Excel электрондук таблицасын колдонуу ыкмалары
Эсептөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылуучу маселелерди автоматташтыруу дайыма эле программалоону жана берилгендердин базасын башкаруу системаларын талап кыла бербейт. Көбүнчө колдо иштөө технологиясын пайдаланууга оор болгон маселелерди автоматташтыруу зарылдыгы келип чыгат.
Бир топ маселерди чыгарууну автоматташтырууда идеалдуу каражат катары электрондук таблица деп аталуучу программалык продукт кызмат кылат. Зор өлчөмдөгү клеткалары бар листтер өтө чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал маалыматтарды сабаттуу структуралаштырып берилгендердин базасын алабыз. Берилгендердин базасы менен иштөөдө маалыматтарды сорттоо, издөө, кандайдыр бир критерийлер боюнча тандап алуу, фильтрлөө маанилүү болуп эсептелет. Алардын баары электрондук таблицада бар. Электрондук таблицада маалыматтарды бир таблицадан экинчисине, ошондой эле Windows тун башка тиркемелерине да жылдырууга жана көчүрүүгө болот.
Microsoft Excel электрондук таблицасы бул отчетторду даярдоо ишинде колдонуучуга жардам бере турган кубаттуу каражат катары кызмат кылат. Эсеп-кысап иштеринде кыйынчылыктарга кабылып келатышкан пайдалануучуларга бул колдонмодогу материалдардын жардамы тиер деген ниеттемин. Файлдардын жана кээ бир терминдердин орусча аталыштары окурмандарга кыйынчылык алып келбейт деп эсептеймин. Колдонмодо окуу жайдагы кафедралар үчүн керектүү болгон негизги гана файлдардын аттары берилди.
I. Негизги түшүнүктөр
1979-жылы АКШдагы Гарвард университетинин студенти Дэн Бриклин Apple II компьютерлери үчүн VisiCalc деп аталган электрондук таблицанын биринчи программасын иштеп чыккан. Ал эми 1982-жылы IBM персоналдык компьютерлери үчүн Lotus 1-2-3 таблицалык процессору даярдалган. Ал эми 1987-жылы айтылуу Билл Гейтс жетектеген Microsoft фирмасынын Excel таблицалык процессору иштелип чыккан. Электрондук таблица – клеткалардан (уяча - ячейка) турган кадимки таблицанын компьютердик эквиваленти. Ячейкаларга текст, дата, формула, сан типтериндеги берилгендерди жазууга болот. Электрондук таблицаны башкаруу үчүн таблицалык процессор деп аталуучу атайын программалардын комплекси колдонулат. Электрондук таблицанын жумуш областы саптардан жана мамычалардан турат. Саптардын аттары – бул алардын номерлери. Номерлөө 1 ден берилген программа үчүн белгиленген санга чейин жүргүзүлөт. Мамычалардын аттары – латын алфавитиндеги А дан Z ке, андан кийин АА дан AZ ке, ВА дан ВZ ке чейинки ж.б. тамгалар. Саптардын жана мамычалардын максималдык саны пайдаланылуучу программанын өзгөчөлүктөрү жана компьютердин оперативдик эсинин көлөмү менен аныкталат. Практикада колдонулбаганы менен азыркы мезгилдеги таблицалык процессорлор 1 миллиондон ашык ячейкалары бар электрондук таблицаны түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ячейка – электрондук таблицанын мамычасы менен жолчосунун кесилиши аркылуу аныкталуучу область. Ячейканын адреси мамычанын аты жана жолчонун номери менен аныкталат. Ссылка – ячейканын адресин көрсөтүү ыкмасы (Мисалы, А2, С2, D7 ж.б.). Ячейкалардын блогу (диапазону) деп жолчону, жолчонун бөлүгүн, мамычаны, мамычанын бөлүгүн же жолчо жана мамычалардан турган тик бурчтукту айтабыз. Диапазондун адреси биринчи жана акыркы ячейкаларга ссылка жасоо аркылуу берилет (арасы кош чекит же эки чекит менен ажыратылат). Электрондук таблица менен иштөөдө экранга жумуш талаасы жана башкаруу панели чыгат. Башкаруу панели төмөнкүлөрдү камтыйт: башкы меню, башкаруунун жардамчы областы (абалдар жолчосу, инструменттер панели, тигинен жана тууасынан жылдыргыч линейкалар), кийирүү жолчосу жана жардам көрсөтүүчү жолчо. Абалдар жолчосунан программанын иштеп жаткан режими тууралуу маалыматты, файлдын атын ж.б. табууга болот. Кийирүү жолчосу ячейкаларга кийирилип жаткан берилгендерди жана формулаларды чагылдырат. Кийирүү жолчосунун өзгөчөлүгү - бул жыйынтыкты эмес ячейкада камтылган формулалар жана функцияларды берүү мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Аны алдын ала көрүү жана редактирлөө үчүн пайдалануу ыңгайлуу. Иштеп жаткан учурда пайдалануучу кандай аракеттерди жасоо керектиги тууралуу билдирүүлөрдү жардам көрсөтүүчү жолчо чагылдырат. Курсор турган ячейка активдүү болуп эсептелет.
