мугалим: Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турумдун белгилерин айтабыз.
Доскага эки ватман илинет жана мээ чабуулу аркылуу сапаттар жазылат.
Толеранттуу жүрүм-турум | Толеранттуу эмес жүрүм-турум |
Башка бирөөнүн көңүлүн кароо; | Тоготпоо; |
Ишеним; | Өзүмчүлдүк |
Кечирүү; | Эгоизм; |
Өзүн алып жүрүү жөндөмдүүлүгү; | Кайдыгерлик; |
Түшүнүү жана кабыл алуу; | Сабырсыздык; |
Башкалардын оюн сыйлоо; | Барк албагандык; |
Сезгичтик жана билүү үчүн тырышчаак болуу; | Башкалардын оюн түшүнбөө; |
Ак тилек каалоо; | Агрессивдүү болуу; |
Чогуу бир нерсени аткаруу; | Кыжырдануу; |
Сабырдуулук | Ишенимсиз |
Көнүгүү: «Биздин чөйрөдөгү толерантуулук жана толеранттуулук эместик».
Мугалим: Кандай ойлойсуңар, толеранттуулук жана толеранттуу эместик түшүнүктөрүн «коом» түшүнүгүндө колдонсо болобу?
Кандай коомдо жашайсыңар?
Мисалдарды келтиргиле.
Биздин коомдо адамдардын толеранттуу жүрүм-турумунун мисалдарын байкагансыңарбы?
Мугалим: Сабакта кандай жаңы нерселерди алдыңар? Биздин сабактан кандай жыйынтыктарды чыгарсак болот?
Мугалим жыйынтык чыгарат: эң негизгиси силер адептүүлүктун алтын эрежени эстеп калышыңар керек:
«Башкалардын сага кандай мамиле жасашын кааласаң, сен дагы аларга ошондой мамиле жасашың керек» биз ошондо гана биздин коом толеранттуу болот деп, ишеним менен айта алабыз.
Максаты: Өзүнө - өзү баа берүүнү жогорулатуу, топтордон колдоо алуу, рефлексия.
Мугалим: Окуучуларды тегерек болуп туруусун суранат.
Азыр биздин арабыздан бирөөсү чыгат жана толеранттуу адамдын сапаттарына тиешелүү болгон өзүнүн жактырган сапатын айтат (Мисалы, «Мен башкаларды уга билем», «Мен тартышып жатканда ал адамга макул боло алам»). Ар бир окуучу ушинтип айтканда, тегерек болуп турган окуучулар баш бармагын көтөрүп, хор менен «Бул эң сонун!» деп айтышат.
Катышуучулар тегерекчеге кезектешип чыгышат.
Толеранттуулук деген эмне?
Толеранттуулук деген сөздүн келип чыгыш тарыхына кайрылып көрөлү.
XVIII-XIX кылымдарда Францияда Беневенттик князь Талейран Перигор деген адам жашаптыр. Ал Франциянын бир нече өкмөтүнүн тушунда катары менен эч алмаштырылбастан, тышкы иштер министри болуп иштеп туруптур. Талейран ар тараптуу таланттуу адам болгон экен, арийне, баарынан мурда айлана – тегерегиндеги кызматкер адамдардын оюн, маанайын туя билүү менен, урматтап мамиле жасай билген, проблеманы башкалардын таламдарына залалын тийгизбегендей чечүүнүн жолун таба билген адам болгон. Ошол эле учурда өз принцибине бекем туруу менен кырдаалды башкара билчу экен.
Биз кеп кылып жаткан «толеранттуулук» деген түшүнүктүн мааниси дал мына ошол жөн билги саясий ишмер, тарыхый инсан Талейран Перигордун ысмына байланыштуу чечмеленип калыптыр. Ал бизче сабырдуулук деген маанини билдирет.
Эми бул тушүнүктүн маанисин чечмелеп көрөлү. Адам өзүнүн жашоо турмушунда ар кыл улуттардын, маданияттардын, социалдык катмарлардын өкүлдөрү менен баарлашат, алака түзөт, ошондуктан ал өз элинин да, башка элдин да маданий баалуулуктарын кадырлап урматтай билүүгө үйрөнүшү, алакалашуунун жолун таба билиши өтө маанилүү болуп саналат. Андан тышкары, инсандык сапат катары толеранттуулук (сабырдуулук) күтүлбөгөн жагдайлардан ийгиликтүү чыгып кетиш үчүн да зарыл болуп саналат. Сабырдуулук кыла албаган адамдар турмуш тушуктурган өзгөрүлөргө туруштук бере алышпай, чапчандык кылып жиберишет да, башкалар менен алакаларын бузуп алышат же мамиле түзө алышпайт.
Толеранттуулук-башка улуттагы, маданияттагы, диний ишенимдеги жана социалдык чойродогу адамдардын этностордун, социалдык топтордун ортосундагы оз ара чыдамдуулук жана сабырдуулук менен ынтымактуу ымалада болуу учун психологиялык жактан даяр болуучулук жана жигердуу адеп-ахлактык мамиледе болууга умтулуучулук.
Интолеранттуулук – мазмуну боюнча толеранттуулукка карама каршы келген абал.
Акылмандардын сөздөрү:
“Адамдын көпчүлүгүн бактылуу кылган адам бактылуу” (Д.Дидро).
“Башкага бакыт издеген адам өзү бакытка туш болот” (Августин).
“Адам канчалык адилеттүү болсо, адилеттүүлүктү ошончолук түшүнөт” (Цицерон).
Кластер түзүү.
Толеранттуулук термининин мазмуну көп кырдуу жана көлөмдүү экендигин, мааниси терең болоорун төмөнкү кластер түзүү менен көрсөтөлү. «Толеранттуу болуш- бул…» (жооптор доскага илинет).
Тыянак: Демек толеранттуу мамиле-сый урмат менен мамиле кылуу, түшүнүчүлүк, чыдамдуулук менен мамиле кылуу. Интолеранттуу (толеранттуу эмес) мамиле-чыдамсыздык, урматтабагандык, сыйлабагандык, душмандык мамиле.
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
1. Толеранттуулук» деген эмне?
2. Толеранттуу эмес жүрүм-турумдун белгилерин айтабыз.
3. Азыр биз кандай коомдо жашайбыз?
4. Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турумдун белгилерин айтабыз.
5. Азыркы учурда толеранттуулук темасы
актуалдуубу?
6. Интолеранттуулук деген эмне?
7. Сабакта кандай жаңы нерселерди алдыңар?
Бабалар сөзүн билип жүр!
“ Толеранттуулук – бул сабырдуулук”.
“Толеранттуулук – ак ниеттүлүктүн бири-бирине сабырдуулукту чындап заманбап, адептүү адамдын белгиси катары саноого болот”.
Толеранттуу адамды ишеничтүү түрдө адамдык сапаты жагынан бийик”.
“Толеранттуу адам сабырдуу жана боорукер, кичи пейил жана кечиримдүү, башка адамдардын укугун жана эркиндигин сыйлаган”.
“Толеранттуулук кубулушу – өзгөчө ыймандык сапат, башка улуттагы, диндеги, социалдык чөйрөдөгү, башка көз карашы, дүйнө таанымы, ой жүгүртүү ыкмасы жана жүрүш-турушу бар адамдар же топтор менен өз ара жакшы карым-катышка психологиялык даярдыкты жана активдүү социалдык позицияны билдирет”.
Жыйынтыктоо: Эми сабакты жакшы маанай менен жыйынтыктайлы. Толеранттулук – элдердин тынчтыкта жашоосунун зарыл шарты. Ынтымакка чакырганга келбеген, сыйлашканга зар болорун унутпагыла. Адилеттүү болгула, башкаларга жакшылык тилеп жашагыла, ниетиңерди оңдогула, тынчтыкка умтулгула. Ийгилик берсин!
Мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү:
Анткени мен-мен боломун,
А сен болсо-сен болосун.
Жолукканда түшүнсөк бирибизди-бирибиз,
Кандай сонун шай келгени дилибиз!
Элибизде айткандай “Ачуу-душман, акыл-дос”. Ачуулануу менен эч бир ишти туура бүтүрүүгө болбойт. Канчалык ачууң келсе да, өзүңдү токтотконго аракет кылуу керек. Ачууга алдыруу менен аткарылган иш көбүнчө өзүңөргө да, башкаларга да зыян келтирет.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:“Ынтымакка чакырганга келбеген, сыйлашканга зар болорун унутпагыла.”, деген макалды чечмелеп келүү.
ТЕМА: “баланын укугу жана милдеттери”
(4-класс)
“Баланын укугу баарынан ыйык!”
Сабактын максаты:
Б илим берүүчүлүк:
Окуучуларды адам укуктарынын жалпы декларациясы жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенция менен тааныштыруу;
Баланын укуктары жөнүндө түшүнүк берүү;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучулардын конвенциянын негизги жоболору боюнча ой
жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүү;
Окуучулар мугалимдин жардамы менен баланын укугу жана
милдеттеринин маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк:
Балдардын укугу жана милдеттери жөнүндө көз карашын калыптандыруу, асыл сапаттарга тарбиялоо;
Башкалардын укуктарына позитивдүү мамилени өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Конвенция чоңдор менен балдарды адеп-ахлактык, укуктук жана педагогикалык негизде мамилелерди курууга чакыруу менен баланын пикирин, көз карашын, бүтүндөй инсандыгын урматтоо жалпы адамзаттык маданияттын ченеми гана эмес, мыйзамдын да нормасы экенин билүүгө өбөлгө түзүлө; .
Баалуулуктарды сиңирүү: өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: “Балдардын укугу жана милдеттери тууралуу макал-лакаптар, флипчарт (ватман), скотч, маркерлер.
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: интерактивдүү метод.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
БАЛДАРДЫН УКУГУН КОРГООГО ЖАНА АЛАР
ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮГӨ АР БИРИБИЗ
МИЛДЕТТТҮҮБҮЗ!!!
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
“Балдардын укугу жана милдеттери” тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Балдардын укугу” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: “Балдардын укугу” жөнүндө, окуучуларга түшүндүрүү.
Тарбиялык сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу. (класста жагымдуу жагдай түзүү)
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
М угалим: Балдар! Бүгүн биз “Баланын укугу жана милдеттери” деген
темада тарбиялык саат өтөбүз. Биз жашаган коом жөнүндө сүйлөшөбүз.
- Биз жашаган коомдун аты кандай? (Кыргызстан)
- Негизги документи эмне деп аталганын эстейли? (конституция)
- Жер жүзүндөгү бардык адамдардын коомунда силердин ата-энеңер кирбеген коомдун бир бөлүгүн бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул жамаатты атаңыз. (балдар коому)
Кандай деп ойлойсуңар, дүйнө жүзүндөгү балдардын баары жакшы жашайбы? (балдардын жооптору).
«Жыл сайын 3,5 миллион бала дарылоого мүмкүн болбогон оорулардан өлөт».
«100 миллионго жакын балдар уурулук, оор жумуштар, кайырчылык менен жан багышат; үй-бүлөлөрү тарабынан ташталган».
«6 жаштан 11 жашка чейинки 120 миллион бала мектепке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган».
Балдардын кыйынчылыктарын азайтуу үчүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери балдарга кам көрүшөт. Кошмо Штаттарда Нью-Йорк шаары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штабы болуп саналат. Бул келечек муундарды согуштан сактап калууга умтулган эл аралык уюм. Бул уюмга 180ден ашык штат кирет. 1989-жылы Бириккен Улуттар Уюму жер жүзүндөгү бардык балдар бирдей укукка ээ болушу керек деген документти иштеп чыгып, кабыл алган.
