Дүйнөлүк океан
Маалыматтар
Дүйнөлүк океан жер планетасынын канча бөлүгүн ээлеп турат?
- Дүйнөлүк океан жер бетиндеги гидросферанын негизин түзөт.
- Дүйнөлүк океан жер планетасынын 70,8 пайызын ээлеп турат.
- Дүйнөлүк океандын жалпы аянты: 361 100 000 км²
- Орточо тереңдиги: 3 790 м
- Эң терең жери: 11 022 м
- Көлөмү: 1340,74 млн км³
Аянты % менен
Дүйнөлүк океан
70,8
Кургактык
29,2
Дүйнөлүк океан эмнеледен турат?
Океандардын канча аймакты ээлеп турушат?
Тынч океаны
179
Атлантика океаны
92
Инди океаны
76,1
Түштүк океан
20,327
Түндүк муз океаны
14,75
Океандардын суусу канча көлөмдө туздуу?
Тынч океаны
Туздуулугу
Суунун курамы
34,6
Атлантика океаны
Инди океаны
65,4
35,4
Түштүк океаны
64,6
34,8
Түндүк муз океаны
65,2
34,2
65,8
28
72
Океандар
Тесттик суроолор
Океандар менен курчалган эң кичинекей материк?
- Австралия
- Япония
- Исландия
- Жаңы зелландия
- Түштүк Америка
Океан суулары менен курчалган эң кичинекей материк - Австралия.
Төрт мамлекеттин талашында калган "Роколл" аска-аралы кайсы океанда орун алган?
- Атлантика океанында
- Түштүк океанында
- Инд океанында
- Тынч океанында
- Түндүк муз океанында
Ирландия, Исландия, Улуу Британия, Дания өлкөлөрү талашкан "Роколл" аска-аралы Атлантика океанында жайгашкан. Узундугу 23 метр, жалпы аянты 570 чарчы метр болгон аска атылган жанар тоонун калдыгынан пайда болгон.
Тарыхта эң ири цунами кайсы океанда, кайсы жылы болгон?
Тарыхта суу астындагы жер титирөөдөн улам ири цунами Инд океанында 2004-жылы болгон. Океандан көтөрүлгөн суунун бийиктиги 30 метрге чейин жетип, андан Шри-Ланка, Индонезия, Таиланд жана Индия өлкөлөрүнүн жээгине жакын жайгашкан аймактар жабыр тарткан. Жалпысынан 235 миң адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам белгисиз жоголгон, миллиондон ашуун жаран үйсүз калган.
- Түндүк муз океанында, 2009-жылы
- Тынч океанында, 2011-жылы
- Инд океанында, 2004-жылы
- Түштүк океанында 2007-жылы
- Атлантика океанында 2001-жылы
Океандын ары жагындагы өлкөлөр деп кайсы мамлекеттерди айтабыз?
- Япония, Кытай, Түштүк Корея
- АКШ, Канада, Мексика
- Орусия, Латвия, Литва
- Германия, Италия, Франция
- Алжир, Тунис Түшүк Африка республикасы
Күнүмдүк турмушта, массалык маалымат каражаттарында көпчүлүк океандын ары жагындагы өлкөлөр деп АКШ, Канада, Мексика жана аларга жакын жайгашкан башка мамлекеттер айтылат.
Кыргыз өлкөсүнө кайсы океан жакын?
- Атлантика океаны
- Түндүк муз океаны
- Инди океаны
- Түштук океаны
- Тынч океаны
Кыргыз өлкөсүнө Инд океаны жакын. Экөөнүн аралыгы 2 миң чакырымды түзөт. Ал эми Атлантика океаны болжол менен 5 миң чакырымдан ашуун, Тынч океаны 3 миң 700, Түндүк муз океаны 2 миң 600 чакырым алыстыкта жайгашкан.
3 океан менен чектешкен мамлекеттер кайсылар?
- Панама, Мексика, Чили, Исландия
- Орусия, Канада, АКШ, Норвегия
- Улуу Британия, Жаңы Зелландия, Япония, Австралия
- Кыргызстан, Өзбекстран, Тажикстан, Түркмөнстан
- 3 океан менен бирдей чектешкен мамлекет жок
Тынч, Атлантика жана Түндүк Муз океандарынын жээктери менен Орусия, Канада, АКШ жана Норвегия мамлекеттери чектешет.
«Тынч океан» деген аталышты кайсы окумуштуу койгон?
- Дмитрий Менделеев
- Фернандо Магеллан
- Христофор Колумб
- Америго Веспуччи
- Васко де Гама
Атактуу деңиз саякатчысы Фернандо Магеллан экспедиция жасоо үчүн Тынч океаны менен баратып анын тынчтыгына, жайбаракаттыгына таасирленип "тынч экен" деп сүрөттөгөн. Мындан улам Тынч океан деп аталып калгандыгы айтылып келет.
Океандар жер бетинин канча пайыз аянтын ээлейт?
- 87 пайыз
- 71 пайыз
- 90 пайыз
- 66 пайыз
- 98 пайыз
Океан суулары жер бетинин 71 пайыз аянтын түзөт (болжол менен 361 миллион чарчы километр).