Электрондук таблицанын ячейкаларына символук (тексттик), сандык берилгендерди, формулаларды, функцияларды, ж.б. кийирүүгө болот. Функциялар электрондук таблицанын ячейкаларына формуланын курамында же өзүнчө кийирилет.
Файлдар менен иштөөдө сактоо (сохранить), ачуу (открыть), жабуу (закрыть) жана издөө (поиск) командалары пайдаланылат. Редактирлөө командаларына көчүрүү (копирование), жылдыруу (перемещение), жок кылуу (удаление), коюу (вставка), издөө (поиск) жана алмаштыруу (замена) кирет. Форматтоо командаларынын жардамы менен берилгендерди ячейкаларда түздөөгө (солго, оңго, ортого), шрифттин түрлөрүн тандоого, жолчонун бийиктигин, мамычанын кеңдигин, ячейканын фонунун түсүн ж.б. аткарууга болот. Зарыл учурларда кээ бир жолчолорду же мамычаларды көрүнбөй турган абалга келтирүүгө болот.
II. Ишти аткаруу технологиясы
1. Окуу планынан көчүрмөнү даярдоо
Кафедрадагы сааттардын эсебин тактоо үчүн биринчи кезекте окуу жайдагы адистиктердин окуу пландарынын көчүрмөсү «Выписка из учебных планов» деген файл түрүндө (1-сүрөт) кафедрага тиешелүү болгон предметтерден даярдалат. Анда предметтер (дисциплиналар) жана группалардын аталыштары, студенттердин саны, семестр, лекция, практика ж.б. окуу ишмердигинин түрлөрүнө бөлүштүрүлгөн сааттардын саны берилгендер катары жазылат. Курстук иш, курстук проект, текшерүү иши, зачет, экзамен, мамлекеттик аттестация жана расчеттук-графикалык иш үчүн бөлүнгөн ячейкалар «Окуу, усулдук, илимий жана башка иштердин түрлөрүн эсептөөнүн убактысынын типтүү нормасы»на ылайык формулалардын жардамы менен толтурулат. Ал нормада
Курстук проект (1 студентке) 3 саат
Курстук иш (1 студентке) 2 саат
Текшерүү иши (1 студентке) 1 саат
Зачет (1 студентке) 0,3 саат
Экзамен (1 студентке) 0,5 саат
Консультация (1 группага) 4 саат
Окуу-таанышуу практикасы (1 подгруппа үчүн 1 күнгө) 6 саат
Өндүрүштүк практика (1 подгруппа үчүн 1 күнгө) 3 саат ж.б. берилген.
Мисалы курстук иш үчүн бөлүнгөн ячейкаларга (1-сүрөттө I мамычасындагы ячейкалар) студенттердин саны көрсөтүгөн ячейкалардагы (1-сүрөттө D мамычасындагы ячейкалар) берилгендер экиге көбөйтүлүп жазылат. Мисалы I49 ячейкасына =D49*2 формуласы жазылат ж.б.у.с. Жазылган формуланы кийинки курстук ишти эсептөөлөрдө көчүрүп коюу менен гана чектелебиз. Акырында жыйынтыгын туурасынан кошуп, предмет боюнча эсептелген жалпы сааттардын санын алабыз. Мисалы, T6 ячейкасына =СУММ(F6:S6) формуласын жазабыз. Ушул эле формуланы F6 дан T6 га чейинки ячейкалардын диапазонун (блогун) бөлүп алгандан (выделение) кийин, инструменттер панелиндеги
белгисин – автосуммалоону колдонуп да жазууга болот. T мамычасындагы калган ячейкаларды T6 ячейкасындагы формуланы көчүрүү аркылуу толтурабыз.
