Просмотр содержимого документа
«Электрондук таблица»
ФИО________________________________класс________________________дата_______________
«Электрондук таблицалар»
1.Электрондук таблица эмнени элестетет:
1)таблицаны; 2) шахмат тактасын; 3)электрондук таблицаны; 4)уячаларды.
2.Электрондук таблицада канча сап, канча мамыча бар:
1)16000,250; 2) 16800,250; 3)16384,256; 4)256,16384.
3.Электрондук таблицадагы уячанын туура дареги:
1)11D; 2)F12; 3)AБ3; 4)B1A.
4. Уячаларда кандай маалымат сакталышы мүмкүн:
1)текст,сан,формула; 2)текст; 3)сан; 4)формула,функция.
5. Диапазон деген эмне жана кандайча жазылат:
1)эки уяча; 2)бир нече уячалардын биригүүсү, А1:А10; 3)бир нече уячалардын биригүүсү А1;А10.
6. А8 уячадагы сандын маанисин =СУММ(A1:A7)/2 формула менен эсепте, туура жоопту танда:
1)280; 2)140; 3)40; 4)35?
7.Диаграмма- бул:
1) графиктин жардамы менен сандык көз карандылыктарды көрсөтөт;
2) графиктин жардамы менен мамычаларды көрсөтөт;
3) кадимки график болуп эсептелинет;
4) графиктин жардамы менен сүрөттү көргөзөт.
8.Диаграмманы эмненин негизинде курууга болот:
1)түзүлгөн таблицанын негизинде;
2)электрондук таблицанын негизинде;
3)тексттик редактордун негизинде;
4)берилген графиктин негизинде.
9. =А1+B1 формуласынын жардамы менен эсептелинген С1 уячадагы сандын маанисин тапкыла:
1)20; 2)15; 3)10; 4)30?
10. С1 уячасындагы сандын мааниси эмнеге барабар:
| | А | В | С |
| 1 | 5 | = А1*2 | =СУММ(А1:В1)*А1 |
1) 25; 2) 50; 3) 75; 4) 100.