СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектеби жонундо маалымат

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектеби жонундо маалымат»





































































































Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү

Сүлүктү Балалык” ясли бакчасы.


Энелер метеби.

Тема: 2- жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү.


Эмне үчүн балдарга төрөлгөндөн тартып күн сайын китеп окуп берүү зарыл”.









Тарбиячы: Акрамова Зуура.




22.10.19 -жыл.


Энелер мектеби


Сүлүктү Балалык” ясли бакчасы.




Сабактын темасы: 2 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү.

Эмне үчүн балдарга төрөлгөндөн тартып күн сайын китеп окуп берүү зарыл”.

Сабактын максаты: Энелер 2 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүктөрү боюнча таанышышат. Балдарын кантип тарбиялоо керектиги жөнүндө пикир алмашып үйрөнөт. Балдарына эмне үчүн күн сайын китеп окуп берүү зарыл экендиктери тууралуу бүгүнкү сабактан билип, үйгө барганда

балдарына китеп окуп берүүнү адатка айландырат жана балдарына туура таарбия берүүгө багыт алат. Энелердин жалпы кургозору кеңейет.


Сабактын жабдылышы: проектор,ноутбук, энелердин ручка, дептерлери, карандаштары.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: 1. Катышуу барагын толтуруп алуу. Энелерге жагымдуу маанай түзүп берүү. Топторго бөлүү.

Тарбиячынын сөзү: Урматтуу энелер бүгүн сиздер менен үй- бүлө тарбиясында балдардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн эске алуу жөнүндө сөз кылабыз.Г. Мадаминовдун “Ата-энелер сиздер үчүн” деген китебинин

9- бетинде дал ушул биздин сөз кылуучу темабыз жөнүндө камтылган.

Улуу педагог К.Л. Ушинский “Баланы окуутуудан мурун аны ар тараптуу билүү, үйрөнүү керек”



Андай болсо балаңыздардын 2- жаштагы жаш өзгөчөлүктөрү

тууралуу сөз кылалы.


  • Эки жашар баланын салмагы орточо 12-13 кг, бою- 85см болот. Ал эми тиштеринен 20 сүт тиши чыга баштайт. Бир суткада уктаган убагы 12,5 саатка азаят.

  • Баланын кабыл алуусунда тереңдегендик мүнөздүү боло баштайт ------ эчнерсе- айбанаттар, канаттуулар, оюнчуктар, жаңы кийимдер,транспорт бей тааныш адамдар анын көңүлүнүн сыртында калбайт. Баланы иш жүзүндө бардык нерсеге кызыктырууга болот, бирок анча узак эмес.

  • Бала өз алдынча баса баштайт жана бул процесс бара-бара жакшыра берет.

  • Наристе жол менен да чөптү аралап да баса алат, чоң кишилердин жардамы менен тепкич менен да жүрө алат. Чоңдордон оолактап өз алдынчалуулука үйрөнөт


  • Бул учур баланын ой жүгүртүүсүнүн өсүшүндөгү жана тилинин чыгшындагы маанилүү мезгил болуп эсептелет, анткени, анда сөз байлыгын артырууга сезимталдыгы өзгөчө артып, тилинин чыгышы өтө ыкчам темпте жүрөт.

  • Эки жаштагы бала өз теңдүүлөрү менен пикир алууну эңсейт.алар чогу анча көп эмес убакытка ойношот., бирок, бири-биринин оюндарнына байкоо жүргүзүүнү жактырышат.


Өстүрүүдөгү милдеттер.


Денесинин жана кыймыл аракеттеринин өсүшү.

  • Кийинип, чечинткенде,эс алууга чыкканда баланын денесин чыйралтуу керек.

  • Колдорунун булчуңдарын чыңдоо зарыл, ал үчүн манжалары, кубиктер менен ойнотуп, сүрөт тартырып, кашык менен тамактанганды, кийинип, чечингенди өз алдынча жүргүзүүгө көндүрүү керек.

  • Тең салмактуулугун үйрөнүү зарыл. Ал үчүн кичинекей устундун үстүнөн, таштардан, кумдардан бастырып, көлчөктөрдөн акырындык менен аттатуу керек.

  • Кыймылы көп оюндарды ойнотуп, анда бала чуркап секирип, тепкичке чыгып түшкөндү өздөштүрүүсү зарыл.

  • Баланы топ менен ойнотуп,ал топту тоголотконду, аны бир колу менен башка балага түз бергенди. Топту корзинага жана каробкага салганга машыктыруу.

  • Бир орунда эки буту менен отуруп секирүүгө үйрөтүү.


Сөз байлыгын өстүрүү.

  • Күн сайын балага китеп окуп берүү зарыл. Окулгандар жөнүндө жөнөкөй суроолоду берүү керек.

  • Жакын адамдарын апа, ата, чоң ата, чоң апа, эже, аба, бала, кыз. Буюмдарды альбом, карандаш,боёктор жана алардын кай жерде экендигин үйрөтүү. ( үйдө, столдо, бул жерде, тигил жерде) билдирген сөз байлыктарын арттыруу зарыл.

