Жаран таануу сабагы боюнча тегерек стол
тема: Эл аралык мамилелер жана Кыргызстандагы
эл аралык уюмдар
Модератор: Камбарова Г.Э.
Баяндоочулар: Шайназарова А., Кадыр кызы Тахмина,
Замир уулу Руслан, Максут уулу Мыктыбек.
Катышуучулар:Курбаналиева Э. Жумабай кызы Д. Эдил уулу Н. Салайдинов Ж. Каныбек уулу Н. Сюумбай кызы А. Азиз кызы А. Айбек кызы И. Кѳкѳева Г. ж.б.
Модератор тегерек столду баштаардан мурун окуучуларга мотивация берет, теманы белгилеп
берет жана баяндоочуларды тааныштырат.
1._Баяндоочу: Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжекейлер! Кыргызстан эгемендүүлүгүн алып, өз туусун эркин желбирете баштагандан бери эле эл аралык мамилелер деген сөз да аны коштоп келет. Бирок, элибиздин тарыхында байыртадан эле бул алака болуп келгенин тарыхтан окуп, угуп келүүдөбүз. Ошентсе да,эл аралык мамилелер дегенде эӊ оболу Кыргызстандын коӊшулары эске келет. Дүйнөнүн чок ортосунан орун алган алакандай гана Кыргызстанды Түндүгүнөн жана Түндүк чыгышынан куюндуу Казакстан чектешип турат.Ал эми Чыгышынан жана Түштүк чыгышынан эбегейсиз Кытай чектеп турат. Түштүгүнөн Тажикстан жана Түштүк батышынан Өзбекстан чектешип турат. Мына ушул чектешкен өлкөлөр жана андан ыраактагы өлкөлөр менен болгон ар кандай байланыштар эл аралык байланыштар б.э.
2.____________________ Ооба туура айтасыӊ, ошентсе да ушул эл аралык мамиленин илимий аныктамасын да бир эске салып өтсөк. Эл аралык мамилелер – саясий, экономикалык, социалдык, дипломаттык, укуктук, согуштук жана гуманитардык байланыштардын жана дүйнөлүк коомчулуктун субъектилеринин ортосундагы мамилелеринин жыйындысынын системасы. Мындай субъектилердин катарына элдер, мамлекеттер, коомдук уюмдар жана кыймылдар кирет.
ХХ к. аягында Эл аралык мамилелер азыркы мезгилдин глобалдык проблемалары, региондордун жана мамлекеттердин кызыкчылыктарын камтыган көптөгөн чечилбеген маселелер мүнөздүү. Адамзаттын алдында ядролук согушту болтурбай коюу жана жалпы коопсуздукту бекемдөө маселери турат. Эл аралык мамилелерде маанилүү ролду БУУ, анын адистештирилген мекемелери: ЮНЕСКО, ПРООН, МОТ, МАГАТЕ, ж. б. эл аралык жана региондук коомдук уюмдар ойнойт.
3.______________________Мен да булл аныктамага толуктоо киргизгим келип турат. «Эл аралык мамилелер» - мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты изилдөөчү, кененирээк мааниде болсо бүтүндөй эл аралык системаны анализдөөчү дисциплина. Бул дисциплина эл аралык саясат, экономика, тарых, укук жана социология тармактарындагы аспекттерди айкалыштырган көп тараптуу дисциплина болуп саналат. Дисциплинанын негизги тармактары арасында, эл аралык мамилелердин теорияларынан тышкары эл аралык жана салыштырмалуу саясат, эл аралык экономикалык саясат, эл аралык уюмдар, эл аралык укук жана эл аралык коопсуздук тармактары орун алат. Бүгүнкү күндө эл аралык мамилелер мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты гана эмес, ошондой эле ар түрдүү эл аралык уюмдардын, эл аралык компаниялардын, транснационалдык субъекттердин жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерди да камтыйт. Ошентип, эл аралык мамилелердин субъекттеринин ортосундагы мамилелер бир кыйла татаалдашып, бүткүл эл аралык система дагы динамикалуу түрдө өнүгүүдө.
