Тесттик суроолор . Диндерд. өнүг. тарыхы. 9-кл.
1. Дуйнолук эн чон диндер кайсылар? а). Иудаизм, Шаманизм, Буддизм б) . Ислам, Буддизм, Христиан в). Христиан, Табу, Шинтоизм
2. Дин деген эмне? Аныктама жазгыла.
3. Буддизм дини канчанчы кылымда пайда болгон ж-а кайсыл жерде?
а ) б.з.ч. 6- кылымда Индияда , б ) б.з.ч. 7-кылымда Кытайда, в) б.з.ч. 4-кылымда Римде
4. Буддизм динин ким негиздеген?
а) Санньяса , б ) Брахминдер, в ) Будда
5 . Будданын оз аты ким?
а ) ашрам, б ) Сидхарта Гаутама, в ) Тхеравада
6. Буддизмдин ыйык китеби кайсылар?
7. Буддизмдин агымдары кайсылар?
а) Хинаяна ж-а Махаяна, б ) Самсара , Махасангхика, в ) Дхарма
8 Буддизмдин ибадатканасынын аты кандай?
А ) Виная б ) Пагода ( бут уйу) , в) Махаяна
9. Христиан дини качан жана кайсыл жерде пайда болгон?
А )б. з. 1-кылымында Палестинада, б ) б.з. 2-кыл. Антакьяда, в) б.з.3-кыл. Грецияда
10. Христиан динин негиздоочусу ким?
А )Марьям, б ) Ыйык Ата, в ) (Иисус Христос) Иса
11. Христиандар кандай Кудайга ишенишет?
а ) Ыйык Рух, Иса ,Поптор, б ) учтилик ( Ата Кудай, Уул Кудай, Ыйык Рух), в) Диакондор, Епископтор
12. Христиандардын ыйык китеби?
А) Инжил, б ) Куран, в ) Виная Питака
13. Христиандардын ибадатканасы эмне деп аталат?
А ) Пагода, б ) чиркөө , в) мечит,
14. Христианчылыкта чиркөөдө аткарылуучу ибадаттар эмне деп аталат?
А ) Паска, б ) Католик, в ) Сакрамент
15. Исанын диний ишмердуулугу канча жашында башталып, канча жылга созулган?
А ) 29 жаш, эки жылга, б ) 35 жаш, эки жылга, в ) 30 жаш, уч жылга
1.Динсиз маданият ѳнүгѳ алабы?
а) ооба ѳнүгѳ берет; б) жок маданият менен дин дайыма биргеликте ѳнүккѳн;
в) диндерде ар түрдүү маданияттар чагылдырылган.
2. Дин түшүнүгүн биринчилерден болуп кимдер изилдеген?
а) И.Кант, Гегель; б) Достоевский, Соловьев, Бердеяв; в) Вольтер, Дидро, Гольбах.
3. Дүйнѳлүк диндерге кайсылар кирет?
а) джайнизм, даосизм, конфицийчилик; б) буддизм, христиан, ислам; в) иудаизм, индуизм, синтоизм.
4. Моноатеистик диндер кайсылар?
а) христиан, ислам, иудаизм; б) буддизм, индуизм, конфицийчилик; в) джайнизм, даосизм, синтоизм.
5. Дин таануудагы терминдердин жана түшүнүктөрдүн классы эмнени чагылдырат?
а) жалпы философиялык категорияларды;
б) логикадагы, этикадагы, эстетикадагы терминдерди;
в) дин таануу илиминде колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү;
г) илимий түшүнүктөрдү.
6. Динди изилдөөдөгү каузалдык талдоо эмнени изилдейт?
а) Библия менен Куранды; б) себептик-натыйжалык мамилелерди;
в) диндин тарыхын; г) теологияны.
7. Ким динге карата илимий аныктама берүүдө диалектикалык-материалисттик багыттагы көз карашта болгон?
а) Дюркгейм; б) Вебер; в) Маркс; г) Фрейд.
8. Дин таануудагы тарыхый усул динди кайсыл позицияда изилдейт.
а) жаралуу жана алсыздоо; б) диндин пайда болуусу жана өнүгүүсү; в) коомдогу жашоосу жана ролу; г) тарыхка тийгизген таасири.
9. Дин таануудагы типологиялык усулдун башкача аталышы:
а) герменевтика; б) окшоштук; в) ар түрдүүлүк; г) классификация.
