Тема; Эне тилим – эне сүтүм.
Сабактын максаты; 1.Кыргыз тилине салым кошкон инсандар жөнүндө маалымат алышат. Эне тилдин баалуулугун, табылгыс байлык экенин түшүнүшөт.
2. Окуучулар “эне тилим- эне сүтүм” темасында ырларды көркөм окуп, макал-лакаптарды чемелеп айтып бере алышат, кроссворддорду өз алдынча чечмелей алышат.
3. Эне тилин сүйүүгө, аны урматтап, барктап, ыйык тутууга, бири бирин сыйлоого, топтордо ынтымактуу иштөөгө тарбияланышат
Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү
Сабактын формасы: Интерактивдүү сабак
Сабактын методдору: Көрсөтмөлүүлүк, интерактивдүү ж.б.
Сабакта колдонуучу каражаттар: Окуу куралдар, карточкалар, сүрөттөр,Техникалык каражаттар
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ
КЫРГЫЗ Республикасынын тил Гимни ырдалат
Теманы алып чыгуу
Кылычын карап от чачып
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм
Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Энең берген эне тил,
Эне тилди жакшы бил.
Атаң айткан алтын тил
Ата тилин жакшы бил.
Эмне жөнүндө ыр уктуңар балдар?
« Эне тилим – эне сүтүм» доскага жазылат. Балдар биз бүгүн « эне тилим- эне сүтүм» деген темада сабак өтөбүз.
Балдар эмне үчүн эне тилди эненин сүтүнө салыштырып айтып жатабыз?
Эне сүтү кандай?
Көрдүңөрбү балдар энелерибиздин сүтү бизге кандай баалуу, кандай ыйык тутсак биздин эне тилибизди да ыйык тутуп көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кылымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз
Сүрөттөргө көнүл бурабыз
.Кыргыз тилинин сакталып калышына салым кошкон биздин аталарыбыз Касым Тыныстанов жана Ишенаалы Арабаев аталарыбыз болгон. Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп, педагогикалык ЖОЖы бар. К. Тыныстанов атындагы чоң китепкана, Ысык-Көлдө университет бар. Кыргыз тили 1989- жылы 23- сентябрда кабыл алынган.
Топ . конверт берем ичинде ырлар жазылган, көркөм окуп беришет
Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын кудайы пил эле эмес,…
Чымындын да жашоого акысы бар.
Сайдындагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.
Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт,жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт,жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.
Мен азыр мисал кылып,
Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтчү:
Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,
Эч кимге пайдасы жок Өсүп турган жүзүмдөймүн.
Тууган эл, эмне кылам? Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
Тууган эл,Туз-наныңа түкүрбөймүн,
А бирок түшүнбөймүн,Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.
ТүшүнбөймүнКошойюңду, Бакайыңды!
Тилим бар болгон мененТил катып үндөй албай,
Тилим бар болгон мененДудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!
Сыздатып жүлүнүңдү,Сындырып кабыргаңды,
Жулдуруп канатыңды,Келатамын!
Сен кимсиң?Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,Кичүүсүңбү,Баласыңбы?
Башка калктын тарыхын билген менен,
Билбейсиң карыш турган
Атбашы, Таласыңды!Билбейсиң сен, Манасыңды!
А мени тааныгандар Мурат дешет.
Паспортумда даӨмүралиев Муратмын мен.
Ал эми досторум:Умуралиев Мурик дешет.
Мурик эмес,Муратмын мен,Мен ошомун,
Орустардын арасында – «дуракмын» мен,
Кыргыздардын арасында – «келесоомун»!
Тилим бар болгон мененТил катып үндөй албай,
Тилим бар болгон мененДудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!
Тууган эл, кечир мени,Туз-наныңа түкүрбөймүн,
Энемди түшүнсөм да,Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
А бирок моюнумаАлгым келбейт мен күнөөнү,
Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,
Сен күнөөлүү,Сен күнөөлүү!
Ысыгыңа,Суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп
Кылтыңдашып түлкүдөй жойлогондор!
Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан,
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Тил жоголбойт,жоголсо, жоголот дил,
тукумуң да,тууруң да
жоголот, бил!Тил жоголбойт,
жоголсо айланасың колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
КРнын символикаларынын бири
3-Топ. Конверт берем ар бир конвертте бирден макал бар,макалдарды чогултуп, чечмелеп беришет.
1.Ооздун көркү тил, тилдин көркү сөз.
2.Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат.
3.Бирөөнүн сөзү баатыр, бирөөнүн өзү баатыр
4.Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
Бий: Балдар кыздардын аткаруусунда «Бөк бөрүү»
Обондуу ыр; Мадина жана Бактиардын аткаруусунда
Баалоо: Эмесе балдар бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктап алган
Жыйынтыктоо: Балдар бүгүнкү сабактан силерге эмне жакты?
Бүгүнкү сабактан эмнелерди билдиңер?
Баткен жергеси жөнүндө сөз болгондо алгач көзгө бадырайган, ширин даамдуу өрүк эске түшөрү шексиз. Мына ошол өрүк зарлуу Баткен жергеси бүгүн Эгемендүүлүктү 22 жылдыгын майрамдап жаткан кез.
Өткөн өмүр өбөлгөсү эске түшкөндө, алгач Баткен коогалаңы көз алдыңа тартылат. Зардалы, Кыштут, Таен айылдарындагы ааламат күн, Мекен үчүн жан берген жаш жоокерлер…
Бул оор сыноолордо элдин биримдиги, ынтымактуулугу жүрөк жылытып, Ата Мекен алдындагы ар-намысы бийик туу сыңары көтөрүлгөнүн мезгил өзү ырастабадыбы.
Биз сөз кылган ошо Ата Журттун бийик намыстуу уул-кыздары эл керегине жарап, дүйнөнү дүңгүрөткөн намыс- ары менен түбөлүк каларына азыр да чын жүрөгүм менен ишенем. Анткени, алардын артындагы муун аларды эч качан унутушпайт.
Баткен дегенде «Кыргыз жерин» бүт ааламга жаңырткан Саламат Садыкова, анын обонун жазган Апаз Жайнаков, Бабырапшан Тургунбаев, даңазасы таш жарган бедизчи Тургунбай Садыков, акын-жазуучулардан Курбаналы Сабыров, Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров, Айдаралы Жапаров, Нооман Сайдуллаев өңдөнгөндөр эске келет.
Саясатчылардан да кур эмесбиз. Атап айтсак: Искак Разаков, Абсамат Масалиев өңдөнгөндөр биздин жердин кулундары экендигине кантип сыймыктанбай кое аласың.
Улуу жердин кулундары, улуу жерди мекендешет, муну эч ким тана албаса керек. Анткени, атактуу Айгүл тоо, Алтын-Бешик жергеси не деген улуу керемет жерлер. Ал жөнүндө эчен күндөп айтсаң да түгөтө албайсың.
Кыргызда мындай сөз бар эмеспи: «Ар кимдин өз жери, өзүнө ыйык медер» деген. Анын сыңарындай биз жашаган жер мага бейиштин төрүндөй эле сезилет.
Эгемендүүлүктүн желааргысы менен Баткен жергеси, анын ичинде Кызыл-Кыя шаары да өсүп-өнүгүү жолуна түшкөнү кубандырат. Сөзүмдүн соңунда, элимдин амандыгын, бактылуу өмүр сүрүп, бейпилдикте жашоосун тилек кыларымды билдиргим келди.
Кыргызстандын Баткен өрөөнү өрүк менен таанымал. Акыркы жылдары өрүктөн эле эл 7 млрд. сом пайда көрө башташканын расмий бийлик жарыялап келет. Жергиликтүү тургундар чет өлкөлөрдө сатып жатышат. Анткени, бул аймакта өрүктүн көптөгөн түрү өндүрүлүп, анан абдан кургатылып КМШнын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.