4.______________________ Мен да Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишери менен баштаган эле эл аралык маанидеги иш аракеттерине токтолгум келип турат.Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан баштап эле аны дүйнө эли тааный баштады. Эӊ алгач АКШ менен боордош Туркия биздин эгемендүүлүгүбүздү таанып, элчиликтерин ача башташты. Көп узабай Кытай, Россия, Германиянын элчиликтери ачылды. Ошондон бери азыркы учурда Кыргызстанды дүйнө элинин дээрлик баары тааныйт десем жаӊылышпайм. Учурда жүздөн ашык өлкөнүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү Бишкекте жана Ошто иштеп жатышат.1992-ж. 2-мартта БУУга мүчө болду. Көп өтпөй кайра эле БУУнун адистештирилген уюму ЮНЕСКОго мүчө болду. КМШ мамлекеттеринин шериктештиги түзүлдү. Айтоор эл аралык мамиледе Кыргызстан өзүн таанытып, эли да көп өлкөлөргө эркин чыгууга, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
5.______________________Эл аралык мамилелерде БУУнун өзгөчө орду бар экени талашсыз. Анын тарыхына кайрылып көрсөк Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.
БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле [(Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.)] талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен 5өө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).
БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,
баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу;
кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу;
эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.
Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.
6._______________________Жакында эле 30-ноябрь күнү Минск шаарында юбилейлик саммитин өткөзгөн ЖККУ(Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму) тууралуу да айтпасак болбойт. Бул уюм келишимдин негизинде бир нече Евразия мамлекетери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий союз. КМШнын алты мамлекетинин –Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-жылы 15-мартта кол коюп, чечишкен.Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаӊ тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен.Катышкан мамлекеттердин башчыларынан, тышкы иштер жана коргонуу министрлеринен жамааттык коопсуздук кеӊеши түзүлгөн.Келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, о.э. чоӊ машстабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо.
7._______________________ Биз азыр көптөгөн уюмдардын бизде ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгын айтып жатабыз, мына ушул аталган уюмдарда Кыргызстандын баркы барбы? Же жөн эле мүчө болуп коюп жатабы? Улуттук кызыкчылык көздөлөбү? Деген ойлор келет. Бирок негедир Кыргызстан өзүнүн пайдасына маселе чечкенин көрбөй келебиз. Башкасын билбейм бирок, ЕАЭБке мүчө болсо мындай жакшы болот деген, андай жакшы болот.Кыргызстан Европага окшоп кетет деген рекламалар чыкты эле,бирок жакында эле Кыргыз казак чек ара маселеси чыкканда жардамга келбегени үчүн Атамбаев өзү ЕАЭБке ишенбеш керек экен деди. Негизи менин оюмча биздин өлкөгө пайдасы бар уюмдарга мүчө болушубуз керек. Улут кызыкчылыгы биринчи орунда болуусу керек. Мен атайын изилдеп көрдүм Кубат Рахимов деген сарасепчи да ушул жөнүндө сөз кылган экен, өзгөчө ЕАЭБке көбүрөк сын пикир айтканын окудум.
8._______________________ Туура айтасыӊ балким биз окуучулар ЕАЭБдин пайдалуу жактарын биле албай жаткандыбыз? Менимче башка ЖККУ, Шанхай шериктештиги, Түрк уюму мына ушулардын пайдалуу жактарын көрүп эле жатабыз. ЮНЕСКОнун, ЮСАИДтин о.э.Түрксой уюмунун маданиятка болгон таасирлери зор деп ойлойм. Себеби Түрксой уюму тынбай акындардын, жазуучулардын жарышын өткөрүп, аларга дем-күч берүүдө.Кыргызстан бул нерсени кылууга дарамети жетпесе керек эле. Балдар үчүн да ЮСАИД да көп пайдалуу иштерди аткарууда. Биздин мектепке да МЕРСИКО уюму ысык тамак аш уюштуруп берип жатат.
9.__________________________ Бирок менимче булар майда иштер. Кыргызстан канча уюмга кошулбасын баары бир артта калып калдык го коӊшу элдерден.
10. Менимче элибиздин тынчтыгы маанилүү ушул уюмдар аркылуу биз тынч жашап жатсак керек.Себеби макулдашууларда террористтерден сактануу, аларга каршы күрөшүү үчүн биримдик бар.
