СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгекти коргоо боюнча

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эмгекти коргоо боюнча»

Билим берүү тармактардагы жетекчилер,

Эмгекти коргоо боюнча адистер жана инженерлер үчүн

УСУЛДУК КОЛДОНМО (СПРАВОЧНЫЙ МАТЕРИАЛДАР).


Макулдашылды:

КПФ нын техникалык эмгек инспекциясынын башчысы Тыныбеков Д. К.,

КПФнын техникалык эмгек инспекторлору:

  • Казакбаев Ж. Ш.

  • Бектенова А. А.

  • Абдыкалыков Б. И.


Иштеп чыккан:

КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору Ибраимов Токторалы Шамкеевич.

 

1-тема: Эмгекти коргоонун укуктук негиздери.

 

1-суроо: Эмгекти коргоо деген эмне?

Жооп: Эмгекти коргоо-эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоонун тутуму, ал укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, калыбына келтирүүчү ж.б. чараларды камтыйт.

 --

2-суроо: Техникалык коопсуздук деген эмне?

Жооп: Кызматкерлерге эмгектин оътойлуу жана коопсуз шарттарын түзүү тутуму.

 --

3-суроо: Кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө деген эмне?

Жооп: Иш берүүчү: таза суу менен камсыз кылууга жана кызматкерлердин тамактануусун уюштурууга; уюмда (тармакта) санитардык-тиричилик жайларын жабдууга: гардеробдорду, дааратканаларды, жуучу, тамактануу, эс алуу, аялдардын (кыздардын) өздүк гигиенасы үчүн жайларды, кырсык болуп же ооруп калган учурларда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ж. б. милдеттүү.

 --

4-суроо: Жумуш күнүнүн (кезметтин) ичинде эс алуу убактысы?

Жооп: Кызматкерлерге күн сайын (кезметтеги) иштин учурунда эс алуу жана тамактануу үчүн узактыгы 30 минуттан кем эмес жана жалпысынан 1 сааттан ашык эмес тыныгуу берүүгө тийиш, ал жумуш убактысына киргизилбейт.

 --

5-суроо: Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнүн узактыгы?

Жооп: Ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет. Ал эми мугалимдерге узартылган негизги өргүү 56 календардык күнгө берилет.

--

6-суроо: Жумуш убактысынын (ченемдүү кыскартылганы кошо) узактыгы канча?

Жооп: Жумуш убактысынын ченеми узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимдеринде жумуш убактысы 40 сааттан кем болушу мүмкүн.

--

7-суроо: Кандай жумуштарга аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат?

Жооп: Оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, ошондой эле кара күч колдонулбаган иштерден жана жер астындагы иштерде ошондой эле кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат.

 8-суроо: Канча жаштан баштап жумушка алынат?

Жооп: 18 жашка толгон адам ишке алынат. 15-17 жаш курагындагы өспүрүмдөр да ишке кабыл алынышы мүмкүн, эгер уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу болсо.

 --

9-суроо: 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдүн эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар кайсылар?

Жооп: 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдүн эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ошондой эле иштөө учурунда алардын ден-соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтире турган жумуштарда (оюн-зоок бизнеси, түнкү кафелерде жана клубдарда иштөө, спирт ичимдиктерине, тамеки буюмдарына бангилик жана уулуу препараттарды чыгаруу өндүрүшүндө, сатууда жана ташууда) колдонууга тыюу салынат.

18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгегин колдонууга тыюу салынуучу жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселердин чектик ченемдери КРнын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 24-мартындагы токтому менен бекитилген.

18 жашка чейинки жумушчулар оор нерселер көтөрүүдөгү жана жылдыруудагы күч келүүлөрдүн эң жогорку уруксат берилген чектери КРнын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №548 токтому менен бекитилген.

 --

10-суроо: 14-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн иштөө убактысы (күнүнө канча саат) канча убакыт?

Жооп: 14төн 16 жашка чейинки курактагы өспүрүм кызматкерлер үчүн – 5 сааттан, 16дан 18ге чейинкилерге – 7 сааттан;

Жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 14төн16га чейинки курактагыларга – 2,5 сааттан, 16дан 18ге чейинки курактагыларга – 3,5 сааттан; Майыптар үчүн- медициналык корутундуга ылайык.

 --

11-суроо: Эмгекти коргоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн иш берүүчү кандай жоопкерчиликтерди тартат?

Жооп: Тартиптик, административдик, кылмыштык жана материалдык жазалар.

 

2-Тема. Эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу.

 

12-суроо: Эмгекти коргоо боюнча уюмдун кайсы негизги иш-планында чагылдырылган?

Жооп: Жамааттык келишимдер жана макулдашууларда.

--

13-суроо: Билим берүү уюмдарда эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча кимдер жооптуу?

Жооп: Уюмдун жетекчиси (директор, билим берүү бөлүмүнүн башчысы же орун басары).

 --

14-суроо: Эмгекти коргоону окутуу жана эмгекти коргоо билүүлөрүн текшерүү кайсы кызматкерлер үчүн милдеттүү?

Жооп: Эмгекти коргоону окутуу жана эмгекти коргоо талаптарын билүүлөрүн текшерүү уюмдун бардык кызматкерлери жана ошондой эле жетекчилери үчүн милдеттүү (КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 токтому менен бекитилген жобо).

--

15-суроо: Жумуш орундарында эмгекти коргоонун талаптары боюнча ким нускама берет?

Жооп: Уюмдун иш бөлүмүнүн жетекчиси, техникалык инженер.

