КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
Э. Ж. МААНАЕВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК- УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ
СТУДЕНТТИН ӨЗ
АЛДЫНЧА ИШИ
Тема: Диний экстремизм жана терроризм
Группа: СЭО (б) 11-18
Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген
Текшерген: Карасартова Чынаркүл Жумашовна
Бишкек 2020
План:
Диний радикализм, экстремизм жана терроризм
Диний экстремизм
Терроризм түшүнүгү
Колдонулган адабияттар
1.Диний радикализм, экстремизм жана терроризм
Тарыхый өнүгүүдө саясат менен диндин өзгөчө биригүүсүнүн мисалы диний согуштар болгон – ар кайсы диний тайпалардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кээде бир мамлекеттин ичинде боло турган куралдуу чырчатактар. Заманбап шарттарда мындай маселелер диний аң-сезимди ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн саясий зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу актуалдуу мүнөзгө ээ болушат. Бул саясий зомбулук фанатизм формасына айланып, чыдамсыздыкка жана өзүнүн позицияларын күч менен таңуулоого алып барат. Мунун натыйжасында диний радикализм, зомбулуктуу экстремизм, терроризм көрүнүштөрү пайда болот.
Бүгүнкү күндө ааламдык деңгээлде өтүп жаткан улуттук жана маданияттык окшоштукту издөө жараяны көбүнесе жарандардын диний сезимдерин билдирүү түрүндө өтүп жатат. Биз саясий элитанын алмашуусу көпчүлүк учурда диний мүнөздүү болуп бараткандыгын камтыган ааламдык деңгээлдеги ыңкылаптын күбөсү болуудабыз. Бүгүнкү күндө деструктивдүү диний топтордун ишмердүүлүгү менен байланыштуу маселелердин актуалдуулугунда шек жок. Экстремизм жана терроризм жалпы дүйнөлүк коомго жана жеке Кыргыз Республикасына коркунуч туудурары бышык. Акыркы мезгилде идеологиялык алдамчылыктын торуна түшкөн жаш өспүрүмдөр жана улан-кыздар радикалдуу көз караштардын жактоочуларынын курмандыгына айланышууда. Расмий маалыматка ылайык, 500 жакын Кыргызстан жарандары Жакынкы Чыгыш жана Сириядагы согуш иш-чараларга катышууда. Эксперттер Кыргыз Республикасынын аймагында радикалдуу маанайдын таралышын калктын диний баалуулуктар жөнүндө түшүнүгү үстүртөн болгондугу, диний сабатсыздык менен байланыштырышат.
Бүгүнкү күндө уюмдардын радикалдуу, деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгүнө түрдүү түшүнүктөр жана аныктамалар берилип келет. Бул көрсөтүлгөн ишмердүүлүктү анализдөө жана карамакаршылык көрсөтүү жараянындагы теоретикалык, практикалык катыштар менен түздөн-түз байланыштуу. Ошондой болсо дагы бул терминдерди колдонууда жана аны түшүнүүнүн кээ бир чектөөлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот.
2. Диний экстремизм
Экстремизм түшүнүгүн кароодо негизги көңүл радикалдуу же фундаменталдуу ойлордун практикалык иш жүзүнө ашырылуусуна бурулат. Ал коюлган максаттарга аргасыз методдорду же тыюу салынган ыкмаларды колдонуп жетүүгө умтулат. Классикалык түшүнүккө ылайык, экстремизм (лат. «extremus» – четтен чыккан) коюлган максатка зордук-зомбулук ыкмалары аркылуу жетүү дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө экстремизм тууралуу сөз кылып жатып кандайдыр бир максатка, ишмердүүлүккө, максаттарга жетүү үчүн мыйзамсыз иш-чараларды жүргүзүүгө багытталган аракеттерди дагы кошууга болот. Мындай талкуулоолор зордук-зомбулуксуз жана зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизм түшүнүктөрүн дагы билдирет, бул учурда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тартуу каралат.