10. Феноменологиялык усулдун негизги милдети эмнеде?
а) динди сезимдин жардамы аркылуу түшүнүүдө; б) диний көрүнүштөрдүн жана кубулуштардын универсалдуу курамын талдоодо;
в) өзүнүн тарыхын аныктоону; г) көрүнүштөрдүн маанисин аныктоодо.
1. Алгачкы диний ишенимдеринин формаларынын бири, португал тилинде сөзмө-сөз «магиялык буюм» дегенди түшүндүрөт, ал кайсы сѳз?
а) фетишизм; б) анимизм; в) тотемизм; г) магия;
2. Адамдардын өздөрүнүн келип чыгуусун кайсыл бир жаныбарларга байланыштыруусу жана ошол жаныбарлардын ыйыктыгына болгон ишеним кандайча аталат?
а) магия; б) антропоморфизм; в) тотемизм; д) фетишизм;
3. Алгачкы мезгилдерде эле адамдардын диний ишенимдеринин болгондугун төмөндөгүлөрдүн кайсынысы далилдеп турат?
а) алгачкы адамдардын сөөк коюу тажрыйбасы;
б) homosapiensти кийинки жашоого даярдоо ритуалдары;
в) палеолит доорундагы байыркы аска бетиндеги сүрөттөр;
г) байыркы сүрөттөрдөгү найзалардын издери.
4. Алгачкы адамдардын дүйнөнүн, курчап турган табияттын, адамдардын ж.б. пайда болуусун түшүндүрүүгө болгон аракеттери кандайча аталат?
а) космология; б) мифология; в) антропогония; г) философия;
5. Анимисттик ишенимдерге деталдык талдоо жүргүзгөн англиялык окумуштуу ким?
а) Гершун В.И.; б) Горячева В.Д.; в) ТайлорЭ.; г) Руссо Ж.Ж.;
6. Үйүлгөн таштардан турган байыркы кыргыздар үчүн ыйык деп саналган жай эмне деп аталган?
а) алтарь; б) монотеизм; в) политеизм г) обоо;
7. Түштүк Кыргызстандагы уникалдуу сакралдык объект, ыйык деп саналган тоонун аталышы кандай?
а) Күнгрөмө; б) Ала-баш-ата ; в) Сулайман-Тоо. г) Таш –Төбө;
8. Ыйык деп саналган дарылык касиети бар булактарды кыргыздар эмне деп аташкан?
а) жашоонун булагы; б) арашан; 46 в) «ысык суу»; г) булак
9. Көчмөндөр чөлдүү аймактарда кокусунан өсүп калган жалгыз түп даракты ыйык деп санашкан, ошол эле учурда ал кандай максатта колдонулган?
а) ритуалдык объект катары; б) жолдун багытын аныктоо жана эс алуу үчүн; в) дарактардын жана бадалдардын культу; г) уктоочу жай катары.
10. Бардык ыйык жайлар – тоолор, булактар, көлдөр, дарактар – кыргыз урууларынын уруулук ыйык жайлары катары саналышкан, бирок жер титирөө, сел каптоо сыяктуу табигый кырсыктар болуп өткөндө алар кимге карата курмандык чалышкан?
а) тоонун ээсине; б) ак тайлакка; в) булактын ээсине; г) Жер-Суу кудайына.
11. Табият ынанымы менен байланыштуу байыркы түшүнүктөрдүн бири, асман ынанымы, анын аталышы кандай? а) Теңирата; б) Кут; в) Умайэне; г) Аллах;
12. Кыргыз элиндеги от ынанымы байыркы түшүнүктөрдүн кайсынысы менен тыгыз байланыштуу болгон? а) үй-бүлөлүк туугандык ынаным; в) от жарыктын символу; б) сууктан сактануу; г) оттун тазартуучу жана дарылык касиеттерине ишеним
13. Аластоону кыргыздар кандай учурда колдонушкан? а) төлгө ачууда; б) тазартууда; в) көчүүдө; г) аңчылыкта;
14. Умай эне негизинен кимдердин колдоочусу жана коргоочусу катары саналган? а) аялдардын; б) эркектердин; в) балдардын; г) карылардын.
15. XI кылымда Кайсы перс тарыхчысы кыргыздардын диний ишенимдерин сүрөттөп жазган? а) Гардизи; б) Фирдуоси; в) Омар Хаям; г) Гаванями.