Бул документ тууралуу бүгүн сабакта сүйлөшөбүз.
ПРЕЗЕНТАЦИЯ: СЛАЙД 1. Балдардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган документ «Баланын укуктары жөнүндө конвенция» деп аталат.
Бул сөз силер үчүн жаңы жана түшүнүүгө кыйыныраак. Келгиле, аны кантип айтууну үйрөнүп, эстеп калууга аракет кылалы. (хор менен)
Балдардын укуктары жөнүндө конвенция
Жыл сайын миллиондогон адамдар “Балдарды коргоонун эл аралык күнүн” белгилешет. Тынчтык, бактылуу балалык — бардык ак ниет адамдардын талыкпас камкордугу, адамзат цивилизациясынын алдындагы алардын милдети.
Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы ноябрда Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын кеңешинин чечими менен негизделген жана жыл сайын 1-июнда белгиленип келет.
Ал биринчи жолу 1950-жылы дүйнөнүн 51 өлкөсүндө өткөрүлгөн. 1924-жылдын бул күнү балдардын укуктары боюнча Женева декларациясы кабыл алынып, анда баланын укуктарын өзгөчө коргоо зарылчылыгы айтылган. Жыл сайын 1-июнда майрамдар жана фестивалдар, балдардын сүрөт көргөзмөлөрү, балдардын техникалык чыгармачылыгы, ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлөт.
«Катышуучу мамлекеттер баланын эс алууга жана, баланын жашына ылайык оюнга, чыгармачылыкка жана көңүл ачууга, маданий турмушка жана искусствого эркин катышуу укугун тааныйт». (БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясы, 1989-ж., 31-берене, 1-пункт.)
Конвенция эл аралык стандарттагы укуктук документ болуп саналат. Конвенциянын негизги максаты - баланын кызыкчылыктарын максималдуулугун коргоо. Анын жоболору балдардын жашоого, ден соолукка, өнүгүүгө, коргоого жана коомго активдүү катышуусуна укуктарын камсыз кылууга тийиш болгон негизги талаптарга чейин кыскарган.
СЛАЙД 2. КОН-ВЕН-ЦИ-Я, Баланын укуктары боюнча конвенция.
- Бул документ качан кабыл алынганы кимдин эсинде? (слайдда - 1989-жылы кабыл алынган).
- Бул документке биздин өлкөнүн өкмөтү да кол койгон. Сиз дүйнөгө келе элексиз, бирок көптөгөн мамлекеттердин мамлекеттери да келечек муундарды ойлоп жатышат. Конвенция – бул документ, ага кол койгондордун баары аткарышы керек.
СЛАЙД 3. Ар улуттун балдарынын фотосу.
- Конвенцияда жер жүзүндөгү бардык балдар бирдей укукка ээ экендиги жөнүндө сөз болуп жатат.
Конвенция 50гө жакын беренени камтыган чоң документ. Бүгүн биз негизги жоболор жөнүндө сөз болот.
Слайд 4. Ар бир бала атка, фамилияга, жарандыкка укуктуу.
- Аты-жөнүң барбы? Демек, сиз бул укукту колдонуп жатасыз.
А р бир бала төмөнкүлөргө укуктуу:
Слайд 6.
ата-энеси менен жашоого;
балдар үй-бүлөдө тарбияланууга жана камкордукка укуктуу;
Балдар бактылуу балалыкка укуктуу;
Балдар психологиялык жана физикалык зордук-зомбулуктан корголууга укуктуу!!!
Ата-эне балдарынын тарбиясы жана өсүп-өнүгүшүнө жооптуу. Алар балдардын ден соолугуна, физикалык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүнө кам көрүүгө милдеттүү.
Балдар эне тилнде сүйлөөгө, өзүнүн динин тутунууга жана өз элинин маданиятын сактоого укуктуу;
Слайд 7. Баланын ден соолугуна кам көрүү укугу бар.
Слайд 8. Ар бир бала бекер билим алууга укуктуу.
СЛАЙД 9. Ар бир бала эс алууга, ойноого жана маданий турмушка катышууга укуктуу.
Силер бул укукту колдоносуңарбы?
СЛАЙД 10. Баланын ден соолугуна, билимине жана коопсуздугуна коркунуч келтирген иштен коргоого укуктуу. Биздин өлкөдө 15 жашка чейинкилерди жумушка алууга болбойт.
СЛАЙД 11. Мамлекет баланы ата-эне жана башкалар тарабынан кордук көрүүнүн бардык түрүнөн коргойт.
СЛАЙД 12. Балдар оор кара жумуштан корголууга укуктуу;
СЛАЙД 13. Бала өзүнүн көз карашын, пикирин эркин билдирүүгө, маалымат алууга жана таратууга укуктуу.
Слайд 14. Баланын укуктары жөнүндө конвенция.
- Баланын укуктарынын сакталышы же бузулушу тууралуу турмушубуздан мисалдар менен эле айта албайбыз.
Эки топко бөлүнүп балдардын укуктарын жана милдеттерин жазабыз:
Окуучунун укуктары | Окуучунун милдеттери |
Ар бир окуучу мектептен акысыз билим алууга укуктуу; | Мектептин уставын жана педкеңештин чечимин аткарууга милдеттүү; |
Медициналык кароого укуктуу; | Окуучу өзүнүн сырткы кебетесин көзөмөлдөөгө милдеттүү; |
Эне тилинде сүйлөөгө, өзүнүн динин тутунууга жана өз элинин маданиятын сактоого укуктуу. | Кийими мектептеги талапка жооп бериши керек; |
Акысыз билим алууга; | Окуучу өзүн-өзү алып жүрүү эрежесин кармашы керек (сүйлөө маданиятын жана коомдо жүрүү маданиятын билүүсү керек). |
Танапис учурунда жана каникул мезгилинде эс алууга; | Коомдук иш-чараларга катышууга, мектеп салтын сактоого жана арттырууга милдеттүү; |
Өзүнүн кол тийбестигин коргоого укуктуу; | Башка окуучулардын жана мугалимдердин ой-пикирин сыйлоого милдетүү; |
Мугалимден консультация алууга укуктуу; | Ар бир окуучу белгиленген убакытта мектепке келүүгө жана себепсиз сабактарды калтырбоого милдеттүү; |
Окуу куралдары менен толук камсыз болууга укуктуу; | Ак ниеттүүлүк менен окууга, негизги билимдерди алууга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө милдеттүү; |
Ар бир окуучу мектептеги иш-чараларга ийримдерге катышууга укуктуу; | Мектепте кароо-сынактарга, конкурстарга, олимпиадаларга, дебаттарга, турнирлерге катышууга милдеттүү. |
Балдар мына бүгүн биз окуучулардын укугун жана милдеттерин билип жаздык, азаматтар!
Кырдаалды талкуулоо
Мугалим. Г.Х.нын жомогун эстейли. Андерсендин "Гадкий утенок” (өрдөк)". Канаттуулар короосунун бардык тургундары бирдей укуктарга ээ беле? (Балдар жооп беришет.)
- Кичинекей өрдөктү эмнеге таарынтты? (Ал башкалардан абдан айырмаланып турган.)
- Элдин терисинин түсү, сырткы келбети менен өзүнөн айырмаланган, башка тилде сүйлөгөн адамга мамиле кылууга укугу барбы? (Балдар жооп беришет.)
Психотренинг
Бардыгы тегеректе турушат. Кошунанын көзүн карап, биринчи оюнчу: "Мен сенин коопсуздук укугуңду сыйлайм жана сени урбайм" деп айтышы керек. Маектеш башын ийкеп, ыраазычылык билдирип, кошунасына айтат (оюн тегерек боюнча жүрөт): "Мен сенин окууңа болгон укугуңду сыйлайм жана сени сабакта алаксытпайм...". Жана башкалар.
ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРУУ
Биздин мамлекет бардык элди мыйзам алдында бирдей деп жарыялайт. Адам өз укугун пайдалана алат, бирок башка адамдардын укугун бузбашы керек. Өз ара түшүнүшүү, бири-бирин урматтоо бардык чыр-чатактарды чечүүнүн бирден-бир жолу. Ушуну эстегиле балдар.
“Бала укугу ыйык”
Балдардын укугун коргоого жана алар үчүн кам көрүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз!
Сабактын жыйынтыгы:
Мугалим. Бүгүн эмнени жаңы үйрөндүңөр? (Балдар үйрөнгөндөрүн эстеп айтышат). С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
1. Кайсы эл аралык документте балдардын укуктары камтылган?
2.Кандай негизги укуктарды билесиңер?
3. Баланын укуктарын камсыз кылуу үчүн ким жооп берет?
4. Окуучулар эмнеге укуктуу?
5. Окуучулар эмнеге милдеттүү?
6. Сабактан кандай жаңы нерселерди алдыңар?
Балдардын укугун жана милдеттерин билип жүр!
“ Балдардын укугун коргоого жана алар үчүн кам көрүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз!”
“Өз элинин маданиятын сактоого укуктуу”
“Балдар бактылуу балалыкка укуктуу”
“Балдар үй-бүлөдө тарбияланууга жана камкордукка укуктуу”.
Башка окуучулардын жана мугалимдердин ой-пикирин сыйлоого милдеттүү;
Окуучунун кийими мектептеги талапка жооп бериши керек”.
Жыйынтыктоо: Эми сабакты жакшы маанай менен жыйынтыктайлы.
Бүгүнкү сабагыбызда “Балдардын укугу жана милдеттери жөнүндө маанилүү сүйлөшүү болду. Кана балдар, бүгүнкү сабактан түшүнгөнүңөрдү айтып бергилечи.
Балдардын кандай укуктарын үйрөндүңөр?
Балдардын кандай милдеттери болот экен? (Балдардын жообу)
Эгерде өлкөдө милдеттүү жүрүм-турум эрежелери жок болсо, анда баардыгы каалаган нерсесин жасай берет: мектепке барбай коет, алсыздарды таарынтат, айланасындагы адамдарды сөгүп, жаман сөздөрдү айтышат. Айткылачы, мындай өлкөдө силер жашагыңар келеби?
1989-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Балдардын укуктары боюнча конвенцияны кабыл алган. Бул мыйзамдуу документ – келишим, аны кол койгондор аткарышы керек. Россияда канчанчы жылы кабыл алынган? Кыргызстанда канчанчы жылы кабыл алынган? (Россияда 1990-жылы кабыл алынган, ал эми Кыргызстанда 2008-жылы).
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
Балдар укуктары жөнүндө үйдө эссе жазып келгиле.
ТЕМА: “Каадасы болбой эл болбойт”
(4-класс)
“Тарыхы болбой эл болбойт”
"Өткөн тарыхыбызга канчалык кызыксак, өткөндү ошончолук баалайбыз." Улуулар менен кичүүлөрдүн уландысы салтка гана негизделет. Каада-салттар канчалык көп түрдүү болсо, эл ошончолук руханий бай. Андыктан балдарды каада-салттарыбызды урматтоого, аларды колдоого жана сактоого калыптандыруу абдан маанилүү.