Совет доорунан кийинки мезгилдеги экстремизм түшүнүгүн карап жатып, 2001-жылы 15-июнда Шанхайда болуп өткөн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу Конвенциясынан мисал келтирүүгө болот. Конвенциянын маалыматтары боюнча, «Экстремизм - бул бийликти зордук менен кармап туруу же зордук менен өзгөртүү үчүн, ошондой эле мамлекеттин конституциялык түзүлүштүн зордук менен өзгөртүүгө багытталып, коомдук коопсуздукка зомбулук менен кийлигишүү, анын катарында мыйзамсыз куралданган түзүмдөрдү түзүү жана аларга катышуу дагы кирет».
Кыргызстадын укук коргоо органдары экстремизм түшүнүгүн коомдо болгон ченемдерди жана эрежелерди четке каккан, чектен ашкан көз караштар жана иш-аракеттер катары кабылдашат. Бул кайсы гана коом болбосун коркунучтуу кубулуш болуп эсептелт. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик биримдигин жана коомдук коопсуздугун бузат, конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине коркунуч жаратат. Экстремизмдин базалык негизи болуп идеялык маңызга толгон агрессивдүүлүк эсептелет.
Экстремисттик ишмердүүлүктүктүн түрлөрүнө «диний экстремизм», «саясий экстремизм»,«улуттук экстремизм» түшүнүктөрүн кошууга болот. Бул шарттуу бөлүштүрүү, ошентсе да маңызында терс көз караштардын катуу идеяларын колдонууга жана коомчулукта дин жаатында салттуу түзүлүшкө карата, калктын саясий, этникалык курамына негизделет.
Кыргызстандагы экстремисттик ишмердүүлүк түшүнүгүнүгүнүн аныктамасы Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамында кененирээк берилген. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасыны мыйзамдарына ылайык бекитилген тартипте кылмыштуулук жоопкерчиликке тартылат. Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 299-беренесине ылайык: 1.«Улуттук, расалык же диний кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен пропагандаласа-эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2) Ошол эле жосундар зомбулук кылуу же зомбулук кылам деп коркутуу менен, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан, уюмдашкан топ тарабынан жасалса, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Терроризм түшүнүгү
Э
кстремизмге байланыштуу дагы бир категория болуп ар кандай мааниге ээ болуп жалпы аныктамасы болбогон терроризм түшүнүгү эсептелет. Террористтик актылардын өзү эле экстремизмдин категориясына кирет. «Терроризм» термини (террор-коркутуу сөзүнөн келип чыккан), ал «террористтик актты ишке ашыруунун объектисин коркутууга багытталган зордук-зомбулук методу» катары аныкталат. Ошентип, терроризм дагы зордук-зомбулук саясаты же тактикасы болуп саналат. Бүгүнкү күндө саясий терроризм жана эл аралык терроризм деген түшүнүктөр бар. Алар саясий максаттын, ошондой эле бул жараянда чет өлкөлүк компоненттердин (максаттарда, объекттерде, катышуучуларда же терракт өтүүчү жерде) болгондугу же болбогондугу менен мүнөздөлөт. Терроризм жаатында белгилүү англиялык эксперт Пол Вилкинсон саясий терроризмге «өз саясий талаптарынын мүдөөлөрүнө жетүү үчүн адамды, бир нече адамдардан турган топторду, коомду коркутуу аркылуу жасалган кыйратуулар, коркутуу, өлтүрүүлөр жана системалык актылар» деген аныктама берген
Жөнөкөй сөз менен айтканда, терроризм – бул зордук-зомбулук көрсөтүү аркылуу мамлекетти же коомду коркутуунун тактикасы – «күч колдонулган коркутуу (coerciveintimidation)». Зомбулуктун бул түрүндө объект аныкталбайт жана ал каалаган адам болуп калышы мүмкүн. Терроризм тактикасынын негизги максаты коомдо башаламан абалды жаратып, социалдык-саясий жагдайды бошоңдотуп, мамлекетти репрессияны күчөтүүгө мажбурлоо, мунун натыйжасында, куралдуу чыр-чатакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу жагдай түзүү болуп эсептелет. Ошондуктан, көптөгөн экстремисттик уюмдар дал терроризмдин тактикасын өз максаттарына жетүү үчүн колдонуп келет. Террористтик аракеттер ар дайым коомдук мүнөздө болуп коомду же бийликти коркутууга багытталган. Бүгүнкү күндө террордун эң тараган жана эффективдүү ыкмалары болуп тынч, алсыз жарандарга карата жасалган зордук-зомбулук саналат жана бул иш-аракеттердин натыйжалары сөзсүз түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
