СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим - эне сүтүм

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне тилим - эне сүтүм

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим - эне сүтүм»

Кыргыз Республикасы Баткен областы Лейлек району

Самат атындагы орто мектеби.





Тарбиялык саат.

Эне тилим – эне сүтүм.















Башталгыч класс мугалими: Ганиева Садагүл Акбаровна

Тема: Эне тилим – эне сүтүм.

Сабактын максаты: 1. Эне тилибиз – мамлекеттик тилди жана эне сүтүнүн

ыйыктыгын, баалуулугун, элибиздин улуттук оюндарын, ата-

бабалардан калган улуу мурастарды урматтап билишет.

2. Ата мурасын сактоо зарылдыгын туюшат, эне тилин сүйүүгө,

сактоого умтулушат.

3. Патриоттуулукка, ынтымакка, достукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: кыргыз комузу, боз үйү, ак калпак, элечек, сүрөттөр, улуттук оюндар үчүн керектүү жабдыктар.

Сабактын жүрүшү: 1. Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалат.

2. Мугалим: -- Биз кайсы өлкөдө жаштайбыз? Жалпы: -- Биз Кыргызстанда жашайбыз! Мугалим: -- Кыргыз эли үчүн эмне ыйык? 1-окуучу: -- Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык! 2-окуучу: -- Улуу “Манасы” ыйык! 3-окуучу: -- Ак боз үйү ыйык! 4-окуучу: -- Ак калпагы, ак элечеги ыйык! 5-окуучу: -- Эне тили ыйык!

Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. “Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили”, “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун”, “Эне тилим – эне сүтүм” – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиңиздер!

3. Саламдашуу. ( Үч кыз алдына чыгып айтышат). Салам, салам, саламбы, Салам айткан жаманбы. Кыргызымда салт экен, Салам айткан парз экен. (Окуучулар жалпы “арбаңыздар!” деп салам беришет).



Ук жер жүзү бүгүн майрам, Баарыңарга ыр арнайбыз! Бүгүнкү тил майрамы менен 1-класс, сиздерди куттуктайбыз!

Кыргызымдын салты бар, Саламдашуу жагы бар! Саламдашып жатканда Нан, туз берген жагы бар!

4. Эне тилибиз биз үчүн эң ыйык, эң кымбат! Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз – кыргыз тили. Кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда - мамлекеттик тил болуп кабыл алынган.

“Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт”. Анын сыңарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдөгү теңдеши жок алп “ Манастай” дастандарды жараткан эне тили-биз - кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыңар? (Балдар: ырларды, макалдарды).

Мугалим: -- Кыргызстанда кандай улуттар жашайт? Окуучулар : - кыргыз, өзбек, орус, татар, уйгур, дунган ж.б. Анда эмесе биз азыр улуттар боюнча топторго бөлүнөбүз. Эне тилиз жөнүн-дө ыр билген балдар “Кыргыз улуту” болуп, бул жакка келип турабыз. Ал эми эне тилибиз жөнүндө макалдарды билген балдар “ Башка улуттар” тобу болуп бул жактан орун алабыз. Бул топтор Кыргызстанда жашаган улуттар деп билебиз. Бирок, биз улуттарга бөлүнгөнүбүз менен баарыбыздын максатыбыз бир – достукта, ынтымакта жашоо. Ошондой эле биздин бүгүнкү сабагыбыздын максаты - кыргыз тилинде сүйлөө, тилибизди даңазалоо. Андыктан биз максатыбызга жетүү үчүн төмөнкү баскычтарды басып өтүү керекпиз:

1. Эне тилибиз жөнүндө декломациялар. 2. Эне тилибиз жөнүндө макалдар. 3. Кыргыз элинин улуттук оюндары. 4. Бий. 5. Жеке номер: “ Кыргызымдын жигиттери”. 6. Бий.

Мугалим: Абалтадан салт-санаасын сактаган, Акыл, оюн алыс жолдо тактаган. Кылымдардан кылымдарды карыткан, Кыргызымдын тили менен мактанам.