Сабактын максаты:
Ата мекенди сүйүүгө жана ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо;
Элибиздин каада-салтын, тарыхын кенже окуучулардын аң-сезимине жеткирүү;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучуларга кыргыз элинин каада-салттары жана алардын мааниси боюнча түшүнүк берүү жана таанып билүүгө кызыгуусун арттыруу;
Элдик каада-салттарды урматтоого чакыруу;
Таанып билүүчүлүк жөндөмдү жана чыгармачылыкты өнүктүрүү.
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучуларды өз элин, жерин сүйүүгө тарбиялоо;
Өз оюн эркин айтууга көнүктүрүү.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен кыргыз элибиздин каада-салттардын маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин тарыхына, каада-салтына, үрп-адатына болгон кызыгуусун арттыруу; патриотизмге тарбиялоо; адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү:
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Иллюстрациялык түшүндүрүү сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын жабдылышы: Кыргыз элибиздин каада-салтын чагылдырган сүрөттөр, макал-лакаптар.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Кыргыз элибиздин каада-салты, тарыхы, үрп-адаты, элибиздин улут аралык достугу, ынтымагы, түрдүү улуттардын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
Каада-салт тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Элин сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Класстык сааттын планы:
Уюштуруу учуру – 3 мүнөт.
Сабакты өтүүгө киришүү – 11 мүнөт.
Сабактын негизги бөлүгү – 25 мүнөт.
Сабактын жыйынтыгын чыгаруу – 6 мүнөт.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: Балдар! Биз бүгүн “Каадасы болбой эл болбойт” деген темада тарбиялык саат өтөбүз.
II.Киришуу.
Мугалим: Дүйнөдө түркүн элдер жашайт. Ар бир элдин тили, дини, салт-санаасы, үрп-адаты, кулк мүнөзү, ырым- жырымдары бар. Биздин кыргыз элинин үрп-адаты миңдеген жылдар бою жашап келет жана да жашай берет.
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын салты, үрп-адаты
менен мактанам.
ӏӏӏ. Жаны тема:
Балдар, биз бүгүн кыргыз элинин үрп адаты, каада–салты менен таанышабыз.
Каада-салт улут менен кошо пайда болуп, узак мөөнөт жашап келген, белгилүү географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу калыптанган, ар бир элдин, этностук топтун, улуттун ичинде гана салыштырмалуу туруктуулукка ээ жана бир муундан экинчи муунга тынымсыз өтүп, коомдук пикирдин күчү менен аткарылып жана сакталып турат.
Баланын төрөлүшү (сүйүнчү, көрүндүк, балага ат коюу, жентек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу ж.б.) кыз берүү, келин алуу, бел куда (тогуздап калың берүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, жар көрүшүү, кыз оюн, кыз узатуу, келин көрүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл эне дайындоо, отко киргизүү, төркүлөтүү, сеп берүү ж.б.) жентек той, келин келгендеги салттар ж.б. календарлык салт (Нооруз тосуу, аластоо, Орозо айт, Курман айт өткөрүү ж. б.), көч, конок күтүү, тартуу берүү (эски журтта түлөө берүү, өрүлүктөө ж. б.), турак жай (үй көтөрүү, там салуу, үй тою ж. б.), күндөлүк жашоо-тиричилик (мал багуу, жер айдоо, түшүм алуу ж. б.), кийим-кечек (ак калпак, кандагай, кементай, ичик, тон, топу, тебетей, шөкүлө, элечек, белдемчи, кемсел ж. б.), тамак-аш (айран, жуурат ж. б. сүт азыктары, бешбармак, жөргөм ж. б. эт азыктары, көжө, максым ж. б. дан азыктары, боорсок, көмөч ж. б. нан азыктары, кымыз, бозо ж. б. суусундук ичимдиктер) ж. б. байланыштуу бир нечеге бөлүнөт.
Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. Каада-салт адамдын өмүр мерчемин, социалдык мамилелерди, маданияттын материалдык объектилерин ж. б. өзүнө камтыйт. Салт - муундан муунга, укумдан тукумга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келген. Ал сөзсүз кайталанат. Кайталанбаган жосун салт болуп эсептелбейт. Бирок, кайталангандын бардыгы эле салт эмес. Ал - каада. Каада заманга жараша салттын чегинде өзгөрүп турат. Алсак, учурашуу - бул салт эмес. Бирок, анын кандайдыр бир жөрөлгөлөр менен коштолгону, мисалы, кол алышып учурашуу, өбүшүп учурашуу, ийиндерин тийгизип учурашуу, кичүүнүн улууга озунуп салам айтышы ж.б. салт болуп саналат. Демек, ушул сыяктуу кандайдыр бир кубулуштун жөрөлгөлөр менен коштолуп кайталанышы улуттук каада-салттын көрөңгөсүн түзөт. Салттын жолу улук болот. Деги эле салттардын негизги милдеттеринин бири - жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо.
Демек, элдик тарбиянын тамыры элдин тарыхы менен өзөктөш. Салттарда азыркы кезде совет мезгилинин, кошуна элдердин таасири сыяктуу факторлордун натыйжасында региондордо ажырымдар бар. Ошондой болсо да айрым аймактык өзгөчөлүктөр болгону менен, алардын келип чыккан түбү бир. Дүйнөдө салтты колдонбогон эл жок.
Дагы кайталасам каада-салт, үрп-адат, элдин жаштарды ыймандуу, абийирдүү, адилет, акыл-эстүү, адамгерчиликтүү, топуктуу, кең пейил, эл алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырыгы, эли-жерин коргоого үндөө, адамдар менен алака түзүп, маданияттуу болууга, тил табыша билүүгө үйрөтүү, улуулардан бата алып, аларды сыйлоо, өз кезегинде аларды дагы жаштарга таалим берүүгө үйрөтүү, башкача айтканда элдин жаштарга жол көрсөткүчү. Кыргыз маданияты гана эл катары сактап келет.
Азыр улуттук каада-салттарыбыздын бири: “Ымыркайдын төрөлүшү”
Сүйүнчүлөө. Бала жарык дүйнөгө келер замат, кубаныч коштогон кабар менен ымыркайдын чоң ата, чоң энесине, таята, таенесине биринчи иретте сүйүнчүлөшөт. Адатта бул "Сүйүнчү" деген сөз менен коштолот. Ага "Болсун!" деп жооп айтып, жакшы кабар үчүн бере турган сыйлыгын аташат. Баланын тайлары (таята, таекелери) сүйүнчүлөгөн кудаларына "Болсун, сүйүнчүңө бир тай", "Болсун, сүйүнчүңө, козу" дешкен. Сүйүнчүгө азыр негизинен акча беришет. Сүйүнчү сураганды кур кол кетирүүгө болбойт, жок дегенде, жанындагы бир буюмун убактылуу кармата туруп, кийин атаганын берген. Уул төрөлсө, "бөрү", кыз төрөлсө, "түлкү" деп сүйүнчүлөшкөн. Бул бир жагы, алардын мүнөздөрүнүн окшоштугунан (бөрүнүкү-уулга, түлкүнүкү-кызга) келип чыкса, экинчи жагы, бөбөктүн төрөлгөнүн жин-шайтандан жашыруу үчүн да айтылган. Кыздын төрөлгөнүн "кырк жылкы" деп сүйүнчүлөгөн учурлар бар, мунун себеби түшүнүктүү — себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алат да. Бул салт XI кылымда жашап кеткен бабабыз Махмут Кашгаринин айтылуу "Сөздүгүнөн" учурашы анын көөнө мезгилдерден бери жашап келе жаткандыгын көрсөтөт.
Бала төрөлгөндө кандай салттар бар экенин силер да билсенер керек. Анда төмөнкү инценировканы көрөлү:
Бала: - Сүйүнчү, сүйүнчү, байкем уулдуу болду.
Чоң эне: Болсун айланайын, болсун! Оозуңарга май.
Төрөлгөн баланы сары май менен оозантып, бөбөккө жакшы келечек каалашат. Адатта бул жөрөлгөнү байбичелер, ымыркайдын чоң энеси, таянеси жасайт. Бул ырым менен "баланын өмүрү майлуу-сүттүү болсун", "жегени дайым май болсун", "дайым май чайнасын", "малдуу-жандуу болсун", "кем болбосун", "жокчулук, карчылык тартпасын" деген тилектерин билдиришкен. Энеси менен ээрчип келген кичине баланын оозуна кайсы эле үйдөн болбосун, үй ээси май салган, бул ырым чоңойгондо жалганчы болуп калбасын деген тилек менен жасалчу. Азыр үйүнө биринчи жолу келген кичине балага ырым кылып акча-тыйын же кийим кече берип коюшат. Мунун дагы бир мааниси наристеге көз тийбесин, акысын бердим дегенди билдирет.
Бала көрүп, ага жакшы тарбия берип, анын урмат-сыйын көрүү ар бир ата-эненин ыйык максаты. Балалуу болуу ата-энеге берилген чоң бакыт. Ал эми, балага татыктуу тарбия берип, ага тиешелүү милдеттерин аткаруу ата-эненин моюнундагы милдет.
Чоң ата:
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл калаа сүйүнчү,
Азан айтып атын коем.
Теңир берген затын коем.
Уул болуп жоодон сактасын,
Эне эмизген сүтүн актасын.
Чоң ата азан чакырып, небересине атын коет.
Чоң ата: Кана балдарым, жентек тойго келгиле, ырдап-бийлеп көңүл ачкыла. Ымыркай бала жарык дүйнөгө келген соң ага азан чакырып ат коюу кыргыз элинин улуу салты.
1-окуучу: Бөбөк жарык дүйнөгө келери менен ага ат коюлат. Бул азан чакыруу менен коштолот. Кыргызда ат коюу боюнча ар кандай ырымдар бар. Маселен, ымыркайдын аты өтө оор болбошу керек, антпесе, аны көтөрө албайт деп айтылат. Мисалы, Манас ысымы. Андан сырткары, үй-бүлөдө жалаң эркек же кыздар төрөлө берсе, Бурул, Жаңыл, Кайрылса, Токтобүбү деген аттарды коёт. Токтосун, Токтогон, Токтогул ысымдары жөн жерден берилбейт. Аны көптөн бери бала токтобой, эненин боюнан түшүп же төрөлгөндөн кийин чарчап кала берген бүлөдө төрөлгөн ымыркайга беришет. Ымыркай бала төрөлгөндө азан чакырып ат коюлбаса, ал чоңойгондо кайрымсыз болот экен.
2-окуучу: Анан ата-эненин жакшы санаалаштары, чоң ата, чоң эненин кудалары, достору жентектеп келишет. Бул чакан тойчук. Ата-эне жентекти жарык дүйнөгө жаңы келген наристенин урматына берип, тууган-урукту, жолдош-жорону, кошуна-колоңду чакырып, дасторкон жайып, эт тартып, даам сыздырат. Жентек үчүн атайын күн мурунтан карынга сары май куюлуп, баланын төрөлүшүнө деп сактаган. Аны бузуп, алды менен бөбөктү оозантып, үйдүн карыларына да ооз тийгизишкен.
3-окуучу: Анан баланын кыркын чыгарышат. Бала төрөлгөндөн кийинки кырк күн наристенин өмүрү үчүн өзгөчө кооптуу деп саналып, бул мезгил аралыгында балага өзгөчө аяр мамиле кылып, андан кийин ымыркайдын кыркын чыгарууга айрыкча маани берилген. Кыргыздарда ал күнү кырк токоч жасап, коңшу-колоңдорго чай берилген. Байбичелер жакшы тилектерин айтып, дагырага (чылапчынга) кырк кашык суу куюп, баланы ошол сууга киринтишкен.
