СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 03.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тил ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тил ачык сабак»

«ЭНЕ ТИЛГЕ ТААЗИМ»

 

Сабактын максаты:

а) Эне тилди сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, эне тилдин өнүгүшүнө салым кошу, тилди сүйүү тууралуу кеңири маалымат берүү.

б) Макал-ылакаптарды жаттоо, сөз берметтерин жыйноо, адептүү сүйлөй билүүгө, сөзмөрлүккө чечендикке үйрөтүү.

в) Эне тилин сүйүүгө тарбиялоо

Сабактын жабдылышы: Тил жөнүндөгү ураандар, ырлар, жаңылмачтар, учкул сөздөр. Кластер, РАФТ стратегиялары

Сабактын формасы: диалог – сабак

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

б) Жаңы сабак

в) бышыктоо

г) Үйгө тапшырма

Мугалим: 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Эне тилиме таазим этели» деген темада сабак өтөбүз.

Сабакты баштардын алдында Мамлекеттик тил Гимнин ырдайбыз. Окуучулар:(Гимнди ырдашат)

Мугалим:

Бул жашоодо эң маанилүү тил болот,

Тили аркылуу сүйлөйт жана ойлонот.

Пикир айтып, билдиришип сезимдерин,

Ар бир адам тили менен зор болот.

Тилим менен келди «Манас» дастаны,

Сиңирилген кыргыз элдин нарктары.

Айкөл пейил, меймандостук сапаттар,

Үрп-адаты жана каада-салттары.

Илгертеден сөз өнөрүн баалашып,

«Өнөр алды кызыл тил» деп келишкен.

Кыргыз тили – кыргыз үчүн чоң байлык,

Ыйык тутуп, ар бир атуул сезишкен.

Эненин сүтү менен агып келип,

Улуу тилим сыйкырдуу күчүн берип

Көөнөрбөгөн рухий байлык тартуулап,

Жарык кылды жан дүйнөмө терең сиңип.

Тилибизди урматтап, үйрөнүү,

Бул биздин пенделик парзыбыз.

Тилибизге түгөнбөгөн жашоо берип

Барктайлы, аалайлы баарыбыз.

Мугалим: Балдар, мен силерге обонго салып ыр ырдап беремин. Андан соң сабагыбызды улантабыз:

Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,

Кылымдан азиз энем күткөн тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып жаным менен бүткөн тилим.

Бул тилдин кылдаат, кымбат сырын ачам,

Канымды сыя кылып, китеп жазам.

«Таң эрте тил өмүрү бүтөт» десе,

Күн менен уккан кечте кошо батам – деп Абдрасул Токтомушев айткандай тилсиз жашоо жок.

Мугалим: — Назии, тилиң бар болгондуктан сенин кандай артыкчылыгың бар?

Нази: кай бирде жазгы суудай ташып калам,

Калдастап калем издеп шашып калам.

Капыстан көздөн кайым болбосун деп,

Кагазга тапкан ойду жазып калам.

Тил болбосо муну кайдан жазмакмын,

Көөдөндөгү ойду кайдан айтмакмын

Тилим бар. ыр жазууга шыгым бар..

Мугалим: — Баракелде!

Мугалим: — Азиза, а сенинчи?

Азиза: — Тилим бар менин дагы шыгым бар,

Калдайып көчө менен басып калам.

Капысынан ыр таылса шашып калам,

Кагаз жок, калем сапты ала коюп.

Шашкалактап алаканга жазып калам,

Кайран гана кызыл тилим болбосо.

Мунун баарын, мен кайдан алып калам.

Мугалим: — Азаматсың!

Мугалим: — Жайнагүл, тилиң болбосо кантмексиң?

Жайнагүл: тилим жок оюмду айта албайм,

Аздектеген сезимимди жаза албайм.

Күпүлдөп тоо суусундай агып калам,

Күбүрөп көк желкемди кашып калам.

Гүлгө конгон ырлардын көпөлөгүн,

Күлмүң этип калпак менен басып калам.

Татынакай таттуу тилим болбосо,

Ичимдеги букту кантип айта алам.

Мугалим: — Рахмат!

Мугалим: — Гулиза, тил болбосо дүйнө тааныйт белек?

Гулиза: — Жок.

Келбесе сөз сүйлөөгө кызыл тилиң,

Кайдан болсун азыркыдай толгон билим.

Сөз сүйлөп, сөздөн сөзгө жетпегенг соң,

Дүйнөнүн биз билмекпиз кайсы бирин.

Мугалим: — Нурпейил,

«Толгоосу токсон кызыл тил,

Сүйлөймүн десең өзүң бил» — деген сөздү кандай түшүнөсүң?

Нурпейил: — Менин кыргыз тилим бай, ийкемдүү,

Атайыңдай мукам-мукам сайрашың.

«Кел келиңде» угулса да айбатың,

Токтогулдай татаал, катал жол басып.

Туюк жолдон жол табасың кармашып,

Эркин күчтүү, жолуң шыдыр болсун деп,

Таланттарың купулуна толсун деп,

Сөз берметин калтырыптыр бабалар,

«Манасты» окуп, эл намысын коргосун деп.

Кайда бурсаң кете берет кызыл тил,

Абайлагын жакшы нукка сала бил.

Адамдардын жүрөктөрүн оорутпа,

Жаман айтпа, жакшы сөзүң арнай бил.

Мугалим: — Туура айтасың, тилдин сөөгү жок.

Мугалим: Кыргыз тилинин кадыр-баркы кайда?

Жайнагүл: Алыкулдун, Жусубуң бар дайрасың,

Мидини бар, Райканы бар саймасың.

Рүшү бай, жайыты бар, багы бай,

Кыргыз тили табериктүү тамгасың.

Сөздөрүңдүн калпып алган каймагын,

«Алп Манастын» улам сүрдүү айбаты

Түгөлбайы, Чынгызы бар тилимдин,

Болсо керек табылбачу канаты.

Мугалим: Рахмат. Амантур, тилге таазим этер белең?

Амантур: Ооба.

Мугалим: Кантип таазим этесиң?

Амантур: Тилиңе кулдук кылам энем-атам.

Кечиргин мен тарптан болсо катаң

Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде

Кубултуп, безеп ырдап келе жатам.

Мугалим: Гүлчахра тил жөнүндө учкул сөз билесиңби?

Гүлчахра: Билем.

Мугалим: Айтчы.

Гүлчахра: Илим менен билимге көпүрө тил,

Көкөлөткөн адамы тили деп бил.

Окуучу: — Тил элчинин кылычы,

Окуучу: — Тил арстан эшигиңде комдонгон

Бошоп кете өзүңдү да жеп койгон.

Окуучу: — Тил – кылычтан өткүр.

Мугалим: Бизин эне тилибиз – кыргыз тили Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик тили. Кыргыз тили качан мамлекеттик тил болуп статус алган.

Мугалим: Азыр биз бир аз музыкалык тыныгуу жасайлы. Кана балдар, кыргыз эли илгертеден акыйнек ырын ырдашкан, Силер да ырдап бербейсиңерби? (Окуучулар эки топ болуп, үчтөн окуучу акыйнек ырын ырдашат).

1-топ Акыйнек ырын ырдашуу

Абалтан калган салт экен.

Байыртан бери кыргыз эл,

Сөз балаган калк экен

Акыя, акыя.

2-топ Кен – байлыктуу жерденбиз,

Өзүбүз чечен элденбиз.

Өтүмдүү, кур чтил менен,

Душмандарды жеңгенбиз.

1-топ Биз жашаган коомдо

Көп ийгилик жаралат.

Тазалыгын сактабай,

Тилди алдык жаралап

2-топ Чет тилдин сөзүн тантышат

Өз тилин жакшы биле албай.

Кыштакта эле жашашат,

Орусча сүйлөйт тил албай.

1-топ Ар бир тилдин өзгөчө,

Жакшы жагы бар болот.

Тили таза, дил таза,

Окуучулар оңолот.

2-топ Өз тилиңди өстүрүп,

Рухуңду байыткын.

Каймагнын калпып сөздөрдүн,

Жарык маанай жайылткын.

Чогуу: Эне тилди сактайлы,

Эне тилди барктайлы.

Сөзүбүздү байытып,

Тилибизди даңктайлы.

Мугалим: Чоң рахмат! Азаматсыңар балдар.

Мугалим: Самат дүйнөдө эмне ачуу?

Самат: Дүйнөдө тил ачуу, эжеке

«Жаман сөз жан кейитет,

Жакшы сөз көңүл эргитет» дегендей, бирөөгө жаман айтып, ачуу тилиң тийсе көңүл калат. Сөөгү жок тилди кайда бурсаң кете берет. Ошондуктан абайлап сүйлөө керек. «Ойлонбой сүйлөгөн, онтобогон ооруга жолугат» дейт эмеспи.

Мугалим: Туура айтайсың.

Мугалим: Дүйнөдө эмне таттуу Сыргабек?

Сыргабек: Дүйнөдө тил таттуу. «Бала тили бал», «Жылуу сөз жыланды ийинге киргизиптир» деген таамай айтылган сөздөр бар элде, булар бекеринен айтылбаса керек.

Мугалим: Ооба мунуң да тура.

Мугалим: Адилет укмуштуу кереметтүү жомок окудуң беле?

Адилет: Ооба, ужаспы,

Мугалим: Жок, ужас эмес, кыргыздар укмуштуу кереметтүү жомок дешет.

Адилет: Эжеке, сразу башка нерсеге айланып кеткенби?

Мисалы: Жүгөрү – корозго?

Мугалим: Ооба, тилибизге чет тилдин сөздөрүн аралаштырбай так, таза сүйлөп үйрөнөлү, балдар.

Мугалим: Наргиза кыргыз тили кимдин тили?

Наргиза: Менин тилим

Мугалим: Дагы?

Наргиза: Дүйнөгө кеткендүбүртү,

Атагын жайып кыргыздын

Ардактап, барктап сактайбыз,

Кыргыз тили – тили Чыңгыздын.