16. Шаман-бакшылар негизинен кандай ооруларды дарылашкан? а) жугуштуу ооруларды; б) жин ооруларды; в) жүрѳк ооруларын; г) ички дарттарды.
17. Кыргыздар өздөрү жашаган тоолордогу ача туяктуу жапайы жандыктарга өзгөчө маани беришкен жана аларды кимдин малы катары эсептеген? а) кудуреттин малы; б) элдин малы; в) теңирдин малы; г) ырыскынын малы.
18. Кыргыздардын ишениминде малдын кар жилиги эмнеден сактайт? а) көз тийүүдөн; б) уурудан; в) жамандыктардан; г) тери ооруларынан.
19. Ооруларды айыктыруучу дарылык касиетке ээ болгон буюм кайсы буюм эле? а) көз мончоктор; б) тумарлар; в) малдын кар жилиги; г) карышкырдын чүкөсү.
20. Жаан же кар жаадырып, шамал чакырып ж.б. табият кубулуштарын өзгөртүүчү жайчылык өнөр эмненин жардамы менен жүргүзүлгѳн? а) жай ташынынын; б) чүкѳнүн; в) май ташанан; г) камчынын.
Буддизм дини боюнча тесттик тапшырмалар.
1. Буддизм алгачкы дүйнөлүк дин катары качан пайда болгон?
а) б.з.ч. IV к. б) б.з.ч. VII к. в) б.з.ч. V к. г) б.з.ч. VI к.
2. Анын негиздөөчүсү ким?
а) Сидхартха Гаутама; б) Ашока; в) Будда; г) Далай Лама.
3. Буддизмдеги сансарапринциби эмнени билдирет?
а) акыретке кетүү принцибин; б) кайра жаралуу принцибин; в) тозокко кетүү принцибин; г) бейишке кетүү принцибин;
4. Буддизмдеги«карма» түшүнүгү кайсы идеяга таянат?
а) кайра жаралуу идеясына; б) тагдыр идеясына; в) жазмыш идеясына; г) чындык идеясына.
5. Буддизмдеги «дхарма» түшүнүгү эмне дегенди билдирет?
а) узун жол; б) кыска жол; в) таза жол; г) туура жол.
6. Буддизмдеги башкы максат эмне болуп саналат?
а) кайра жаралуулардын чынжырчасына чыгуу; б) напсини кѳзѳмѳлдѳѳ чегине чыгуу; в) кудайлардындеңгээлине чыгуу; г) аскеттик жашоо деңгээлине чыгуу.
7. Алгач буддизм кайсы династиянын мамлекеттик динине айланган?
а) Ашока династиясынын; б) Маурьлар династиясынын; в) Шакья династиясынын; г) Амитабенидинастиясынын;
8. Буддизимдин мифологиясында кимдер ѳзгѳчѳ орунду ээлейт?
а) Периштелер; б) Кальпалар; в) Буддалар; г) Драхмалар.
9. Буддалык космология боюнча ар бир будданын мыйзамынын ѳзгѳчѳ күчү канча жылга жетет?
а) 600 жылга гана жетет; б) 400 жылга гана жетет; в) 300 жылга гана жетет; г) 500 жылга гана жетет.
10. Буддизмдин негизги принциптери кайсы осуяттарда камтылган? а) Бенарес осуяттарында; б) Жаңы осуяттарда; в) Эски осуяттарда; г)Улуу осуяттарда.
11. Бенарес осуяты боюнча жашоодо канча улуу чындык бар деп эсептелинет?
а) эки улуу чындык; б) төрт улуу чындык; в) үч улуу чындык; г) беш улуу чындык.
12. Азап тартуудан кутулуу үчүн Будда нирванага алып келүүчү кандай жолду сунуштаган?
а) жогорку жолду; б) ылдыйкы жолду; в) ортоңку жолду; г) оңой жолду;
13. Азап тартуулардан кутулуунун сегиз кырдуу жолун атап бер:
14. Ар бир тирүү жандык кандай абалда жаралышы мүмкүн?
а) рух катары, адам катары, жаныбар катары, кудай катары б) в) г)
15. Хинаяна багытындагы философтор кандай эки чындыкты негиздеген?