16-суроо: Эмгекти коргоо боюнча комиссиянын төрагасы кимдер болушу мүмкүн?


Жооп: Профсоюз комитетинин мүчөсү, кызматкер (иш берүүчүдөн башкалар).

--

17-суроо: Эмгекти коргоо боюнча нускаманы ким түзгөн?


Жооп: Иш берүүчү тарабынан профсоюз комитети менен макулдашып типтүү программа иштелип чыгат.

--

18-суроо: Кооптуу жумуш орундарда иштегендер үчүн кандай кайталанма нускама өтүлөт?

Жооп: Үч айда бир жолу, кайталанма нускама өтүлөт.

 

3-тема. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууларды териштирүү.

 

19-суроо: Кызматкер эмгектик мертинүүгө чалдыкса, анын иликтенишине Н-1 формасындагы актынын туура убактысында толтурулушуна ким жооптуу?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө  кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобонун II бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде иш берүүчү жооптуу.

--

20-суроо: Жеъил кокустуктун өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө комиссиянын тыянагына жабырлануучу макул болбосо кандай болот?

Жооп: Борбордук комитеттин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспекторуна кайрылат (КРнын Эмгек кодексинин 223-беренеси).

--

21-суроо: Башка бир объектиде сапарда жүрүп мертинүүгө чалдыкса териштирүү жүргүзүлөбү?

Жооп: Териштирилет, эгер эмгектик тапшырманы аткарууда мертинүүгө чалдыкса.

--

22-суроо: Кызматкер жумуш күнүндө түштөнүү маалында кыймылда жүрүп мертинүүгө чалдыкса териштирилеби?

Жооп: Териштирилет, эгер эмгекке байланыштуу кыймылда болсо (КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген жобонун 3п(а) негизинде).

--

23-суроо: Эмгектик  мертинүү боюнча атайын териштирүү комиссиясынын төрагасы ким болот?

Жооп: КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө-кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобонун II бөлүмүнүн 25 пунктунун негизинде БКтин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору төрага болот.

24-суроо: Кандай жагдайда кызматкер эмгектик мертинүүгө чалдыкканда, өндүрүштүк мертинүү деп эсептелбейт?

Жооп: Мындай жагдайда териштирилет. Бирок эмгектик мертинүү деп эсептелбейт, эгер:

- кызматкер мас абалында болсо;

- баъгилик жана уулуу препараттарды колдонгон болсо;

- өз кызыкчылыгы үчүн уюмга тиешелүү автоунааны, ишке колдонулуучу шаймандарды иш берүүчүнүн уруксатысыз колдонсо ж.б.

--

25-суроо: Эмгектик иш менен байланышпаган кандай мертинүүлөр эмгекке байланыштуу деп эсептелинет?

Жооп: Адамдын өмүрүн сактоо боюнча жарандык парзын аткарууда, мамлекеттик, жамааттык жана башка менчикти коргоо учурунда, ошондой эле эмгектик иш менен байланышпаган укук тартибин коргоо учурунда жана өрттөгү аракеттердин жана жаратылыш кырсыктары учурунда донордук функцияларды аткарууга байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготуу иш менен байланышкан кырсыктын кесепетинен эмгекке жарамдуулугун жоготууга теъдештирилет.

--

26-суроо: Кандай кокустук мертинүүлөр учурлары атайын териштирүүгө жатат жана аны ким жетектейт?

Жооп: Атайын териштирүүгө төмөнкүлөр кирет:

- жеңил же ооруна карабай, группалык мертинүүлөр;

- оор жаракат алган мертинүүлөр;

- каза болууга дуушарланган мертинүүлөр.

Мертинүүгө чалдыккан жарандар профсоюз уюмунун мүчөлөрү болсо, атайын териштирүүнү БКтин башкы техникалык эмгек нускоочусу жетектейт.

--

27-суроо: Кокусунан болгон мертинүү группалык, оор жана каза болуу менен коштолсо, кандай билдирүү жасалат?

Жооп: Мертинүү группалык, оор жана каза болуу менен коштолсо, иш берүүчү тезинен телефон (факс) же атайын тиркемедеги форма менен телефонограмма төмөндөгүдөй жогорку дистанцияларга билдирүү жолдойт:

-уюмдун баш ийүүчү жогорку органына;

-областтык (Бишкек ш.) мамлекеттик эмгек инспекциясына;

-жергиликтүү прокуратурага;

-аймактык профсоюз комитетине;

-БКтин эмгек инспекциясына.

--

28-суроо: Атайын териштирүүнүн материалдары кайсы жактарга жиберилет (жолдонулат)?

Жооп: Атайын териштирүүнүн техникалык актысы, Н-1 формасынын актысы жана териштирүүнүн материалдары иш берүүчүгө жүктөлүп, комиссиянын төрагасы териштирүү бүткөндөн кийин комиссиянын төрагасы 5 күндүн ичинде материалдарды төмөндөгүдөй жолдойт:

- окуя болгон аймактык прокуратурага;

- областтык (Бишкек ш.) мамлекеттик эмгек инспекциясына;

- КРнын мамлекттик эмгек инспекциясына;

- атайын териштирүүнүн актысы менен Н-1 формасынын актысынын копиясын  уюм баш ийүүчү жогорку органга;

- аймактык (областтык) профсоюз комитетине;

- БКтин эмгек инспекциясына;

- атайын териштирүүнүн актысы менен Н-1 формасындагы актынын копиясынын мертинген адамга же каза болгондун үй-бүлө мүчөсүнө.

