СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЭКОЛОГИЯ доклад

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ЭКОЛОГИЯ доклад»

Адамзаттын түпкү теги биосферадагы даяр табигый продуктуларды пайдаланып келишкен. Убакыт өткөн сайын даяр табигый продуктулардын азайышы менен адамзаттын аракети азык ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө бурулган. Адам илимдин жана техниканын жетишкендигин пайдалануу менен биосферага активдүү кийлигишүүсү анын компоненттеринин литосферанын, гидросферанын, атмосферанын ар кандай бузулууларына булганышына, жаратылыштык эклогиялык катастрофага алып келүүдө. Мисалы:

  • Технологиялык катастрофа – бул кокусунан, күтүлбөгөн жерден болгон өрттөр, шахта, өнөр жайдагы авариялар, плотина, дамбалардын жарылышы жана башкалар.

  • Социалдык катастрофа – бул терроризм, көтөрүлүш, улуттар аралык конфликттер, ачарчылык.

  • Табигый катастрофалар – бул сел, жер көчкүлөр, жер титирөөлөр, вулкан, тайфун жана башкалар.

  • Табигый биологиялык катастрофалар – бул уулуу өсүмдүктөрдүн, козу карындардын, микробдордун, бактериялардын жана башкалардын адам затка зыян келтирүүчү заттары.

Жаратылыш чөйрөсү бир гана адам жашаган чөйрө эмес, ал анын турмушунун негизги шарты жана каражаты болуп эсептелет, анткени адамдар күндөлүк турмушта аба, суу, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүн жана башка ресурстардан пайдаланышат. Адамзат жаратылыштын бир бөлүгү катарында анын ресурстарын керектөө аркылуу гана эмес ошондой эле аны өзгөртүү өзүнүн чарбалык социалдык муктаждыктарына пайдалануу аркылуу өзү жашап турган табигый чөйрөгө туура жана кыйыр түрүндө таасир көрсөтөт. Экологиялык көйгөйлөр тынчтык жана куралсыздандыруу көйгөйлөрүнөн кийинки азыркы учурдагы өтө курч глобалдуу маселелердин бири экендигин белгилөөгө болот. Эгерде аны өз учурунда чечпесе адамзаттын келечегине коркунуч туудуруучу глобалдуу маселеге айланышы мүмкүн. Мисалы: парник эффектиси, озон катмарынын жукарышы, кычкыл жаан, радиация, океандардын булганышы, түбөлүк муздардын эриши, суу каптоолор, жер кыртышынын шордонуусу, биокөптүрдүүлүктүн азайышы жана башкалар.

Кыргызстандын аймагындагы тоо экосистемалары өтө назик себеби, бул экосистемалар сырттан болгон ар түрдүү антропегендик факторлорго чыдамсыз болуп, ички структуралары тез (трофикалык, биологиялык, экологиялык ж.б) өзгөрүлүп, бузулуп деградациялана баштайт.

Азыркы учурда Кыргызстандын аймагындагы пайда болгон экологиялык көйгөйлөр коомдун өнүгүшүн түздөн – түз аныктай турган факторлорго айланып жатат. Бул көйгөйлөрдүн пайда болушу Жер шарынын башка аймактарындагыдай эле адам баласы менен жаратылыштык системалардын ортосундагы карама – каршы мамилелерден келип чыгат, башкача айтканда КРнын аймагындагы туура эмес демографиялык өнүгүүнүн натыйжасында калктын локалдык санынын кескин өсүп жатышы менен адамдардын керектөөсү өсүп, жаратылышка болгон жүктүн көбөйүшү жана ресурстарды үнөмсүз пайдалануу жүрүп турат. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан мал чарбачылыгынын көбөйүшүнүн натыйжасында жайыттардын кыскарышы, айыл – чарбасында жерлерди туура эмес пайдалануунун негизинде топурак катмарынын бузулушу, өсүмдүктөрдү аёосуз кыюунун негизинде токой аянттарынын кыскарышы, жер көчкүлөрдүн болушу, адам санынын өсүшүнөн таштандылардын көбөйүп, айлана – чөйрөнүн булганышына алып келүүдө. Ошондой эле, республикада тоо кен казуу, ГЭСтерди куруу, тоо аймактарындагы жол курулушу, автотранспорт жана башка коммуникациялык системалар тез өнүккөн. Айыл, токой чарбалары да интенсивдүү өнүккөн.

