Просмотр содержимого документа
«Дилбаяндын түрлөрү»
Дилбаян жазуу
Дилбаян- өз оюн чыгармачылык менен жазуу формасында ишке ашыруу ишмердиги.Чыгарманы жазып жаткан (окуучу) автордун пикирин , ички сезимдерин, ой толгоолорун чыгармачылык менен кагазга түшүрөт.
Жалпысынан алганда дилбаяндардын ар кандай түрлөрү бар: баяндоо,аңгеме, отчёт, түшүндүрүү,процедура жана сүрөттөө.
Баяндоо : Мисалдар өз ичине окуяларды, жомокторду ж.б камтый алат.
-Айлана –чөйрөдөгү абал менен таанышуу, каармандар менен таанышуу
-Башкы каарман катышкан окуялардын иреттүүлүгү
-Башкы каарман кабылган кыйнчылыктар, көйгөдүн чечилиши
-Идеяларды бириктирүү.
-Аңгеменин автору катары баа берүү
Аңгеме : Мисалдар өз ичине күндөлүктөрдү, журналды, газеталык макалаларды камтышы мүмкүн.
-Бардык туура келген негиздерди ачык багытта киргизүү
- Маанилүү окуяларды майда –чүйдөсүнө чейин сүрөттөө
-Өткөн чакта баяндоо
-Кыскача макаланын автору катары баа берүү
Отчёт :Өз ичине илимий отчётторду, тарыхый отчётторду,фактыларга негизделген ар кандай текстерди камтыйт
-Жалпы классификациялоочу ырастоодон башталат
-Так жана толук сүрөттөө
-Көркөм тилди эмес, фактылар тилин колдонуу
-Үчүнчү адамдын атынан баяндоо
Түшүндүрмө :Өз ичине кайсы бир нерсенин “эмнеликтен” же “кантип” болуп жатканын түшүндүрмө берген ар түрдүү текстти камтыйт.
-Так ырастоодон же аныктоодон башталат.
-Зарыл болгон учурда предметке байланышкан терминдерди, техникалык терминологияны өз ичине камтыйт
-Учур чакты пайдалануу
-Себеп , натыйжаларды байланыштыруучу сөздөрдү пайдалануу
Процедура :Өз ичине оюндун эрежелерин, рецептерди, конструкцияларды жыйноо боюнча колдонмолорду ж.б камтыйт
-Процедуранын максаттарынын ачык жана так коюлушу
- Усул толук жана логикалык ыраатуулукта берилген
-Предметке байланышкан терминологичя колдонулат
-Учур чакты колдонуу
Сүрөттөө :Үлгүлөр маселени изилдөөн, “макул же каршы “ деген аргументтерин келтирүүнү каалган эссени өз ичине камтыйт
-Теманы жалпылап көрсөтүүчү кириш сөздөн башаталат
-Логикалык ыраатуулукка “макул же каршы” аргументтерин келтирүү
-Ар бир аргументти бекемдөөчү далилдерди келтирүү , жаксыз стилди колдонуу
-Ар бир жаңы ой колдоого алынып, өзүнчө абзацка жазылат
Маалымат булагы: Жазуу көндүмдөрүн баалоо