СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы:  «Эне тилим-эне сүтүм”

 

 

Сабактын максаты: а) Эне тилди сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, эне тилдин өнүгүшүнө салым кошу, тилди сүйүү тууралуу кеңири маалымат берүү.

б) Макал-ылакаптарды жаттоо, сөз берметтерин жыйноо, адептүү сүйлөй билүүгө, сөзмөрлүккө чечендикке үйрөтүү.

 в) Эне тилин сүйүүгө тарбиялоо

 Сабактын жабдылышы: Тил жөнүндөгү ураандар, ырлар, жаңылмачтар, учкул сөздөр. Кластер, РАФТ стратегиялары

 Сабактын формасы: диалог – сабак

 Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

 б) Жаңы сабак

 в) бышыктоо

 г) Үйгө тапшырма

 Мугалим: 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Эне тилиме таазим этели» деген темада сабак өтөбүз. Сабакты баштардын алдында Мамлекеттик тил Гимнин ырдайбыз. Окуучулар:(Гимнди ырдашат) Мугалим: Бул жашоодо эң маанилүү тил болот, Тили аркылуу сүйлөйт жана ойлонот. Пикир айтып, билдиришип сезимдерин, Ар бир адам тили менен зор болот. Тилим менен келди «Манас» дастаны, Сиңирилген кыргыз элдин нарктары. Айкөл пейил, меймандостук сапаттар, Үрп-адаты жана каада-салттары. Илгертеден сөз өнөрүн баалашып, «Өнөр алды кызыл тил» деп келишкен. Кыргыз тили – кыргыз үчүн чоң байлык, Ыйык тутуп, ар бир атуул сезишкен. Эненин сүтү менен агып келип, Улуу тилим сыйкырдуу күчүн берип Көөнөрбөгөн рухий байлык тартуулап, Жарык кылды жан дүйнөмө терең сиңип. Тилибизди урматтап, үйрөнүү, Бул биздин пенделик парзыбыз. Тилибизге түгөнбөгөн жашоо берип Барктайлы, аалайлы баарыбыз. Мугалим: Балдар, мен силерге обонго салып ыр ырдап беремин. Андан соң сабагыбызды улантабыз: Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим, Кылымдан азиз энем күткөн тилим. Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда, Жаралып жаным менен бүткөн тилим. Бул тилдин кылдаат, кымбат сырын ачам, Канымды сыя кылып, китеп жазам. «Таң эрте тил өмүрү бүтөт» десе, Күн менен уккан кечте кошо батам – деп Абдрасул Токтомушев айткандай тилсиз жашоо жок.

Мугалим: — 1-окуучуга, тилиң бар болгондуктан сенин кандай артыкчылыгың бар?

 _______: кай бирде жазгы суудай ташып калам, Калдастап калем издеп шашып калам. Капыстан көздөн кайым болбосун деп, Кагазга тапкан ойду жазып калам. Тил болбосо муну кайдан жазмакмын, Көөдөндөгү ойду кайдан айтмакмын Тилим бар. ыр жазууга шыгым бар.. Мугалим: — Баракелде! Мугалим:

 — ______, а сенинчи? __________: — Тилим бар менин дагы шыгым бар, Калдайып көчө менен басып калам. Капысынан ыр таылса шашып калам, Кагаз жок, калем сапты ала коюп. Шашкалактап алаканга жазып калам, Кайран гана кызыл тилим болбосо. Мунун баарын, мен кайдан алып калам.

Мугалим: — Азаматсың! Мугалим: — ___________, тилиң болбосо кантмексиң?\

 __________: тилим жок оюмду айта албайм, Аздектеген сезимимди жаза албайм. Күпүлдөп тоо суусундай агып калам, Күбүрөп көк желкемди кашып калам. Гүлгө конгон ырлардын көпөлөгүн, Күлмүң этип калпак менен басып калам. Татынакай таттуу тилим болбосо, Ичимдеги букту кантип айта алам. Мугалим: — Рахмат!

_________________ Келбесе сөз сүйлөөгө кызыл тилиң, Кайдан болсун азыркыдай толгон билим. Сөз сүйлөп, сөздөн сөзгө жетпегенг соң, Дүйнөнүн биз билмекпиз кайсы бирин. Мугалим: — _______________, «Толгоосу токсон кызыл тил, Сүйлөймүн десең өзүң бил» — деген сөздү кандай түшүнөсүң?

___________: — Менин кыргыз тилим бай, ийкемдүү, Атайыңдай мукам-мукам сайрашың. «Кел келиңде» угулса да айбатың, Токтогулдай татаал, катал жол басып. Туюк жолдон жол табасың кармашып, Эркин күчтүү, жолуң шыдыр болсун деп, Таланттарың купулуна толсун деп, Сөз берметин калтырыптыр бабалар, «Манасты» окуп, эл намысын коргосун деп. Кайда бурсаң кете берет кызыл тил, Абайлагын жакшы нукка сала бил. Адамдардын жүрөктөрүн оорутпа, Жаман айтпа, жакшы сөзүң арнай бил. Мугалим: — Туура айтасың, тилдин сөөгү жок. Мугалим: Кыргыз тилинин кадыр-баркы кайда?