«XX кылымдагы эң чоң деңиз кырсыгы» деп тарыхта калган "Титаник" лайнери кайсы океанда чөккөн? Ал кырсыктан канча адам тирүү калган?
- Тынч океанында. Тирүү калгандар болгон эмес, көпчүлүгү жээкке жетпей тоңуп калган
- Инд океанында. 1000ге жакын адам тирүү калган
- Атлантика океанында. 712 адам тирүү калган
- Түндүк муз океанында Жээкке Роза Доллсэн гана тирүү чыккан
- Түштүк океанында жээкке 300 дөй адам гана тирүү чыккан
1912-жылы 15-апрелде Улуу Британиядан Нью-Йорк шаарына бараткан 1496 жүргүнчүсү бар "Титаник" кемеси Атлантика океанында кырсыкка кабылып, сууга чөгүп кеткен. Кырсыктан 712 адам аман калган
Абада учкан учактар, сууда жүргөн кемелер дайынсыз жоголгон Атлантика океанындагы эң сырдуу жер эмне деп аталат?
- Бермуд үч бурчтугу
- Өлүм деңизи
- Мичиган үч бурчтугу
- Түпсүз деңиз
- Океандагы лабиринт
Атлантика океанындагы эң сырдуу жер "Бермуд үч бурчтугу" деп айтылат.
Түштүк океаны
Атлантика океаны
Тынч океаны
Суунун эң терең чекити кайсы океанда жайгашкан?
- Түндук муз океанында
- Инд океанында
- Түштүк океанында
- Атлантика океанында
- Тынч океанында
Океандар арасында суунун эң терең чекити Тынч океанынын Мариан ойдуңунда жайгашып, ал "Челенджер" деп аталат. Анын максималдуу тереңдиги 10 миң 994 метрди түзөт.
Аянты боюнча эң чоң жана кичинекей океандар кайсылар?
- Тынч жана атлантика океандары
- Инд жана Түндүк муз океандары
- Атлантика жана Түштүк океандары
- Тынч жана Түндүк муз океаны океандары
- Инд жана Түшүк океандары
Тынч океан - Жер шарындагы океандардын эң чоңу. Анын жалпы аянты 178,684 миллион чарчы километрди түзөт. Ал эми эң кичинекей океан деп Түндүк Муз океаны эсептелет. Анын аянты 14,75 миллион чарчы километрди түзөт.
Эң жаш Түштүк океаны качан өзүнчө бөлүп каралган?
- 2000-жылы
- 1995-жылы
- 1998-жылы
- 2005-жылы
- 2008-жылы
2000-жылы эл аралык гидрография уюму Атлантика, Тынч жана Инд океандарынын түштүк бөлүгүн бириктирген Түштүк (Антарктика) океанын өзүнчө бөлүп карап, бешинчи океан катары бекиткен. Түштүк океандын жалпы аянты 20,327 миллион чарчы километрди түзүп, аянты боюнча дүйнөдө 4-орунда турат.
Жер планетасында канча океан бар?
Жер планетасында 5 океан бар. Алар Тынч, Инд, Атлантика, Түндүк муз жана Түштүк океандары.
Океаномания
Океонология
Гидрология
Океандар тууралуу илим эмне деп аталат?
- Океаномания
- Океонология
- Гидрология
- Океанография
- Гидролография
Океандар тууралуу илим океанология деп аталат.
Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү кайсыл күн жана ал кайсыл жылдан бери белгиленип келет?
- 8-март 2006-жылдан баштап
- 8-апрель 2007 жылдан бери
- 8-май 2008 жылдан баштап
- 8-июнь 2009-жылдан баштап
- 8-июль 2010-жылдан баштап
8-июнь - Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Эл аралык деңгээлде океандар күнүн белгилөө маселеси расмий түрдө Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн саммите көтөрүлүп, Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 2009-жылдын 9-февралында бул датаны майрам күн катары жарыялаган.
Окшоштуктар
Окшоштуктар
Окшоштуктар
Венндин диаграммасы
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
О:кшоштуктар
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
- Айырмачылыктар
Кластер менен иштөө
Тынч океаны
Дуйнөлүк океан
Атлантика океаны
Инди океаны
Түндүк муз океаны
«Спайдинг» таблицасын толтуруу
Мүнөздөмөлөрү
Тынч океаны
Аянты
Атлантика океаны
Тереңдиги
Инди океаны
Орточо туздуулугу
Түндүк муз океаны
Орточо температурасы
Кроссворд толтуруу
- Туурасынан:
- 1. Жаратылыштын суу катмары?
- 2. Океандагы эң чоң сүзүүчү жаныбар?
- 3. Океандын четки бөлүгү?
- 4. Суудагы негизг7и өсүмдүк.
- 5. Тынч океандагы деңиз.
- 6. Атлантика океанындагы арал.
- 7. Океандагы жашоочу сүт эмүүчү жырткыч жаныбар.
- 8. Инд океанындагы арал.
- Тигинен
- 1. Дүйнөлүк океан эмнелерден турат?
о
к
е
а
н
д
а
р