Энелер мектеби
Мугалим: Эркинбекова Г
Сабактын планы:
- Ата-энелер чогулушун жандандыруу
- Жогорку класстардын окуучуларын тарбиялоо жолдору
Энелер мектебинин максаты:
- Энелерди мектепке тартуу, балдардын билимге болгон кызыгуусуна салым кошуу;
- Оз балдарынын эмнеге кызыкканын аныктоо;
- Балдардын келечектеги кесип тандоосуна жардам беруу.
Сабактын журушу:
Уюштуруу иштери
«Баланды бешке чейин падышандай сыйлагын. Он бешке чейин кулундай жумшагын, андан ары тен атадай туюлат».
( МАКАЛ)
Баланы тарбиялоодо эненин салымы чон. Сиздер учун даярдаган эскерткич баракчамды окуп, таратып бермекчимин. Бул боюнча маалымат алып, аз да болсо сиздерге жардамы тиет деп ойлоймун.
Ата-эне учун эскерткич:
- Эч качан жаман маанайда тарбиялаба;
- Баланын эмне ойлоп жатканын так аныкта жана терен бил;
- Баланын оз алдынчалыгына мумкундук бер, ар бир (майда) кадамын козомолдой бербе;
- Максатка жетуунун туура жолдорун уйрото билиниз;
- Биринчи жетишкендик болсо, мындай учурду колдон чыгарба;
- Балага кетирген кемчилигин корсот, аны тушундурууго аракет кыл;
- Жеке озун эмес кылык жоругун баала;
- Балага сезууну бер (кулуу, кайгыруу), ал эмнени байкайт, ага ишен, анын жанылуусун караба;
- Тарбиячы катуу, бирок боорукер болушу керек.
Насаат- бул жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаат албаса, сокур пенде кан жолго жалгыз чыккандай.
Биз окуучуларга окуу-тарбия беруудо коптогон кенештерди, насааттарды берип келуудобуз. Ошол насааттарымдан окуучуларыма таратып бермекчимин.
Мугалимдин окуучуга насааты:
- Ата-энене каяша айтпа, соз айтып жатканда бурулуп басып кетпе;
- Ата-энендин сен учун жасаган иштерине РАХМАТ айта бил;
- Келечектеги максаттарын менен болуш, ага жетуу жолдорун ата-энен менен кенеш;
- Ар бир жетишкендигинди ата-энен менен болушо бил;
- Ата- энем мени тушунбойт деп айтпа (ойлобо), алар сен жонундо ар дайым ойлошот;
- Ата-энене «МЕН СИЗДИ ЖАКШЫ КОРОМ!» деген созду себеби жок деле айтып жур;
Урматтуу ата-энелер, окуучулар , «Адамдын кузгусу адам, анткени озундун мыкты жана кемчил жактарынды башка адамдар аркылуу гана коросун, туясын » ,-деп Курманжан Датка айткандай, бтри-бирибизге сый мамиле корсотконду уйронушубуз керек.
Балага урматтону кантип корсотуу зарыл?
- Баланызды ар дайым атынан атаныз;
- Баланызды сиздин ар бир жардамынызга рахмат айтууга, ыраазычылык билдирууго уйротунуз;
- Бала менен суйлошуп жатып анын денгээлине тушууо аракет жасаныз, «жогорудан томон» мамиле жасабаныз;
- Эгерде сиз балага убада берсениз, созсуз убаданызды аткарыныз;
- Баланын эмне айтып жатканын угуп, анын жетишкендигине реакция жасаныз;
- Бала ачууланганын сезсениз, ага жакшы окуя же кулкулуу маанай тартууланыз;
Сиз баланызды канчалык денгээлде билесиз? Муну билуу учун томонку анкетаны толтурунуздар. Туура, так жооп бергенге аракет кылыныздыр.
Балдар учун анкета
1
«Алиппе» майрамында кайсыл тамга болдун эле?
2
Сенин жакшы коргон сабагын, ырчын, акын, жазуучун, теле беруун?
3
Сен келечекте ким болгун келет?
4
5
Сенин ата-энен келечекте ким болуунду каалайт?
Откон жумада канча сабактан , кандай бааларды алдын?
6
Жакшы коргон сабагын? Эмне учун жагат?
7
Кечээ куну саат канчага чейин социалдык тармакта отурдун?
8
Сага класс жетекчиндин мамилеси кандай?
9
Класстагы жакын досун ким?
Энелер учун анкета
1
Баланыз, кызыныз «Алиппе» майрамында кайсыл тамга болду эле?
2
Баланыздын, кызыныздын жакшы коргон сабагы, ырчысы, акын, жазуучусу, теле беруусу?
3
Баланыз, кызыныз келечекте ким болгусу келет?
4
5
Сиз баланыз, кызыныз келечекте ким болуусун каалайсыз?
Откон жумада канча сабактан кандай бааларды алды?
6
Баланыздын, кызыныздын жакшы коргон сабагы? Эмне учун жагат?
7
Баланыз, кызыныз кечээ куну саат канчага чейин социалдык тармакта отурду?
8
Баланызга , кызынызга класс жетекчисинин мамилеси кандай?
9
Баланыздын, кызыныздын классташтары арасынан жакын досу ким?
«Уй-було тиреги ата-эне» демекчи, ата-энебизди баарыбыз ар турдуу баалайбыз. Анда эмесе кийинки соз энелерибизде. Биздин балдарга уй-було деген эмне, уй-було сырлары менен болушо кетсениздер.
(энелер суйлошот)
Биздин окуучулар болсо у-було тууралуу анкетаны толтуруп, окуп беришет.
Уй-було:
Уй-було мен учун-_____________________________________________________
Атакем мен учун-_____________________________________________________
Апакем мен учун-_____________________________________________________
Бир туугандарым-______________________________________________________
мен уй-булодо киммин-______________________________________________
Сабакты жыйынтыктоо:
Анда эмесе сабагыбыздын аягында ата-энелерибиз оз балдарына каалоо, ишеничтерин жазып беришсин.
Балам (кызым) менин___________________________________
_________________________________________________________
_________________________________________________________.