СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Экосистема 11-класс

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Экосистема

Просмотр содержимого документа
«Экосистема 11-класс»

Экосистема



Экосистема экологиянын негизги функционалдык бирдиги болуп саналат.

Терминди 1935-ж. англиялык окумуштуу А.Тенсли сунуштаган. Бул термин менен белгилүү биотопто жашаган организмдер топтомун белгилеген.

Экосистема – организмдердин жана чөйрө шарттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жыйындысы.

Экосистеманын жандуу организмдери бир бири менен зат жана энергия алмашуу менен өз ара аракеттенишип турушат. Тамактануу жана энергияны топтоо жолу боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана миксотрофтор деп ажыратылышат.

1. Автотрофтуу организмдеравтотрофтор (авто жана гр. trophe— тамак) — тиричилик үчүн зарыл болгон органикалык заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдердин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр.

Фотосинтездөөчүлөр жө фототрофтуу организмдер органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газынан жана суудан) органикалык заттарды түзүүдө күндүн нурунун энергиясын пайдаланышат. Күндүн энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды синтездеө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат.
Фотосинтездөөчүлөргө татаал тузулуштуу өсүмдүктөр (мите жана сапрофиттерден башкасы), балырлар жана түстүү бактериялар кирет.

Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездөөдө химиялык реакцияларда бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез). Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу темир, күкүрт бактериялары, нитрификациялоочу жана азот топтогуч бактериялар кирет. Автотрофтуу организмдердин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоң.

2. Гетеротрофтор даяр органикалык заттар менен азыктанууга жөндөмдүү болот. Бул топточулардын кирүүчүлөрдүн бири-бирине болгон мамилеси таатал жана экологиялык жактан үч топко өсүмдүк менен азыктануучулар, эт, кан менен азыктануучу жырткычтарга жана дененин канын соруп жашоочу мителерге бөлүнөт. Жырткычтар менен мителердин азыктануусунун окшоштуктары бар.

Эмне үчүн бүргөбиткенелер мителер, ал эми арыс чыкандар, миксин, кан соргуч жарганаттар (вампири) мителер деп аталбайт? Жырткычтар жана мителер азыктануулары жагынан бири бирине жакын, ал эми башка тиричилик-аракеттери жагынан кескин түрдө айырмаланып турат. Накта мителер деп ээсинин денесин сыртында же ичинде болсун маңызы болгон канды сорушуп тамактанып, ошол эле жерлерде көбөйгөндөн аталат.
Жырткычтар болсо ар түрдүү жаныбар менен азыктануу менен чектелишет дагы, ал мителер сымал өзү жашаган ээсинин ичинде же сыртында жашабайт жана ага жерде көбөйбөйт.
Көпчүлүк митенин өзүнө тиешелүү ээси болот, алар белгилүү гана жаныбардын түрүндө мителик кылышат, бирок кээ бир мителер бир нече түрдө жашайт, мис., баш бити жалаң гана адамдын денесинде жашап көбөйөт же болбосо мите-трихинаны алсак, ал чочкодо, адамда, букада, мышыкда, итте жана кээ бир канаттууда жашайт.

Жаратылышта мителер жашоосунун мүнөзүнө карата эки чоң топко бөлүнөт: бирөөлөрү ээсинин сыртында (терижүнчачы) жашап көбөйүп, сырткы мителер деп аталат, ал эми митенин ээсинин ичинде (булчундарда, ичегилер, өпкө, боор, мээ ж.б. мүчөлөрдө жашап, көбөйүүчүлөрү ички мителер деп аталат. Мителер жашаган ээлерин алсыратат, ооруга чалдыктырып өлүмгө алып келет.

3. Миксотрофтор - мындай организмдердин азыктануу түрү аралаш, б.а. Күндүн энергиясын органикалык затты синтездөө үчүн пайдалана алышат жана ошону менен бирге эле даяр органикалык зат менен азыктанышат.

Буларга, бир клеткалуу балырлар эвглена жана хлорелла кирет.



Ар бир экосистеманын жандуу компонентинин ичинен азыктануу түрү боюнча организмдердин 3 тобун ажыратса болот: продуценттер, консументтер, редуценттер.

1. Органикалык эмес бирикмелерден жарык энергиясынын эсебинен органикалык заттарды синтездеген автотрофтор.

Продуценттерге баардык өсүмдүк организмдер жана хемоавтотрофтор кирет. Продуценттер жер бетине келип түшкөн күн энергиясынын 1% жакынын пайдаланышат жана аны органикалык бирикмелердин энергиясына айландырышат.

Продуценттер – жөнөкөй органикалык эмес заттардан органикалык заттарды өндүрүүчү автотрофтук (фото же хемосинтездөөчү) организмдер тобу. Ага негизинен экосистеманын трофикалык деңгээлиндеги биринчи баскычты түзгөн жашыл өсүмдүктөр ж. б. кирет.

2. Консументтер - продуценттер синтездеген даяр органикалык затты пайдалануучу гетеротрофтор. 3 тартиптеги консументтер ажыратылат.

3. Өлүү органикалык калдыктарды бузуп жана минерализациялоочу гетеротрофтук организмдер (бактериялар, козу карындар, сөөл жандар, курт-кумурскалар ж.б.)

Редуценттер (латынча reducens, reducentis – кайтарып берүүчү, калыбына келтирүүчү) – органикалык өлүү затты ажыратуучу (тарп, өлүк, таштандыларды) жана аны органикалык эмес заттарга айландыруучу организмдер (сапрофиттер). Ага бактериялар, козу карындар, микроорганизмдер кирет. Ал органикалык эмес заттарды башка организмдер – продуценттер өздөштүрүүгө жөндөмдүү. Редуценттер азыктануу тизмегинде консументтерге кирет. Редуценттердин экологиядагы ролу – алардын минералдуу туздарды топуракка жана сууга кайтарып, биоталык зат алмашууну толуктагандыгында.



Экосистеманын негизги типтери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кургактыктагы биомдор;

  • Таза суу экосистемалары;

  • Дениз экосистемалары.

Таза суу экосистемасындагы организмдердин формалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Таза суу экосистемасында жашоочу организмдер 5 формада берилген:

  1. бентос – суунун түбүндө жашоочулар;

  2. планктон – суу катмарында пассивдүү жашоо өткөрүүчүлөр;

  3. нектон - суу катмарында активдүү жашоо өткөрүүчүлөр (балыктар, сүт эмүүчүлөр);

  4. нейстон – суунун салыштырмалуу каршылыгынан кичине каршылыкка ээ болгон организмдер (водомерки, жуки- плавунцы);

  5. перифитон – курашып өсүүчү организмдер.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!