 



4-тема. Эмгектик мертинүүгө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу.

 

29-суроо: Оор эмгектик мертинүүдөгү ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу өлчөмү кимдер тарабынан аныкталат?


Жооп: Оор эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, майыптык тобу жабырлануучу күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан аныкталат.

--

30-суроо: Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын курамы.


Жооп: Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын жоготулган курамына эмгегине акы төлөөнүн бардык түрлөрү кирет. Эмгек акылардын бардык түрлөрү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген суммаларда эсепке алынат. Эмгекке жарамсыздыгы боюнча алуучу пособие орточо эмгек акы эмгектик мертинүүдөн мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталат.

--

31-суроо: Жабырлануучуга бир жолку берилүүчү жөлөкпулдардын түрлөрү кайсылар?


Жооп: Бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жамааттык келишимде аныкталат да, эмгекке жарамдуулукту жоготуунун жана майыптуулукту эсепке алуу менен төмөндөгү өлчөмдөрдө дайындалат (төлөнөт):

  • III топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык үч эмгек акысы өлчөмүндө;

  • II топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык беш эмгек акысы өлчөмүндө;

  • I топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык он эмгек акысы өлчөмүндө;

Жабырлануучунун (багар-көрөөрүнүн) каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга иш берүүчү жабырлануучунун жыйырма орточо жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

--

32-суроо: Кандай кырдаалда аралаш жоопкерчилик колдонулат?


Жооп: Эгерде жабырлануучунун одоно этиятсыздыгы зыяндын келип чыгышына түрткү болсо, анда ордун толтуруу өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасына жараша азайтылат. Башкача айтканда, эгер жабырлануучу КРнын Эмгек кодексинин 212-беренесине ылайык өз милдеттерин аткарбаса аралаш жоопкерчилик колдонулат.

--

33-суроо: Кесиптик оорудан улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыкса, жөлөкпул кандай төлөнөт?


Жооп: Кесиптик ооруну  саламаттык сактоо адистери жана МСЭК аныктайт.

Кесиптик оорудан улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан учурда жөлөкпул кесиптик оору учурун тергөө жөнүндө Н-1 формасындагы актысы бар болгон учурда дайындалат. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды дайындоо учурунда кесиптик оорулар деп «Кесиптик оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №225 токтому менен бекитилген кесиптик оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн оорулар саналат.

--

34-суроо: Эмгектик мертинүүгө чалдыккан учурда канчалык убакытка чейин эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул төлөнөт?


Жооп: Жөлөкпул дайындоого негиз болуп белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздыгы баракчасы саналат. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул ооруканада же мертингенде берилет. Эмгекке жарамсыздыгын жоготкон бүткүл мезгилдин ичинде Медициналык Экспертизалоо Комиссиясы (МСЭК) майыптуулукту белгилегенге чейин.

Убактылуу Эмгекке жарамсыздык пайда болгон күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин (120 күн) же үзгүлтүк менен беш айдан ашпаган (150 күн) убакытка жалпы жонунан акыркы он эки айдын ичинде узакка ооруган адамдар көрсөтүүлөр бар болгон учурда МСЭКке күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт.

--

35-суроо: Кокусунан болуучу эмгектик мертинүүгө чалдыгууда жабырлануучу тарткан зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү кайсылар?


Жооп: КРнын Эмгек кодексинин 231-беренисинин негизинде төмөнкүлөрдөн турат:

  1. Жоготулган эмгек акынын (же анын тийиштүү бөлүгүнүн) ордун толтурууга төлөө. Мында медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) чечимине ылайык аныкталат.

  2. Кошумча чыгымдарды компенсациялоо (дары-дармек сатып алууга, кошумча тамактанууга жана санаториялык, курорттук дарыланууга ж.б.)

  3. КРнын Эмгек кодексинин 247 жана 252 беренелеринин негизинде бир жолку жөлөкпулду төлөө.

  4. Моралдык зыяндын ордун толтуруу.

  5. Сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу (КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727 токтому менен бекитилген Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду төлөө тууралуу төлөө) жөнүндө жобо.

--

36-суроо: Зыяндын ордун толтуруу суммасын төлөй баштоо мөөнөттөрү.

Жооп: Зыяндын ордун толтуруу суммалары төмөнкү учурларда төлөнөт:

  1. Жабырлануучуларга алар эмгектик мертинүүнүн кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон күндөн тартып;

  2. Жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга жабырлануучу каза болгон күндөн тартып, бирок зыяндын ордун толтуруу укугун алган күндөн эрте эмес. Мында арыз берилген күн зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган күн катары эсептелинет.

 

5-тема. Эмгектик гигиенасы

 

37-суроо: Адамдын организмине терс таасирин тийгизүүчү шуулдоолор кайсылар?

Жооп: Жогорку тондогу шуулдоолор (чуулдоолор, күүлдөөлөр).

--

38-суроо: Жумуш иштөөчү жайдын (бөлмөнүн) жабдылыш жарыгын төмөндөткөн факторлор тизмегине кайсылар кирет?

Жооп: Терезе-айнектердин, дубал беттеринин, шыптын (потолоктун), иштөөчү жарык жабдууларынын өз убагында ремонттон өтпөгөндүгү.

--

39-суроо: Аудиториялар, класс бөлмөлөр кандай температуралык режимде болуусу зарыл?

Жооп: Температурасы +18°тан төмөн болбоосу.

