Сабактын темасы: Жерде-сууда жашоочулар бɵлγмγн бышыктоо.
Сабактын максаты: Окуучулар бака кургакта жашаган эң алгачкы жаныбар экендигин билишет жана алардын сырткы,ички тγзγлγшγ, жашоо-тиричилиги,мааниси жонγндɵ айта алышат.
Ɵнγктγрγγчγлγк максаты: Окуучулар бака пайдалуу жаныбар экендигин, экологиялык маанисин далилдеп кɵрсɵтɵ алышат, топтордо иштɵɵ менен ой жγгγртγγсγн, эске тутуусун ɵнγктγрγшɵт.
Тарбиялык максаты: Окуучулар бакаларды экология жана турмуш менен байланыштыра алышат жана аларды коргоого, аяр мамиле жасоого тарбияланышат.
Сабактын тиби: Кайталоо сабагы.
Сабактын усулу: Интерактивдγγ, топ менен иштɵɵ,кластер, синквейн.
Предмет аралык байланышы: Экология, география, тарых, адабият.
Сабактын жабдылышы: Тγстγγ сγрɵттɵр, буклеттер, балдар ɵзγлɵрγ тарткан сγрɵттɵр, маркер, ватман.
Сабактын жγрγшγ: 1. Уюштуруу.
2. Топтордо иштɵɵ.
Мугалим: Омурткалуу жаныбарлардын ичинен амфибиялардын ɵкγлдɵрγ биринчи жолу суудан кургакка чыккандар болуп эсептелинишет.
Бул класстын ɵкγлдору кугакка чыгып жашаса да, тиричилигинин айрым бɵлγгγ сууда ɵтɵт. Себеби, амфибиялардын кɵбɵйγшγ,ɵɵрчγшγ сууда жγрɵт. Булардын жашаган экологиялык чɵйрɵлɵрγ ар тγрдγγ болгондуктан, алардын тγспɵлγ да ар тγрдγγ. Азыркы кезде жер жγзγндɵ 2000ге жакын тγрγ белгилγγ.
Борбордук Азияда куйруктуулардын 10 тγрγ , куйруксуздардын 23 тγрγ жашайт. Ал эми Кыргызстанда куйруксуздардын 4 тγрγ жашайт. Алардын экологиялык мааниси ɵтɵ чоң. Алар зыяндуу курт- кумурскаларды жеп жоготот. Мисалы жалгыз шибер бакасы бир жайдын ичинде болжол менен 1260 зыянкечти жеп жоготот.
Канаттууларга караганда амфибиялар дамы жаман, кескин жыттуу курт-кумурскаларды кɵп жешет. Тγнкγсγн активдуу келип, ууга чыгат. Тритондор суда жашаган зыяндуу муунак буттуулардын личинкасын кырат, оору жаратуучу безгек чиркейин жоготот.
Териси баалуу – норка, кундуз, ач кγзɵндɵрдγн, канаттуулардын негизги тоюту болуп эсептелет. Кɵнɵк баштын мааниси зор. Кээ бир ɵрдɵктɵр, чардактар,кытандар кɵнɵк баштар менен азыктанат.
Кээ бир ɵлкɵлɵрдɵ кескин тγрдɵ саны азайып кетти. Бизде деле кызыл колтук бака, жашыл кур бака кызыл китепке киргизилген.
Жерде-сууда жашоочулардын лабораториялык жаныбар катарында мааниси.
18- кылымда кɵрγнγктγγ окумуштуу Гальвани менен Вольт жаныбарларда электр кубаты боло тургандыгын табышкан. Бул ачылышты джасоодо алар тажыйырбага баканы алышкан. И.М.Сеченов мээни изилдɵɵдɵ кɵптɵгɵн тажыйырбаларды бакага жасаган. Кɵп жерлерде бакага эстелик жасашкан. Биринчи эстелик 19- кылымда Париж университетинде орнотулган, Экинчи эстеликти студент-медиктер Токиодо тургузушкан. Алар ɵздɵрγнγн экспериментине 100миң баканы колдонушкан.
Топтордо иштɵɵ.
Адабият борбору.1. «Баканы такка отургузса, баткакты кɵрсɵ, ыргып тγшɵт»
2. «Бака майрыгын билбей жыланды ийри дептир»
3. «Баканын озγ кɵлдɵ болсо да, кɵзγ кɵктɵ»
Ж.Бокɵнбаев « Жылан менен бака» ырын окушат.
Математика борбору.
1. Азыркы кезде жер бетинде жерде-сууда жашоочулардын 2000миңге жакын тγрγ бар.
2.Амфибиянын эң чоңу- Голиаф бакасы.(3,5 кг,эң узуну саламандра 1,5м ге жетет.)
Тарых борбору.
1. Жерде- суда жашоочулардын байыркы теги балыктар экендигин кɵнɵк баштар далилдейт.
2. Кɵнɵк баштын куйругу, каптал сызыгы,бакалоору, жγрɵгγнγн эки бɵлγктɵн тургандыгы балыктар менен тектеш экендигин далилдейт.
3.Кɵбɵйγγсγ сууда ɵтɵт.
Биология борбору.
1. Баканын териси абдан былжырлуу, нымдуу чɵйрɵдɵ жашайт.
2. Денеси баш, моюн, тγлкγ жана бут бɵлγкɵрγнɵн турат.
3.Скелети баш бɵлγгγнɵн, омуртка тутумунан, кол-бут сɵɵктɵрγнɵн турат.
4.Температурасы туруксуз, муздак кандуулар.
5. Экологиялык мааниси турмуш менен байланыштуу.
Адабият борбору.(Синквейн)
Бака. Жашыл, былжырлуу.Басат, секирет, сγзɵт.Зыянкечтерди кырып, пайда алып келет.
Жаныбар.
Бышыктоо: Баканын денеси кандай бɵлγктɵрдɵн турат?
Баканын териси кургап калса эмне болот?
Жерде-сууда жашоочулар канча жыл жашайт?
Жылдын кайсы мезгилинде тукумдашат?
Кайсы ɵлкɵдɵ баканы тамак аш катары колдонушат?
Баканын кайсы мээси жакшы ɵрчугɵн?
Сабакты жыйынтыктоо: Илимий борбор бардык эле топтордун ишине анализ берγγдɵ,талкуулоодо.
Баалоо: упайлар менен бааланат.
Υйгɵ тапшырма. Бака менен кескелдирикке салыштырмалуу таблица тγзγп келγγ.