Күн саыцн өсүп көктөгөн,

Тилибиз жарыгы жылдыздын.

Илгертен сөз багып өстүргөн,

Кыргыз тил – тили кыргыздын.

Мугалим: Азем, өз тилиңе баа берчи же сүрөттөй аласыңбы?

(Колунда тирүү кызыл гүл болот)

Азем: Менин тилим ушул кызыл гүл сымал,

Бапестегин, ардактагын сактап кал.

Бакпасаң, барктабасаң өз тилиңди,

Бул дүйнөдө жок болорун билип ал..

Менин тилим назик жана жугумдуу,

Ширинин айт, шекер сөздүү, даамдуу.

Бабалардан калган сөздү уксаңар,

Таасирдүү да, татынакай, угумдуу.

Мугалим: тил боюнча кластер түзөлү. Ар бирибиз түзөбүз.

(Окуучулар билимдерин өздөрү аалашат).

Мугалим: Эми балдар, үйгө тапшырма. РАФТ стратегиясын колдонуп «Эне сүтүм – эне тилим» деген темада текст жазып келгиле.





















































«МЕН КЫРГЫЗМЫН, ТОО

КОЙНУНДА ТӨРӨЛГӨН»

(Адабий–музыкалык композициядан шыр баян)

Алып баруучу: Мамлекеттик тил күнүнө арналган адабий-музыкалык композицияны баштоого уруксат этиңиздер!

Окуучу:

Кыргызстан менин мекеним! Өзүнүн кооздугу, элинин меймандостугу менен ал мени өзүнө тартып турат. Кыргыз мамлекетинин өзүнүн тарыхы, маданияты, үрп-адаты, салт-санаасы бар. Улуттук баалуулуктарга ээ болгон эгемен мамлекетибиздин «Эне тил» күнүн белгилөө салтка айланып, 1989-жылдын 23-сентябрынын бери белгиленип келе жатат. Жогоруда айтылгандай, тарыхтан, маданияттан сабак албай туруп, кыргыз баалуулуктарына, нарк-насилине кайрылбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү дегеле мүмкүн эмес. Элибиздин келечеги биримдикте, ынтымакта. Биз жакшы окуп, билим алып, келечекте мамлекетибизди өнүктүрүүгө салымыбызды кошуубуз керек.

Окуучу:

Бүт ааламды бир өзүнө сыйдырган залкар жазуучу Ч.Айтматов эне тилди терең баалап: «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу — бул Манас, анда кыргыздын кең келечеги ынтымак, биримдикте экендиги терең сүрөттөлгөн. ««Манас» эпосун жараткан кыргыз тили – бул бай тил» деген.

Диктордун окуусунда Кубатбек Жакыповдун төмөндөгү ыры музыканын коштоосунда угузулат:

Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим,

Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим.

Ак калпак ата-журттун насибине,

Ааламдан энчи болуп тийген тилим.

Эгемен күнгө жеткен азат тилим,

Эзелтен ынтымакка башат тилим.

Эртеңки келечеги айдан ачык,

Эл менен алга карай басат тилим.

Асмандан бал-бал жанган жылдыз тилим,

Ааламга аты чыккан Чынгыз тилим.

Арыбай кылымдарды багынта бер,

Ардагым, ата мурас — кыргыз тилим.

Окуучу:

Кыргыз тили – бул биримдиктин, ынтымактын тили деп билебиз. Мамлекеттик тилдин өнүгүүсү КРнын Конституциясынын 1989-жыл 23-сентябрында кабыл

алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынан башталып, бүгүнкү күндө бир кыйла ийгиликтерге жетишүүдө. Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды турмушка ашырууда алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө, бул баарыбызга белгилүү. Кыргыз тили Кыргызстандагы бардык улуттардын башын коштуруп, ынтымак жарчысы болууга тийиш.

Концерттик программа:

  1. А.Кыдырназаров «Кыргыз көчү» күүсү

  2. «Мен кыргызмын» ыры окуучунун аткаруусунда

Окуучу:

Кыргыз тилинин мамлекеттик статус алганына 20 жылдан ашты. Алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин кадырын көрүү багытында бала бакчадан баштап республиканын жогору окуу жайларында, мектептерде көптөгөн уюштуруучулук иштер жүргүзүлүүдө. «Улут болсоң, тилиң менен улутсуң» дегендей, кыргыздын көөнө, бай тилин эң жакшы өздөштүрүп, турмушубузда пайдаланышыбыз керек. Эне тилдин кйүөрманы, мыкты мугалими Тайир Аширбай кыргыз тили жөнүндө поэмасында айтмакчы:

«Кыргыз үнү, мөл булактай тазасың,

Кандай тунук нарк насилиң, башатың.

Ала-Тоону мекендеген, жердеген,

Ак калпактуу кыргыз калкым жашасын!

Кыргыз тили сулуулуктун булагы,

Кыргызымдын көз мончогу, тумары,

Бабалардын коломтосун өчүрбөй,

Бир жакадан баш чыгарып туралы.

Концерттик номерлер:

  1. Р.Абдыкадыров – «Туулган жерди сагынуу».