--

40-суроо: Аптечка жумуш иштөөчү жайдын кайсы жерине жайгаштырылат?

Жооп: Жалпыга көрүнүүчү оътойлуу жерде.

--

41-суроо: Аптечканын ичин толуктап толтурууга ким жооптуу?

Жооп: Иш берүүчү.

--

42-суроо: Дененин бир жерин оорутуп (создуктуруп же көгөртүп) алса, кандай биринчи жардам берилет?

Жооп: Муздак ванночка же компресс.

--

43-суроо: Кокустуктан мертинүүдө вена кан тамырынан аккан канды кантип токтотот?

Жооп: жгут (өрүлгөн, эшилген нерсе) менен таъып кан агууну токтотуп, тезинен врачка кайрылуу.

--

44-суроо: Кокустуктан кол-шыйрактардын сөөгү сынса, кандай биринчи жардам көрсөтүлөт?

Жооп:Сынган сөөккө шакшак коюп таъып, тезинен медициналык пунктка жеткирүү (же тез жардамды чакыртуу) керек.

 

6-тема. Өрт коопсуздугу.


45-суроо: Кокусунан өрт коркунуч учкуну пайда болсо, кандай чара колдонуу керек?

Жооп: Тезинен 101 телефон номерине өзүнүн фамилиясын, адресин айтып кабарлоо;

- окуу жайдын жетекчилерине билдирүү;

- жатаканада жашоочуларды (студенттерди, окуучуларды) алып чыгуу эвакуациясын жүргүзүү;

- өрт өчүрүүчү куралдарды пайдалануу.

--

46-суроо: Билим берүү уюмдарда өрт коопсуздук эрежелери жөнүндө эстеткичтери кайсы жерлерде илинет?

Жооп: 101 – телефон номеринин табличкасы менен өрт коопсуздук эрежелери жөнүндө эстеткичтөмөндөгүдөй илинет:

- мугалимдер бөлмөлөрүндө;

- мастерскойлордо;

- лабароторияларда;

- физика, химия, информатика жана эмгек кабинеттеринде;

- дене тарбия жана актовый залдарда;

- имараттагы өрт өчүрүүчү инвентарлардын жанында;

- студенттик (окуучулар) жатаканаларында;

- коридор, этаждарда.

47-суроо: Имараттын ичинен алып чыгуучу минималдуу канча эвакуация болушу зарыл?

Жооп: Экиден кем эмес алып чыгуучу эвакуациянын болушу.

--

48-суроо: Өрт коопсуздук тосмого эмнелер кирет?

Жооп: Өрт коопсуздук дубалы жана материалдары өрткө (ысыкка) каршы туруштук берүүчү жабдыктар.

- сигнализация.

7-тема: Электр коопсуздугу.


 49-суроо: Бөлмөлөрдө кандай электр аспаптары (шаймандары) колдонулбайт?


Жооп: Стандарттуу эмес жасалма электр менен жылытуучу аспаптарды (суу кайнаткыч, тамак бышыргыч ж.б.) колдонууга болбойт.

--

50-суроо: Кандай электр приборлорду колдонууга жана өз алдынча оъдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө болбойт?


Жооп: Бузук электр сайгычтарды жана күйгүзгүчтөрдү колдонууга болбойт. Ошондой эле өз алдынча электр сайгычтарын жана күйгүзгүчтөрүн оъдоого жана которууга таптакыр тыюу салынат.

--

51-суроо: Электр тогу менен иштөөдө жана андан сактанууда колдонуучу буюмдар кайсылар?


Жооп: Электр тогун өткөрбөөчү кол каптар, атайын кодонуучу өтүктөр, ток өткөрбөөчү килем (палас), ток менен иштөөчү буюмдар (кычкач, отверкалар ж.б) жана токтук күч чыъалууну жерге сиъирүүчү.

--  

52-суроо: Электр тогуна урунгандын кандай негизги түрлөрү бар?


Жооп: Электр тогунун соккусу, зыянга дуушарлоо жана күйүккө алдыруу.

--

53-суроо: Электр тогуна урунган учурда кандай биринчи жардам көрсөтүлөт?


Жооп: Жабырлануучуну электр тогунан ажыратуу, кысылган кийимдерден денесин бошотуу, жасалма демалдыруу жана дарыгерди чакыруу.

--

54-суроо: Кандай элементтеги жабдыктарга токту жерге сиъирүүчү өткөргүч колдонулат?


Жооп: Адамдын денесине тийүүчү ток өткөрүүчү темирлерди жана технологиялык каркас жабдыктары.

--


Эскертүү:      Материалдардын жооптору жалпысынан КРнын Эмгек кодексине, КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө-кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобого, КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727 токтому менен бекитилген жобого жана КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 токтому менен бекитилген жобого негизделген.



БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ БОЮНЧА ПРОФСОЮЗДУН БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН ЭМГЕК АКЫЛАРДЫН ТӨЛӨНҮШҮ БОЮНЧА МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО

1. Суроо:  Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептоонүн шарты мамлекеттин кайсы нормативдик документтери менен аныкталат?

 Жооп:  Республиканын билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары КРнын Өкмөтүнүн 31.05.11-жылдагы №270 “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү инструкциясын” бекиткен токтомунун негизинде аныкталат.

--

2. Суроо:  Кайсы билим берүү уюмдарында кызматкерлер үчүн сыйлык берүү фондусу каралган?