Баткен өрүгүнүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу. Аймакта өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын 500 гектары “ак өрүк” сорту. “Ак өрүк” эрте бышып, сыртка эртерээк экспорттолот. 2-апрель Баткенде өзгөчө майрам, анткени дал ушул күнү “Өрүк күнүн” белгилеп, жаш көчөттөрдү отургузушат. Баткен өрүгүнүн түрү көп.
Баткендин өрүгүн “Нимекс Измир” өрүктү кайра иштетүүчү компаниясы дүйнөлүк базарга алып чыгуу ишин баштаган. Учурда миңден ашык киши жумуш менен камсыз болуп, элден өрүктү сатып алышат. Баткенде бир жылда 10 миң тоннадай өрүк кургатылат.
“Өрүк кактын” жасалышы же кургатылышы жана түрлөрү
Негизи өрүк кактын эки түрү болот. Биринчиси – дары коюлган, экинчиси – дары коюлбаган.
1. Дары колган кактар – булар, “баргек” жана “тоголок өрүк” болуп экиге бөлүнөт. Анын ичинен “баргектин” дагы өрүктүн түрүнө карап бир нече түрлөрү бар. Алар: “абрикостун баргеги”, “исверектин баргеги”, “кашекинин баргеги”, “жолчу өрүктүн баргеги”, “сууханы” дегендер. “Тоголок өрүк” кагы дагы ушул эле түрлөргө бөлүнөт. Бул баргекте данеги болбойт. Ал эми тоголок өрүгүндө данеги болот. Ошол үчүн аны “тоголок өрүк”,-деп аташат.
Өрүктү кагып, терип келип атайын жашиктерге салышат. Андан кийин өзүнүн даярдалган ордуна “алтын күкүрттү” бир идишке салып туруп, аны атайын казылган чуңкурга коюп, күйгүзөт. Анан үстүнө жашиктерди тизип, желим буюм менен алты сааттан көбүрөөк убакытка ороп коюшат. Дары киргенден кийин жерге желим буюм салып, анын үстүнө соолуганга чейин эки же үч күн жайып коюшат. Андан кийин атайын данегин сыгып, ажыратып туруп, чакан шиферлерге же шалынын сөңгөктөрүн жайып, үстүнө тизип, кургатышат. Ал эми тоголок түрүн дагы ушул эле таризде кургатып алышат.
2. Дары коюлбаган кактын “аштек”, “кандек”, “исверектин мейизи”, “абрикостун мейизи”, “семечка өрүк”,-деген түрлөрү бар. Булар кургаганга чейин бир жумага жакын же ашыгыраак убакытка жайылат. Булардын ичинен бир гана “аштек кагынын” данеги болбойт. Муну өрүктү терип келгенден кийин, тең ортосунан жарып, бир же эки сутка күнгө жайып коюшат. Андан кийин жарылган өрүктөрдү жуп-жубу менен бириктирип, кургаганча дагы күнгө жайып коюшат. Буларга дары коюлбай туруп, күнгө кургаганча бир жумага чейин жайып, кургатып алынат.
Пайдалуулугу
Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана калцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды, боордун жана өттүн иштешин жакшыртат. Денедеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий – жүрөк кан тамыр оорулары үчүн табылгыс азык. Ошол үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот. Компот, варенье жасаса болот. Кырк жаштан ашкан аялзаттын организминде эстороген азаят. Эстороген азайганда көңүлү эч нерсеге келбей, маанайы чөгөт. Адам күнүгө беш алтыдан өрүк жеп турса, ошол жок болгон эсторогендин ордун басат.
Чындыгында, өрүктүн адамдын ден-соолугуна пайдасы көп. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Анын дагы бир касиети – жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ.
Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк – эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган дары жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.
Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.
Дагы бир кеңеш: Үй шартында эле какты кечинде сууга кайнатып, үстүн жаап коюп эрте менен анын суусун (согун) ар дайым ичип турса, аз кандуулук – анемияны алдын алат жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Ошондой эле имунитетти дагы көтөрөт.