  • Айтылган сөздүн түшүнүүсүн калыптандыруу керек.

( нан столдун үстүндө,сүт чыныда,керебет уктоочу бөлмөдө, муздаткыч ашканада).


  • Бала буюмдардын көлөмүн ( чоң, кичине )алардын өңүн ( кызыл, сары, жашыл, көк) сапатын ( таза, кир, катуу, ысык, муздак, даамдуу) ажыратууга жана айта билүүгө үйрөтүү зарыл.




  • Эки үч кыймыл аракет аркылуу аткарылуучу иштерди эстеп, аткарууга үйрөтүү керек. ( столго бар, китепти алып кел, оюнчукту ал)

  • Жарабайт, ” “жаррайт”, “керек” деген сөздөрдү туура түшүнүүгө үйрөтүү.

  • Балага белгилүү жалпылагычтыргыч сөздөрдү жат кылып, жаңы сөздөрдү ( кийим, эмерек, идиш аяк, оюнчуктар, кишилер, жандыктар, өсүмдүктөр) кошуу зарыл.

  • Сүрөткө тартылган белгилүү буюмдарды таанып, аттарын туура айтууга үйрөтүү керек.

  • Баланын сөз байлыгындагы өсүшүндөгү маанилүү учуру- Бул эмне? Бул ким? Деген суроолордун пайда болушун кубаттоо зарыл.

  • Ар күн сайын китеп окуп берүү менен баланын ой жүгүртүүлөрү жана сөз байлыктары өсөт. Жомоко болгон кызыгуулары артат. Жомок каармандарынын оң жана терс каармандарын айырмалап үйрө

Буюмдар менен иш аракеттери.


  • Өзүнүн жана башка бирөөлөрдүн буюмдарына тыкан жана аяр мамиле кылууга тарбиялоо зарыл.


  • Бала чоң жана кичине буюмдарды эмес, орточо көлөмдөгү буюмдарды( кубиктерди, көлөмдөрүндөгү айырма 3см болгон прамида шакектерин) да көрө билүүсүн өнүктүрүп: Сүйлөгөндө “чоңураак” “кичирээк” “эң чоң”, “ эң кичине”деген сөздөрдү пайдаланууга үйрөтүү керек.

  • Бала төрт негизги түстү ( кызыл, жашыл, сары, көк,) ажырата билип, аларда чоң кишилердин талаптары боюнча көрсөтө билүүгө үйрөтүү зарыл.

  • Ойноп жатканда чоңдор жасаган иштерди: “окуганды”, “шыпырганды”, “жууганды туураганга үйрөтүү зарыл жана оюнчуктарды өз ордуна койгонго жардамдашуу керек.


Оюндары.


  • Балага оюнчуктар менен кадыресе, жөнөкөй иштерди(прамиданын таякчасына шакектерди тоглотуу, кубиктерден мунара куруу) жасаганды үйрөтүү зарыл.


  • Баланын оюнчуктарды алып чыгып, кутучага ирээттеп салууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу зарыл.


  • Бала оюнчуктар менен ойноп жаткан учурда, оюнчуктардын түзүлүштөрүн атап берүү. Мисалы: Оюнчук куурчак ( куурчактын башы, колу, көздөрү, кулактары, ооздору, буттары, манжалары)


  • Бала чоң кишилер жасаган иштерди оюндар аркылуу көрсөтүп бере алат. Мисалы: ( куурчакка тамак берүү, аны уктатуу, колдорун беттерин жууп тазалоо, мамалакты жетелеп бастыруу) кыймылдарын аткарат.



  • Бала менен көңүл ачуучу оюндарды ойноо керек. ( кубалашуу, жашынмак, селкинчек, топ ойноо).


Табият менен тааныштыруу.

  • Өсүмдүктөргө, жаныбарларга кызыгууларын арттыруу.


  • Бала жөнөкөй эстетикалык сезимин ( жаратылыштын кооздугуна кубануусун, көргөн нерселеринен жакшы таасир алуусун) ойготуу менен жан жаныбарларга болгон боорукерлигин калыптандыруу.


  • Баланын суу жөнүндөгү, аны пайдалануу туурасындагы түшүнүктөрүн кеңейтүү( суу агат, аны менен жуунат, жуушат, аны ичишет, тамак жасоо үчүн колдонулат)


  • Баланын көңүлүн жаратылыш кубулуштарына буруп, анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү: жаан нымдуу, суу, эс алууга болбойт- ооруп каласың; асманды булут каптап, күн көрүнбөй турса-эшик салкын жылуу кийинүү керек; асман ачык болуп, күн тийип турса- эшикте жылуу

  • Үйдөгү жана короодогу жаныбарларды таанып, көрсөтүп бере алгыдай болсун.сүрөттөрдөгү жана оюнчуктардагы чымчыктарды, мышыкты, итти, уйду, мамалактарды, көрсөтө алсын. Балдардын көңүлүн жаныбарлардын дене мүчөлөрүнө бурдуруу зарыл.