Мындан сырткары уулуу калдыктар ташталган жерлер: Кумтөр алтын кениндеги калдыктар, Миңкуш аймагындагы радиация, Майлуу- Суу лампа заводунун таштандылары, уран калдыктары, ошондой эле Баткен областынын Кадамжай районундагы сурьма комбинаты. Сурьма комбинаты. Сурьма комбинаты 70 жылдан бери иштеп, продукциясы таза техникалык коопсуздугу касмыз кылынбагандыгы менен экологияга өтө чоң зыянын тийгизет. Өндүрүлгөн сырьёну тазалоо, калыпка келтирүү ошондой эле ишке берүүнүн көпчүлүк пайызы ачык лабороторияларда жүргүзүлөт. Аны менен катар комбинаттын аянты бир канча эсеге азайгандыгына байланыштуу лабороториялардын саны азайып, зыяндуу зат жана газдарды эритип жоготуучу лабороториялар жок болуп, уулуу заттар аймакка кеңири тарап, абаны булгап, топурак катмарын бузуп, өрөөндө өсүүчү бир катар өсүмдүктөргө жана жаныбарларга зыян алып келүүдө. Жаратылышка, жашоочулардын ошондой эле, жумушчулардын ден – соолугунун начарлашына комбинаттан чыккан калдыктар жана зыяндуу газдар себепчи. Бул учурдун гана көйгөйү эмес, келечектин дагы көйгөйү болуп калды. Анткени ден – соолугу чың эмес ата – энеден дени сак бала төрөлөт деп эчким айта албайт.

Кыргызстандын көпчүлүк калкы айыл жерлерде жашашат да, түз же кыйыр түрүндө жердин асылдуулугуна көз каранды болушат. Айыл калкынын турмуш шарты жакшы болушу үчүн, топурактын асылдуулугун жогорулатуу керек. Эгерде өз убагында эрозияны төмөндөтүү боюнча иш чаралар көрүлбөсө, топурактын асылдуулугунун төмөндөшүнөн экономикалык жана социалдык чыгымдар көбөйө берет.

2010-жылы Кыргызстанда 5 млн. 418 300 адам жашаган болсо, азыркы учурда республикада 6 миллиондон ашык |адамдар жашайт.

Булардын 80% ы тоолуу аймактарда (деңиз деңгээлинен 1700 м. бийиктикте) жашашат. Ал эми айыл-кыштактар, шаарлар, шаар түрүндөгү кыштактар боюнча алып карганда, калқтын 61% га жақыны айыл жерлерде жашашат. Калктын жыштыгы түштүктө өтө жогору.

Эгерде калктын жыштыгы менен азыркы жүрүп жаткан табигый кырсыктардын болуу процессин байланыштырып қарасак, түздөн-түз корреляция берет, б.а. учурда Түштүк Кыргызстанда Түндүк Кыргызстанга караганда табигый қырсыктар, сел, жер көчкүнүн жүрүшү көбөйүп, айыл чарба аянттарынын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, жайыттардын такырга айланышы өтө интенсивдүү жүрө баштайт.

Жалпылап айтканда, жогорудагы антропогендик фактордун таасири астында республиканын аймагында экологиялык көйгөйлөрдүн көбөйүшү, курчушу, азыркы оор саясий, медициналык көйгөйлөрдүн, экономикалык, чарбалык себептерден болуп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоонун улуттук планы иштелип чыккан (НПООС, 1995). Бул планда Кыргызстандагы төмөнкү экологиялык көйгөйлөр чагылдырылган:

1. Жаратылыштык ресурстардың сарамжалсыз пайдаланылышы.

2. Айыл чарба аянттарын жана жайыттарды туура эмес пайдалануунун (сугат, айдоо жана башка иштер) натыйжасында жердин деградацияланышы.

3. Токой ресурстарынын сарамжалсыз пайдаланылышы .

4. Биологиялык көп түрдүүлүктүн азайып жатышы.

5. Тоо кен өнөр жайларынын толук эффектисиз иштеп жатышы (экологиялык жактан негиздебей иштетүү, ар түрдүү оор металлдар жана радиоактивдүү элементтер менен экосистемалардын булганып жатышы).

6. Атмосфера жана суу чөйрөсүнүн булганып жатышы.

Жогоруда каралып кеткен антропогендик факторлордун натыйжасында төмөндөгүдөй локалдык (жер-жерлердеги) экологиялык көйгөйлөр пайда болуп жатат.

1. Табигый экосистемалардын бузулушунун натыйжасында жаныбарлардын ичинен кундуз, жейрен, кызыл карышкырлардын популяциялары таптакыр жок болуп кетти. Ал эми кээ бир аңчылык жүргүзүлүүчү жаныбарлардын түрлөрүнүн популяцияларынан аюу, элик, сүлөөсүн, илбирс, башка сүт эмүүчүлөрдөн кызыл суур, корумчу, кызыл күсөн, ач күсөн, канаттуулардан-бүркүт, тоодак. кыргоол, ителги, шумкар, каракур, балыктардан - Аму-Дарыя форели, сойлоочулардан калкан тумшук ж.б. Ал эми өсүмдүктөрдүн ичинен Кыргызстан боюнча 65 түрден ашыгы Кызыл китепке киргизилген. Мисалы, жалтырак мандалак, Пскен пиязы, ит сарагат, табылгы, жапайы жүзүм, алма, четин, анар, алмурут, кара өрүк жана башкаларды белгилөөгө болот.

Мурда араеалы кең, запасы чоң түрлөрдү плансыз, баш аламан пайдалануунун натыйжасында саны кескин кыскара баштаган. Мындай түрлөргө кызыл жоогазын, фергана жоогазыны, Семенов ак карагайы, табылгынын түрлөрү, чычырканак, жийде, кымыздык, пияздын жапайы түрлөрү, чекенди, арчанын түрлөрү, сарындыз ж.б. кирет.

