ыНоокат шаарына карашуу Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин
2023-2024-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын
ТОКТОМУ
Ноокат шаары 25.06.2023-жыл
Каралуучу маселе:
1. 2023-2024-окуу жылынын күз-кыш мезгилдерине даярдык
2023-2024-окуу жылынын күз-кыш мезгилдерине даярдык боюнча мектеп директору Т. Калмурзаева сөзгө чыкты. Ал 2023-2024-окуу жылына карата от казандардын абалы жөнүндө маалымат сурады. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Я. Касимов сөзгө чыкты: Быйлыкы жылы эски от казан бузулуп жаңы от казан жана кошумча от казан шаар мэриясы тарабынан курулду. Келе жаткан күз-кыш мезгилине карата от казандар даяр. Текшерүү жүргүзүп от казандын ичиндеги секцияларына суу берилип текшерилди. Эч кандай суу тамган жери болгон жок. Керектүү шаймандар толугу менен бар деп сөзүн аяктады.
Жогорудагыларды эске алып төмөнкүдөй чечим кылабыз:
2023-2024- окуу жылдарынын кышкы сезонуна мектеп отканасы даяр, абалы жакшы.
Мектеп директору: Т.Ж.Калмурзаева
Ноокат шаарына карашуу Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин
2023-2024-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын
ТОКТОМУ
Ноокат шаары 15.08.2023-жыл
2023-2024-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча мектеп директору Т.Ж.Калмурзаева сөзгө чыгып: 2023-2024- окуу жылына даярдык боюнча Ноокат шаар мэрисына от казанды жаңылап берүү жөнүндө сураныч кат менен кайрылып, мектепти жылытуу үчүн жаңы жана кошумча от казан курулду. Убагында от казан текшерүүдөн өткөрүлгөн.
Кошумча сөзгө чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Я.Касимов чыгып быйылкы кышка даярдык боюнча аайтып өттү. От казанга, жылытуу системасына суу толтуруп, от казанга от жагып сыноодон өткөрдүк. Суу тамчылаган жер жок. Бир гана насос ремонт болуш керек жарылып калган.
Көмүр боюнча тендер өтөрүлгөн. Бирок көмүр келип түшө элек.
Организатор тарабынан ар бир класс жетекчилерге техникалык коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтар жеткирилип класстарга тарбиялык сааттарды өтүү жагы айтылды.
Жогорудагыларды эске алып төмөнкүдөй чечим кылабыз:
1.Мектептин жылуулугун көзөмөлдөөнү камсыз кылуу мектептин завхозу Я.Касимовго милдеттендирилсин.
2.Техникалык кооопсуздук эрежелерин тушүндүрүү жагы класс жетекчилерге жана көзөмөлдөө жагы организатор С.Турсункуловага жүктөлсүн.
3. Көмүрдүн сапаттуу, убагында келип түшүү жагы Ноокат шаардык мэриясынан суралсын.
Мектеп директору: Т.Ж.Калмурзаева
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ Ноокат районун билим берүү бѳлуму Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби 723400 abdullaev.mek 2018@mail.ru | | МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Ноокатский районный отдел образования средней школы имени Абдусаттара Абдуллаева 723400 abdullaev.mek 2018@mail.ru |
Ноокат шаары _____-___________ 2019-жыл
№_____
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунда ыйгарым укукутуу өкүлүнүн 2019-жылынын 03-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 02-майындагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдын куз-кыш мезгилине даярдоо жөнундө №210 токтомун ишке ашыру жөнүндө №312-б буйругун аткарууга алуу жөнундөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-июнундагы №148-б буйругун жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 01-июлундагы №121 буйругун аткарууга алуу тууралуу
2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата экономикасынын тармактарынын жана калкын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин электр энергиясына ,отун ресурстарына керектөөлөрун камсыздоо,ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин жылытуу мезгилине өз убагында даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунда ыйгарым укукутуу өкүлүнүн 2019-жылынын 03-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 02-майындагыКыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдын куз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө №210 токтомун ишке ашыру жөнүндө №312-б буйругун аткарууга алуу жөнундөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-июнундагы №148-б буйругун жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 01-июлундагы №121 буйругун аткарууга алуу максатында:
Б У Й Р У К К Ы Л А М Ы Н:
1. 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата экономикасынын тармактарынын жана калкын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин электр энергиясына ,отун ресурстарына керектөөлөрун камсыздоо,ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин жылытуу мезгилине өз убагында даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунда ыйгарым укукутуу өкүлүнүн 2019-жылынын 03-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 02-майындагыКыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдын куз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө №210 токтомун ишке ашыру жөнүндө №312-б буйругун аткарууга алуу жөнундөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-июнундагы №148-б буйругун жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 01-июлундагы №121 буйругу аткарууга жана жетекчиге алынсын.