2. Сааттардын эсеби жана аларды бөлүштүрүү
«Выписка из учебных планов» файлындагы даяр маалыматтар «Расчет часов» файлын даярдоо үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Башкача айтканда «Расчет часов» файлын даярдоо үчүн «Выписка из учебных планов» файлындагы окуу планына туура келген предметтер боюнча даяр маалыматтарды семестрлерге бөлүштүрүп, группалардын аттарын жана студенттердин санын тиешелүү окуу жылына ылайык толтурабыз. Акырында суммалап, тигинен жана туурасынан алынган жыйынтыктардын дал келүүсүн камсыз кылабыз. 2-сүрөттөгү «Расчет часов» файлында U дан AC га чейинки мамычаларга кафедра мүчөлөрүнө бөлүнгөн сааттарды коюп чыгууда дагы T мамычасына ссылка жасоону пайдаланабыз. Мисалы, окутуучу Б.Сапаровага туура келүүчү AB5 ячейкасына =T5 формуласы коюлат ж.б.у.с. Толтурулган таблицанын оң тарабын да тиешелүү суммалап, сол тараптагы жыйынтыктар менен дал келтиребиз. Ошол эле файлда кафедра мүчөлөрүнө бөлүштүрүлгөн сааттарды өз-өзүнчө листтерге көчүрүп алып, ал листтерди тиешелүү окутуучулардын фамилиялары менен атап коебуз (3-сүрөт). Аталган листтердеги маалыматтарды кафедра мүчөлөрү жеке пландарын даярдоого пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Биз институттун ПМИ кафедрасындагы окутуучулардын сааттарын эсептеп, аны бөлүштүрүүнү Excelде жүргүзгөнбүз. Расчет часов негизинен мындайча түзүлгөн.
Сабактардын аттары.
Группанын аты.
Студенттердин сан.
Лекция.
Практика.
Лаборатория.
Курстук иш. 8. Консультация. 9. Зачет. 10. Экзамен. 11. Жыйынтыгы
Окутуучулардын фамилиялары.
Бул жерде биз ошол мугалимдерге тиешелүү болгон сабактардын аттарын жазганбыз. Андан кийин группалардын аттарын жазып, ошол группадагы студенттердин санын толугу менен жазып чыкканбыз. Ал эми семестрде канча саат болсо, ошонун баарын лекция, практика жана лабораторныйга бөлүп койгонбуз. Андан кийин консультация. Мында биз кайсыл сабактан экзамен боло турган болсо ошол группага 4 саат бөлүндү, ал эми зачет болсо, анда консультациянын кереги жок болот. Мында зачетту чыгарыш үчүн студенттердин санын 0,3 кө, ал эми экзаменди чыгарыш үчүн жогорудагыдай эле студенттердин санын 0,5 ке көбөйтөбүз. Эң аягына биз бардыгынын жыйынтыгын эсептеп чыкканбыз.
Биз мунун баарын бирден эсептеп олтурбастан, Excelде өзүнүн формулаларынын жардамы менен эсептеп туруп, формуланы тийиштүү ячейкаларга көчүрүп койсок жыйынтыгы келип чыкты. Бизге бул формула абдан ыңгайлуу, анткени биз бул формуланы колдонсок убакыттан да утабыз, көп эмгекти да талап кылбайт.
Биз мында окутуучулардын жеке планын түзүп студенттердин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө, 1-жана 2-жарым жылдыктарга тиешелүү окутуучуларга бөлүп, баарын өз-өзүнүн ордуна коюп чыкканбыз.
Демек биз ушул сыяктуу эле Excelде көптөгөн эсеп-кысап менен байланышкан иштерибизди бүтүрсөк болот.
Тапшырманы аткаруу мисалы
Электрондук таблицаны пайдаланып кафедра окутуучуларынын жекече пландарынын окуу иши бөлүмүн толтуруу керек.
Маселени ийгиликтүү чечүү үчүн окуу пландарынан көчүрмөдөн (1-сүрөт) алынып кафедрага тиешелүү сааттардын эсеби даярдалат (2-сүрөт). Ошол эле файлга ар окутуучуга ылайык листтер түзүлөт. Ал листтерге окутуучулардын аттары же фамилиялары ыйгарылат. Ар бир окутуучуга тиешелүү сааттар күндүзгү жана сырткы бөлүмдөр боюнча жарым жылдыктарга ылайык окутуучунун жекече планынын окуу иши бөлүмүнө көчүрүлөт (3-сүрөт).
Пайдаланылган каражаттар
Окуу пландары.
Баячорова Б.Ж. Основы информатики. – Бишкек, 2001. – 258 с.
2-сүрөт
3-сүрөт