Жооп:  КРнын Өкмөтүнүн 19.01.11-жылдагы №18 токтомунун негизинде оъдоолор 31.05.11-жылдагы №270 КРнынт Өкмөттүнүн токтомуна киргизилип, 1.05.11-жылдан тартып, республиканын жалпы билим берүү уюмдарында гана шыктандыруучу фонд түзүү каралган.

--

3. Суроо:  Жалпы билим берүүчү уюмдарга кайсы уюмдар кирет?

Жооп:  КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине каралгандай жалпы билим берүү уюмдарына мектептер, лицейлер жана гимназиялар кирет.

--

4. Суроо:  Мугалимдердин жумалык сабак берүү сааттарынын эъ төмөнкү саны эмгек акы төлөөнүн  шартында каралганбы?

Жооп:  Мугалимдердин жумалык саатынын  жүктөмүнүн эъ төмөнкү чеги коюулган эмес. Мугалимдин азыраак жумалык жүктөмгө ээ болсо, көбүрөөк сабактан тышкаркы иштерди берүүгө  болот.

--

5. Суроо:  Мугалимдердин жумасына канча саат сабак берген күндөн баштап анын педагогикалык стажысы эсептелет?

Жооп:  Жумасына 6 сааттан, же жылына 240 сааттан кем болбошу керек.

--

6. Суроо:  Мектепте мугалимдер арасында сааттык жүктөмдөрдү бөлүштүрүү кандай принциптерге негизделген?

Жооп:  Педагогдор арасында сааттардын жүктөмдөрүн  окуу  планындагы сааттардын негизинде бөлүштүрүлөт. Мектептер мугалимдик кадрлардын окуу жүктөмдөрүн жана башка шарттарын камсыз кылуусу керек.

--

7. Суроо:  Каникул мезгилинде жумушка кабыл алынган мугалимдердин эмгек акысы кайсы эсептөөнүн негизинде эсептелет?

Жооп:  Жайкы каникул мезгилинде мугалимдик жумушка кабыл алынганда эмгек акысы  жаъы окуу жылына чейин жумасына 20 сааттан кем эмес эсепте төлөнөт.

--

8. Суроо: Мугалимдерге каникул мезгилдеринде эмгек акы кантип эсетелинет, эгерде ал тетрадь текшербесе жана сабакка даярданбаса ж.б?


Жооп:  Окуучулардын күзгү, кышкы, жазгы жана жайкы каникул мезгилдериндеги иштеген убактары үчүн педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акылары  анын каникул башталганга чейинки тарификацияда коюулган эмгек акысын эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

--

9. Суроо: Жаъы окуу жылында мугалимдер арасында сааттардын жүктөмдөрүн бөлүштүрүү боюнча мектепте ким жооп берет?


Жооп:  Жаъы окуу жылында мугалимдердин окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү укугу мектептин профсоюздук комитетинин макулдугу боюнча директорго таандык.


10. Суроо:  Окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүнү мектептин профкому менен макулдашуу  деген эмнени түшүндүрөт?

Жооп:  Мектептин профкому тарификациялык баракчага өзүнүн колун эле коюуп койбостон профкомдун атайын заседаниесинде мугалимдер арасында окуу сааттарын бөлүштүрүлүшүн карайт, мисалы, өзгөчө жаш адистердин сабак жүктөмдөрүн, бат-бат ооруган мугалимдерди, иштеген пенсионерлерди жана башка кызматкерлердин эмгек акысына каралуучу бардык кошумча төлөмдөрдү көзөмөлгө алат.

--

11. Суроо:  Жогорку окуу жайларында, атайын орто окуу жайларында окуган жылдары окутуучулардын, тарбиячылардин, мугалимдердин педагогикалык стажысына киреби?

Жооп:  Ооба, эсепке алынат, бирок бир шарт менен жогорку, орто окуу жайын окуганга чейин жана аны бүткөнгө чейин тикелей педагогикалык ишмердүүлүгү болгон учурда эсепке алынат.

--

12.  Суроо:  Мектепке химия мугалим болуп, КРнын УИАсынын илим-изилдөө инситутунун илимий кызматкери кабыл алынды, бул педагогдун УИАсында анын иштеген жылдары педагогикалык стажга кошулабы?


Жооп:  Ооба, кирет  эгерде мектептеги сабак берген предмети иштеген кесиби боюнча келген учурларда.

--

13.  Суроо:  Физкультура мугалимине анын спорт боюнча тренер болуп иштеген мезгилдери педагогикалык иш стажысына киреби?


Жооп:  Физкультура мугалиминин педагогикалык иш стажысына анын спорт боюнча окутуучу-тренер болуп иштеген мезгилдери кирет, бирок спорт боюнча тренерлик кирбейт.

--

14.  Суроо: Башталгыч аскердик даярдык боюнча мугалимдин педагогикалык иш стажысына анын аскердик кызмат өтөгөн мезгили киреби?

Жооп: Башталгыч аскердик даярдык боюнча мугалимдин педагогикалык иш стажысына анын аскерде кызмат өтөгөн мезгилдериндеги  (анын ичинен ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарынын войскаларында) мичман, пропоршик, улук ,сержанттык жана офицердик  кызматтары кирет. 

--

15.  Суроо:  Мугалим-дефектологдун, логопеддин, сурдопедагогдун, тарбиячылардын жана мугалимдердин педагогикалык иш стажысына клиникаларда, поликлиникаларда, больницаларда, балдар үчүн палаталарда жана бөлүмдөрдө анын иштеген мезгилдери киреби?