а) жашоо бул азап тартуу, адамдардын ишмердүүлүгү жана адашуулары азап тартуулардын башкы себеби;
б)жашоо керемет, адамдардын жакшы болушу анын башкы себеби;
в) жашоо татаал, адамдардын жаман болушу анын башкы себеби;
г) жашоо бул азап чегүү, ага коомдун туура эмес ѳнүгүшү себепчи.
16. Кайра жаралуунун айлампасынан чыгуунун кандай эки шарты бар?
а) «жашоонун мыйзамдары» менен жашоо жана жаратуучуга сыйынуу;
б) «жогорку акылмандыкка» ээ болуу жана Будданын жолун жолдоо жана медитация.
в) «коомдун мыйзамдары» менен жашоо жана Буддага сыйынуу;
г) «акылмандардын жолун жолдоо» жана драхмага баш ийүү.
17. Тарыхый эволюциянын жана өнүгүүнүн негизинде буддизмде кандай эки негизги багыт калыптанган?
а) сансара жана драхма; б) карма жана хинаяна; в) хинаяна жанамахаяна; г) махаяна жана карма.
18. Чань – буддизмдин негиздѳѳчүсү болуп ким эсептелет?
а) Джамбудвипада; б) Махакальпа; в) Вайрочана; г) Бодхидхарма.
19. Йога практикасы буддуистик кайсы окууда кеңири колдонулуп, нирванага медитациянын жардамы менен жетүү мүмкүнчүлүгүнө басым жасалган?
а) Тантризм окуусунда; б) Дзен буддизм окуусунда; в) Чань-Буддизм окуусунда; г) Хинаяна окуусунда.
20. Азыркы учурда бүткүл дүйнө боюнча буддистердин саны дүйнө калкынын канча пайызын түзөт?
а) 18%ын б) 6-7%ын в) 13%ын г) 33%ын
21. Буддисттердин Бүткүл дүйнөлүк бир туугандык уюму качан түзүлгѳн?
а) 1940-жылы; б) 1949-жылы; в) 1945-жылы; г) 1950-жылы.
22. Болжол менен Шри-Ланкага буддизм кайсы мезгилдерде келген? а) б.з.ч. 250-жылы; б) б.з.ч. 255-жылы; в) б.з.ч. 252-жылы; г) б.з.ч. 256-жылы;
23. Индокытай жарым аралынын жашоочуларынын канча пайызга жакыны буддизм динин карманышат?
а) 70%га; б) 80%га; в) 75%га; г) 85%га.
24. Буддизм Орто Азия аймагына качандан баштап келген?
а) б.з. алгачкы кылымдарында; б) б.з. V кылымдарында; в) б.з. IV кылымдарында; г) б.з. VI кылымдарында;
25. Батыш түрктөрдүн каганы Таншеху Ысык-Көлдүн боюндагы ордосунда Кытайдан келген буддист кечил Сюань Цзанды кайсы жылы кабыл алган?
а)620-жылы; б) 630-жылы; в) 625-жылы; г) 635-жылы
1-ВАРИАНТ
1. Кайсыл байыркы сектанын окуусуна христиан динин негиздери камтылган?
а) садуккейлердин; б) фарисейлердин; в) самаритяндардын; г) ессейлердин
2. Кайсыл тарыхый булактарда христианчылыкка жакын болгон байыркы секталар баяндалат?
а) Кумрандык кол жазмалар б) Библия; в) Инжил; г) Апостолдордун кайрылуулары.
3. Иусус кайсы шаарда төрөлгөн?
а)Кумран; б) Назарет; в) Вифлеем г) Иерусалим.
4. Христиан дининдеги негизги үч багытты белгилегиле:
а) католицизм; б) баптизм; в) православие; г) протестантизм.
5. Кайсыл жылы христиан дини эки негизги багытка бөлүнгөн?
а) 325; б) 950; в) 610; г) 1054.
6. «Библия» деген сөздүн котормосу эмнени түшүндүрөт?
а) Кудайга баш ийиүү; б) Кудайга ишенүү; в) китептер; г) жакшы кабар.
7. Кайсыл Осуяттар христиан дининде чындык катары кабыл алынат?
а) Эски Осуят гана; б) эч бири таанылбайт; в) Жаңы Осуят гана; г) Эски жана Жаңы Осуяттар тең.
8. Христианиндин жашоодогу башкы максаты кайсы?
а) өзүн-өзү таанып билүү; б) Кудайды таанып билүү; в) жан-дүйнөсүн (рухун) сактоо; г) тынчтыкты сактоо;
9. Декалог деген эмне?