2. Тоо экосистемасындагы жарым бадал, бадалдардан турган өсүмдүктөрдөн жана жайыттардагы, талаа дөңсөөлөрүндөгү чөп өсүмдүктөрүнүн көп түрдүүлүгүнүн азайышы экосистемалардын табигый экологиялык тең салмактуулугунун бузулушуна алып келди (буга малдын санынын кескин өсүшү жана элдин дарактарды отун, курулуш материалдары катары пайдаланышынын күчөшү себепкер).

Натыйжада. жер-жерлерде көчкүлөрдүн, селдердин жүрүшү көбөйүп, улуттук. мамлекеттик деңгээлдеги коркунуч күчөп жатышына алып келип жатат. Ошондой эле, жайыттардын такырга айланышынын жана токойлордун аянтынын себептеринен суунун айлануу тең салмактуулугу бузулуп, жер алдындагы суунун деңгээли төмөндөп, булактардын соолушуна алып келип жатат. Мисалы, 1994-жылдагы Тосой трагедиясы жана Алай, Сузак, Аксы райондорундагы жер көчкүлөр, Кызыл-Кыя (1978). Кара-Суу шаарындагы (1992), Сузактагы (1998) селдин капташы. Бул табигый ҡырсыктарда көп адамдар жер көчкүнүн алдында калган.

3. Акыркы жылдары айыл чарбасында химиялык заттарды колдонуу барган сайын төмөндөөдө, себеби минералдык жер семирткичтер жетишсиз жана аларды өндүрүү өтө кымбатка түшөт. Батыш өлкөлөрүнө салыштырганда, Кыргызстанда агрохимикаттар өтө аз колдонулат.

4. Мал жайыттарды туура эмес, баш аламандыкта пайдалануунун натыйжасында жайыттар жакырданып, такырга айланып, чаңы чыгып, пайдалангыс түргө өтүүдө. Мисалы, акыркы 20 жылдын нчинде жайыттардын биологиялык продукциясы 2 эсеге азайды. Түштүк Кыргызстандын аймагында бузулбаган жайыт калган жок.

5. Республиканын шаар жерлериндеги атмосфера бассейндеринин ар кандай мутагендик, канцерогендик химиялык заттар менен булганып жатышы. Мисалы, Кыргызстандын Түштүк бөлүгүндөгү шаарлардын ичинен Ош шаарынын чаң концентрациясы ПДКдан 3,3-6 эсеге. Жалал-Абад шаарында 4 эсеге, Таш-Көмүрдө 5,2-14,7 эсеге чейин көп. Ошондой эле Ош шаарынын атмосферасынын булгануу спектри ПДКдан азоттун кош кычкылы 2 эсеге, азоттун кычкылы 1,5 эсеге, формальдегид 1,3 эсеге, бензол (А) пирен 11 эсеге жогору. Атмосферанын булгануусунун эң негизги булагы болуп, автотранспорт эсептелет. б.а. жалпы булгануунун 45% дан 85% га чейинин түзөт.

6. Республиканын кээ бир аймактарындагы сел, жер көчкүлөрдүн күчөшү менен өрөөндөрдүн радиоактивдүү элементтер менен булгануу коркунучу күчөп жатат. Мисалы: Майлы-Сай шаарынын жака белдериндеги радиоактивдүү элементтер сакталуучу жайларда -(хвостохранилишелер) радиациянын көрсөткүчү өтө жогору. Бул аймактарда радиоэкологиялык абал өтө коркунучтуу. Себеби. Майлы-Сай шаарынын аймактарында 70ке жакын жер көчкү жүрүүчү аймактар аныкталган. Эгерде. бул аймактарда жер көчкүлөр же селдер жүрсө, анда радиоактивдүү элементтер сакталган жерлер ачылып, радиоизотоптор менен Фергана өрөөнү булганып, Фергана өрөөнүндө гана эмес Борбордук Азияда жашаган элдердин генофонддору үчүн дагы өтө коркунучтуу болуп эсептелет, б.а. Чернобылдан дагы коркунучтуу абалга ээ болот.

Жогорудагы аталган экологиялык көйгөйлордүн ичинен эң коркунучтуусу жерлерди. экстенсивдүү пайдалануунун натыйжасында токойлордогу, жайыттардагы, талаалардагы өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, микроорганизмдердин көп түрдүүлүгүнүн азайып жатышы эсептелет.























Кызыл-Кыя колледжи





ДОКЛАД













Темасы: «Экологиялык көйгөйлөрдүн жылдан жылга көбөйүүсүнүн негизги себептери»

Аткаргандар: Абдумажит уулу Мурзадыл, Авазов Уринбай, Асылбек уулу Эмилбек, Даутали уулу Абдыгапар, Жусупбеков Жыргалбек, Кудайберди кызы Нурзат, Кутбидин кызы Нуриза.

Текшерген: Мадиярова Чолпон