Адамдын билими жана адеп-ахлагы -
эң чоң казына, түгөнбөйт да, жоголбойт.
(Мевлана)
«Жетиген» мектеп-лицейинин
5-6-класстардын арасында өткөрүлүүчү
өзүн-өзү таануу сабагынан
«Билерман ордо»
интеллектуалдык сынак-мелдеши
«Билерман ордо» интеллектуалдык сынагынын максаты:
- Окуучулар арасында билимди жана билимдүүлүкту даңазалоо;
- Окуучулардын логикалык, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
- Окуучулардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө.
«БИЛЕРМАН ОРДО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК
ТЕЛЕОЮНУ
1-ТУР
- Адам жашоосунда бир буюмга өтө ишенет экен.
Суроо: Ал кайсы буюм?
1. Кулпу
2. Футбол оюнунун мекени кайсыл мамлекет?
2. Англия
3. Ал ар кандай көлөмдө болот, жана өзгөрүп турат. Жарыктыкта бар болот да, караңгыда таппай каласың.
Суроо: «Бул кара нерсе» эмне?
3. Көлөкө
4. Сулайман-Тоодо кайсы тарыхый инсандын үйү бар?
4. Бобур
5. Эки ата жана эки уул жолдо баратышып 3 даана алма таап алышты. Кызыгы 3 алма баарына бирден тийди.
Суроо: Бул кандайча болду?
5. Чоң ата, ата, бала
6. Ал жаныбардын атасы канаттуу, бирок өзү сүт эмүүчү.
Суроо: Ал кайсы жаныбар экенин эмес, анын атын айтыңыз?
6. Кунг Фу панда, ПО
7. Кайсы үч санды кошкондо жана көбөйткөндө окшош жооп чыгат?
7-суроонун жообу:
1+2+3=6
1*2*3=6
8. Жүгүрүү боюнча мелдеште экинчи орунда чуркап келе жаткан спортчуну ашып өтсө, канчанчы орунду ээлейт?
8. Экинчи орунду
1-ТУРДУН СОҢУ
2-ТУР
9. Сырдуу сандык! Жашоодо ун менен суу аралашса –камыр, топурак менен суу аралашса – ылай болот. Мындай мисалдардын бир канчасын келтирсек болот. Ал эми сандыкчанын ичиндеги предметтин пайда болуусу үчүн 20 даана алты бурчтукту жана 12 даана беш бурчтукту бири-бирине туташтырышыңыз керек. Суроо: сандыкчада эмне бар?
9. Топ
10. Хинд тилиндеги төмөнкү сөздөргө көңүл буруңуз: са, ре, га, ма, па, дха, ни, са.
Суроо: бул сөздөр биздин тилде кандай аталат?
10. До, ре, ми, фа, соль, ля, си, до.
11. Испаниялык жазуучу Рамон Лопес де ла Серна мындай дейт: «Ал шашылбайт. Мына ошондуктан да ал узак өмүр сүрөт». Суроо: ал эмне жөнүндө айтып жатат?
11. Таш бака
12. Юрий Гагарин учкан кораблинин аталышы кандай эле?
12. « Восток»
13. Бул планетанын шакеги бар.
Суроо: Кайсы планетанын?
13. Сатурн
14. Сүзө алган бирок уча албаган жападан жалгыз канаттуу кайсы?
14. Пингвин
15. Кеңешип кескенде эмне оорубайт?
15. Кеңешип кескен «бармак» оорубайт. Макал
16. Үч страус учуп баратканда, мергенчи бир страусту атып түшүрөт.
Суроо: Канча страус калды?
16. Страус учпайт
2-ТУРДУН СОҢУ
3-ТУР
17. Кыргыз тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар
Суроо: Эки тыбышты берген тамгалар кайсылар?
17. К, Г, Ж
18. Ата–бабаларыбыз аларды тандап алууда төмөнкү өзгөчөлүктөрүнө маани беришкен: жоош болсо; башы кичине болсо; эки жаак сөөктөрүнүн арасы кең болсо; мурун тешикчелери чоң болсо; кулактары жука болсо.
Суроо: Ата–бабаларыбыз эмнени тандап алууда жогорудагы айырмачылыктарга маани беришкен?
18. Аттарды
19. Эки “бир тууган” чындыкты талашып узакка термелип турушту. Маселе чечилгенден кийин экөө тең токтоп калышты.
Суроо: Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
19. Тараза
20. Философ Виктор Франкл мындай дейт : «Бакыт ага окшойт. Сен аны канчалык кармап калууга аракеттенсең, ал ошончолук сенден узап барат. Ал эми көңүлүңдү башка нерсеге бурсаң, ал келип далыңызда тынч отурат»
Суроо: Виктор Франкл бакытты эмнеге салыштырган?
20. Көпөлөккө
21. Белгилүү актер Георгий Вицин бардык унаалар эки топко бөлүнөөрүн айтат: «Маданияттуу жана маданиятсыз болуп.» Мисалы: трамвай менен троллейбус-булар маданияттуу унаалар. Ал эми автобус менен автоуналар маданиятсыз унаалардын тобуна киришет.
Суроо: Андай болсо шайтан араба (велосипед) булардын кайсынысына кирерин себеби менен түшүндүрүп бергиле?
21. Шайтан араба маданияттуу унаалардын катарына кирет. Анткени ал абаны булгабайт.
22. Табышмак
«Желкеси бар, башы жок. Буттары бар, колу жок»
Суроо: Бул эмне?
22. Отургуч
23. «Миң адамды, миң жолу жеңген күчтүү эмес. Аны бир жолу жеңген адам күчтүү»
Суроо: Кимди?
23. Өзүн
23. Тундрада отсуз жашоого мүмкүн эмес. Себеби Тундра аябай суук аймак. Ал эми кыш мезгилинде Чукоткада бороондо бардык бадалдарды кар басып калат. Бул өз кезегинде отун чогултууга өз кедергисин тийгизет. Кар алдында калган бадалдарды кандай жол менен чогултуп алса болот. Аны мен билбеймин. А бирок чукчалар билишет. Алар отун жыйноого бара жаткан мезгилде өздөрү менен сандыкчанын ичиндеги нерсени алып алышат. Дал ошол нерсенин жардамында алар бадалдарды кардан оңой эле алып чыгышат. Суроо: сандыкчада эмне бар?
29. Туз. Алар тузду кардын үстүнө чачат. Аз убакыттын ичинде туз карды эритип таштайт.
ОЮН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ!
ЖЫЙЫНТЫКТЫ КҮТҮҢҮЗДӨР!