11.__________________________Мен да интернетке көз чаптырып көргөнүмдө саат.kg сайтынан белгилүү эл аралык мамилелер боюнча адис Замир Айылчиевдин маегин окуп калдым. ШКУнун алдына койгон максаттары туура деп белгилейт. Мисалы терроризм, сепаратизм жана экстремизмге, баңги заттарды жана куралдарды мыйзамсыз иштетүүгө каршы күрөшүү. Бирок иш жүзүндө бул уюм Кырыгызстанга көзгө көрүнөрлүк, алгылыктуу иштерди жүргүзө элек. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселесинде ШКУнун кеңеши эч кандай реакция көргөзө алган жок. Андан сырткары Орто Азиялык карама-каршылыкты жойгон жок. Уюмда Кыргызстандын чоң таасири деле жок», — деди ал.
Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму. Орусия башында турган уюмга Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Белорус кирет.
Адис Замир Айылчиевдин билдиргенине караганда, ЖККУнун жакшы жери уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын карым-катнашты жакшырып, дипломатиялык жактан чындоосу.
«Ал эми практикалык жактан иштер кагаздын бетинде калууда. Эгер ЖККУ өзүнүн ишин жигердүү аткарганында Борбор Азияда чек ара маселеси, наркотрафик маселелери кайсыл бир денгээлде кыскармак. Орусиянын таасири күч болгондуктан уюмдун келишими боюнча аларды колдош керек болуп калат. Мисалы Түркия менен Орусиянын, Крым менен Украина мамилелеринде Кыргызстан аргасыз Орусияны колдоду. Бул Кыргызстандын уюмда аброю, жеке көз карашы жоктугун билдирет. Андан Грузия, Азербайжан, Өзбекстан чыгып кеткени туура чечим болгон», — дейт адис.
12.________________________ Мен да ушу Айылчиевдин ЕАЭБ жана КМШ жөнүндө ойлорун айткым келет. Замир Айылчиев кыргыз калкынын 63%ы агрардык жактан жан бага турганын белгиледи. Ал эми ЕАЭБ бул индустриалык жактан жанданган өлкөлөргө, өзгөчө Орусиянын экономикасына ылайыкташылган уюм деп эсептейт.
«Өлкөдө акыркы жылдары жеңил өнөр жай абдан жакшы нукта өнүгүп, экономикага пайдаларды алып келе баштаган. ЕАЭБге расмий түрдө мүчө болгондон бери аталган эки тармак абдан солгундап кетти. Кыргызстан бир канча жолу өзү тарапты коргогон билдирүү жасаганы менен алар көп натыйжа бербей келет. Ошондуктан биздин мамлекеттин орду бул уюмда өтө төмөн. Уюмга кирбеген Тажиксан менен Өзбекстан деле жашап келет. Ошондуктан бул уюмду колдобойм», — деди З.Айылчиев.
Кыргызстан эң биринчи мүчө болуп кирген уюм мурдагы советтик өлкөлөр түзгөн КМШ. Анын максаты — саясий, экономикалык, экологиялык, гуманитардык, маданий кызматташуу болуп саналат. Бир канча жолу жолугушуулар, формалдуу, бейформал саммиттер өткөрүлбөсүн, КМШ институту өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготту. Ал түзүлгөн күндөн тартып, анын жоболорунда мүчүлүштүктөр кеткен. Кыргызстан уюмдун бир да пайдасын көрө элек деп эсептешет айрым саясат талдоочулар.
Түрк кеңеши 1992-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму болуп түзүлгөн. Анын ичинде бир нече институттары бар. Өз ара кызматташтыкта алгылыктуу иш-чаралар өткөрүлгөнү менен аскердик, экономикалык жактан бирдиктүү программлар кабыл алып, аткарылган эмес. Бул уюм көбүнчө илим, билим, маданият тармагында иш алып барууда. Болгону уюмга 4 өлкө мүчөлүк кылат.
Айрым серепчилер Кыргызстан келечекте айрым ири өлкөлөр менен бир уюмга мүчө болуп, саясий, экономикалык колдоо издегенден көрө бир тууган түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму менен кызматташтыкты бардык тараптан арттыруу менен жетишкендиктерди багынтса болот деп эсептешет.
«Кыргызстандын учурдагы алсыз экономикасы менен тескери таасир көрөсөтө албаганы кайсыл бир учурда маанилүү декаларцияны кабыл алууда вето коюу укугу бар. Эгер Кыргызстан коопсуздук боюнча саналган ШКУ, ЖККУ өңдүү уюмдардан чыгып кетсе, биринчи кезекте аталган уюмду баштаган өлкөлөр үчүн коопту болушу мүмкүн. Терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө алсыз болуп, дипломатиялык катнашты жоготуп алышы мүмкүн», — деп билдирет адистер.