Просмотр содержимого документа
«Улуу жеңишке 75жы»
1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу согушта курман болгон. Бүгүнкү күнү Орусия баштаган бир катар мамлекеттерде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиши салтанаттуу майрамдалып, ири аскерий параддар уюштурулуп, ошол кездеги советтик жетекчиликтин көрөгөчтүгү жана советтик аскердин эрдиги тууралуу жалындуу сөздөр абдан көп айтыл ып келет.
Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын утурлай Кыргыз-Түрк “Манас” университети да 9-май Жеңиш күнүн эскеришти.
Иш чара Коммуникация жана Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулуп, ага университет жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.
Биринчи проректор А.Кулмырзаев Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кыска тасманы көрүп абдан толкундангандыгын билдирип: “Кыргыз эли башка элдер менен кошо Улуу жеңишке чоң салым кошкон жана ал согушка аталарыбыз эле эмес, энелерибиз, эжелерибиз жана жаш балдар колдоруна курал алып, оорукта бел чечпей эмгектенип, кайратмандыктын, туруктуулуктун жана адилеттүү жеңишке болгон бекем ишенимдин үлгүсүн көрсөтүшкөн. Кыргызстанда, ушул жерде олтурганыбыздын ар бирибиздин туугандарыбыз, чоң аталарыбыз сөзсүз согушка катышкандар же согуштан кайтпай калган туугандарыбыз да бар. Менин үй-бүлөмдө эки чоң атам согушка катышып, бири дайынсыз калган, кайсыл жерге көмүлгөнү белгисиз, анын арбагына багыштап куран окутуп турабыз, экинчи чоң атабыз согуштан кайтып, колхоздо эмгектенди, кийин согушта төрт жолу алган жараатынан каза болгон. Бүгүнкү күнү ошол ата-бабаларыбыз каалаган тынчтык жана өнүккөн жашоодо жашашсын деген тилектери орундалды”, - деп уюштуруучуларга жана кыска метраждуу фильмди топтогон Молдосейит агайга ыраазычылык билдирди.
Т.и.к.М.Кожобеков Жеңиш күнү менен куттуктап: “Гитлер, фашисттик Германия элдерди рассалык теорияга төмөнкүчө 3 типке бөлгөн
а) германдыктар - бул немистер деп эсептелинет, шведдер, голландиялыктар, даниялыктар б) англичандар жана француздар в) поляктар жана чехтер. Рассалык белгиси жок торду кырууга татыктуу деп аталган деп, цыгандар менен еврейлер кирген. Согуш 22-июнь күнү таңкы саат үчтөн отуз мүнөт өткөндө башталган. Согуштун биринчи күнү Советтер Союзу үчүн абдан көп жоготууларды алып келген, мисалы алсак Советтик армия 1200 самолетунан ажыраган, анын ичинен 800 самолет жерде турган жеринен эле жок болгон. Кыргызстандыктар бул согушка өзүнүн чоң салымын кошкон. Кыргызстандын калкы 1939-жылы 884 миң 640 адамдан турган, кыргыз улутундагылардын 26400 адам деп эсептелинет, пайыздап алганда 0,031 адам курман болушкан. Дүйшөнкул Шопоков жана Чолпонбай Түлебердиевдей баатырларыбыздын эрдиги зор болгон. Алардын баатырлыктары дайыма эсибизде”, - деп Улуу Ата Мекендик согуштун маани-маңызына токтолуп, эч качан кандуу согуш болбошун каалады.
Ал эми, Коммуникация факультетинин ага окутуучусу,с.и.к. Б.Орунбеков : “ Гитлер Советтер Союзун басып алуу планында маалымат каражаттарына өзгөчө маани берген. Анын бир планында айтылат “Биз басып алган жердин баарында ар бир жерде, ар бир айылда радио түйүндөрү иштесин деген, ал жерде немис жеринин, тилинин, элинин артыкчылыгын айтып турсун деген, ар бир адамдын кулагына ошол нерсе сиңип турсун деген. Ошондой эле немис музыкалары дайыма жаңырып турсун деген. Гитлер ушундай эки чоң нерсени талап кылган, басып алган жерлерде булардын баары аткарылган. Гитлер 3 нерседен корккон : 1) Совет аскерлеринин ураа деп кыйкырганынан 2) Катюшанын атылганынан 3) диктор Левитандын үнүнөн”, - деп, Согуш мезгилиндеги жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу андагы шыктандыруу маселелери тууралуу айтып берди.