Жооп:  Ооба, эсепке алынат, бирок алардын педагогикалык иштерди аткарган убактагы айлары гана кирет.

--

16.  Суроо:  Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин билим берүү уюмдарында сабак берип, коштоп иштеген шартта анын ошол мектепте иштеген убактысы педагогикалык стажысына киреби?

Жооп:  Ооба, кирет бирок, эгерде анын окуу жүктөмүнүн көлөмү жылына 240 сааттан кем эмес болгондо.

--

17.  Суроо:  Мектепте педагогикалык ишти жетектеген ишкананын кызматкерине толук окуу жылы педагогикалык иш стажсына кошулабы?

Жооп:  Жок, педагогикалык иштерди аткарган гана айлары кошулат.

--

18.  Суроо:  Коштоп иштегендердин (совместительство) айкалыштырып иштегендерден мүнөзү боюнча кандай айырмаланат?

Жооп:  Коштоп иштегендердин аткарган жумушу өзүнүн негизги иштеген жумушунан тышкаркы бош убактысында эмгек келишимдин шартында ай сайын айлык акы алып жумуш аткарат. Айкалыштырып жумуш аткаруу ошол эле иш берүүчү тарабынан өзүнүн негизги жумушуна кошумча башка адисти, кесипти жана кызматты бере алат. Мындай учурда кызматкердин жумуш күнүнүн узактыгы көбөйбөйт.

--

19.  Суроо:  Коштоп иштеген шартта адамдарды жумушка кабыл алаарда буйрук жазуу талап кылынабы?

Жооп:   Коштоп иштеген адамдарды жумушка кабыл алууда ЭКнин 55-беренесинин 2-пунктуна ылайык мөөнөтүү эмгек келишими түзүлөт же эч болбосо коштоп иштегендиги боюнча жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгуусу керек

--

20.  Суроо: Эгерде кызматкерди өзүнүн негизги кызматынан тышкары айкалыштырып иштөө шартында башка жумушту аткарууда буйрук чыгуусу сөзсүзбү?

Жооп:  Ооба,сөзсүз.

--

21.  Суроо:Мугалимдердин стажысынын айын жылын тарификацияга көрсөтүп жазылышы керекпи?

Жооп: Ооба сөзсүз жазылышы керек. Мугалимдердин педагогикалык стажысы үчүн кошумча төлөмдордун көбөйүү укугу окуу жылдын ичинде келиши мүмкүн. Ошондуктан окуу жылдын башында тарификацияга пед. стажысы так көрсөтүлүп жазылышы керек. Мисалы, 4 жыл 4 ай, 9 жыл 5 ай.  Бул пед. стажга төлөмдөрдүн жогорулашы максаттуу түрдө өз убагында төлөнүшү кажет. Мугалимдердин пед. стаж үчүн төлөмдөрдүн жогорулашын кийинки окуу жылга калтырууга болбойт. Бул мыйзамды бузуу болуп  саналат.

--

22.  Суроо: Мектеп жетекчилиги окуу жылдын ичинде мугалимдердин макулдугу жок окуу жүктөмдөрүн азайтууга укугу барбы?


Жооп:  Мугалимдер арасында окуу жүктөмдөрүн инструкцияга ылайык окуу жылдын башында профкомдун макулдугу менен бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары эрежеге ылайык райшаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы комиссия тарабынан текшерилип, андан кийин билим берүү уюмунун жетекчиси  тарабынан бекитилет. Мындай учурда мугалимдин окуу жүктөмдөрүн ар кандай негиздер менен мектеп жетекчилиги окуу жылдын ичинде азайтууга укугу жок. Бул учурда мектептин профкому териштирип, болгон окуя боюнча чечим кабыл алуусу зарыл.

--

23.  Суроо: Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысына кандай кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар коюулган?

Жооп: Республиканын билим берүү уюмдарындагы кызматкерлеринин эмгек акыларына жумуштун өзгөчө шарттары үчүн төмөндөгүдөй кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар коюулган: алыскы жана тоолуу райондордогу иш стажыга,ардактуу наамдарга, “улуттук” өзгөчө наамдарга (статус), педагогикалык иш стажыга, айыл жерде иштегендерге, илимий наамдарга, түнкү иштеген сааттарга. (майрам күндөрү) ж.б.

--

24.   Суроо: “Эмгек сиъирген” жана “эл мугалими” ардактуу наамдарга ээ болгон мугалимге кошумча төлөмдөр кандай төлөнөт?

Жооп:  Мындай учурда кызматкердин каалосу боюнча ардактуу наамдардын бирөөнө  кошумча төлөм жүргүзүлөт.

--

25.  Суроо:  Эгерде мугалим илимдин кандитаты же илимдин доктору наамдарына ээ болсо, бирок жумалык жүктөмү 16 саат менен гана иштесе , анда илимий даражасы үчүн кошумча төлөмдөр ага кандай өлчөмдө төлөнүшү керек?


Жооп:  Илимий даражасы үчүн мугалимдин  эмгек акысына кошумча төлөмдүн берилиши анын саатынын көлөмүнүн педагогикалык  жүктөмүнө көз каранды эмес.

--

26.  Суроо:  Коштоп иштөө шартында мекемеде иштеген мугалимге илимий даражасы үчүн кошумча төлөмдөр төлөнөбү?

Жооп:  Жок, төлөнбөйт. 

--

27.  Суроо:  Эгерде мугалим башка мектепте коштоп иштөө шартында иштеген болсо пед. стаж үчүн кошумча төлөмдөр  төлөнөбү?