а) Библиядагы шаардын аты; б) христианчылыктагы он осуяттын аталышы; в) христиандардын юридикалык ченемдеринин (нормаларынын) топтомунун аталышы; г) бул сөздүн христиан динине тиешеси жок.
10. Апостолдор кимдер болушкан?
а) Христостун жолун жолдоочулар жана шакирттери; б) Палестинадагы уруу башчылары; в) Христостун алдындагы христиандык жааматтардын башсчылары; г) христиандык кечилдер.
11. Кайсыл кылымда христиан дини Рим империясынын мамлекеттик динине айланган?
а) I к; б) III к; в) II к; г) V к.
12. Христосту аскан учурда ал канча жашта болгон?
а) 30; б) 33; в) 36; г) 39..
13. «Христиан дининдеги ишенимдин символдору» эмнени түшүндүрөт?
а) христиан динин канондоштурулган китептеринин бири;
б) дүйнөлүк Соборлордо кабыл алынган христиан окуусунун негиздери;
в) христиан дининдеги он осуят;
г) Библиянын башкача аталышы.
14. Христиан динин негиздери кайсыл байыркы динден келип чыккан?
а) даосизм; б) ислам; в) иудаизм; г) буддизм.
15. Кайсыл шаар үч дин үчүн ыйык саналат?
а) Мекка; б) Стамбул; в) Москва; г) Иерусалим.
16. Дүйнөдөгү бардык христиандардын башчысы ким?
а) эч ким эмес; б) Архиепископ; в) Рим Папасы; г) Архимандрит;
17. Православиядагы монастрдын башчысы ким деп аталат?
а) патриарх; б) архимандрит; в) игумен; г)епископ.
18. Эски Осуяттын баштапкы тексти кайсыл тилде жазылган?
а) байыркы еврей тилинде; б) байыркы латын тилинде; в) байыркы грек тилинде; г) иврит тилинде.
19. Кыргызстандын аймагында христиандар качан пайда болушкан? а) II к.; б) I к. экинчи жарымында; в) III к.; г)I к. башында.
20. ХIХ к аягында Кыргызстанга келишкен христиандар кайсыл чиркөөгө таандык болушкан?
а) православдык жана католиктик; б) яковисттик и армян-григориандык; в) жогорулардын бардыгы; г) алардын эч бир чиркөөгө тиешеси болгон эмес.
2-ВАРИАНТ
1. Революцияга чейинки мезгилде Кыргызстандын аймагында бардыгы болуп канча првославдык храмдар менен сыйынуу үйлөрү курулган?
а) 100 ашык; б) 90; в) 76; г) 99.
2. «Католиктик» деген терминдин так мааниси эмнени түшүндүрөт?
а) күнөөсүз; б) христиандык; в) бүткүл дүйнөлүк; г) чыныгы.
3. Алгачкы крестүүлөр жортуулдарынын идеологиялык платформасы?
а) Палестинаны жана Кудайдын Табытын мусулмандардын бийлигинен бошотуу;
б) жаркын рыцарларды карыздарынан куткаруу жана Чиркөөнү байытуу;
в)Батыш жана Чыгыш Чиркөөлөрүн бириктирүү;
г)башка диндегилерге карата ыйык согуш.
4. Өлкөнүн демократиялашуусу православ дин өкүлдөрүнө кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди?
а) Храмдардан жана чиркөөлөрдөн тышкаркы аймактарда үгүт иштерин жүргүзүүгө;
б) телевидение, радио, ММКлар аркылуу калк менен түз байланышууга;
в) көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда христиандык майрамдарды ачык массалык түрдө өткөрүүгө;
г) жогорудагылардын баары тең.
5. Римдик католиктердин окууларындагы православиялыктардын окуусунан башкы теориялык ажырымды жараткан окуу?
а) Папынын ыйыктыгы жана үстөмдүгү;
б) жеке кутуулунун мүмкүн эместиги;
в) Ыйык Рухтун Атадан жана Баладан чыгуусу;
г) ДеваМариянын күнөөсүз боюна бүтүүсү.
6. Батыш Европадагы кеңири жайылган христиан ишеними?
а) православие; б) католицизм; в) протестантизм; г) буддизм.
7. Католик чиркөөсүнүн башчысы?