1. Анда эмесе кезек “Кыргыз улутунда”.

Декломациялар. Кыргыз тилин даңктайлы, Эне тилим казынам, Кыргыз тилин барктайлы. Бабалардан калган мурас. Тилибизди тааныткан Булагымсың түгөнбөгөн, Кыргызымдын аты чыксын алыска. Сени менен кубанам.

Эне тилим – эне сүтүм, Эне тилим баа жеткис, Ачып турган ак калпагым. Манас бүткөн каныңдан. Кылымдардан кылымдарга Өзгө сени часа дагы Сен өркүндөп өсүшүңдү каалаймын. Мен өзүңдү жакшы көрөм

Эне тилим эң кымбат, баарынан. Эне тилди барктайлы. 30 жылдыгың кут болсун! Эне тилим элдин тили, Жергебизде тынчтык болсун! Жашай берсин кылымдарга. Көп уруулуу кыргызымдын бул тили

Кыргыз жери – касиеттүү жер, Өнүгүп, дүйнөлүк тил болсун! Кыргыз эли – тарыхтуу эл. Уккулуктуу, жагымдуу Кыргыз тили - тамырлуу тил.

Жалпы: Кыргыз тили – ыйык тил, Өзгөлөрдөн бир башка. Сонундугун жар салып, Кантип болбойт ырдашка.

2. Эмки кезек “Башка улуттарда”.

Макалдар. Эне тилим – менин дилим. Ойдун теги – тил,

Эне тили – эне сүтү менен тең. Жолду теги – аяк.

Тил - ойдун сандыгы. Тил маданияты – эл маданияты.

Тил - кылычтан өткүр. Тил чебери - китептен,

Тил тагдыры – эл тагдыры. Кыймыл чебери - спорттон.

Тил – улуттун белгиси.

Жалпы: Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили – мекеним Менин өлкөм – Кыргызстан!

3. Мугалим: - Кыргыз элинин кандай улуттук оюндарын билесиңер? Окуучулар: - Чүкө атмай, алтын шакек, жоолук таштамай, селкинчек тепмей, кыз куумай, көк бөрү, улак тартыш, ат чабыш, эр эңиш ж.б.

Анда келгиле, ушул оюндардан көрүнуш аткарып берели. ( Окуучулар үч топко бөлүнүшөт).

1-топ: Кыздар – балдар “ Жоолук таштамай” оюнун ойношот. ( Сахнанын бир четинде туруп).

2-топ: Кызды селкинчекке олтургузуп, эки жигит эки жагында туруп селкиндетет. ( Сахнанын ортосунда туруп).

3-топ: Балдар “Чүкө” оюнун ойношот. ( Сахнанын экинчи жагында туруп).

Эми бул оюндардын кантип ойнолоору тууралуу ким айтып берет? (Үч топтон бирден окуучу чыгып, оюндун шарттарын айтып беришет).

4. Бий: “ Сулуу кыз” бийи - Малабаева Рахиманын аткаруусунда.

5. Жеке номер: “Кыргызымдын жигиттери” .

6. Бий: “Көпөлөктөр” бийи – жалпы кыздардын аткаруусунда.

7. Хор: “ Кыргыз тили” .

Кыргыз тили , сүйөм сени, сүйөм сени жанымдай. Тил жок сенин тилиңе окшош, сөз жок сенин сөзүңдөй.

8. Жыйынтыктоо.

Мына балдар, Кыргызстанда жашаган бардык улуттар бирдикте максатыбызга жетели, достукта, ынтымакта жашап, туубузду бийикке желбиретели.

Эне менен эне тил, ата менен Ата Журт бирдей эле ыйык, бирдей эле кудурет-күчкө эгедер. Балдар, силер бактылуу балдардан болобуз десеңер, анда биздин энебиз да, эне тилибиз да болсун! Атабыз да, Ата Журтубуз да болсун.

Ошондуктан, эне тилди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп, туу кылып көтөрөлү.

Ушуну менен бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз соңуна чыкты. Баарыңыздарды “Эне тил” майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат.