СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыл мугалими саламдашуу

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жыл мугалими саламдашуу»

2018-жыл президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү” жылы деп белгиленди. Премьер министр Сапар Исаковдвун жаңы доорго 40 кадам программасынын негизинде Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов А.Ж. Diskove ri окуу борборунун колдоосу менен “Акылдуу мектеп жана мугалим”программасын ишке ашырып,учурда бардык мектеп мугалимдери ноутбук,принтерлер менен камсыз болуп,келечекте мугалим электрондук почта менен иштеп ,электрондук журнал толтуруп,электрондук күндөлүтү түзүп,ата-энелер менен электрондук почта аркылуу байланышканга шарт түзүлөт. Коомдун ар тараптуу өнүгүшү үчүн мугалимдик кесип өтө керектүү кесип .Анткени мугалим билим ,тарбия берип ,мугалим өзү дайыма кесиптик деңгээлин жогорулатып ,коом өнүккөн сайын коомдун жаратман түзүүчүсү катары анын бекемдигин, интелекттуалдык деңгээлин сактап турат. Керек болсо депутат ,министр,президент ,окумуштуу да мугалимдин мөмөсү.Ар бир мугалимдин жүрөгү окуучулардын ийгилиги менен толукталып турат.

Мугалим бул- кесиптердин сереси

Мугалим бул-кесиптердин төрөсү

Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай

Жайдыр -кыштыр бышып турат мөмөсү

(мугалимдер чыгап отуруп калат)

  • Кесиптеш карасаңар интернетке мугалим жөнүндө эң жакшы ырлар чыгыптыр.Уксаңар

Кайрылып турса да канаты

Үлүштөн кур калса тек коюп

Келатат жан дүйнө фанаты

Үмутту алдына бек коюп



Кай азап башында болсо да

Кайгырбай сабакка келишкен

Көөдөнгө өксүктөр толсо да

Жылмайып сабагын беришкен

-Сен жакшы өзүңө керектүү маалыматтарды алып кеңири пайдалана аласың.

(эшик ачылып ОББ кирет)

- Урматту мугалимдер окуучулардын маалымат базасын толтуруңуздар.Мен сиздердин электрондук дарегиңиздерге логин парольду жөнөттүм,ачып маалымат базаны бүгүндөн калтырбай толтуруңуздар.

- Макул, маалыматтар даяр аны сайтка киргизели анда.

- Кое турсаңар мен компьютер менен иштөөнү эми эле үйрөнүп жатсам,сайтың нары турсун клавишалар менен араң иштеп жатам.

- Мага жардамдашып койгулачы окуучунун омсин кантип киргизем

- Адаштырбай турчу өзүм да араң жазып олтурам.

-Сенчи.

-Мен да аны түшүнбөйт экенмин.

-Наргиза андан көрө информатика мугалими Миргүлдү айтып келели да , баарыбызга ирети менен тушүндүрүп берсин.

-Ии жакшы болот.



(телефон чалуу) Мугалим жөнүндө слайд,тааныштыруу(окулат)

Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейинин информатика мугалими Абдибаситова Миргүл Сайдуллаевна

Билимдүүнун белгиси –билгенин келет бергиси

Акылдуунун белгиси-акылын келет бергиси келет демекчи сен бизге көп нерсен үрөттүң.

Ооба,бекеринен мугалим жалгызга жардамчы ,муктажга кеңешчи ,адашканга компас деп айтылбайт да

Замандын талабына ылайыктуу кесиптердин бири болгон информатиканы бутүп компьютерди эң жакшы билсең ,мугалим болуп калышыңдын себеби эмне?

Мен бул суроого өзумдүн класс жетекчим К.Сабуров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Садыкова Айсулуу Саатовнанын ыр саптары менен жооп бергим келип турат.

Мугалимдик кесипти ыйык көруп,

Кесиптердин ичинен бийик көрүуп

Өмүрүмдү бул ишке арнап келем

Наристеге бүт дилим мээрим төгүп



Сабак бүтпөй тур бир аз сурайынчы

Окуучумдун билимин улайынчы

Көөдөнүмдө сыйбаган билим нурун

Жүрөгүнө гүл кылып кынайынчы



Сабак бүтпөй тур бир аз жеткирейин

Дилимдеги толкуган аарзууларым

Балким ушулсабагым кирпич болор

Келечектин курууга пайдубалын



...деп мугалим өмүрүн арнап келет

Жаштык демин,жигерин баарын берет

Окуучунун-Саламатсызбы?-деген сөзү

Жаңы сабак,жаңы күч ,кубаныч берет.

Музыка чыгат.(мугалим жөнүндө сөз)





  • Мугалимдик кесип өтө оор ,сабак учурунда нерви чыңалат.ар бир класста 20-30 дан окуучу күнүнө 4 сабак болсо,уу-ухуу энергиянын кеткенин.Мына ушул энергияга туруштук берген –бул бир гана биздин Миргүл.

  • Ооба, окуучу менен иштөө –ар дайым тазалыкка сулуулукка ,жаштыкка үндөйт.Карылыкка кеч моюн сунат. Ошондуктан биздин Миргүл да жапжаш жана сулуу бойдон жүрөт.

  • Мектептен келип дагы ошончо окуучунун дептерин текшерет,план жазат.Үй-бүлө дегенге бала дегенге көңүл бурулбай калат деп ойлосо керек.Жок !Үй-бүлөгө да,балага жетишкен бииздин Миргүл болот.

  • Ээ кесиптеш канча эне үйдө иштебей интернетте олтурат.бала тарбиясы бала билими билбеймин.А мугалим үй-бүлөгө көңүл буруп, өз балдарынын жана канча окуучусу болсо ,ошончо баланын апасы де.

  • Миргүл. Туура айтасыз.

Мугалим бул экинчи бир ата-эне

Бүт эмгекти белендейт ал берээрде

Мен ушуну өйдө коюп айтмакмын

Кайсыл кесип улуу десе эгерде

Мугалим-жарык берген Күн.

Мугалим –жашоо берген Эне.

Мугалим –билим жолундагы кеме.