а) патриарх; б) муфтий; в) Рим папасы; г) Далай лама
8. Негизги католиктик ритуалы?
а) хуал; б) месса в) намаз; г) сыйынуу.
9. V-X кк. аралыгында христиан окуусу Согдианын, Бактриянын, Парфиянын, Фергананын, Маверанахрдын, Кушан империясынын калктуу пункттарында кеңири тарагандыгын эмнелер так көрсөтүп жана далилдеп турат?
а) христиандарга таандык болгон эстеликтерден турган археологиялык табылгалар;
б) храмдардын жана монастырлардын урандылары, христиандарга таандык көрүстөндөрдүн табылышы;
в)Инжилдеги окуялар сүрөттөлгөн керамикалык жана металлдан жасалган жасалгалар; г)жогорудагылардын бардыгы.
10. Православ дин өкүлдөрүнүн Кыргызстан маданиятына кошкон башкы салымы – бул:
а) системаалуу баштапкы билим берүүнү уюштуруудагы кошкон салымы;
б) Орто Азиядагы кайрымдуулук иштерин уюштуруусу;
в)миссионердик ишмердүүлүгү;
г) жергиликтүү калкка диний жана светтик газета-журналдарды кеңири таратуусу.
11. Католик чиркөөсүнүн башка ишенимдегилерди католик динине өткөрүүгө жана чиркөөдөн бөлүнүп кеткендерди кайрадан католик ишенимине кайтарууга багытталган ишмердүүлүктүн формасы?
а) инквизиция; б) миссионердик; в) кресттүүлөр жортуулу; г) адвент.
12. Кайсыл сырдуулуктар бардык христиандарга таандык?
а) причащение жана крещение; б) тобо келтирүү жана миропомазание; в) соборование жана ыйыктык г) нике жана жогорудагылардын бардыгы.
13. XIX к. орто ченинде Орто Азиянын Россия империясына карамагына өтүшү менен кайсыл православдык уюм түзүлгөн?
а) Түркстандагы Орус Православ чиркөөсүнүн епархиясы;
б) Кыргызстандагы Орус Православ чиркөөсүнүн епархиясы;
в)Бишкектеги Орус Православ чиркөөсүнүн епархиясы;
г)Жети-Суудагы Орус Православ чиркөөсүнүн епархиясы.
14. Папанын резиденциясы жана католицизмдин борбору?
а)Авиньон; б) Ватикан; в) Мадрид; г) Милан.
15. Кыргызстандагы Орус Православ чиркөөсүнүн өкүлдөрүнүн азаюусу эмненин эсебинен болууда?
а) 2005- жана 2010-ж. Революциялардын кесепетинен;
б) өлкөдөгү дининй карама-каршылыктардын курчушунун айынан;
в) мыйзамдардын жана укуктукченемдердин (нормалардын) катаалдануусунан.
г) православ калкынын миграциясынын эсебинен;
16. Христиан дини каякта пайда болгон?
а)Рим империясынын аймагында; б) Түштүк Африкада; в) Байыркы Персияда; г) Байыркы Грецияда.
17. Христиан дининдеги конфессиялар кандай удаалаштыкта түзүлгөн?
а) Башында протестантизм пайда болгон, андан кийин православие бөлүнүп чыккан, акырында католицизм келипчыккан;
б) Башында христиан дини православияга жана католицизмге ажыраган, андан соң католицизмден протестантизм бөлүнүп чыккан;
в) Башында христиан дини католицизмге жана протестантизмге ажыраган, андан православия бөлүнүп чыккан;
г) Христиан дини бир эле учурда православия, католицизм жана протестантизмге бөлүнгөн
18. Кайсыл христиандык конфессия үчүн Ыйык Жазууга караганда Преданияга басым жасоо көбүрөөк мүнөздүү?
а)протестантизм үчүн б) католицизм үчүн; в) православия үчүн; г) эч бир конфессияга бул көрүнүш мүнөздүү эмес
19. Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү, Теплоключенкадагы, Караколдогу, Түптөгү, Беловодскийдеги, Токмоктогу, Пишпектеги алгачкы православдык приходдор качан негиделген?
а) 1860-1870-жж.; б) ХIХ-ХХ кк. аралыгында; в) 1990-жж.; г) ХХ к. башында
20. Кыргызстандын аймагындагы алгачкы шаардык храмдардын курулушу эмненин эсебинен жүргүзүлгөн?
