СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эр эмгегин жер жебейт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эр эмгегин жер жебейт

Просмотр содержимого документа
«Эр эмгегин жер жебейт»

Сабактын темасы: Эр эмгегин жер жебейт

Сабактын максаты: Эмгекчилдиктин, мээнеткечтиктин, ишкердиктин

маанисин түшүндүрүү.

Жаңы тема: Адамдын инсандык деңгээлге өсүп жетилүүсүнүн зарыл шарты

– эмгектенүү, мээнеткечтик, ишмердүүлүк. Чыныгы инсан эмгек аркылуу

калыптанат. Адамды жогорку жеңиштерге жеткирген да, акылынын,

талантынын, шыгынын, жөндөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болгон – эмгек.

Инсандын өнүгүүсүнүн бардык этабында аң-сезиминин өнүгүүсү анын

эмгекке мамилесинен көз каранды. Эмгек аркылуу адамдын мартабасы

көтөрүлөт. Иш болгон жерде ийгилик болот. Ийгилик мээнетсиз келбейт.

Мээнет жерде калбайт, мээнетсиз адам ырахат албайт.

Иштеген адамдын жөндөмү өнүгөт. “Мээнеттин түбү кенч болот”- деп

айтылат элде. Эмгектенүүнүн натыйжасында тапкан байлыкты башка

бирөөгө мураска калтырса, сатып жиберсе болот. Ал эми эмгектин

натыйжасында өнүккөн чыгармачылыкты, аң-сезимдин калыптанышын,

акылдын өсүшүн жана ойлонуу касиетин башка бирөөгө мураска

калтырууга болбойт. Аны кудуреттүү күч менен башка бирөөдөн тартып

алууга да мүмкүн эмес. Адамдын чыгармачылык, түзүүчүлүк касиетин,

ойломун сатып ала албайсың. Андай касиет эмгектенген адамда гана

калыптанат. Эмгектенген адам гана уюшуп иштөөнүн тартибин үйрөнөт,

тыкан болот, эмгектен өндүрүлгөн мүлктүн наркын түшүнөт. Эмгектенген

14

балдардын коомдук, үй-бүлөлүк мүлктү уурдап жок кылуучуларга мамилеси

туура (терс) калыптанат [5].

Дайыма эмгектенип көнгөн адам кайра-кайра ишти кайталай берип,

кыймылы тез болот, ойлонбой эле эмне кылыш керек экендигин билип

калат, колдору, көздөрү, бүт денеси аракетке көнөт. Андай ишмерди

таланттуу дешет, чынында ал – көнүгүүнүн натыйжасы. Көбүнчө ишке

көнбөгөн адамдар иш учурунда кырсыкка учурашат. Тажрыйбасы жок

биржалык маклер бир нече минутта миллиондогон доллардан ажырайт.

Дүкөнчү пайда таппай калат. Туура чечимди иштеп көнгөн адам табат.

Азыркы эмгек майданында ишке көнбөгөн адамдар чоң ылдамдыктагы

жолдо жай жүргөн жүргүнчүнүн машинасы сыяктуу эле коркунучтуу.

Кишини адам кылуучу (себеп) эмгек экендигин ар ким билет. Эмгек

бардык жыргалчылыктын булагы экендиги да белгилүү, бирок баары эле

эпкиндүү иштей бербейт. Көпчүлүк жаштардын иш жок деген шылтоосу бар.

Чындыгында иштен (жумуштан) көп неме жок. Бала кезиңде иштеп

үйрөнбөгөндөр, иштегиси келбегендер, чоңойгондо жумуш таппай кор

болушат. Азыр жумуш издеп бөтөн элде (мамлекетте) кор болуп жүргөн

жаштар аз эмес. Эмгек аркылуу турмуштан ордун аныктай албаган адам өзүн

татыктуу сезип, өзүнө канааттана албайт. Эмгексиз адамдын максаты,

конкреттүү жолу аныкталбайт. Андай адамда гармониялуу өсүү болбойт.

Адам эмгек аркылуу ээ болгон тажрыйбасынын негизинде ойлонот.

Ойлонбогон адамда өсүү болбойт. Өсүү болбогон адам өзүн бактылуу

сезбейт. Ал коомго, адамга эч нерсе сунуш кыла албайт. Жаш кезиңде

саргара мээнет кылсаң, карыганда дөөлөткө жетесиң. Жаш кезиңде мээнет

кылбасаң, карыганда интеллекти, шыгы ж.б. өнүкпөй калгандыктан азап

чырмайт.

“Кары келсе ашка, жаш келсе ишке”, “Кылганың мен үчүн болсо,

үйрөнгөнүң өзүң үчүн”, “Эмгек кылсаң жашыңан, дөөлөт кетпейт башыңан”-

деп айтылат. Булар балдарды эмгекке психологиялык жактан даярдоого

болгон элдин мүдөөсүн чагылдырган макалдар. “Азаматтын даңкын

чыгарган эмгек, арамзанын жанын чыгарган эрмек”. “Адал эмгек абийир

таптырат, арам эмгек азабын тарттырат” демекчи, эмгекке көнбөгөн адамга

да жашоо үчүн каражат керек [18]. Ата-энеси каражат менен камсыз кыла

алса, эмгектен ырахат албаган балдар, курсагы тойгонуна компоюп, өз

ыктыяры менен ашка-жүк, башка-жүк болуп, тескери (регресс) жолго түшөт.