4-окуучу: Баласынын кыркын чыгарганга чейин апалар колун муздак сууга салбай, таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгизген эмес. Бул жаңы төрөлгөн бала ташбоор, мээримсиз болуп калбасын деген ырым болчу. Баланын атын кыркы чыкканга чейин айтпай, ар кандай эркелеткен аты же жаныбарлардын балдарынын аты (күчүк, козу ж.б.) менен чакырган.
5-окуучу: Анан баланын чачын алдыруу аземи башталат. Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден бир нече күндөн кийин чачтарын, тырмактарын алуу ырымы болот. Өскөн чачы менен тырмагы бала эненин курсагынан чыккандан кийин да жашоосу кадыресе уланып жаткандыгынын белгиси деп бааланат. Бөбөктүн кыркын чыгарган күнү анын карын чачын да алышкан. Ымыркайга кирген кирине карын чач алынмайынча чыкпайт деп айтышат. Баланын чачы адамдын буту баспай турган, жашыруун жайга катылган.
1-окуучу: Жаш баланын биринчи чачын кадыр-барктуу, сыпайы мүнөздүү адамдардын бирине атап койдук деп, ошол адамдын өзүнө барып да алдырышкан. Шарт боюнча эркек адамдын чачын аялга алдыртпайт, эркек кайратсыз болуп калат деген ишеним бар. Эгер бөбөк чоңойгончо чачы чыкпаса, анын баш кийимин эшекке жыттатып ырымдашкан.
2 -окуучу: Бешик той. Абалтадан кыргыздар баланы бешикке бөлөп келген. Учурда деле көп үй-бүлөлөр, өзгөчө айыл жеринде баланы бир-эки жашка чейин бешикке бөлөп чоңойтушат. Ал эми бешикке салуу – бөбөккө бата сурап, айыл-апаны, илик-чатышты, тууган-урукту чакырып берген чоң той менен коштолот. Эл тойдун аягында балага бата берип, кең келечек каалашат. Азыр шаарда же район борборлорунда бешик тойду ири кафелерде, ресторандарда өткөрүү кеңири жайылган.
3-окуучу: Тушоо кесүү. Бала там-туң басып калганда жасала турган ырым. Ал бешик тойго караганда чаканыраак болот. Баланын эки бутун эшилген ала жип
м енен арчындап, тушайт. Бөбөктү эки колунан ата-энеси же өзүнөн улуулар кармап турат. Ал эми андан 20-30 метрдей аралыкта чогулуп алып жарышып чуркап келген тестиер балдардын алдыга чыкканы бөбөктүн бутун тушаган ала жипти алдын ала даярдап туруп колуна карматкан бычак менен кесиши керек. Бул жеңиши үчүн ага баш байге менен кошо ошол бычак белекке тиет. Ал эми калгандарга атайын даярдалган байгелер тапшырылат.
4-окуучу: Тушоосу кесилген баланы дароо ары-бери жетелеп бастырып, тегеректегилер жакшы тилектерин айтат. Андан соң атайын чачыла чачылып, аны ошол жерде чогулган эл улуу-кичүү дебей, талаша терип кетиши керек. Баланын бутун тушаган жипти кесүү мындан ары жолу ачык болсун, кадамы так шилтенип, турмушунда мүдүрүлдөсүн деген символикалык маанидеги ырым.
5-окуучу: Сүннөт. Муну баланы отургузуу деп да аташат. Баланы сүннөткө отургузуу ар бир ата-эненин ыйык милдети. Бул ислам дининдеги элдин, анын ичинде кыргыздардын мусулманчылыктагы негизги шарттарынын бири. Баланы 3, 5, 7 жашында отургузат. Кыргыздарда бул ырымга чоң маани бериле турганын окумуштуу, этнограф Абдымиталип Мурзакметов төмөнкүчө белгилейт. "Жаш баланы 2, 4, 6, 8 жашында сүннөткө отургузбайт, жуп жашында отургузган бала сезгенип, кийин балалуу болбой калышы мүмкүн деп этияттанышкан. Эгерде баланы жай айларында, саратанда отургузса, ысыкчан болуп, ал кийин жалаң уулдуу болот, ал эми, тескерисинче, жазында же кеч күздө сүннөткө отургузулган баладан болочокто кыздар гана туулат, себеби суукчан болуп калат деген ишеним бар", — деп ал. Мурда балдарды тажрыйбалуу аксакалдар, атайын адамдар отургузуп келсе, учурда бул медициналык жайларда кадыресе эле жасалып калды. Баланы отургузгандан кийин ата-энеси той өткөрүп, элден бата алат. Бул азыр деле маанисин жоготпой келе жаткан салттардын бири.
Мугалим: Ата-эненин кийинки милдети кыз же уул эрезеге жеткенден кийин, үйлөнтүп же күйөөгө узатуу. Анда да өзүнчө салт-жөрөлгөлөр жасалат. Бул туурасында кийинки класстык сааттарыбызда токтолмокчубуз.
Кыргыздар жашап келет бул ааламда,
Дагы да жашай берет кылымдарга.
Салттары, үрп-адаты, мурастары,
Арналып эң бир асыл урпактарга.
Экиге бөлүнүп балдарга жана кыздарга макал-ылакап айтышат:
Балдар | Кыздар |
Жакшы кыз жакадагы кундуз, Элпек болмок өзүңдөн, Эне сыйлаган элине жагат, Ата сыйлаган абийир табат. Эби жок эрке, Уят болоор элге. Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер. | Жакшы бала элпек, Жаман бала тентек. Өз боюңа сак бол, Убадага так бол. Баланын билеги ооруса, Эненин жүрөгү ооруйт. Адамдын сынчысы көпчүлүк.. Акыл көркү тил, Тилдин көркү сөз. Баатырдын көркү маңдайда, Чечендин көркү таңдайда. |
Бышыктоо. Суроо: Биздин кыргыз элинин үрп-адаты миңдеген жылдар бою жашап келет жана да жашай берет дегенге кандай түшүндүңөр?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Кыргыз элибиздин кандай каада-салттарын үйрөндүк?
“Үрп-адат деген эмне?
Салт-санаа дегенди кандай түшүндүңөр?
“Каадасы болбой эл болбойт” деген макалды чечмелеп бергиле?
Б абалар сөзүн билип жүр!
1. “Улууга урмат, кичүүгө ызат”.
2. “Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон”.
4. “Ынтымак бар жерде – ырыс бар”.
5. “Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңдиси өсөт”.
6. “Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул көктөгү жылдыз”.
7. “Элпек болмок өзүңдөн, сылык болмок сөзүңдөн”.
8. “Эне сыйлаган элине жагат, Ата сыйлаган абийир табат”.
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Мекеним – алтын бешигим” деген темада кеп кылдык. Демек, ар кимибиз Мекенибизди, жаратылышын сүйүп сыймыктанышыбыз керек. Анткени, “Ар кимдин туулган жери – Мисир”.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
“Каадасы болбой эл болбойт” жөнүндө ангеме түзүп келгиле. Ошентип балдар!
Карыяларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз нускалуу болсун,
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун,
Уулдарыбыз ыймандуу болсун! – деген тилекти айтуу менен бүгункү сабагыбызды жыйынтыктасак.
ТЕМА: “Жети атаңды бил!”
(4-класс)
“Жети атаны билүү – бул бизге
ата – бабалардан калган улуу мурас.”
ӨТКӨН ТАРЫХЫБЫЗГА КАНЧАЛЫК КЫЗЫКСАК, ӨТКӨНДҮ ОШОНЧОЛУК БААЛАЙБЫЗ
«Ар бир кыргыз инсаны жети атасын билүүсү зарыл. Өзгɵчɵ эр азаматтар. Кыргыздарда сɵз бар «Жети атасын билбеген кул».
Жети атаны билүү – бул бизге ата – бабалардан калган улуу мурас. Жети ата- кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк . Жети ата кыргыз элинде манилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргызда ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон.
Жети атасын билбеген адам бул кул катары кабыл алынган. Кыргызда бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: Сенин жети атаӊ ким болгон деп сурашат. Бул суроого так жооп бергенге ар бир кыргыздын баласынын кудурети жетет. Ким жети атасын билбесе ал аятка калат.
Илгери кыз берерде жети атасын сурап анан кыз берген. Себеби, уруунун генетикасын (теги) таза сактоо үчүн, каны аралашпаган таза урпактарды кийинки муундарга калтыруу үчүн мураска калтырылган.
С абактын максаты:
Ата мекенди сүйүүгө жана ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо;
Окуучулар жети ата жөнүндө маалымат алышат;
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучуларга жети ата жөнүндө түшүнүк берүү жана таанып билүүгө кызыгуусун арттыруу;
Жети атасынын каада-салттарын урматтоого чакыруу;
Таанып билүүчүлүк жөндөмдү жана чыгармачылыкты өнүктүрүү.
Тарбия берүүчүлүк:
Окуучуларды өз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат;
Өз оюн эркин айтууга көнүктүрүү.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен жети ата жөнүндө маанисин жана ордун түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин тарыхына, каада-салтына, үрп-адатына болгон кызыгуусун арттыруу; патриотизмге тарбиялоо; адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү:
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Иллюстрациялык түшүндүрүү сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Сабактын жабдылышы: Жети атаны чагылдырган сүрөттөр, макал-лакаптар. Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Жети атанын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
Жети ата тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Элин сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламатсыңарбы, балдар? Маанайыңар жакшыбы? Тарбиялык сабакка жакшы даярданып келдикпи?
Мугалим: Балдар! Биз бүгүн “Жети атаӊды бил!” деген темада тарбиялык саат өтөбүз. Кыргыз элинде “Тегиңди бил, ыйманыңды сакта, ата салтын унутпа”, “Жети атаңды унутканың, тарыхыңды курутканың” деген нуска сѳздѳр айтылып жүрѳт. Окуучум, сен жети атаңды билесиңби? Жети атаңдын тарыхын кантип үйрѳнѳсүң? Санжыра – ата тарыхы. Муну жатка билүү зарыл. Бул кыргыз элине да тиешелүү. Санжыра кыргыздардын оор тагдырына күбѳ тарых. Алар эки миңден ашык жылдын ичинде бир нече ирет эл катары жок болуп кетүү коркунучун башынан ѳткѳрдү. Мунун кѳпчүлүгү жортуулчулук мезгилде болду. Кыргыз эли бир да басып алуучуга узак убакыт башын ийип турган эмес.