2.Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебин 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штаб (тиркеме 1) тузүлсүн жана штабдын отурумуну ай сайын өткөрүлүп чечимдер кабыл алынсын.
3. Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебин 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (тиркеме 2) тузүлсүн жана бекитилсин.
4.Буйруктун аткарылышын аткаруу жагын озүмо калтырамын.
Абдусаттар Абдуллаев атындагы
орто мектебинин директору: Б.Мамажанова
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2019-жылдын ____________
№___ буйругуна ___ тиркеме
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын курамы.
1.Б.Мамажонова-мектеп директору,штабдын төрайымы,
2.Н.Жусупова-окуу бөлүмүнун башчысы,штабдын төрайымынын орун басары,
3.Т.Калмурзаева-организатор,штабдын катчысы,
Мүчөлөрү:
4.Я.Касимов-завхоз,
5.Ку-профком
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2019-жылдын ____________
№___ буйругуна ___ тиркеме
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы.
| № | Аткарылуучу иштин мазмуну | Мөөнөтү | Жооптулар |
| 1 | Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилдеринде иштөөгө даярдоо боюнча мектепке келген буйруктарды иштеп чыгуу | Июль,август | Мектеп администрациясы |
| 2 | Мектепте 2019-2020-окуу жылынын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу | Июль,август | Мектеп администрациясы |
| 3 | Мектептин чатырчаларын өрткө каршы суюктуктар менен иштетүү | 15-20-авгуска чейин | Мектеп администрациясы |
| 4 | Көмүр сакталуучу жайларды ремонттон чыгаруу | Айгуст айынын аягына чейин | Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары |
| 5 | Жылуулук өткөрүлүүчү трассалардын абалын текшерүү менен жараксыз абалга келгенин жаңылоо | 15-августка чейин | Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары |
| 6 | Электр жабдууларын карап чыгуу жана жараксыз абалга келген электр өткөргүчтөрүн алмаштырып жаңылоо.Электр өткөргүчтөрүнүн кесилишин электр чыналуусун өткөрүүгө шайкеш келтирүүгө өзгөчө көңүл буруу | 15-августка чейин | Мектеп директору,штаб мүчөлөрү |
| 7 | Жылытуу тутумдарынын иштөөсү жана жылытуу өнөктүгүнө даярдыгы боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын акттарын түзүү, аны билим берүү бөлүмүнө тапшыруу | Онүкүк мезгили башталганга чейин | Туруктуу иштөөчу штабдар |
| 8 | Мектепти ремонттон чыгаруу,ашкана эмеректери менен аларды толуктоо | Ар дайым | Мектеп директору |
| 9 | Отканаларды иштөөгө карата даярдыгына сыноо жүргүзүү,көмүрканаларды толугу менен кайрадан оңдоодон өткөрүү.Печкалардын суу жиберүүчү насостордун иштөөсүн кароо.Акттарды түзүү. | Сентябрь | Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. |
| 10 | Отканаларда иштеген от жагуучулардын иштөө шарттарын жакшыртуу,откана жайгашкан жердин айланасын санитардык гигиеналык абалын канааттандырарлык абалга келтирүү | Сентябрь айында | Мектеп директору,штаб мүчөлөрү |
| 11 | Көмүр жана электр энергиясын нормага ылайык берилиши боюнча тиешелүү уюмдар менен биргеликте иш алып баруу. | Сентябрь айында | Мектеп директору,штаб мүчөлөрү |
| 12 | Буйрукта көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу,кыш-күз мезгилинин даярдыгы жөнүндө маалыматты НРБББнө берип туруу | Сентябрь,октябрь айларынын 15 күндө | Мектеп директору,штабдынь мүчөлөрү |