Ата-энеси каражат менен камсыз кыла албаган айрым жаштар турмуштан

жеңил жол табууга “аракеттенип” криминалдык жолго чыгат. Ал эми

криминалдык аракет менен аралашкандар психикалык, укуктук

проблемаларга дуушар болушат. Алар качандыр бир мезгилде чөйрөгө,

коомго, өзүнө нааразы болушуп, көңүлү чөгүп, санаага (депрессияга)

батышат. Бул эки жолдун тең келечеги жок − туюк жолдор.

15

Кишинин АДАМ болуш үчүн ичип-жегени, кийгени ж.б. таман акы,

маңдай тери менен табылган нерсе болуш керек. Бирөөнүн мээнетин уурдап,

алдап, тартып жеген тамак адал эмес. АДАМ болуш үчүн таза жана адал

нерселерди жеп-ичиш зарыл, пайдалуу иштерди жасаш керек. Арам тамак

жегендер, бекерпоздор өнүкпөй калышат. Иштебегендер өзүнүн жүгүн

жакындарына артат. Бекерпоздорду эч ким сыйлабагандыктан санаа тартып,

таарынчаак, депрессивдүү болушат. Бекерпоздор менен чогуу жашоо

кыйын, анткени алар ашка-жүк, башка-жүк болгону аз келгенсип,

жакындарына кыңкыстай берип, аларды депрессивдүү абалга тартып турат.

Депрессия жугуштуулугу менен коркунучтуу.

Бышыктоо: Мугалим окуучуларды төрт топко бөлүп, төмөнкү төрт

суроого жооп табуусун өтүнөт, ар бир топтон бир окуучу чыгып, топтун

пикирин билдирет.

1. Эмгек жөнүндө накыл кеп айткыла. 2. Эмгек дайыма эле пайдалуубу

же зыяндуу да эмгек болобу? 3. Жатып ичерлик, арам тамактык,

жалкоолуктун зыяндуулугу жөнүндө жогоруда айтылгандан тышкары

эмнени айта аласыңар? 4. Эмне үчүн Япония, Кытай өлкөлөрүнүн

экономикалык абалы биздикинен алдыда? (Элдин эмгекке мамилеси дурус).

Мугалим: Эмгек аркылуу адамдын акылы өсөт, жаш кезинде

эмгектенбей, өнүкпөй калган акыл аркылуу мээнет кылса кандай болот?

(Окуучулардын жообун угат). Акыл бакыт – алыстаткан азаптан. Акыл

байлык өмүрүңдү жыргаткан. Акыл менен иш кылбасаң мээнетиң, Шорго

айланат жүрөк черин ырбаткан (Фирдоуси). Шорго айланган мээнетке мисал

келтиргиле (окуучуларды угат).

Болжолдуу жооптор: Ата Мекенге чыккынчынын эмгеги,

ИГИЛдегилердин эмгеги, сектага үгүттөп жүргөндөрдүн аракети,

сыйкырчынын (магия), көзү ачык-бакшылардын эмгеги, туура эмес

идеологияны таңуулап жүргөндөрдүн эмгеги, багыты туура эмес партиянын

эмгеги, экономикалык анча-мынча пайдасы болгону менен, экологияга көп

зыян келтирүүчү эмгек (уланткыла). Булар – жаман иштер. “Жаман ишке

жалданып иштегендердин жүүнү бош болот, акыры өкүнүчкө келет. Жакшы

иш үчүн жалгыз акыл аздык кылат” (Ф.М. Достоевкский). Үй-бүлө менен

кеңешип иш кылгыла.

Мугалим. Эмгек жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Балаңды жалкоолукка үйрөтпөгүн, жашоодо белен оокат табылбастыр,

турмуштун капилеттик кырсыгына, эмгекке көнгөн адам багынбастыр

(А.Аухади). Бул дүйнөдө көрөм десең жыргал күн, сөздү коюп, эмгектенгин

күнү-түн. (Ж. Баласагын). Чоң кызмат чоң милдетти мойнуңа артат. Чоң

байлык чоң түйшүктү талап кылат, Бүт жашоонун ырахаты ак эмгекте.

Эринбей көп окуган көп сыр ачат. (Каныбек Атамкулов) [2]. Уланткыла.

16

Эми жыйынтыктайлы. Жалындуу бол, жалкоо дедирбе. Бекер

жаткыча бекер иште. Иштеген ишиңди милдет кылба. Азыр кылганың үйбүлө, мектеп, коом үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн. Эмгектенгендер гана

кыйынчылыкты жеңе аларын унутпа. Ишиңер ийгиликтүү болсун