Жер үчүн, Мекен үчүн болгон согуш кѳпчүлүк учурда жеңилиш менен аяктаган. Миңден ондогон эр-улан калган күндѳр да болгон. Мындай учурда асылуу казан, тигилген үй, жайытта мал калып эл качкан. Адегенде түздѳн тоого, андан кийик жүргѳн зоого, ал сактабаса чек бузуп коңшу элге кирип кутулган. Калганы туткун болгон, боштондук сүйгѳн, эр жүрѳк эл мындай учурларда мал-мүлкүнѳн, эр кѳкүрѳк адамдарынан гана ажырабастан, жазуусун, чиймесин жоготкон. Тек шамал айдаган булуттай тарап кеткен. Байлыкты душман талаган. Ушундай шартта тирүү калгандардын милдети ѳткѳндү тѳкпѳй чачпай сактоо, аны укумдан-тукумга калтыруу эле. Мына
ошентип уламыш чыккан. Урук, уруу, эл жѳнүндѳгү уламыш сѳздѳр бара-бара санжырага айланган. Тирүү калгандар; жаш ѳспүрүмдѳр, туткунга түшүп кеткендер ѳзүлѳрүнүн жана ата-бабаларынын ким экенин унутпай эсине тутушуп, укумдан-тукумга берилүү зарыл болгон. Мунун ѳзү журтчулуктун чечими менен качандыр бир мезгилде бекемделген, кийин адат-салтка айландырылган. Анын божомолдуу мазмуну ар бир эркек бала жети жашка чейин ѳзүнүн жети атасынын ысымын билүүгѳ тийиш болгон. Жети атасын билбегендерди “Кул” деп аташкан. Анын мааниси тексиз, уруксуз же законсуз дегенди түшүндүргѳн. Жети ата демекчи, бул цифра менен кѳп нерселерди айтып бере алат. Жети атанын мааниси мында. Ар бир курактын орто ѳмүрү 25 жыл делинет. Бул ѳзгѳчѳ ѳткѳн кылымдарга тиешелүү. Ошол боюнча жети атанын 25 жаш менен кѳбѳйтсѳк 175 жыл келип чыгат. Мына ошентип 7-10 жаштагы эркек бала биринчи эле учураган адамга жети атаны айтуусу менен анын жетинчи атасы мындан 175 жыл мурда жашагандыгын айгинелейт. Бул анын “Кул” эмес, коомдун закондуу мүчѳсү экендигин далилдеген. Жер-суу бѳлгѳндѳ “жети атаңдын мүрзѳсүн кѳрсѳт” деген сѳз бекеринен чыкпаган. Айыл коомунун мүчѳлѳрү үчүн жети атасын билүү жетиштүү болгон. Ал эми айыл аксакалдары андан да кѳп билген. Жети атанын тарыхын билүү тукум куучулукту да шарттайт. Бир атанын балдары эле “кыз алышкан тууган” чыгып, турмуш курууга караганда башка 70 уруулардын бүлѳсү оңтойлуу, генетикалык сапаттуу касиеттерге ээ болот. “Ак бата жаңыртабыз, кызыбызды алыс жибербейбиз” - деген максатта ага-ининин балдары үйлѳнүп жатышы, албетте, тукум куучулуктун жакшырышына ѳбѳлгѳ эмес. Демек, жаштарыбыз ата санжыраларын билип-туюп, алыс-жакынды иргей алып, турмуш курушса уруктар, уруулар арасындагы ич ара байланыш мындан да жакшырат.
Урматтуу ата уулу, жаш жеткинчек. Жогорудагы кептер дилиңде дайым бек сакталсын. Эч качан жети атаңдын тарыхын унутпа. Керек болсо ар бир атаңдын басып ѳткѳн жолун жазып, улам кийинки урпактарга белек катары бер, эстерине сал. Бул сенин атуулдук парызың. Жети атабыз тѳмѳндѳгүдѳй тартипте аталат: 1. Ата 2. Чоң ата 3. Баба 4. Буба 5. Куба 6. Жото 7. Жете
Окуучулар текстти окуп, талкуулашат. Жети атамды билбегендиктен… Мен айылда чоңойуп ѳстүм. Мектепти аяктаган соң шаарда окуп, айылга аз келчүмүн. Ошентип, илим-билим алып, үйлѳнүп-жайланып шаарда жашап
калдым. Бир күнү алыскы айылдагы бир досум той кылып чакырып калды. Үй-бүлѳмдү алып бардым. Кыргыз эли меймандос калк болот эмеспи. Бизди конок кылып бир үйгѳ жайгаштырды. Ал үйдѳ кѳптү кѳргѳн нускалуу, аксакал карыя бар экен. Жайланышып олтурган соң карыя: -Кайсы элденсиң? – деп сурады. -Карасуудан болом, - деп жооп берсем. -Уулум, уругуңду сурап жатам, - деди. Ошондо эмне кылаар айламды таппай калдым. Буга чейин атамдан кайсыл уруудан, уруктан экенимди, жети атамды сурабаптырмын. Же атам ѳзү айтбаптыр. -Билбейм, - деп жооп бердим. Карыянын ѳңү ѳзгѳрѳ түштү да: -Балам, жети атасын билбегенди кыргызда кул деп коет. Мен андай тегин билбеген адамды мейман кылбайм,- деди да туруп кетти. Мен болсо кирерге жер таппай алдастап калдым. Намысымдын күчүнѳн кайра айылыма келип атамдан уруумду, жети адамдын тарыхын сурап билип бардым. Карыя аябай ыраазы болуп: -Уулум, мына эми сени ата уулу десе болот. Бул башка кеп, -деп кой союуга уруксат берди.
Суроолор: 1. Санжыра дегенди кандайча түшүндүң?
2. Жети атанын тарыхын билүүнүн кандай мааниси бар экен?
3. Сен жети атаңды билесиңби?
4. Карыя эмне үчүн ал жигитти мейман кылбай койду?
Ата
Чоң ата
Баба
Буба
Кубар
Жото
Жете
Мисалы: Манастын жети атасы:
Манастын өз атасы – Жакып
Чоӊ атасы – Орозду
Бабасы – Ногой (Шыгай, Чыйыр хан бир туугандар)
Бубасы – Көгөйхан
Кубары – Түгөйхан
Жотосу – Байгурхан
Жетеси – Алчихан
Ылдый көздөй санаганда:
Бала
Небере
Чөбөрө
Кыбыра
Тыбыра
Чүрпө
Урпак
Манастын балдары:
Баласы – Семетей
Небереси – Сейтек
Чөбөрө – Куласарын
Кыбыра – Сейит
Тыбыра – Симбал
Чүрпө – Бекбочу
Урпак – Сумбелек
Эми балдар макалдарды чечмелейли:
Ата-энеңе каяша айтпа;
Алардын сөзүн эки кылба;
Тилин алып айтканын аткар;
Тамакка алардан озунуп кол салба;
Колуңдан келген жардамыңды аяба;
Ата-энеңдин жеңилин жерден, оорун колдон ал;
Ата-энең ооруп калса ага бардык дитиң менен жардамыңды көрсөт;
Алар карыган кезде бапестеп бак;
Орой сөз сүйлөбө, көңүлүн оорутпа;
Бардык жакшы нерсеңди ата-энеңе арна;
Жасаган тамагыңды алдын–ала ата-энеңе бер;
Тиешелүү майрамдарда биринчи белекти ата-энеңе арна.
“Ата-эне сыйлаган абийир табат”.
“Эне сыйлаган элине жагат”.
“Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла”ж.б.
Бышыктоо: “Менин жети атам” Ар бири өзүнүн жети атасын жазышат
жашап келет жана да жашай берет дегенге кандай түшүндүңөр?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Жети ата ким экенин билдикпи?
“Алар кандай аталат экен?
Ылдый көздөй санаганда кандай болот экен?
Ар бир уул ата-тегин үйрөнүп жаттап алыш керекби?
Б абалар сөзүн билип жүр!
Залкар ойлор:
“Жетесиз эл, эл болбойт”.
“Тегиң – сенин тарыхың”.
“Тектүү жер – намыстуу эл”.
“Ата алаканы – алтын уя”.
“Ата конушу – ардак , Ата салты – ыйык”.
“ Атадан жакшы уул туулса, элдин туусу болот, Жаман уул туулса, элдин чуусу болот”.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
Урууңдун аталыш тарыхын изилдегиле. 2. Жети атаңдын санжырасын түзгүлѳ. 3. Залкар ойлорду талкуулагыла.
ТЕМА: “өнөрлүү - өлбөйт”
(4-класс)
“Өнөрлүү өлбөйт”
Сабактын максаты:
Билим алуу, өнөр үйрөнүү жөнүндө өз алдынча изилдөөгө,билүүгө аракеттенишет, кызыгуулары жаралат;
Илим-билимге, кесип аркылуу өлкөгө салым кошууга болгон сезимдерине таасир этилет;
Окуучулардын жашоодо билимдин, өнөрдүн баалуулугу жөнүндөгү калыптанган түшүнүктөрү тереңдейт;
Окуучулар өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун түшүнүшөт;
Окуучулар өнөрлүү адам жөнүндө маалымат алышат;
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:
Окуучулардын өнөрдүн баалуулугу жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе;
Окуучулар билим алууга, өнөр үйрөнүүгө кызыгышып, өз алдынча билүүгө аракеттенишсе;
Өз өлкөсүн келечекте өнүгүшү үчүн илим-билим аркылуу салым кошуусу зарыл экенин сезишсе.
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар өнөр жөнүндөгү түшүнүктөргө ээ болушат;
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун түшүнүшөт;
Тарбиялык: Өнөрдү туура багытта колдонууга тарбияланышат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен “өнөрлүү өлбөйт” деген түшүнүктөргө ээ болушат;
Окуучулар өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун түшүнүшөт;
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу; патриотизмге тарбиялоо; адептүүлүк сапаттарды тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Интерактивдик сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: өнөр сүрөттөр, макал-лакаптар. Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Жомоктун тексти.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Өнөр маданияты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Өнөрлүү адам өлбөйт”, “Өнөрүң болсо өргө чап, өнөрүң болбосо
кетмен чап” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Элин сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламатсыңарбы, балдар? Маанайыңар жакшыбы? Тарбиялык сабакка жакшы даярданып келдикпи?
Биз жакшы билим алсак, пайдалуу өнөр үйрөнсөк, эмгекчил, намыскөй, мекенчил инсан болсок – ошондо биз чындыгында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошо алабыз.
Биринчиси өлкө келечеги илим – билимдүү жаштардын колунда. Силер, биздин мектептин окуучулары жакшы окусаңар, билимдүү болуп, чоңойгондо 11-классты бүтькөндөн кийин жакшы кесиптин ээси, зарыл өнөрдүн ээси болсоңор, анда сөзсүз өзүнөрдү да, үй – бүлөңордү да, өлкөңөрдү да өнүктүрөсүңөр.
Биздин өлкөбүздүн негизги күч – илим-билимдүү жаштар да. Демек адам фактору – бул келечекти кура курган башкы күч. Адам фактору деген – бул силер балдар.
Өнөр жөнүндө айтып калдык. Демек бул – кесип. Азыр “чынжыр” оюнун (көнүгүүсүн) аткарабыз. (Окуучулар өз ысымынын баш тамгасы менен башталган кесиптерди аташат) Айбек – адвокат, Эсен – экономист, эсепчи, Данагул – дарыгер, Айдар – айдоочу, Шарипа – швеядагы чебер (тигүүчү), Медербек – милиция, Бактыгул – бал аарычы, Болот – бизнесмен, Уулкан – учкуч (Терешковадай), Жамила — журналист, Эсенаалы – электрик, Тыныбек – токар, Салимбек – слесарь, Шамши – шахтёр, Фарида – финансист, Таалай – томожник, Даркан – дизайнер, Дастан – дыйкан.
Өнөр – “өн” – деген буйрук этиштен келип чыгат. Демек өнүк, өс, өркүндө, “өр” – деген сөз өрдө, өркүндөөр деген маанини берет. Мына жергебизге жаз келди. Эл үчүн кам көргөн дыйкандар…. Баба дыйкандын ниети: “Муну чачтым уучтап, жылуу жерден орун тап”. Бир дандан орто эсеп менен беш сабак чыгат, башкача айтканда беш машак, буудайдын башын кармап, бир топ дан пайда болот. Мына “өн” деген ошол, өнүп-өсүп, биздин дасторконубузду байытып, өнүктүрөт.