а) дыйкандардын жардамдарынын эсебинен;
б)жергиликтүү көпөстөрдүн жана Россиялык ыктыярдуу жардам берүүчүлөрдүн эсебинен; в)мамлекеттин жана жергиликтүү мусулмандардын эсебинен;
г)жогорудагылардын баары.
1. Ислам дини кайсы жерде болгон? а) Меккеде; б) Аравия жарым аралында в) Мединада; г) Түркияда.
1. Мухаммед пайгамбар качан жана кайсы шаарда төрөлгөн? а);571-жылы Меккеде б); 569-жылы Багдадда в); 575-жылы Мединада г).590-жылы Египетте
2. Мухаммед пайгамбардын пайгамбарчылыгы канча жашында башталган? а) 23 жашында; б) 33 жашында; в) 40 жашында; г) 39 жашында.
3. Ислам дини Орто Азиянын аймагына качан келген? а) VII кылымда; б) VI кылымда; в) VIII кылымда; г) IХ кылымда.
4. Исламдын беш түркүгүн атап бер: 1); 4); 2); 5). 3);
5. Мусулмандардын ыйык жазуусу жана ыйык осуяттары кайсылар? а) Инжил менен хадистер; б) Библия менен осуяттар; в) Тоорат менен осуяттар; г) Куран менен Сүннөт.
6. Мусулмандын жашоосунун бардык ой-кырларын: диний жоболорду, культту, этиканы, социалдык мамилелерди жөнгө салуучу ченемдер эмне деп аталат? а) Шариат; б) Этикалык ченемдер; в) Моралдык ченемдер (нормалар); г) Укуктук жоболор. 194
7. Мусулман укугунун доктринасы (теориясы, окуусу) жалпы мусулман укугунун бардык ченемдерин (нормаларын) мазмунуна боюнча эки негизги топко классификациялайт:
8. Адамдын тигил же бул жорук-жосундарын баалоону камтуучу тѳмѳнкү көрсөтмөлөргѳ мүнѳздѳмѳ бер: Парз – Сүннөт – Мухоб – Макүрөө – Арам –
9. Азыркы учурда дүйнөнүн канча өлкөсүндө ислам дини мамлекеттик же расмий дин катары таанылган? а) 30 өлкөд;ө б)28 өлкөдө; в) 29 өлкөдө; г) 18 өлкөдө.
10. Ислам дининде канча мазхаб (диний-укуктук мектептер) болгон? а) эки; б) беш; в) үч; г) тѳрт.
11. Ислам дининин суннизм жана шиизм багыттарына бөлүнүп кетиши эмненин натыйжасында болгон? а)Шариат маселелериндеги пикир келишпестиктин натыйжасында; б) Хадистрер тууралуу талаш-тартыштардын натыйжасында; в)Халифатты башкаруу боюнча жүргүзүлгөн саясий күрөштүн натыйжасында; г) Жарандык согуштардын натыйжасында. 12. Кыргызстанда кайсы мазхаб расмий мазхаб катары таанылган? а) Ханафий мазхабы; б) Малики мазхабы; в) Ханбали мазхабы; г) Шафий мазхабы.
13. Ислам дини Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу кайсы кылымда кирген? а) VII кылымда; б)X кылымда; в) VIII кылымда; г) IХ кылымда.
14. Кыргызстандын кайсы шаарында 1910-жылы курулган мечит Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасы катары таанылган? а) Оштогу; б) Токмоктогу; в) Караколдогу; г) Нарындагы.
15. ХХ кылымдын башында билим берүнүн жаңы ыкмасын колдонуп, б.а. медреселерге светтик предметтерди киргизүүнү, окутууну араб тилинде эмес, эне тилинде жүргүзүүнү сунуштагандар кимдер болгон? а) Нуржулар; б) Исмаилиттер; в) Сунниттер; г) Жадиддер. 16. СССР бийлигинин алгачкы жылдарында Кыргызстанда канча мечит курулган? а) 200гө жакын мечиттер; б) 150гѳ жакын;; в) 100гѳ жакын; г) 300гѳ жакын.
17. Кайсы жылдан баштап совет бийлигинин саясатында ислам динине карата мамиле өзгөргѳн? а) 1927-жылдан; б)1929-жылдан; в) 1928-жылдан; г)1930-жылдан;
18. Кайсы жылдарда мусулман диний кызматкерлери дээрлик толугу менен жок кылынган? а) 20-жылдары; б) 40-жылдары; 195 в) 30-жылдары; г) 45-жылдары.