  • Бактарды, чөптөрдү, гүлдөрдү эс алуу учурунда да, сүрөттөрдөн көргөндө да айырмалай билсин.





  • Жашылча жемиштерди, мөмөлөрдү таанып аларды алып келүүгө балага тапшырма катары берип көнүктүрүү зарыл.



  • Бала эмнелерди көрүп алып келгендиги тууралуу айтып бере алгыдай болсун.

Баланын жекече социалдык өнүгүүсү.


  • Балага байкоо жүргүзүү керек. Музыка угуусуна, сүрөт тартуусуна китепке кызыгуусуна көз салуу.


  • Бала менен көп сүйлөшүп, бирге ойноп, башка балдардын оюндарын байкоосуна мүмкүндүк түзүп берүү.


  • Бала чоң кишилерге жардам берүүлөрүн каалагандыгын кубаттоо зарыл.


  • Бала өз алдынча ойноого жана өз алдынча тамак ичүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.


  • Көз карандысыздыгын кыйкырбай, оюнчуктарын ыргытпай, жер тепкилебей жайынча түшүндүрүүгө үйрөтүү зарыл




Өз алдынча көнүгүүлөрү.


  • Тыкандыка үйрөнүүсүн улантуу керек.( колдорун таза жууп, оюнчуктарды ордуна жыйнап коюу, горшоко өз алдынча отуруу).


  • Өзүн өөзү тейлегенди өздөштүрүү зарыл ( чоң кишилердин жардамы менен кийинип, чечингенди, шымын, шапкесин, байпанын өз алдынча кийип, чечкенди)


  • Баланы кашык менен өз алдынча таза тамактанууга үйрөтүү керек.


Эмне үчүн балдарга төрөлгөндөн тартып күн сайын китеп окуп берүү зарыл?


Бала үчүн күн сайын китеп окуп берүү- бул биздин балдарыбызга бере ала турган эң улуу белегибиз болуп саналат. Балага китепти окууну эрте баштоо эч качан аздык кылбайт. Эгер бала төрөлгөндөн тартып китеп менен таанышса, басма түрүндөгү сөзгө кызыгуусу да эрте пайда болот. Бул кызыгуу сабаттуу сүйлөө жана сабаттуу жазуунун негиз болуп саналат.

Балдарга чоңдордун үн чыгарып берүүсү жагат, анткени бул камкордуктун жана сүйүүнүн белгиси да. Балдар жакын адамдарынын алар үчүн убакыт табуусун чыдамсыздык менен күтүшөт.

Бала менен бирге окуу чоңдордун өзүнө балалыгын эске салып, дүйнөнү баланын көзү менен кайрадан көрүүгө, бала кездеги сезимдерин эстөөгө мүмкүндүк берет.



Эгер сиз өзүңүздүн эскерүүлөрүңүздү бала менен бөлүшсөңүз, бул сиздерди жакындатып, баланын өзүнө өзү ишенүүсүн жаратат, азыркыдай эле чоңдордун бала кезде жасагандарын, сезгендерин түшүнөт. Бала чоң адамдар балалык учурунда алар азыр эмнени сезип жатса ошону сезгенин түшүнөт.



Заманбап окмуштуулар бала төрөлгөнгө чейин эле, мээнин клеткалары бат көбөйө тургандыгын далилдешти. Төрөлгөн учурда бала 100 милиард мээ клеткаларына- нейрондорго ээ болот!

Бул клеткалардын айрымдары туулган учурда башкалары менен байланышта болот. Бул байланыштар Мисалы; жүрөктүн кагышын, дем алууну жөнгө салат.анткени менен мээдеги байланыштардын көп бөлүгү туулгандан кийин бала сырткы дүйнөдөн алган маалыматка жооп катары калыптанат. Балага окуп берип аны менен сүйлөшүп же ойногон учурда мээнин өнүгүшү тездейт.



Илимий изилдөөлөр чоңдордун балдар менен сүрөттүү китептерди окуп берүү аркылуу сүйлөшүүсү мектептеги окуп берүү аркылуу сүйлөшүүсү мектептеги окуунун ийгиликтүү болушуна алып келе тургандыгын көрсөтөт. Кичинесинен тартып үн чыгарып окуп берген балдар китеп окууну ийгиликтүү өздөштүрүшөт, ал эми басылып чыккан текстер менен эрте таанышуу сабаттуу жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө түрткү болот.


Сабакты бышыктоо: Сиз эмне максатта бүгүнкү сабака келдиңиз эле.

Сиз күткөн нерселерди бүгүнкү сабактан ала алдыңызбы.

Ар бир бөлүктү кыскача кайталоо менен кайталоо.

Үй тапшырма: Өтүлгөндөрдү кайталап, сабака даярданып келүү.

Кошумча кулактандыруу!



Бирге китеп окуйбуз” долбоору боюнча





Ар бир эне бирден жомок китеп алып келип балдарга окуп берүү.