Ал эми азыр мен силерге жомок окуп берем:
М угалим окуучуларга жомокту окуп берет. Жомокту окугандан кийин класста талкуулашат. Ѳнѳрдүн баркы Чоң энем дайыма кишинин пайдалуу иш жасашы керек экенин айтчу. Ар дайым тамакка олтурганыбызда мага: -Ар бир киши жыгачтан болобу, темирден болобу же башка нерседен болобу, ѳз колу менен адамзатка пайдалуу бир иш жасоосу керек, дээр эле. -Дүйнѳдѳ жаш жигиттин ак мээнети менен бир чеберчилик үйрѳнүп, пайдалуу бир эмгек калтырганынан артык нерсе жок. Ушундай ѳнѳрүң барбы, айтчы? Жѳнѳкѳй бир үстѳл, же бир отургуч, же бир табак, эң эле болбогондо кофе чѳйчѳгүн жасай аласыңбы? Колуңдан келген бир ѳнѳрүң барбы, балам? –деп, жемелүү кѳз карашы менен тиктеп калар эле. Билем, баары сени жазуучу деп эсептейт. Бир нерселерди чийгилеп эле жатасың, түшүнүп турам, балким бир жазуучусуң, бирок колуңдан келгени, үйдѳ тамекинин түтүнүнѳ толтургандан башка эч нерсе эмес. Менин оюча ишке жарай турган, кѳзгѳ басар, колдонула турган нерсе жасашың керек, бул ѳтѳ маанилүү, балам. Сага бир жомок айтып берейинби. Илгери Иран ханынын бир баласы бар экен. Сүйүү деген ушундай болот турбайбы, ал бала бир кедей чабандын кызына ашык болуп калыптыр. Атасына келип: -Ата, мен бир чабандын кызын жакшы кѳрүп калдым. Ошол кыз менен баш кошоюн дедим эле, дейт. Атасы каарданып: -Ошондой да болобу, балам? Сен хандын баласысың. Мен ѳлсѳм тактыма сен олтурасың. Чабандын кызы сарайга кантип жарашсын? Хандын баласы болбой, атасына жалбарып: -Айланайын атаке, мен ал кызды абдан жакшы кѳрѳм. Эгер ага үйлѳнбѳсѳм, ѳлѳм деп, атасынын кулагын жейт. Атасы баласын кыя албай: -Мейли, балам, жуучу жиберип, кызды суратайын дейт. Ошентип, вазирин кызга жуучу кылып жиберет. Вазири кызга барып, хандын уулу аны сүйгѳнүн жана ага үйлѳнгүсү келгенин айтат. Анда чабандын кызы: -Макул. Хандын уулу эмне иш кылат? – десе, вазир чочуп кетет: -Хандын уулубу? Бул кандай суроо? Хандын уулун да эмне иш кылат деп сурачу беле? Хандын уулу кайдан иштесин! – дейт. -Жок, дептир кыз. Хандын баласы болсо да, бир чеберчиликти үйрѳнүшү керек. Мен колунан эч нерсе келбеген бирѳѳгѳ, хандын баласы болсо да, турмушка чыга албайм. Вазир башын жерге салып, ханга айтат. Ага кыздын айткандарын айтып берет. Анда хан баласын чакырып: -Эгер сен ал кызды ошондой эле катуу сүйсѳң, бир чеберчилик үйрѳн же ал сүйүүдѳн баштарт, дейт. Анда уулу: “Мейли, мен анда чий
токуганды үйрѳнѳйүн”, дейт экен. Айлар бою чарчабай, Тажабай аракет, көңүл коюп, чий токуганды үйрѳнѳ баштайт. Барган сайын чеберчилиги артат. Кооз оймолорду жаратып, түрдүү-түрдүү түстѳргѳ боеп, кооз чийлерди токуйт. Чеберчилиги ѳскѳндѳн кийин вазирди кайра жуучу кылып, колуна чий берип кызга жиберишет. Вазир кызга “мына” деп хандын уулунун токуган чийлерин кѳргѳзѳт. Чабандын кызы, ѳрүлгѳн чийлерди кѳрүп, абдан кубанып, сунушуна
макул болот. Ошентип кыз келин болуп сарайга барат. Күндѳрдүн биринде хандын баласы кѳчѳдѳ сейилдеп басып жүрсѳ, бир кербен сарай учурайт. Сарайдын ичи таза, эшик болсо ысык болот, күндүн ысыгына чыдабай, ошол сарайга кирип, бир бурчка олтурат. Бирок ал сарай ууру, каракчылардын сарайы экен. Ал сарайга киргендерди каршылык кылууга мүмкүнчүлүк бербей, шап кармап, зынданга ыргытышчу экен. Кѳзүн кан баскан
к аракчылардын дагы мындай бир салты бар болчу. Колго түшкѳндѳрдүн
семиздерин ѳлтүрүп, арыктарына жедиришчү. Хандын баласы арык болгонунан тирүү калыптыр. Күндѳрдүн биринде баласы каракчыларга: “Мен сонун-сонун чийлерди токуйм. Бул чийлер абдан кымбат турат. Мага бир аз камыш, анан үстѳлүмѳ чырак берсеңиздер, силерге эң кооз чийлерди токуп берейин”, - дейт. Каракчылар баланы угуп, айтканын кылышат. Арадан үч күн ѳтпѳй бала түрдүү-түрдүү, кооз чийлерди токуп берет да: “Бул бойролорду алып, Иран ханынын сарайын барсаңар, чийлерди кѳрүп, силерге бир ууч алтын берет” дейт. Каракчылар чийлерди жондоруна кѳтѳргѳн бойдон, хандын сарайына жетип барышат. Хан бир кѳрүштѳ чийдин оймолоруна, кооздугуна айраң таң калат. Бойролорду келинине жиберет. “Бул чийлерди сатып алышыбыз үчүн алып келишиптир. Эгер ал жакса, ал” деп кабар берет. Чабандын кызы ар бир оймону ѳз-ѳзүнчѳ изилдеп, оймолордун токулушунан күйѳѳсүнүн ага жашыруун кабар жибергенин түшүнѳт. Хандын баласы кайсыл жакка качырылганын чийдин оймолору менен кѳргѳзүптүр. Аялы катты окуур замат жүгүрүп келип, ханга айтат. Хан каркчылардын сарайына сакчыларын жиберип, сарайды басып алып, каркчыларды кармашат. Хандын уулу сарайга, чабандын кызына кайтып келет да: “Кымбаттуу жарым, сен мени ѳлүмдѳн сактап калдың, сага карызмын” - дейт. Хан дагы чабандын кызынын акылдуулугуна абдан ыраазы болуп, аны жакшы кѳрүп, кучактайт. Ошентип, жомогун айтып бүтүргѳн чоң энем: “Түшүндүңбү эми, жашоодо ѳнѳрдүн маанисин?” дегенде, мен: “Ооба, түшүндүм. Бир аз акча таап, араа, жыгач сатып алайын. Анан каалаганыңыздай бир үстѳл же китеп текчесин жасап берем” дедим.
Суроолор:
Балдар жомоктон кандай жыйынтык чыгардыңар?
Жомоктон эмнени түшүндүңөр?
Өнөрдүн баркы канчалык экенин жомоктун негизинде түшүндүрүп бер?
Пайдалуу өнөрлөрдү санап бере аласыңарбы?
Мугалим: Балдар өнөр, эмгекчилдик, мээнеткетик, билимдуулук, жөнүндө элибизде көптөгөн макалдар, учкул сөздөр бар эмеспи. Азыр ушул билим, өнөр боюнча макал айтышуу конкурсуна парталар боюнча жарышабыз.
“Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет”
“Өнөрлүү өлбөйт”
“Адам иште чыналат, болот отто чыналат”
“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”
“Өнөр алды кызыл тил”
“Эл ичи өнөр кенчи”
“Устаттан шакирт өтүптүр”
“Билимге умтулуу бийиктик”
Азыркы учурда биз айткан евро уста, автомашина усталары, компьютердик техник. ж.б. адистиктердей сыяктуу эле мурда да элдик өнөрлөр болгон. М: саяпкердик, мүнүшкөрлүк, комузчу, узчулук, теричилик, өрмөчүлүк, оймочу, саймачы, зергерчилик – бул элдик өнөр деп аталчу. Азыр буларды да өркүндөтүү керек, бул биздин элибиздин өнөрү, унутулбаш керек.
Силер чоң класска барганда тарых сабагынан Чыңгызхан – Монгол ханы, Улуу Ата Мекендик согушта бизге кол салган Гитлер жөнүндө окуйсуңар. Алар экөө тең дүйнөнү басып алууну, бардык элдерди кул кылууну көздөгөн. Бирок алар да өнөрдүн улуулугун баалашкан экен.
Чыңгыз хан: “Сен менин душманымсын, сенин өнөрүн менин досум” деп айткан экен колго түшкөн туткундарга. (М: темир уста, жыгач уста, акын-жазуучу, төлгөчүлөрдү, ж.б. өлтүргөн эмес)
Гитлер фашисттик Концлагерде кыйноо тарткандардын ичинен өнөрлүүлөрдү өлтүрбөй өз өлкөсүнө пайдаланган экен. (ширетүүчү, токар, электрик, айдоочу)
Биздин класста да келечектеги билимдүү, өнөрлүү, улуу кесип ээлери олтурасыңар. Мен силерден келечектеги окумуштуу, мугалим, врач, космонавт, депутат, КР Президентин көрүп турам. Келгиле силер да ким болууну каалайсыңар, ошол өзүңөр каалаган кесип боюнча айтып бергиле, кара сөз түрүндө айтсаңар да болот, ошолорду угалы. (Окуучулардын жообу)
Көрдүңөрбү, ар бир кесип ардактуу демекчи, силер келечекти өзүңөр сүйгөн кесип аркылуу өлкөбүздү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына көтөргөн патриот, атуул болосуңар деп ишенем.
Биз илим, билимдүүлүк, кесип жөнүндө канчалык түшүндүрсөк, өзүбүздү сынап текшерүү үчүн (рефлекция, кайтарыш байланыш) синквейн аткарып көрөлүчү. Синквейнде биз топтор менен иштейбиз. Үч топко үч ватман, маркер берилет.
1-топ | 2-топ | 3-топ |
Мугалим Билимдүү, сыймыктуу Мугалим окутуучу Билим берет, тарбия берет, келечекке багыт берет Мугалим мөмөлүү дарак | Ветеринар Жөнөкөй, жупуну Малды дарылайт, кам көрөт, тазалыкты сактайт Врач адамды, ветврач жаныбарларды дарылайт Ветврач мал доктур | Энергетик Өнөрлүү, эр жүрөк ГЭСтерди жарыктандырат, кошумча күч кубат табат Ар бир үйдүн сүйүктүү адамы Инженер, электрик |
Бышыктоо: “Өнөрлүү өлбөйт” Пайдалуу өнөрлөрдү санап бергилечи?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Өнөрлүү адам дегенге кандай түшүнүк бере аласыңар?
“Эл өнөр кенчи” макалды чечмелеп бергиле?
Өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун түшүндүрүп бериңиздер?
Өнөрлүү адам өлбөйт дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Б абалар сөзүн билип жүр!
Залкар ойлор:
“Өнөрлүү адам өлбөйт” .
