Физика 10-класс Мугалим: Асамидинова Дарика
Тема:§71. Электр тогу. Ток күчү. токтун пайда болуу шарттары.
Молекулалар же атомдун курамындагы оң, терс заряддалган бөлүкчөлөр хаотикалык, баш аламан, ирээтсиз кыймылда болушат. Эгерде электр талаасын пайда кылсак, ошол оң жана терс заряддалган бөлүкчөлөр талаанын таасир астында ирээттүү кыймылга келсе, анда өткөргүчтө электр тогу пайда болот.
Ток кыргыз тилине агым деп которулат. (суунун агымы, бөлүкчөлөрдүн агымы ж.б)
1)Ток булагы
2)Ачкыч (токту ажыратып туюктоочу түзүлүш)
3)Лампа (электр тогун керектөөчү)
4) Өткөргүчтөр
Ток багытка ээ. Токтун багыты үчүн терс уюлдан оң уюлду көздөй кеткен багыт кабыл алынган.
Токтун бар же жок экендигин лаборатория шартында гальванометр менен өлчөйбүз, ал эми башка шартта лампаны күйгүзөбүз, үтүктү саябыз ж.б
Токтун аракеттери:
Токтун жылуулук аракети:
Электр ысыткыч куралдарынын ысышы, кызытма лампанын жарык бериши, электр меши ж.б
Токтун химиялык аракети:
Токтун химиялык аракети өткөргүчтүн химиялык курамын өзгөртөт. Мисалы, жез купоросун( CUS жезге ( CU ) жана группасына ажыратат, б.а молекулалык диссоцация процесси жүрөт. Буларга аккумулятор, батарея, гальваниканын, Вольтанын элементтерин мисалга алсак болот жана анын химиялык аракетин байкайбыз.
Токтун магниттик аракети:
Мисалы, тогу бар өткөргүч магниттик аракетке ээ болуп, тогу бар өткөргүчкө, магнит жебесине, компаска аракет эте баштайт. Электр – магниттерди алсак мунун бардыгы токтун магниттик аракети болуп эсептелет.
Токтун механикалык аракети:
Ток ар кандай механикалык жумуш аткарат. Мисалы, кир жуучу, тигүүчү машинелер, желдеткич, муздаткычтын иштеши ж.б.
Токтун чоң же кичине экендигин мүнөздөө үчүн ток күчү деген чоңдук киргизилген.
Убакыт бирдигинде өткөргүчтүн туурасынан кесилиши аркылуу агып өткөн заряддын санына барабар чоңдук ток күчү деп аталат.
I
Убакыт бирдигинде өткөргүч боюнча агып өткөн заряддын ошол убакытка болгон катышы менен ченелүүчү чоңдук ток күчү деп аталат.
Ток күчүнүн өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянтына болгон катышы менен ченелүүчү чоңдук токтун тыгыздыгы деп аталат.
Ал j тамгасы менен белгиленет
, бир: 1
Токтун пайда болушу үчүн төмөндөгү негизги шарттардын болушу зарыл:
1)Нерселердеги заряддалган эркин бөлүкчөлөрдүн болушу.
2)Ошол заряддалган бөлүкчөлөргө ирээттүү багытталган кыймыл бере турган күч болушу керек.
3)Бул күч болсун үчүн электр талаасы болушу керек.
4)Ал эми электр талаасы болсун үчүн патенциалдар айырмасынын болушу, өткөргүчтүн бир учунда потенциал жогору, экинчи учунда потенциал төмөн болушу зарыл .
0778 913 616
0990 643 454
Үйгө тапшырма: §71.Электр тогу. Ток күчү. токтун пайда болуу шарттары.
Суроолорго жооп жазгыла
- Ток деп эмнени айтабыз?
- Токтун бар экенин кантип билебиз?
- Ток күчү деген эмне?
- Токтун тыгыздыгы боюнча айтып бер.
- Чынжырга амперметрди туташтыргыла (схмасын сыз)
Шарттуу белгилерди жаттагыла
Жаштыгында «билим дарагын» отургузбаган адам жашы өткөндө ыраазы боло тургандай бир көлөкө таба албайт!!!