Просмотр содержимого документа
«Ден соолук жана адеп»
Ден соолук жана адеп.
Сабактын максаты:
1. Адамдын ниетинин, адебинин ден соолукка таасири жонундо тушунук алышат.
2. Озунун ден соолугуна кам коруу керек экендигин тушунот.
3. Ан сезимдуулукко, сергек жашоо мунозуно умтулуусуна оболго тузот.
Сабактын жабдылышы: ден соолук жонундо учкул создор жазылган плакат.
Сабактын журушу:
I. Уюштуруу:
Аптечкабызда эмне бар? А эмне болуш керек эле?
II. Киришуу учун суроолор:
Ден соолук жонундо откон мурдагы сабактарыбыздан канчалык билим алганынарды томонку суроолор менен текшерип королу.
- Ооруганда созсуз дары колдонуу керекпи?
- Оорунун алдын алуу учун эмне кылуу керек?
- Сенин ден соолугуна эн жоопкер адам ким?
- Эмне учун Кыргызстанда журок-кан тамыр оорулары менен ооругандар кобойуп жана жашарып баратат деп ойлойсунар?
III. Жаны теманы баяндоо:
«Озун айыктыра албаган адам-акылсыз» (Сенека).
Адамдын оюнун, эмоциясынын, жашоосунун туура же туура эмес уюштуруусунун, адеп-ахлагынын ден соолукка таасири барбы?
Коптогон медициналык илимий изилдоо борборлрдун изилдоолоруно караганда онокот оорулары бар адамдардын дарты менен оюнун, адебинин, кылмыштуу иштеринин ортосунда себеп-натыйжа байланыш бар:
Каржы абалы боюнча(байлыкка жетпедим деп) ото кайгырган адамдардын, алы жетпеген жумушта иштеген, иши ото оор адамдардын аркасы, бели оруйт;
Келечектен коркууну жене албагандардын буту ооруйт;
Оз алдынча чечим чыгарып, аны жузого ашыра албагандардын тишинин эти ооруйт;
Озунун жанылыштыгына башкаларды куноолоп, жашыруун таарынычы бар, ийкемдуу ой жугуртууго жондомсуз адамдардын тамагы ооруйт;
Ачуусу чукул, каардуу, куйколоктогон адамдардын боору ооруйт;
Башкаларга устомдук кылгысы келген, аларды козомолдогусу келген адамдардын(падагра) муундары ооруйт;
Кубанганды билбеген, жашоодон ырахат албаган адамдар журок оорусунан жабыр тартышат;
Эски таарынычын унута албаган, озун жана башкаларады кечире албаган адамдарда шишик пайда болот;
Консервативдуу, уу тилдуу, заардуу, жанга тийуучу создорду суйлогон, откон жаман эмоцияларын унутпаган адамдар запордон азап чегишет;
Келиндин онокот таарынычы болсо, баласы оорулуу болот;
Ушак айтуучулардын, сын тагуучулардын тиши эрте тушот;
Агрессивдуу адамдардын психикалык проблемалары коп болот, кан басымынын жогорулашы, инфаркт, инсульт болушу мумкун;
Куноолуу сезимдери бар адамдардын (ал ыймансыздыктан, ынсапсыздыктан, кара муртоздуктон) денеси, булчундары, тарамыштары ооруйт, чарчайт;
Коро албастык, ичи тардык- истерия нерв ооруларынын себеби болушу мумкун. Ичи тардыктан жинди болуп кеткендер бар;
Эки жуздуулуктун «кесиптик дарты» - кант диабети, калкан безинин жана бойроктун устундогу бездин бузулушу;
Киши олтургон, ырайымсыз адамдардын тиши эрте тушот, буту,колу коп чыгат, когорот, коп ооруйт;
IV. Жыйынтыктоо:
Адамдын психикасынын анын ден соолугу менен байланышы бар экендигин Франц Месмердин жана Зигмунд Фрейддин эксперименти аркылуу биринчи болуп далилденген. Терс эмоциялуу, жаман ойлуу адамдардын организми адреналин, шал кылуучу кислота,ацето-уксус кумурска жана сут кислотасын коп иштеп чыгарат. Алар организмдеги зат алмашуусун начарлатат, анда клеткалар тез картаят , олот.
Ойду озгортуу менен оорудан айыкса болот. Аны учун адебинерди ондогула, ыймандуулукка умтулгула, жакшы адам болгула, ошондо гана озунор жонундо оюнар жакшы болот. Ички (жан) дуйнонор тазарса гана денинер соо болот