Өнөрүң болсо өргө чап, өнөрүң болбосо кетмен чап”
“Арыбас мээнет, арыбас өнөр – билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу ”
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
1. Урууңдун аталыш тарыхын изилдегиле. 2. Жети атаңдын санжырасын түзгүлѳ. 3. Залкар ойлорду талкуулагыла.
ТЕМА: “Ысык-Көл кыргыз бермети”
(4-класс)
“Ысык-көл кыргыз бермети”
Көргөндүн көөнүн буруучу,
Ысык-Көл көлдүн сулуусу.
Көз салсаң, көктө булуттун,
Көл жакта жатат бир учу.
Бир күндө миң сан кубулуп,
Толкуну тоого урунуп.
Тыңшасаң укмуш музыка,
Тынымсыз турат угулуп.
Бир гана Ысык-Көлдө бар,
Ушундай кооз сулуулук!...
Жалил Садыков
Сабактын максаттары:
Билим алуу, өнөр үйрөнүү жөнүндө өз алдынча изилдөөгө,билүүгө аракеттенишет, кызыгуулары жаралат;
Ысык-Көл тууралуу маалыматка ээ болушат;
Окуучулардын Кыргызстандын бермети Ысык-Көл жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдейт;
Окуучулар көлдүн сулуулугу жөнүндө маалымат алышат.
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:
Окуучулардын Ысык-Көлдүн баалуулугу жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе;
Окуучулар жаратылыштын кооздугун сезе билүүгө, баалай билүүгө үйрөнүшөт;
Өз өлкөсүн келечекте өнүгүшү үчүн жаратылышка өзүнүн салым кошуусу зарыл экенин сезишсе.
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар Ысык-Көлдүн жөнүндөгү түшүнүктөргө ээ болушат;
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар кыргыз жеринин көркүнө көрк кошуп турган улуттун жүзү, кыргыз элинин бермети, күзгүсү, сыймыгы болгон Ысык-Көл тууралуу түшүнүшөт;
Тарбиялык: Жаратылышты коргоого, аяр сактоого тарбияланышат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен жаратылышты көздүн карегиндей сактоо деген түшүнүктөргө ээ болушат;
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу; патриотизмге тарбиялоо; адептүүлүк сапаттарды тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Интерактивдик сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: Ысык-Көл тууралуу сүрөттөр, макал-лакаптар. Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Тарых, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Ысык-Көл анын жаратылышы, сулуулугу тууралуу окуучулар
менен ой бөлүшүү.
“Ысык-Көл көлдүн сулуусу”, “Ысык-Көл кыргыз бермети” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Элин сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламатсыңарбы, балдар? Маанайыңар жакшыбы?
Тарбиялык сабакка жакшы даярданып келдикпи?
Кыргыз элинин бермети, сыймыгы, күзгүсү болгон Ысык-Көлүбүз жөнүндө, балдар, эмне айтып бере аласыңар? (Окуучулардын өз оюн угабыз).
Ысык-Көл айтса сөз жетпеген өзгөчө бир керемет жер. Көп акындар өз калемдеринен сулуу көлүбүздү даңазалап ырларды жаратышкан, музыканын көркөм үнү менен жуурулуштурушкан.
Ыссык-Көлүбүз тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.
Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уяларды салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор
– Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
Бышыктоо: “Ысык-Көл кыргыз бермети” чечмелеп бергилечи?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Керемет Ысык-Көл жөнүндө эмне айта аласыңар?
“Көлдү көрбөгөн көлчүккө таңыркайт” макалды чечмелеп бергиле?
Ысык-Көлгө канча куштардын түрү учуп келет?
Эмнеге Ысык-Көлдү -эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору дешет?
Б абалар сөзүн билип жүр!
Залкар ойлор:
“Көл таянычы – жер, көсөм таянычы - эл” .
Көлдү бороон толкутат, элди эси жок толкутат”.
Көлдү токтотууга болот, элди токтотууга болбойт”.
“Көл толгондо чайпалат”.
“Көлгө кушуң түшпөсүн, жаманга ишиң түшпөсүн”.
“Көлдү көрбөгөн көлчүккө таңыркайт”.
“Көлүнөн безген каз оңбос, элинен безген эр оңбос”.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма:
Ысык-Көл жөнүндө эссе жазып келгиле.
ТЕМА: “табиятты сүй!”
(4-класс)
“Жер байлыгы – эл байлыгы”
Биз жаратылышыбызды коргошубуз керек.
Муну ар бир адам унутпашы керек!
Сабактын алтын эрежелери:
Кечикпей келүү;
Кол көтөрүп жооп берүү;
Башка бирөөнүн оюн бөлбө;
Өз оюн айтууда адабий тилдин нормасында туура сүйлөө;
Убакытты туура пайдалануу;
Бирин-бири угуу;
Сабакка көңүл буруу;
Бир-бирин сыйлоо.
Сабактын максаттары:
Балдарды жаратылыш жөнүндөгү билимдерин кеңейтүү жана тереңдетүү;
Окуучулардын жаратылыш жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдейт;
Окуучулар жаратылыштын сулуулугу жөнүндө маалымат алышат.
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:
Окуучулардын жаратылыштын баалуулугу жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе;
Окуучулар жаратылыштын кооздугун сезе билүүгө, баалай билүүгө үйрөнүшөт;
Өз өлкөсүн келечекте өнүгүшү үчүн жаратылышка өзүнүн салым кошуусу зарыл экенин сезишсе.
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
К ласстык сааттын милдеттери:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар жаратылышты сактоо жөнүндөгү түшүнүктөргө ээ болушат;
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар кыргыз жеринин көркүнө көрк кошуп турган улуттун жүзү тууралуу түшүнүшөт;
Тарбиялык: Жаратылышты коргоого, аяр сактоого тарбияланышат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен жаратылышты көздүн карегиндей сактоо деген түшүнүктөргө ээ болушат;
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин жаратылышына болгон кызыгуусун арттыруу; туулган жерге болгон сүйүүнү калыптандыруу, анын байлыгын сактоого жана көбөйтүүгө умтулуу, бардык жандыктарга боорукерликке тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Интерактивдик сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: Айлана-чөйрөнү, табиятты, жаныбарларды коргоо, “Мен жана табият” балдар сүрөт композициясы, интерактивдүү доска, макалдар.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Алиппе, мекен таануу жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Кыргызстандын табияты, сулуулугу тууралуу окуучулар
менен ой бөлүшүү.
“Токой мектеп эмес, ар кимге үйрөтө турган”, “Токойду көп – кыйба, токойго – кам көр, токой жок болсо – отургуз”, “Жер байлыгы – эл байлыгы” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Табиятты сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, окуудагы ийгилик, чың ден соолук Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым болуш керектигин окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламатсыңарбы, балдар? Маанайыңар жакшыбы?
Тарбиялык сабакка жакшы даярданып келдикпи?
Жаңы теманы баяндоо: Бүгүнкү темабыз “Табиятты сүй!” деген тарбиялык саат өтөбүз.
Кана балдар табият жана аны курчап турган чөйрө менен таанышуубузду баштайлы.
ТАБИЯТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Табият биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет. Күн, асман, булут, жер, өсүмдүктөр, жаныбарлар, - булардын баары жаратылыш. Бизди курчап турган дүйнө.
Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.
Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар, кескелдиктер, жыландар. Ташбакалар, бакалар, балыктар, курт-кумурскалар, курттар да жаныбарлар экенин эсиңден чыгарба.
Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.
Жаратылыш – таланттын жан досу
Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.
Жаратылыш-сенин койнуң эң кенен,
Азаматсыңар, бирок биз дайыма эле табияттын сырларын, кооздугун байкай бербейбиз. Биздин өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарларды коргоо максатында «Кызыл китеп» басылып чыккан. Аларды өз убагында коргоп калбасак, жаратылыш өз кооздугунан айрылат.
Кана балдар мындай суроолорго жооп бергилечи:
Жаратылыш жашап, өлбөш үчүн ага кандай мамиле кылуу керек?
Жооптор: Таштанды таштабагыла, от жакпагыла, бутактарды жана дарактарды сындырбагыла, суу объектилерине таштанды таштабагыла, салмоор менен жаныбарларды жана канаттууларды өлтүрбөгүлө.
Жаратылышты жакшыраак коргоо үчүн эмне кылуу керек?
Жооптор:
Балдар үчүн эрежелер:
Кышында канаттууларга жем бер, таштанды ыргытпа, жаныбарларга,
канаттууларга тийбе...
Жашыл бутактарды жана бактарды сындырбагыла;
Кумурсканын уюгун жана канаттуулардын уяларын жок кылбагыла;
Токойду оттон сактагыла;
Таштандыларды токойго калтырбагыла;
Кызыл китепке кирген гүлдөрдү, өсүмдүктөрдү үзбөгүлө!
“Жаратылыш жалгыз эч жерде жок китеп – анын ар бир барагы мазмунга толтура” (Гёте)
Убакыттын тездиги таңгалдырат! Жаңы миң жылдык башталды! Адам өзүн бактылуу деп эсептесе керек, өзү менен сыймыктанса керек. Анткени, ал океанды, абаны, жерди багындырды. Техника, искусство, билим берүү тармагында чоң жетишкендиктерге жетишти. Бирок ... .., тилекке каршы, көп адамдар жаңылышып ката кетиришти.
Азыркы учоң көйгөйүбүз экологиябызды сактай албай жатабыз. Анткени, адам өзү табияттын бир бөлүгү болуп саналган менен жаратылышка жана анын берген нерселерине кайдыгер мамиле кылды. Жаратылыш жашоо үчүн баарын берет, болгону адамзаты баарын туура колдонгонду үйрөнө албай жатат.
Бак – дарактар жөнү жок кыркылып, отун кылуу максатында же
курулуш иштерине пайдалануу үчүн жырткычтык менен кыйылып жатат . Ал эми адам баласынын турмушунда жашыл бак – дарактар, токой маанилүү ролду ойнойт. Демек биз жаратылышты коргоо менен бирге түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө милдеттүүбүз.
Токойдо да жаныбарлардын жашоосу кандай кыйын болуп калды. Ал эми мунун себеби адам жаратылыш менен гармонияда жашай албай жатат? Бирок адам бир эле жаратылышты эмес, айлана-чөйрөнү гана эмес, өзүнүн организмин да ууландырат.
Кытайдагы экологиялык катастрофа
Атмосферада көмүр кычкыл газы, чаң бөлүкчөлөрү жана металл көп болот. Токойлор жер бетинде фильтр катары кызмат кылат. Биздин алдыбызга өзүнүн эбегейсиз байлыгын ачып, бизге берешендик менен берип, ишенимдүү коргоп, жашообуздун ажырагыс бөлүгү болгон токой аны урматтоого жана кам көрүүгө татыктуубуз. Бирок биз дарактарды кесип жок кылуудабыз.
Эсиңерде болсун! Силер ыргыткан кагаз 2 жылдан ашык, калай банка 30 жылдан ашык, желим баштык 200 жыл, айнек 1000 жыл жерде калат.
Жер биздин үйүбүз, биз ушул жерде жашайбыз, бул сууну ичебиз, ушул абадан дем алабыз. Бул жер бетиндеги бардыгы биз үчүн кымбат болушу керек: Жаратылышка кайдыгерлик кылбашыбыз керек. Токойлор, дарыялар баары коркунучта. Биздин милдет аларды сактап калуу.
Силер азырынча окуучусуңар, чоң маселелерди чече албайсыңар, бирок силер бак отургузсаңар болот, бактарды кароо колуңардан келет, кышкысын канаттууларды жана жаныбарларды баккыла, кумурсканын уюгун бузбай коргогула. Ошондо жаратылыш сага ыраазы болот.
Адам жана жаратылыш – байыркы жана түбөлүктүү тема. Көптөгөн кылымдар жана миңдеген жылдар бою адам жаратылыштан бардыгын алып, анын ордуна эч нерсе бербей, өзү жашаган айлана-чөйрөнү бузуп келген.
Ошого ар бир адам жаратылышты коргоого милдеттүү жана табиятты коргоо иши ар бир адамга тиешелүү. Андыктан 5-июнь айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү.
Бышыктоо: “Жер байлыгы - эл байлыгы” деген макалды чечмелеп бергилечи?
Балдар табиятка же жаратылышка аяр мамиле жасалбаган учурларды кайсы жерлерден көп кезиктиресиңер, жана аларды коргоо боюнча кандай оюңар бар?
Биздин мектептин айланасында кандай дарактар отургузулган жана жазында кандай көчөттөрдү отургузабыз
Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор деген макалды турмушта кандай пайдаланабыз?
”Канаттуулардын уясын бузуп, балапандарын өлтүрбөгүлө, канаттуулар каргайт”-деген түшүнүккө кандай мамиледесиң?
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Жаратылыш жөнүндө эмне айта аласыңар?
“Жер кишинин акысын жебейт” макалды чечмелеп бергиле.
Табиятты коргоонун эл аралык күнү качан белгилейт?
Жаратылышты кандай коргошубуз керек?
Б абалар сөзүн билип жүр!
Залкар ойлор:
“Табият менен таттуу мамиледе бол!”
“Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот”.
“Жаратылыш жан досум”.
“Табиятты коргоо, курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселе”.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Жыйынтыктоо:
Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Табият менен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып, руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.
Билем: Табияттын кооздугун
Билдим: Жаратылыш сенин досуң экенин, табиятты коргоо керегин, канаттуулардын уясын бузбаш керектигин.
Билгим келет: жаныбарлардын, куштардын жашоосун.
Үйгө тапшырма:
«Жаратылыш жан досум» деген темада аңгеме түзүү
ТЕМА: “Адал ырыскы. Арамдан алыс бол!”
(4-класс)
“Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек – азабын тарттырат”
Адал эмгек, адал ырыскы
Сабактын алтын эрежелери:
Кечикпей келүү;
Кол көтөрүп жооп берүү;
Башка бирөөнүн оюн бөлбө;
Өз оюн айтууда адабий тилдин нормасында туура сүйлөө;
Убакытты туура пайдалануу;
Бирин-бири угуу;
Сабакка көңүл буруу;
Бир-бирин сыйлоо.
Сабактын максаттары:
Балдарды адал жана арам деген эмне жөнүндөгү билимдерин кеңейтүү;
Окуучулардын адал жана арам жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдейт;
Окуучулар адалдын эмгек менен бийиктикке жетерин, ал эми арам оокат эч кимге пайдасы жок экени жөнүндө маалымат алышат.
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:
Окуучулардын адал менен арам жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе;
Окуучулар адалдын эмне экенин жана арам оокаттын зыяндуулугун сезе билүүгө, баалай билүүгө үйрөнүшөт;
Өз өлкөсүн келечекте өнүгүшү үчүн адал иш , эмгек менен өзүнүн салымын кошуусу зарыл экенин сезишсе.
Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Класстык сааттын милдеттери:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар адал ырыскы эмне экенин, арамдан алыс болуш керек экенини жөнүндөгү түшүнүктөргө ээ болушат;
Өнүктүрүүчүлүк: маңдай тери адал оокат кылуу тууралуу түшүнүшөт;
Тарбиялык: Окуучулар адал ырыскы менен нан табууга, бирөөнүн акысын жебөөгө тарбияланышат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен адал менен арам жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушат;
Баалуулуктарды сиңирүү: Кыргыз элибиздин адал жөнүндө жана арам жөнүндө кызыгуусун арттыруу; өз элине болгон сүйүүнү калыптандыруу, анын байлыгын сактоого жана көбөйтүүгө умтулуу, бардык жандыктарга боорукерликке тарбиялоо; өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Класстык саатты өтүү методу: Интерактивдик аралаш сабагы.
Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.
Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү: Адал менен арам жөнүндө балдар сүрөт композициясы, интерактивдүү доска, макалдар.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Алиппе, мекен таануу жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Адал ырыскы менен арам тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
“Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат”, “адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт”, “Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат” тууралуу макалдардын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: “Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон” Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым болуш керектигин окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламатсыңарбы, балдар? Маанайыңар жакшыбы?
Тарбиялык сабакка жакшы даярданып келдикпи?
Жаңы теманы баяндоо: Бүгүнкү темабыз “Адал ырыскы. Арамдан алыс бол!” деген тарбиялык саат өтөбүз.
Кана балдар айткылачы: Адал - деген эмне? (Балдар жооп беришет). Маңдай тери менен табылган өз акысы, - деген маанини туюунтат.Адал – же халал (арабча «эркин», «байланбаган») адамдын ички тазалыгы; таман акы, маңдай тер менен табылган киреше; Адал ырыскы менен нан табууга, бирөөнүн акысын жебөөгө тарбияланышат.
Адамдын жеген нерселеринин эң жакшысы – адал эмгек менен тапканы
Мугалим: Азыр балдар мен силерге «Адал ырыскы» деген жомок айтып берем.
Кадимки заманда өтө адал ынсаптуу, эл суктангыдай, байлыгы жети муунга жеткидей бир соодагерзаада өткөн экен. Ал өмүрүн соодагерлик менен өткөрөт экен. Бир күнү соода менен Багдадга барып кедей кызга ашык болуп калыптыр. Соодагер дилиндеги сөзүн билдириптир. Ошондо кыз ыктыяр атасында экендигин айтыптыр. Соодагерзаада Багдадддагы кедейлердин башчысы – кыздын атасы молдо Осмонго жолугуптур жана кызынын колун сурап канча байлык беришин айтыптыр.Кедейлердин башчысы күлүп соодагерзаададан өз малынан канча пайыз пайда алышын сураптыр.
Соодагерзаада 10-15 пайыз экендигин айтат.Ошондо ал соодагерди маскарлап: -Эй, жигит! Сен нааданга кыз берейинби? Шаарым-шаар жүрүп ошол пайданы пайда деп жатасыңбы? Мына кара, мен сага көрсөтөйүн. Чеч колуңдагы шакегиңди. Мунун баасы канча? – дептир. Соодагер шакектин баасын балалуу төөнүн баасына ченептир. -Жакшы, - дептир кедей, - эми шакегиңди эртеге мен айткан жайдан аласың. Кедей жума күнү өтө чоң жамаат жыйыла турган мечитке барып имамга катуу үн менен кайрылыптыр: -Эй, имам! Мен ушул шаардын момун бир кедейимин. Өмүрүм кедейликте өттү, бирок адал жашадым. Мына бул шакекти үч күн мурун таап алдым. Өтө кымбат турат экен. Бирок мага арам керек эмес. Бир гана мага уулумду үйлөп, кызымды турмушка узатуум керек. Шаарыбыздын момундарына айтсаңыз, мечит дарбазасынын жанына оромол жазсам, мен бечараны курук коюшпас, - дептир.
Бул сөздөрдү уккан момундар өтө таасирленишип, кедейдин адалдыгына айраң калышыптыр жана намаз окуп болушуп бардыгы анын белбоосуна акча ташташыптыр. Өтө көп акча жыйналыптыр. Кечкурун кедей соодагерди үйүнө чакырып, акчаны көрсөтүп мындай дептир: -Эй, соодагер! Муну кара – сен сапар машакатынан кыйналып, жан алып, жан берип 10- 15 пайыз пайда кыла турган болсоң, мен эч кыйналбай бир күндө канча акча таба алам. Эми сен мына бул акчадан алып мечитке бар. Имамга учура, бул акчалардан сүйүнчү деп берип шакегиңди кайтарып алып бизге кошул. Ошондо кызымды сага берем.
Анда соодагер айтыптыр: Эй, алдамчы! Бүтүн ата-бабамдын урмат акы мен кечтим сенин кызыңдан дагы, кымбат баа шакегимден дагы. Менин ата-бабаларым адал соодагерлер эле, мени адал оокат менен багышты. Мен дагы адал үй-бүлөдөн үйлөнүп Алла перзент берсе аларды адал даам менен баксам, - деп өз малдарын жыйып ошол шаардан чыгып кеткен экен.
Эми балдар доскадагы ватманга «Адал ырыскы» жөнүндө кластер түзгүлө.
“Арамдан алыс бол!” деген сөз, бирөөнүн акысын жебеш керек, бирөөнү алдап алган акчабы, буюмбу буюрбайт. Ошого балдар, жашыңардан өз эмгегиңер менен иштеп, ак мээнетиңер менен тапкан акчабы, нанбы берекелүү, ырыскылуу болот. Маңдай тери менен табылган өз акысы деген маанини туюунтат.Бул дүйнөдө ар бир адам бактылуу жашоону самайт. Ал эми бактылуулуктун башаты болсо эмгектенүүдө жатат. Анткени, айрым адамдар үчүн бактылуулук кандайдыр бир деңгээлде материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болууга көз каранды. Адамдын материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болуусу үчүн ал адамдын эмгек кылуусу, иштөөсү керек. Кылымдарды карыткан кыргыз элинде да «иштебеген тиштебейт» деген ары кыска, ары нуска накыл сөз бар.
Сабактын жыйынтыгы:
С уроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
Адал ырыскы табуу дегенди кандай түшүнөсүңөр?
2.“Адалдын тамыры миң, арамдыкы тамыры бир” макалды чечмелеп бергиле.
3. Адал деген эмне?
Армадыктан алыс бол! Дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Б абалар сөзүн билип жүр!
Залкар ойлор:
“Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт”.
“Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын арттырат”.
“Адал иштин арты-бакыт”.
“Адал эмгек абийир таптырат”.
“Адал эмгек нурдантат, арам эмгек кырдантат”.
“Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир”.
“Арам айтып, максатка жетпейт”.
“Арам эмгек – азабын тарттырат”.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Жыйынтыктоо:
Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Адамдын жеген нерселеринин эң жакшысы – адал эмгек менен тапканы.
Билем: Адал ырыскы.
Билдим: Адал менен арамдын айырмасын.
Билгим келет: Адал эмгек абийир таптырат, эмгек жөнүндө көбүрөк билгибиз келет.
Үйгө тапшырма:
«Адал ырыскы» деген темада аңгеме түзүү.
МАЗМУНУ
Киришүү...................................................................................................4
Өнөр алды – кызыл тил...........................................................................5
Канча тил билсең, ошончо дил, эл билесиң........................................13
Жоомарттык...........................................................................................19
Дүйнө адамдардын ачылыштары.........................................................27
Толеранттуулук......................................................................................31
Баланын укугу жана милдеттери..........................................................42
Каадасы болбой эл болбойт..................................................................53
Жети атаңды бил....................................................................................63
Өнөрлүү өлбөйт......................................................................................70
Ысык-Көл кыргыз бермети...................................................................78
Табиятты сүй!.........................................................................................84
Адал ырыскы. Арамдан алыс бол!........................................................9
74