  2. Кумар Асанов – «Кыргызстан»

  3. «Кыргыз жерим» — С.Садыкованын аткаруусунда.

Окуучу:

«Өнөр алды кызыл тил» конкурсуна көңүл буралы. Төмөндөгү сөздөрдү чечмелөөгө активдүү катышыңыздар:

  1. Сөз падыша, сөз ата, улуулугун сезиптир.

  2. Сөз кадырын билгенге, сезим жыргап ой тунат.

  3. Ай өлбөйт, жоодур көз өлбөйт, ошондой эле сөз болбойт.

  4. Кызыл тилден бал да, уу да тамат…

  5. Тили өлгөндүн дили өлөт

Дил өлгөн соң ким өлөт.

  1. Акындын пири – Алыкул:

«Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар.

Кылым бүтүп, дүйнөдө жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Жогорудагы сөздөрдү туура, так, терең мааниде чечмелегендерге конкурстун жеңүүчүсү катары белгилөө зарыл.

А.Осмоновдун «Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба мен ооруюн Ата-Журт!» ырын таланттуу ырчы, маркум Ш.Өтөбаевдин аткаруусунда магнитофондон уктуруу.

Окуучу:

Кыргыздын залкар акыны Б.Сарногоев жазгандай:

«Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт,

Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт».

Бул чындык экени баарыбызга түшүнүктүү. Али да болсо арабызда эне тилин жакшы сүйлөй албай бурмалап, сөздүн так маанисин түшүнбөгөндөр да жок эмес. Нарын чөлкөмүндөгү белгилүү акын, Эл агартуунун отличниги, бир нече китептердин автору Сагынбай Оруналиевдин «Ойлон, кыргыз» деген дил кайрыгына көңүл буралы:

«Өзүнүн тилин жериген, ой… кыргыз сендей чыкпас тек.

Мээси бар киши айтабы, Манастын тилин супсак деп.

Үйүндө жүрүп бирөөнүн, улуттун тилин билбесе,

Тарыхын элдин үйрөнүү, түшүнө дагы кирбесе.

Салтын сактап кыргыздын, санаалаш болуп жүрбөсө.

Орусча билбес кыргызды, орусча сөгүп тилдесе.

Жалпы үйдө жүргөн жандарды, ким десе болот, ким десе».

Концерттик номер:

  1. «Туулган жер» — Темир Назаровдун аткаруусунда.

  2. Жумамүдүн Шералиев – «Нарын вальсы» атк. А.Осмонова.

  3. Анкара шаарындагы эл аралык фестивалдын (2009) «Манас айтуу» боюнча алтын медалынын ээси, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нурсултан Иманбековдун аткаруусунда – «Каныкейдин Тайторуну чабышы».

  4. Нурак Абдрахманов – «Кыргыздын улуу тоолору» окуучулардын комузчулар ансамблинин аткаруусунда.

Алып баруучу: Мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүү максатында даярдалган «Мен кыргызмын, тоо койнунда төрөлгөн» аттуу адабий-музыкалык композициябыз ушуну менен аяктады. Келгениңиздерге чоң рахмат!



























































Кыргыз тили сабагына

ИНТЕРВЬЮ

(Кыргыз тили, 10-класс)

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк максаты:

Интервью кандай болорун турмуш менен байланыштырып түшүндүрүү.

  1. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Сабакта интервью алууну көрсөтүү менен окуучулардын речин байытуу жана сүйлөө маданиятына үйрөтүү.

  1. Тарбиялык максаты:

Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен кесиптик багыт берүү, эмгекке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы:

Телеберүү студиясынын көрүнүшү, эмгек куралдары, ураандар, шариктер, китеп, желекчелер.

Сабактын формасы: Сабак-интервью

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын методу: Интерактивдүү метод.

Сабакта колдонулган ыкма: Синквейн, шарада психологиялык оюну, РАФТ.

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

б) Жаңы сабак

в) Бышыктоо

Мугалим: Интервью – публицистикалык стилге кирүүчү ыкма. Ал журналист менен маалымат берүүчү адамдын ортосунда ишке ашат. Белгилүү бир маселени эл алдына алып чыгууда журналист тиешелүү адамдын ой-пикирин, турмуштук чындыкка болгон көз карашын чагылдыруу, тактап айтканда, интервью — пикирлешүүчү адамдын ою дегендикти билдирет. Силер телевизордон, радиодон, газеталардан белгилүү адамдар, коомдук абал, экономикалык маселелер жөнүндө көп эле пикирлерди кезиктирип жүрөсүңөр, интервью ушул сыяктуу журналист менен пикирлешүүчүнүн бир темага болгон жалпылаштырылган көз карашын билдирет.

Бул диктор Көчкөнбай кызы Саламат, журналисттер Төлөбаева Айпери, Турдубай кызы Гүлназ,Турарбек кызы Айгүлдөр алып барышат.