«Экстремизм» жана «терроризм» аныктамаларынан сырткары деструктивдүү ишмердүүлүк түшүнүгү бар. Ал сөз кеңири мааниге ээ болуп, экстремисттик жана террористтик уюмдардын деструктивдүү ишмердүүлүгүн камтышы мүмкүн. Ошентсе дагы көпчүлүк учурда деструктивдүү ишмердүүлүк түшүнүгү экстремизмдин жана терроризмдин деңгээлине жетпеген социалдык-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган күч колдонулбаган ишмердүүлүк катары кабыл алынат. Мисалы, деструктивдүү, экстремисттик же террористтик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салуу боюнча соттук чечимдерди негиздөөдө айырмачылыктар бар. Мындан улам, Кыргызстанда жаңы кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын алкагында деструктивдүү диний уюм төмөнкүдөй аныкталат: деструктивдүү диний уюм - мындай ишти диний жүйөө боюнча жасаган уюм жана ал адамдын жана жарандын негиз болуучу укуктары менен эркиндиктерине, коомдо орун алган жаратуучу каада-салттарга жана ченемдерге жана коомдун бүтүндүгүнө коркунуч жаратат.
Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу
Экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, деструктивдүү мүнөздөгү салттуу эмес агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу – мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелинет. Баардыгыбыз бир коомдо жашайбыз. Ар биринин өзүнүн принциптери, кызыкчылыктары, ойлору, каалоолору жана максаттары болгон миң түркүн адам тегеректеп турушат. Заманбап дүйнө дал өзүнүн көп түрдүүлүгү жана көп кырдуулугу менен керемет. Бирок муну бардык адамдар түшүнүп кабыл ала алышпайт, ошондуктан чыдамсыздык жана агрессия ойлору пайда болот. Бирок ар бирибиз бул кыйроого бөгөт болуп бере алабыз. Эгерде биз алган билимибизди туура колдонуп, аны күн сайын байытып турсак, бул бириккен, мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү жакшыртуу ойлору үстөмдүк кылган күчтүү коомду түзүүгө шарт түзүп берет.
А
дамдардын баалуулуктары жана принциптери аларга берилген артыкчылыкка жараша болот. Алар өз ара байланыштуу болуп бири бирисиз боло алышпайт. Биздин милдетибиз – биз үчүн биринчи кезекте маанилүү болгон максаттарды жана аларга жетүүнүн ыкмаларын аныктай билүү. Бүгүнкү күндө дал жаш муун тарабынан динге жана мамлекетке болгон көз карашына карабастан, Кыргызстандын ар бир жараны
уникалдуу болуп эсептелине турган шарттардын түзүлүүсү зарыл. Анткени анын өзүнүн тагдырын издөөсү ар дайым көркөм адабиятта, окуу китептеринде жана ыйык китептерде жоопторду издөө менен коштолот. Бул натыйжада келечектин прогрессивдүү адамынын өкүлүн тарбиялап чыгат.
4. Колдонулган адабияттар
Кочои С. М. Терроризм и экстремизм: уголовно-правовая характеристика [Текст] / С. М. Кочои. — М. : ТК Велби, Изд-во Проспект, 2005. — 176 с. — ISBN 5-98032-875-0.
Государственная политика в религиозной сфере и основные религиозные течения в Кыргызстане, Б., 2015 г.,www.Religion.gov.kg2.
3. Энциклопедия религий и религиоведение- ReligioPolis, www.religiopolis.org4. Куприянова Г.М. Взаимодействие религиозной и политической сфер общества: история и современность/Вестник БДУ, 2011г., сер.3, №2
7. Свободная энциклопедия «Википедия» https://wikipedia.org