Кутмандуу күнүңөр
менен!
Тема:
«Домендик системанын аталышы»
Домен аталыштар системасы (англ. Domain Name System, DNS) — интернет тармагындагы компьютерлердин өтө сейрек учуроочу аталыштар тобу. Домен аталыштары чекит менен бөлүнгөн доменден турат, мисалы, www.уander.ru. аталыштагы домен саны чектелген эмес. Домендер өсүү тартиби боюнча солдон оңго жайгашат.
Домен 3 деңгээлден турат.
Алар:
- Жогорку деңгээл
- Экинчи деңгээл
- Үчүнчү деңгээл
Жогорку деңгээлдин домендеринин мааниси интернетте стандартташтырылган.
Компьютердин домен аталышы – бул «логикалык адрес», ал тармактын физикалык уюму менен эч байланышпайт. Ушунусу менен IP-адрестен айырмаланып турат. Ар бир оруну 4 бөлүктөн турган сандык интернет протоколу (ИП) интернеттин адреси. ИПтин биринчи бөлүгү географиялык ордун, экинчиси мекемени, үчүнчүсү компьютердик топту, акыркысы компьютердин аталышын билгизет. Домен аталыштар системасы колдонуучунун интернеттин бардык ресурстарына жөнөкөй жана тунук кайрылуусун уюштурат. Система каалаган ресурсту жеңил эстеп калгандай домен аталышын түзүүгө багытталган. Домендин тексттик аты аймактык ат болуп, өз аты жана машина аты сыяктуу бөлүктөн турат.
Мамлекеттер арасындагы домен аттары.
Хостинг (англ. hosting) — ар дайым желеде болгон
серверге маалымат орноштуруучу кызмат. Эгер, домен
сайттын аталышы менен дареги гана болсо,домен
сайттагы болгон кабарды сактоочу жер болуп саналат.
Бир сөз менен айтканда, батир жалдоо.
Акчасын төлөп, тура берүүңүзгө болот.
Хостинг 2 түрдүү болот:
Бекер хостинг. Бул сайттар сизге бекер домен берет. Алардын арендага алуулары төмөндөгүчө болот: ucoz, gtalk жана башка. Сайтты бекер орноттуңуз, бирок толугу менен бекерби? Хостер сиздин уруксатыңызсыз бекер, баарын чарчаткан жарнама коёт. Сайт узак жүктөлгөндүктөн, баардык колдонуучуларды жоготуп алуу коркунучу бар!
Сайт кээде ачылбай калуусу да мүмкүн. Сиз муну менен эч нерсе иштей албайсыз, себеби, башында провайдердин баардык шарттары менен келишкенсиз. Мунун баары сайтыңызды провайдердин шартын бузганыңыз үчүн жоюп жиберерин эскерсек, анын жанында эчтеке эмес болуп калат.
Бекер хостингте акча табуу мүмкүн эмес. Себеби, эч ким бекер хостингке жарнама бербейт.
Акы төлөнүүчү хостинг – бул жерде баары так жана даана. Сиз акча төлөп, хостер серверинде өз сайттарыңызды орноштурасыз. Хостингде эч кыйынчылыксыз сайтыңызды заманбап түрдө иштете аласыз (WordPress, Joomla). Күнү-түнү техникалык көзөмөл, резервтик сактоо жана көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат. Сиз тандаган пакет түрүнө байланыштуу бир хостингте 2-30 чейин сайттар караштырылат. Сайт түрдүү багытта жумуш иштей алат. Блогтон баштап, сүрөттөр турган сайтка чейинки аймакты кароого болот. Ал үчүн программист болуунун да кажети жок.