Саламат: Саламатсыздарбы урматтуу телекөрүүчүлөр! Бул чыгарылышта: «Жаңы китептин бет ачары», «Бишкекте тил жумалыгы өттү», «Дыйкандардын тилге мамилеси». Бирдик көз карандысыз телеканалы өзүнүн жаңылыктары менен тааныштырат.

«Өнөр алды кызыл тил» дегендей эле кыргызды кыргыз кылып тааныткан аруу тили болуп саналат эмеспи. Бирдик орто мектебинде мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата «Тилге таазим» ыр жыйнагынын ачылыш аземи жүрүп жатат. (Бул жыйнак окуучулардын жазган ырларынан түзүлгөн болот).

Эмесе бул ачылыш аземи тууралуу кесиптешим Айгүл тааныштырат.

Айгүл: Саламатсыздарбы! Бүгүн бул мектепте «Тилге таазим» ыр жыйнагынын ачылыш аземи болуп жатат. «Тилге таазим» ыр китебинин түзүүчүсү акын Сагынбек кызы Чолпонду сөзгө тартсак.

Айгүл: Ушул китепти чыгарууда кандай кыйынчылыктар болду жана демөөрчүлөрдү кайдан таптыңыз?

Чолпон: Бул китепти чыгарууда көп эле кыйынчылык болду, ошентсе да демөөрчүлөрдү таап чыгарганга аракет жасадык. Акындар (окуучу) менен түздөн түз байланышып, алардын ырларын жыйнакка киргиздик. Жаш акындарга сынак жарыялаганбыз, сынакта жеңгендердин ырлары топтолду. Буюрса, быйыл башталышы болуп жатат, мындан ары да улантабыз деген оюбуз бар.

Айгүл: Ушул китепке ырларын берген акын кызыбыз Күлчоро кызы Элмирага сөз берсек.

— Китепке болгон көз карашыңыз?

Элмира: «Тилге таазим» китебинин чыгышы мен үчүн абдан кубанычтуу болду. Бул бизде биринчи жолу чыгып, болуп көрбөгөндөй иш болду десем жаңылышпайм.

Айгүл: Эркегүл сизге кайрылсам, сиз кайсы учурда ырларды жазып кагаз бетине түшүрө аласыз?

Эркегүл: Мен ырларымды жазып, кагаз бетине түшүрүүдө аябай толкунданам. Мен көбүнчө кечке жуук же таңга маал иштейм. Эми илхом ар кандай келет эмеспи.

Айрым учурда басып баратканда да ыр саптары келе калат. Ошол учурда жазууга туура келет.

Айгүл: Чолпон, кандай каалоо-тилегиңиз бар?

Чолпон: Эне тилимдин өсүп-өнүгүп туруусун, келечектүү болуп, кыргыз элине кызмат кыла берүүсүн тилейм.

Саламатта калыңыздар. Бирдиктен Айгүл Турарбек кызы.

Саламат: Борбор шаарыбызда, мамлекеттик тилдин 3 айлыгына карата майрам болуп жатат. Бул майрамга биздин кабарчыбыз Төлөбаев Айпери барган. Ошол майрамдык сюжетке көңүлүңөрдү бурабыз.

Айпери: Саламатсыздарбы майрамыңыздар менен!

Эл: Саламатчылык, ырахмат!

Айпери: Сиздин кыргыз тилинин үч айлыгына кошкон салымыңыз?

Жаанбай кызы: Менин бир балам бакчага барат, бирөө мектептен окуйт. Кыргызча окуса деле шаарда жашагандыктан орусча сүйлөйт. Кыргыз тили мааракесинин үч айлыгы жарыяланып ырас болбодубу, үчүнчү күнү күн сайын сөз үйрөнүп жатабыз. Биз билбеген сонун сөздөр бар турбайбы.

Айпери: Чынара, үч айлык жүрүшкө карата сиздин пикириңиз? Кайсыл жерде иштейсиз?

Чынара: Биз көптөн бери шаарда жашайбыз. Каржы министрлигинде иштейм. Тил комиссиясынын бул жарлыгы туура жарыяланды деп ойлойм. Мен өз тилимди жакшы эле билем.

Айпери: Эржан, сиздин майрамдык маанайыңыз кандай?

Эржан: Жакшы өткөрүп жатам.

Айпери: Жази, сиздин майрамга каалооңуз!

Жази: Тилиме ийгилик каалайм!

Айпери: «карасак», «көмүркөй», «күлпөң», «күңкү» деген сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөсүздөр? Чечмелеп бериңиздер. (окуучулар чечмелеп беришет)

Айпери: Саламатта калыңыздар.

Бишкектен Төлөбаева Айпери, Бирдик телеканалы үчүн.

Саламат: «Күз-күрөш, жаз-жарыш» дегендей эле азыр талааларыбызда иш кызуу жүрүп жаткан убагы. Республикабызда тил майрамы болуп жатканда айылыбыздагы дыйкандардын тилге болгон мамилеси кандай?

Бул тууралуу кабарчыбыздын Бирдик айылындагы Казык участкасынан алган сурамжылоосуна көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Гүлназ: Саламатсыздарбы? Биз азыр Тогуз-Торо районундагы Бирдик айылынын Казык участкасында эмгектенип жаткан дыйкандардын жанындабыз.

