СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Документтерди даярдоо технологиясы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Иштеп жаткан тексттик процессордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жогоруда тизмеленген этаптар өз кезегинде көптөгөн технологиялык аракеттерден (операциялардан) туруусу мүмкүн.

Просмотр содержимого документа
«Документтерди даярдоо технологиясы»

Документтерди иштеп чыгуу технологиясы

Тексттик процессорлорду пайдалануу менен текст даярдоо бир нече этаптарды удаалаш аткарууда ишке ашырылат:

  • текстти терүү;

  • кийирилген маалыматтарды оңдоп-түзөө;

  • зарыл учурларда тизме ж.б.тексттик структураларды түзүүнү пайдалануу менен документтин белгилүү бир фрагменттерин форматтоо;

  • графикалык сүрөттөлүштөрдү жана таблицаларды кошумчалоо же түзүү;

  • документти сактоо;

  • кагазга басып чыгаруу.

Иштеп жаткан тексттик процессордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жогоруда тизмеленген этаптар өз кезегинде көптөгөн технологиялык аракеттерден (операциялардан) туруусу мүмкүн.

Текст кийирилгенден кийин оңдоп-түзөөгө дуушар болуусу мүмкүн б.а. текст же алардын фрагменттери кошумчаланат, көчүрүлөт, өчүрүлөт жана жылдырылат. Оңдоп-түзөө иштерине тамганы же текстти издеп, таап жана алмаштырууну да кошууга болот.

Азыркы тексттик процессорлордо тексттин структуралык элементтерин форматтоонун эки тиби пайдаланылат. Алар алдын-ала бөлүнүп алынган тексттин фрагментине меню командаларынын жардамы менен колдонулуучу жасалгалоо (оформление) жана стилди (алдын-ала берилген форматтардын параметрлерин тандоо) пайдаланып форматтоо.

Тексттик документерди форматтоонун үч тиби бар:

1) символдук (же шрифттик) жасалгалоо;

2) абзацтык форматтоо;

3) беттерди же документтин бөлүмдөрүн жасалгалоо (верстка).

Символдук форматттоонун стандарттык параметрлери:

  • шрифттин тиби (гарнитурасы);

  • шрифттин чоңдугу (кегль);

  • жазылуу түрү (обычный, полужирный, курсив, полужирный курсив);

  • символдордун түсү;

  • саптын таяныч сызыгына салыштырмалуу символдордун жайгашуусу (жогорку жана төмөнкү индекс).

Тексттик документтин негизги структуралык элементтеринин бири абзац болуп эсептелет. Абзацтык форматтоонун параметрлеринин топтому символдук форматтоодогу атрибуттардын топтомуна окшош, конкреттүү тексттик процессордун мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды болот. Ошону менен бирге төмөнкүлөрдү жалпы параметрлер деп кароого болот:

  • саптардын чектерин теңдөө;

  • абзацтын 1-сабындагы отступ;

  • саптар аралык интервал;

  • обрамление и текстти сызык мене курчоо жана фондун түсү;

  • документтин жандаш беттериндеги абзацтын саптарынын жайгашуусу.

Форматтодо беттин стандарттык параметрлери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • беттин талаалары;

  • печаттык барактын өлчөмү жана андагы тексттин ориентациясы;

  • колонтитулдардын жайгашуусу жана негизги тектске карата отступ;

  • тексттеги колонкалардын саны (газеттик стиль).