__________: Алыкулдун, Жусубуң бар дайрасың,

 Мидини бар, Райканы бар саймасың.

 Өрүшү бай, жайыты бар, багы бай,

 Кыргыз тили табериктүү тамгасың.

 Сөздөрүңдүн калпып алган каймагын,

 «Алп Манастын» улам сүрдүү айбаты Түгөлбайы, Чынгызы бар тилимдин,

Болсо керек табылбачу канаты. Мугалим: Рахмат. Амантур, тилге таазим этер белең?

_____________: Ооба. Мугалим: Кантип таазим этесиң:

_____________ Тилиңе кулдук кылам энем-атам. Кечиргин мен тарптан болсо катаң Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде Кубултуп, безеп ырдап келе жатам.

 Мугалим: __________ тил жөнүндө учкул сөз билесиңби?

 _________: Билем. Мугалим: Айтчы.

____________: Илим менен билимге көпүрө тил, Көкөлөткөн адамы тили деп бил.

Окуучу: — Тил элчинин кылычы

, Окуучу: — Тил арстан эшигиңде комдонгон Бошоп кете өзүңдү да жеп койгон.

 Окуучу: — Тил – кылычтан өткүр.

 Мугалим: Бизин эне тилибиз – кыргыз тили Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик тили. Кыргыз тили качан мамлекеттик тил болуп статус алган. Мугалим: Азыр биз бир аз музыкалык тыныгуу жасайлы.

Кана балдар, кыргыз эли илгертеден акыйнек ырын ырдашкан, Силер да ырдап бербейсиңерби? (Окуучулар эки топ болуп, үчтөн окуучу акыйнек ырын ырдашат).

1-топ Акыйнек ырын ырдашуу Абалтан калган салт экен. Байыртан бери кыргыз эл, Сөз балаган калк экен Акыя, акыя.

2-топ Кен – байлыктуу жерденбиз, Өзүбүз чечен элденбиз. Өтүмдүү, кур чтил менен, Душмандарды жеңгенбиз.

1-топ Биз жашаган коомдо Көп ийгилик жаралат. Тазалыгын сактабай, Тилди алдык жаралап 2-топ Чет тилдин сөзүн тантышат Өз тилин жакшы биле албай. Кыштакта эле жашашат, Орусча сүйлөйт тил албай.

 1-топ Ар бир тилдин өзгөчө, Жакшы жагы бар болот. Тили таза, дил таза, Окуучулар оңолот. 2-топ Өз тилиңди өстүрүп, Рухуңду байыткын. Каймагнын калпып сөздөрдүн, Жарык маанай жайылткын. Чогуу: Эне тилди сактайлы, Эне тилди барктайлы. Сөзүбүздү байытып, Тилибизди даңктайлы

. Мугалим: Чоң рахмат! Азаматсыңар балдар.

 Мугалим: _________ дүйнөдө эмне ачуу?

__________: Дүйнөдө тил ачуу, эжеке «Жаман сөз жан кейитет, Жакшы сөз көңүл эргитет» дегендей, бирөөгө жаман айтып, ачуу тилиң тийсе көңүл калат. Сөөгү жок тилди кайда бурсаң кете берет. Ошондуктан абайлап сүйлөө керек. «Ойлонбой сүйлөгөн, онтобогон ооруга жолугат» дейт эмеспи. Мугалим: Туура айтайсың

 Мугалим: Дүйнөдө эмне таттуу __________?

______________: Дүйнөдө тил таттуу. «Бала тили бал», «Жылуу сөз жыланды ийинге киргизиптир» деген таамай айтылган сөздөр бар элде, булар бекеринен айтылбаса керек. Мугалим: Ооба мунуң да тура.

Мугалим: ________ кыргыз тили кимдин тили?

________: Менин тилим Мугалим: Дагы? : Дүйнөгө кеткен  дүбүртү, Атагын жайып кыргыздын Ардактап, барктап сактайбыз, Кыргыз тили – тили Чыңгыздын. Күн сайын өсүп көктөгөн, Тилибиз жарыгы жылдыздын. Илгертен сөз багып өстүргөн, Кыргыз тил – тили кыргыздын. Мугалим: _______, өз тилиңе баа берчи же сүрөттөй аласыңбы? (Колунда тирүү кызыл гүл болот)

_________: Менин тилим ушул кызыл гүл сымал, Бапестегин, ардактагын сактап кал. Бакпасаң, барктабасаң өз тилиңди, Бул дүйнөдө жок болорун билип ал.. Менин тилим назик жана жугумдуу, Ширинин айт, шекер сөздүү, даамдуу. Бабалардан калган сөздү уксаңар, Таасирдүү да, татынакай, угумдуу.

Мугалим: тил боюнча кластер түзөлү. Ар бирибиз түзөбүз. (Окуучулар билимдерин өздөрү аалашат)

. Мугалим: Эми балдар, үйгө тапшырма. РАФТ стратегиясын колдонуп «Эне сүтүм – эне тилим» деген темада текст жазып келгиле

 

 

 

 

 

 

 

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!