Саламатсыздарбы, сиз өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

Мака: Келдибек уулу Махмурат, ушул айылда жашайм.

Гүлназ: Канча гектар жериңиз бар?

Мака: 15 гектар жерибиз бар.

Гүлназ: Жериңиздерге эмне айдайсыздар?

Мака: Жүгөрү, пияз, семичке, фасоль, морковка.

Гүлназ: Аа, пияз, сабиз, төө буурчак десеңиз, жылдык кирешеңиздер үй-бүлөңүзгө жетеби?

Мака: Буюрса доход жакшы эле.

Гүлназ: Кирешеңиздер жакшы эле турбайбы. Жаныңыздагы балдар кимдер?

Мака: Менин бала-чакам, помощниктерим.

Гүлназ: Жардамчыларыңыз экен да? Айылда жашап өз эне тилин баалабагандар да жолугат. Ушуну менен дыйкан талаасынан алынган интервью акырына чыкты. Турдубай кызы Гүлназ, Узак уулу Самат. Бирдик көз карандысыз телеканалы үчүн.

Саламат: Урматтуу телекөрүүчүлөр, бүгүн биз тил майрамына карата президенттин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Жайнагүл Темиркан кызын чакырганбыз.

— Куш келипсиз! Тилдин үч айлыгына карата кандай иш чараларды жүргүзүп жатасыздар, ошол тууралуу жалпысынан маалымат берип кетсеңиз?

Жайнагүл: «Улут болсом, тилим менен улутмун» демекчи, ар бир улуттун өз тили болот, ошол өз тили менен сыймыктана алат. Бул жарыяланган үч айлыкта көптөгөн иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Атап айтсак, китептерди чыгардык. Мындан тышкары «Өз тилим – өзгөчөм» деген темада жазуучулар арасында сынак уюштурулган. Мунун баш байгеси 100000 сом. Мен бул баш байгеге тилинен чаң чыккан чечендер, ички дүйнөсү бай көсөмдөр жетет деп…

Саламат: Былтыркы жылы «Тил кербени» жүрүшүн жасадыңыздар эле, быйыл да уланып жатабы?

Жайнагүл: Ооба, бул жүрүш жакшы жыйынтыгын берди. А быйыл болсо, «Кыргыз тилин даңктап ырдайм» аттуу сынак өткөрүлүп жатат.

Саламат: Урматтуу телекөрүүчүлөр, ушуну менен жаңылыктарыбыз соңуна чыкты. Сиздер менен мен Саламат Көчкөнбай кызы болду. Саламатта калыңыздар, күнүңүздөр куунак болсун!

Мугалим: Мына балдар, интервью кандай болуп ишке ашарын өзүңөр көрүп, өзүңөр аткардыңар. Азаматсыңар, чоң рахмат!

Силер, бул сабакта көптөгөн кесипти тандоого багыт алдыңар. Атап кетсем, дыйкан, диктор, журналист, оператор, мугалим. Ошону менен эне тилибизди барктоону үйрөндүңөр. Эми сабагыбыздын кийинки бөлүгүнө өтөлү. Тил боюнча синквейн түзүп жана шарада оюнун ойнойбуз.

  1. Тил.

  2. Курч, өткүр

  3. Өлтүрөт, жыгат, бузат

  4. Тил кылычтан өткүр дешет

  5. Кеп.

  6. Тил

  7. Таттуу, ачуу

  8. Туздайт, куйкалайт, чагат

  9. Тилдин көркү сөз деген

  10. Сөз

Мугалим: Азаматсыңар, балдар!

Мугалим: Шарадалар – сөздөрдү муунга бөлүп, эки муундун ортосуна жайгашкан данакер муундун же сөздүн жардамы менен эки жаңы сөздү жарата турган психологиялык оюн.

Мисалы: Са(рай) он са(на) кыл

Оюн (чук) ул тар(ак) кыл

Тал(аа)ры ба(ра)кым

Ар(ба) кыл че(чен) ем

Ба(кыт) ай ал(ты) ным

Кашаанын ичиндеги муундарды окуучу өзү табыш керек.

Мугалим:

Азаматсыңар балдарым, рахмат.

Кыргыз тили комуз кылын сүйлөткөн,

Чебер колдуу ата-бабам үйрөткөн.

Кубанычты, кайгыны да бөлүшүп,

Күүнү угуп, сүйүү, кайгы бүт сезген.

Кана кыздар, черткиле комуздарды,

Комуз келген аралап кылымдарды.

Канчалык кыйынчылык болсо дагы,

Сактап келген кыргыздай кыйын барбы.

(Кыздардын аткаруусунда «Сайра комуз» чертилет)

Мугалим: Мен бул сабакты Ч.Айтматовдун төмөнкү сөзү менен аяктайм. «Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил өз элине улуу. Анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошуубуз керек. Тил – бул ар бир элдин каны-жаны. Тил – улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл эси. Тилсиз улут болбойт».

Кана балдар, өз билимибизди өзүбүз баалайлы. (Окуучулар бири-биринин билимин баалашат).