Жооп: Ооба, төлөнөт эгерде мугалимдин окуу жүктөмү негизги иштеген жерде жана коштоп иштеген жерде баардыгы болуп 32 сааттан ашпаса.   

--

28.  Суроо:  Кыргыз жана орус тилдерин окуткандар үчүн 15% кошумча төлөмдөр мугалимдердин ишинин кайсы түрүнө колдонулат?

Жооп:  Окутуу иши үчүн сааттар боюнча эмгек акысынын өлчөмү15% га жогорулатылыт.

-- 

29.  Суроо: Билим берүү тармагында өзгөчө шарттагы эмгек жумуштун кайсы түрлөрүнө таандык?

 Жооп: КРнын Өкмөтүнүн 25.03.02-жылдагы №161 токтомуна байланыштуу жаъы чыккан КРнын Өкмөтүнүн 19.12.06-жылдагы №863 “Өзгөчө шарттарга колдонулуучу эмгек акылар жөнүндө” токтомунда билим берүү тармагында өзгөчө шарттар менен иштегендердин тизмеси бекитилген. Мисалы, медициналык кортундуга ылайык келген өз алдынча үйүндө окуткан оорулуу балдарга байланышкан иштер.

--

30.  Суроо: Атайын балдардын мектепке чейинки уюмдарынын атайын мектеп-интернаттардын кайсы кызматкерлеринин эмгек акысына зыяндуу шарттагы жумуштары үчүн 15% өлчөмүндө төлөнүп берилет?


Жооп:  Балдар үйлөрүнүн, атайын мектеп-интернаттардын жана акылында жана ден соолугунда (физический) кемчилдиги бар балдар үчүн атайын мектепке чейинки уюмдардын педагогдорунан башка бардык кызматкерлерине өзгөчө шарттагы жумуштар үчүн 15% кошумча төлөмдөр жүргүзүлөт. Жогорудагы уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине башка деъгээлдеги кошумча төлөмдөр коюулган.

--

31.Суроо: Эмгек акысына кошумча акы жана үстөктөрдүн кандай түрлөрү төлөнөт?

Жооп:  Кыргыз Өкмөтүнүн 1.09.01-жылдагы №504 токтомунда эмгек акысына карата сыйлоонун тизмеси бекитилген. Сыйлык берүү жана акчалай сыйлоо  дайыма же мезгилдүү мүнөздө жүргүзүлүп, эмгек акыларды берүү тармагында мындай  тизме каралган.

--

32. Суроо: Жалпы билим берүүчү мектептерде балдар менен иштеген мектептен жана класстан тышкаркы уюштуруучулардын жана аскерге даярдыктын жетекчилеринин кызматтык айлык акыларын кайсы окуучулардын санын эсепке алат?


Жооп: Көрсөтүлгөн кызматтардын айлык акыларын жалпы 1-11-класстардын санын эсепке алуу менен аныкталат.

--

33. Суроо: Окуу иштери боюнча директордун орун басары, эгерде ал 0,5 ставка менен иштесе анда  иштегендиги үчүн кошумча акы негизги кызматы боюнча кантип эсептелинет?

Жооп:  Айыл жеринде иштегендер үчүн кошумча акы толук эмес ставкада иштеген жетекчилер үчүн сабак өткөн сааттарына жана кызматтык эмгек акыларына эсептелинет. Кошумча төлөмдөрдүн жалпы суммасы айына 1000 сомдон ашпоосу керек.

--

34. Суроо: Мектеп жетекчилерине алыскы жана тоолуу шарттарда иштегендеги стажысы үчүн кошумча төлөмдөр кантип эсептелинет?

Жооп:Алыскы жана тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн  стажга кошумча төлөмдөр “инструкцияга” ылайык жетекчилер үчүн кызматтык айлык акыга, ал эми педагогикалык кызматкерлерге 32 сааттан ашык эмес өлчөмдө эсептелинет.  

--

35. Суроо: Эгерде мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча уюштуруучусу 0,5 ставкада жана 19 саат сабак берип иштесе тоолуу шартта иштегендиги үчүн стажыга кошумча акы кантип эсептелинет?

Жооп:  Алыскы жана тоолуу жерде  уюштуруучу  болуп 0,5 ставкада иштегендигине байланыштуу 0,5 ставкадагы кызматтык айлыкка эсептелинет жана 19 саат үчүн сабак бергендиги, сабакка даярдануу жана сабактан тышкаркы иштер ошондой эле педагогдорго төлөнүүчү тоолуу шарттагы иш стажысы үчүн 32 саатка эсептелинген сабак берүү, даярдануу жана сабактан тышкаркы иштерге төлөнүүчү шарттар, мындай учурда  19 саатган алынат.

--

36. Суроо:  Убактылуу ооруп жаткан мугалимдин сааттары алмаштырылып, башка  мугалимге берген сааттардын тетрадь текшерүү, сабакка даярдануу иштерине сааттар аныкталып, төлөнүп берилеби?

Жооп:  Ооба, аныкталат, төлөнүп берилет.

--

37. Суроо:  Мектептеги педагогикалык иштерди жетектегендерге, лобаранттарга, библиотекарларга окуу-методикалык иштердин эки сааты каралганбы?

Жооп:  Жетекчилерге жана башка окутуу-көмөкчу жана чарбалык-жетекчиликте иштеген кызматкерлердин ичинен жумасына 6 саат сабак берсе, бул максатта сабак берүү жүктөмү жумасына 6 сааттан  ашкандардын баардыгына  2 саат бөлүнөт.

--

38. Суроо:  Кыргыз Өкмөтүнүн 30.09.95-жылдагы №404 токтомунун  негизинде мектеп-лицейлерде, мектеп-гимназияларда кружокторду, клубдарды, студияларды  уюштуруу үчүн кошумча ставкалар каралганбы. Мектеп-лицейлерде, мектеп- гимназияларда көрсөтүлгөн сааттар мектептин аныкталган сааттары болуп эсептелеби?

Жооп:  Мектептерге таандык кошумча кызмат көрсөтүү, кесиптик багытын аныктаган тандоо жолу менен предметтик курстар уюмдун  негизги жалпы  жыйындысын түзөт. .   Ошого байланыштуу лицей, гимназияларда уюшулган кружоктор КРнын Өкмөтүнүн . . 30.09.05-жылдагы №404 токтомуна ылайык 4500 сом суммасында төлөнөт жана      . . .  мектептин компонентине кирет.

--

39. Суроо:  Башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчиси кызматтык айлык акысынан сырткары жалпы билим берүүчү мектептерде канча саат педагогикалык жүктөм бере алат?

Жооп:  кызматтык айлык акыдагы аталган жетекчи жалпы билим берүүчү мектептерде      эгерде ал толук ставкада айлык акы алса жумасына 12 сааттан берүүгө болот, эгерде     0,5 ставка кызматта  иштесе жумасына 18 саатан ашпоосу керек.

--

40. Суроо:  Кайсы класстан баштап мектеп-гимназиялардын окутуунун гимназиялык курсуна өтө алат?

Жооп:  Окутуунун гимназиялык курстарына 5-класстан башталат.


41. Суроо:  жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын мектеп-лицейлерине кайсы класстан баштап кабылалат?

Жооп:  Жалпы билим берүүчү мектептеринин 7-класстарын ийгиликтүү аяктаган окуучуларын мектеп-лицейине кабыл алынат.

--

42. Суроо: Эгерде интернат-лицейде, интернат-гимназияда иштеген тарбиячыларынын эмгек акыларына 1,15 жана 1,20 коеффиценти колодонулабы?

Жооп:  Мектеп-лицейлеринде, мектеп-гимназияларындагы тарбиячылардын сааттарынын айлык акысына көрсөтүлгөн коеффиценттер, эгерде алар мектеп-гимназиялардын же мектеп-лицейлердин окуучулары менен иштесе гана колдонулат.

 --

43. Суроо:  КРнын Президентинин 30.08.07-жылдагы №390 “Балдарды коргоо жана жардам берүү жөнүндө” Указынын негизинде өзгөчө шарттагы иштери үчүн балдар үйүндөгү, мектеп-интернаттардын кызматкерлеринин эмгек акыларына 10% көбөйтүлгөн бардык кошумча төлөмдөр күчүндөбү?

Жооп:  Ооба, 1-январь 2008-жылдан бери күчүндө. 1-май 2011-жылдагы билим берүү тармагындагы эмгек акылардын өзгөргөндүгүнө карабастан, бул кошумча төлөмдөр өзгөчө эмгек шарттары үчүн бардык аталыштагы  жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн  бардык кызматкерлерине КРнын Президентинин №390 30.08.07-жылдагы “Балдарды коргоо жана жардам берүү жөнүндөгү” Указына ылайык колдонулат.

44. Суроо:  Мектептеги директордун окуу тарбия иштери боюнча эки орун басарынын кызматтык айлык акысынын өлчөмү кантип коюулат?

Жооп:  Мектепте директордун окуу иштери боюнча орун басарынын бирден ашык коюулган  кызматынын айлык акысынын өлчөмү экөөнүн бирөөсүнө мектептеги окуучулардын жалпы санына карата коюулат, ал эми башкасына анын тейлеген класстарынын санынан алынып коюулат.

--

45. Суроо:  Кызматкердин өлгөндүгүнө байланыштуу албай калган эмгек акысы берилеби?

Жооп:  Ооба, эмгек акысы берилет, өлгөн күнүнө чейинки албай калган эмгек акысы анын үй-бүлө мүчөсүнө же анын багуусундагы адамга иш берүүчүгө талап кылынган документи берген күндөн бир жума кечиктирбей берилет.

--

46. Суроо:  Эгерде кызматкерге кандайдыр себептен улам эмгек акысы ашыкча төлөнүп калды, мындай учурда ашык алынган сумма кармалабы?

Жооп:  Иш берүүчүлөр кызматкердин  эмгек акысына ашыкча төлөнгөндө анын ичинен мыйзамдар туура эмес колдонулса андан  эсептөөдөн ката кетиргендигине карабастан кармалбайт.
  Бирок, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кармоого болот. Мындай учурда ар бир төлөнгөн эмгек акыдан кармоонун жалпы өлчөмү 20% дан ашпоого тийиш.

--

47. Суроо:  Эгерде мугалим болуп көп жылдан бери иштейт, бирок дипломунда Бишкектеги курулуш техникумун бүткөн, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү сааттардын төлөмдөрү ага эсептөө кандай жүргүзүлөт?

Жооп:  Эгерде мугалимге педагогикалык ишмердүүлүктө иштегенге укук берилген сертификатына ээ болсо, анда анын педагогикалык ишиндеги сааттарынын төлөмдөрү мындай учурда атайын орто билимдин эсебинде жүргүзүлөт.

  
Түзгөндөр:                     Л.П.Олимпиева      Б.М.Кадыркулов.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!