19. Борбордук Азияда мусулмандарынын диний башкармалыгы (САДУМ) качан түзүлгөн? а) 1940-жылы; б) 1942-жылы; в) 1941-жылы; г) 1943-жылы.
240. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары динге карата болгон мамлекеттик саясат кандайча өзгөргѳн, дин кандайча пайдаланылган? а) Элдин согуштук духун көтөрүү үчүн; б) Дезертирликке каршы туруу үчүн; в) Элди согушка үндѳѳ үчүн; г) Мусулмандарды кѳбѳйтүү үчүн. 41. Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки ислам дининин абалы кандай болду? а) гүлдѳп ѳнүктү; б) атеистик кысымга кабылды; в) куугунтуука кабылды; г) эркиндикке чыкты. 42. Исламдын кайра жаралуу жараянында, бардык Борбордук Азия республикаларына мүнөздүү болгон белгилерди атап бер: 1) 2) 3) 4) 5) 43. Исламдын билим берүү жана илим жаатындагы болуп көрбөгөндөй гүлдөгөн (Мусулман Ренессансы) учуру кайсы кылымдарда болгон? а) IX-XI кылымдарда; б) XII-XIV кылымдарда; в) XII-XIII кылымдарда; г ) XIV-XV кылымдарда. 44. Кыргызстанда ислам дининин кайра жаралуусу кайсы мезгилде башталды? а) 1985-жылы; б) 1993-жылы; в) 1991-жылы; г) 1995-жылы. 45. 2006-жылдан баштап, Кыргызстанда кайсы диндер «салттуу, тарыхый диндер» катары таанылган? а) ислам дини менен католик дини; б) ислам дини менен элүүнчүлѳр дини; в) бахаилар менен баптистер дини; г) сунниттик ислам менен орус православ дини. 46. Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүктүн себептери эмнеде? а) демократиянын ѳнүгүшү; б) миссионерлердин ишмердүүлүгү; в) диний чѳйрѳнүн кѳзѳмѳлсүз калышы; г) мусулмандардын ѳз ара бѳлүнүшү. 47. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы качан түзүлгөн? а) 1990-ж. түзүлгөн; б) 1992-ж. түзүлгөн; в) 1991-ж. түзүлгөн; г) 1993-ж. түзүлгөн. 48. Ислам дининин кайра жаралуусу коомдо кандай көрүнүштөрдү пайда кылды? 1)жагымдуу кѳрүнүштѳрдү (жазыңыз): 2)жагымсыз көйгөйлөрдү (жазыңыз): - - - - - - - - 49. Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү ислам дини менен байланышкан маселелер кайсылар? а) калктын радикалдашуусу; б) коопсуздук маселесинин курчушу; в) экстремисттик уюмдардын көбөйүшү; г) жогорудагылардын бардыгы. 50. Кыргызстанда диний чөйрөнү реформалоо качан башталды? 196 а) 2014-жылы; б) 2015-жылы; в) 1991-жылы; г) 2012-жылы. 51. Радикализм деген эмне? а) кандайдыр бир көз караштарды жайылтуу; б) кандайдыр концепцияларды ишке ашыруу; в) кандайдыр бир көз караштарга, концепцияларга өтө ашкере берилүү; г) жихадды ишке ашыруу. 52. Экстремизм түшүнүгү латын тилинен которгондо («extremus») эмне дегенди билдирет? а) «ашынган улутчул» дегенди; б)«ашкере», «чектен чыккан» дегенди; в) «ашынган динчил» дегенди; г) «ашкере күч колдонгон» дегенди. 53. Экстремизмдин өзгөчөлүгү эмнеде? а) өз максаттарына жетүү үчүн, мүмкүн болгон мыйзамдуу жолду пайдаланбайт; б) күч колдонуу аракеттерин тандап алат; в) күч колдонуу методдорун жайылтат; г) жогорудагылардын бардыгы. 54. Терроризм деген эмне? а) динсиз адамдарды ѳлтүрүү; б) дин тутпаган адамдардыкоркутуу; в) системалык түрдө террорду (коркутуу, үрөй учуруу) колдонуу саясаты; г) динди тура эмес туткандар менен күрѳшүү