Үйгө тапшырма: РАФТ стратегиясын колдонуп, интервью формасында «Мен тилимди сүйөм» аттуу текст жазып келүү.













Кыргыз адабияты сабагы

Чынгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин талдоо

(9-класс, Кыргыз адабияты)

Бүт ааламдын энеси – жер

Жалпы адамзаттын энеси –

Толгонай

Сабактын максаты:

Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин идеялык мазмунун түшүнүү менен чыгармадагы проблемаларды аныктап алышат.

Индикаторлор: Окуучулар төмөнкүлөрдү жасай билсе, максатына жетти дейбиз.

Билим берүүчүлүк максаты:

Чыгарма боюнча алган билимдерин бышыктап, жыйынтыктай билсе.

Өнүктүрүүчүлүк максат:

— образдарды талдап, аларга мүнөздөмө бере алса.

— сүрөттөрдү образдуу тарта алышса.

— ой жүгүртүүсүн кеңейтүү максатында: Кластер, синквейн, диограмма түзүп, эссе жаза билсе.

Тарбия берүүчүлүк максаты: Өз элинин азаттыгы, эркиндиги баарынан кымбат экендигин сезсе.

— каармандарга тиешелүү мыкты сапаттарды таап, айтып бере алышса.

— бири-биринин оюн уга билишсе.

Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы жалпылоо, тереңдетүү.

Сабак өтүүнүн формасы: Топтордо иштөө, чыгармачылык ишмердүүлүк.

Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, тарых, адеп, сүрөт, музыка.

Сабактын ыкмасы: Изденүү, изилдөөчүлүк.

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун портрети. 2 томдуктары, окуу китеби, эне жөнүндө улуу адамдардын айткандарын, элдик учкул сөздөр жазылган баракчалар, буклет, сүрөттөр, түстүү карточкалар, батмандар, маркерлер.

Сабактын жүрүшү:

а) Уюштуруу.

б) Өтүлгөн тема боюнча окуучулардын билимин текшерүү.

Мугалимдин кириш сөзү:

— Балдар, бүгүн Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин талдоо аркылуу сабагыбызды баштайбыз.

Окуучулар топторго бөлүнөт. (өз каалоосу менен).

1 топ «Толгонай».

2 топ «Сүрөтчүлөр»

3 топ «Астрологдор».

4 топ «Жер эне».

Топтордун түшүнүгүн текшерүү үчүн төмөнкүдөй суроолор берилет.

  1. Согуш кесепети кыйыр түрдө кандайча баяндалган?

  2. Жайнактын адамдык сапатынан эмнени байкадыңар? Тагдыры эмне болду?

  3. «Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт», — деп айтылат повестте. Андай болсо силер, «Саманчынын жолундагы» каармандардан эмнелерди үйрөндүңөр? Турмушта сага кимдер жакшылык жасашкан? Сен кимге кандай кайрымдуулук кылдың?

  4. Алиманды мүнөздөгүлө.

Суроолорго жооп алгандан кийин мугалим топтун тапшырмаларын түшүндүрүп өтөт. Бул тапшырмалар окуучуларга өткөн сабакта берилген.

  1. Толгонай тобу: Толгонайга тиешелүү сапаттарды жазышат жана ал сапаттарды чыгармадан таап, айтып беришип, кластер түзүшөт.

Толгонай – эмгекчил, кайраттуу, кыргыз салтын туу тутат, адамгерчиликтүү, эрктүү, кечиримдүү, келечекке ишенет, айкөл.

Эмгекчил Субанкул экөөбүз эмгегибиз менен жетилдик. Билесиң го, жаз-күз дебей кетмен колдон түшчү эмес. 124-б.

Кайраттуу: Жоону жоо гана басат. Касымдын согушка кирип, көп катары немис менен салгылашып чыкканы ырас болуптур. Менин балдарымдай жигиттер эл коргобогондо ким коргойт эле.. 160-б.

Кыргыз салтын туу тутат.

«Келип калыпсыз аксакал, иш илгерилете батаңызды бериңиз?» — дедим 164 б.

Адамгерчиликтүү:

Бир кишиге тон чечип берүү менен элдин кемтиги толуп, бүтөлүп кетпейт. Бирок жанагыдай эле бирге он кошулуп, онго жүз, миң кошулуп, адамгерчилик ошондон келип чыгат деп ишенем. 162-б.

Эрктүү: Ай ааламды бузуп, озоңдоп бакырап ыйлагым келди. Ага болбой тиштенип тура бердим. Майсалбек эч ким ыйлабасын деген турбайбы? 211-б.

Кечиримдүү: «Эмне эле мени ээрчип, аңдып калгансың, эмнең бар менде. Мени жайыма койсоңчу. Өлөт дейсиңби, өлбөйм. 214-б.

Келечекке ишенет. Өмүр таптакыр эле түгөнүп калбаптыр го. Турмуш менен дагы кармашып көрсөк кантет 219-б.

Айкөл. Жанболотту эчкинин сүтү менен багып, чоңойтподумбу. 220-б.

  1. Сүрөтчүлөр тобу. (Толгонайды сүрөттөп, сүрөт тартышат). Узун бойлуу, арыкчырай, кара торусунан келген, кең пейилдүү, ак шайы жоолук салынган, келечекке ишенген ж.б. сапаттар камтылган.

Астрологдор тобу

Зэелтеден эле адамдар жылдыздарды сырдаш, мундаш кылып, келечек тагдырын жылдыздар менен байланыштыргандыгын чыгармада «Саманчынын жолу» жылдызы төрт жолу көрүнүп, каармандарды жакшылык жамандыкта ар дайым коштоп тургандыгын, чыгарма «Саманчынын жолу» деп ушуга байланыштуу аталып калгандыгын айтышты. Цитата келтиришти.

Субанкул менен Толгонайдын биринчи түнүндө:

Саманчынын жолу ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан кези экен. 123 б.

Уурулардан ок жеген Толгонай чалкасынан жатса: Көзүмө жаш толуп. Асманды тиктесем тунарган «Саманчынын жолу» төбөдө чолок тартып, куду Айшанын бетинен төгүлгөн боз жаштай, болбоз болуп сарыгып турган экен. 180 б.

Алиман кеткендеги уйкусуз түндөрдө:

Капталга төгүлгөн жылдыздар таң аткыча балбылдап, анан бирин-серин тартып, эң акырында жаркыраган жалгыз чолпон калып, ал улам алыстап, алда-кайда кетип жоголот. 211б.

Толгонай Жанболотко кырманга барганда:

Ошол түнү асманды карап жатсам, «Саманчынын жолу» жаңыдан чубуруп түшкөндөй, алда ким азыр гана зор кучак саман көтөрүп өткөнсүп, жылдызданган күкүм топондору себеленип, аларга жел тийгенсип жылт жулт этип коштолуп жатты. 224б.

  1. «Жер эне» тобу.

Жер эне тобу Толгонайдын диалогун ролдорго бөлүштүрүп сахналаштырып, жер менен Толгонайдын окшоштуктары менен жакындыктарын айтышып, диограмма түзүштү.

2 топтон: Иманжан кызы Айбурактын сканвейн:

  1. Зат атооч: Толгонай

  2. Сын атооч: Сабырдуу, кайраттуу ж.б.

  3. Этиш: Иштейт, чыдайт.

  4. Фраза: Толгонай жалпы адамзаттын энеси.

  5. Синоним: Жаздым болду.

  6. Чакчыл: Талаа жумуштары бүтмөйүнчө.

  7. Диалектилик сөз: Субанкул кайта-кайта чакмак чагып, тамеки түтөтүп келе жатты, (чакмак-ширенке, күкүрт).

  8. Макал: «Бала, баланын иши чала».

  9. Тема боюнча сүйлөм түзүү. Мен өзүмдү эң жөнөкөй, эң бир асыл ишке, мугалимдикке даярдап жүргөм. 183 б.

3 топтон: Майрамбек уулу Баямандын түзгөн диограммасы.

Теманы жыйынтыктоо:

Мугалим: Демек, Толгонай кандай экен?

Майрамбек: — Толгонайдын жер-эне менен сүйлөшүүсүн бүт адамзат кабыл алды деп ойлоймун.

Нурболот: — Толгонай эненин көргөн азап-тозогун көрбөй, бардык энелер бактылуу жашасын деп тилейм.

Гүлбадам: — Толгонай баатырдын батыры деген наамга татыктуу.

Бектур: — Толгонай Жанболот менен бактылуу жашаса деп тилейм.

Нуртилек: — Толгонай үй-бүлөсүнөн, бардыгынан ажыраганда турмуштан биротоло безип кетүүнү ойлоп, наристенин үнүн угуп, жашоого бел байлады. Демек, келечекке ишенет.

Ак-Мөөр: — Толгонай жалпы адамзаттын энеси деп ойлойм.

Мугалимдин жыйынтыгы:

Ал эми азыркы заманда кээ бир энелер жеңил ойлуулукка жеңдирип, балдарын айырбаштап, же таштап, акчага сатып жаткандарын угуп, окуп эле жатпайлыбы. Келгиле, жаман жолду баспай адам деген атты бийик туталы.

Толгонай энедеги сапаттарды алалы, келечектен үмүт үзбөй, чыдамдуу, ыймандуу, ынтымактуу, эмгекчил бололу деп, бүгүнкү сабакты Т.Кожомбердиевдин «Апа» деген ыры менен жыйынтыктайлы:

Эгер кимдер энелерин унутса,

Ал турсун кырсыктардын баарына.

Куйкалансын жек көрүүнүн заарына,

Демек калсын апалардын каарына.

Топтун мүчөлөрү эне, мекен, баатырдык жөнүндө макалдарды айтышып, эне жөнүндө ыр ырдашат.

Баалоо:

Топтордун активдүүлүгүнө карап, окуучулардын билимдери бааланат.

Үй тапшырма:

Толгонай жөнүндө эссе жазып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Закрыть через 3 секунд
Комплекты для работы учителя