Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2018-2019
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылында Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү максатында жана төмөнкү предметтер боюнча жыйынтыктоочу аттестациянын форматынын өзгөрүүсүнө ылайык райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары, мектептердин жетекчилери жана мугалимдер үчүн нускама – усулдук каттарды жарыялайт:
ХI класста (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) эне тили жана адабияты боюнча эссени жазуу жана аны баалоо;
IX класста (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама жазуу жана аны баалоо;
IX класста (алгебра) математика боюнча тест түрүндө жазуу иштерин жазуу жана аны баалоо;
Окутуу орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили боюнча жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн (IX, ХI класстар) орус тили боюнча комплекстүү тест жазуу жана аны баалоо.
Тест тапшырмаларынын саны жана формасы, тест материалдары ар бир предметтин профили жана окутуу тили боюнча түзүлгөн тесттин спецификациясы менен аныкталат. Тесттин спецификациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыгат. ЖМАнын материалдары салынган жабык пакеттерди министрлик даярдап, билим берүүнүн мамлекеттик башкармалыгынын аймактык органдарына өткөрүп берет, андан кийин пакеттерди жалпы билим берүү уюмдары кабыл алышат. Материалдарды өткөрүп алууда ар бир билим берүү уюму сынак үчүн үчүн зарыл болгон бардык материалдарды текшерип алат.
Мектептин предметтик комиссиясы (мындан ары текстте – ПК) Жободо белгиленген тартипте окуучулардын сынак иштерин өткөрүүнү жана баалоону жүргүзөт.
Жазуу сынак иштери бардык мектептерде жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00дө башталат. ПКнын мүчөлөрү сынактык материалдар салынган пакетти сынак башталганга чейин 1 саат эрте ачышат. Пакеттеги түп нусканы класстагы окуучунун санына жараша эки вариантта басып көбөйтүү керек. Материалдарды көбөйтүүгө берилген убакытты бүтүрүүчүлөргө нускама берүү үчүн пайдалануу зарыл. Нускама сынак ишин жазуу боюнча эрежелерди жана талаптарды камтыйт.
Окуу предмети боюнча сынактын убактысына даярдык иш-чараларына бɵлүнгɵн убакыт (окуучуларга нускама берүү, сынак материалдары салынган пакеттерди ачуу, КӨЧМдерди көчүрүү ж.б.) кирбейт. Сынактын узактыгы 4 саат жана андан көп убакыт болсо, анда ПК менен макулдашуунун негизинде окуучуларга (15-20 мүнөттүк) танапис берилет.
Жазуу иштерин текшерүү ПК тарабынан аларга берилген туура жооптордун жана баалоо критерийлеринин негизинде мектепте өткөрүлөт. Сынак иши көрсөтүлгөн критерийлер боюнча баллдарды кошуу жолу менен жана аларды беш баллдык баалоо системасына өткөрүү менен бааланат.
Эгерде окуучу сынактан канааттандырарлык эмес деген баа алса, окуучунун жеке арызын педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен ага ЖМАны кайрадан өтүүгө уруксат берилет.
Сынактарды өткөрүүнүн формалары
XI класста эне тили жана адабияты боюнча жазуу сынагы (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) эссе формасында өткөрүлөт. Сынакка 5 астрономиялык саат берилет. Эссенин темалары министрлик тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүлөрдүн тандоосуна ар түрдүү көйгөйлөрдү камтыган 3 текст сунушталат:
көркөм текст – проза;
көркөм текст – поэзия;
публицистикалык текст.
Эссенин көлөмү 150 сөздөн кем эмес жана 300 сөздөн көп эмес болушу керек. Эссени жазууда окуучу өз позициясын көркөм чыгармалардын мазмунуна, жана ошондой эле өзүнүн турмуштук тажрыйбасына таяп (жеке таасирленүүсү, өздүк ой жүгүртүүлөр, билимдер ж.б.) аргументөөсү керек.
Эне тили боюнча жазуу сынагы (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) IX класста дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама формасында жазылат. Баяндама даяр тексттин трансформациясынан өз айтымдарын жаратууга өтүүчү зарыл метод болуп эсептелет да, окуучулардан орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөрдөн башка кептик жөндөмдөрдү да талап кылат. Сынакка 4 астрономиялык саат берилет. Баяндаманын тексти бардыгы үчүн бирдей болот. Текст эки жолу окулат. Биринчи жана экинчи окуунун ортосунда текстти маани берип түшүнүү үчүн 3-4 мүнөт берилет. Сунушталган тексттин көлөмү 250-300 сѳздү түзсө, анда анын негизинде жазылган баяндаманын кѳлѳмү да ошончо болуп, ичинде камтылган дилбаяндын элементтеринин кѳлѳмү 80 сѳздѳн кем болбошу же берилген тексттин үчтѳн бир бѳлүгүн түзүшү керек.
Эскертүү: эне тили боюнча жазуу иштери эки баа менен бааланат: биринчиси мазмунуна жана кебинин калыптанганына (кептик нормаларды жана стилдик каражаттарды тандоо эрежелерин сактоо), экинчиси – орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык нормалардын сакталгандыгына коюлат.
Математика боюнча жазуу сынагы IX класстарда (алгебра) комплекстүү тест жазуу формасында өткөрүлөт жана IX класстардын окуучуларынын базалык жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүн жана математикалык билимдер боюнча практикалык көндүмдөрдү күнүмдүк турмушта колдоно билүүсүн текшерүүгө багытталган.
Математика боюнча тапшырмалар окутуу программасынын деңгээлине ылайык (базалык жана тереңдетилип окутулган) түзүлгөн. Сынакка 4 астрономиялык саат берилет, ал эми профилдик класстар үчүн – 5 саат.
Тест үч бөлүктөн, 25 тапшырмадан турат:
1-бөлүк – бир жоопту тандоо тапшырмалары (20 тапшырма);
2-бөлүк – кыска жооп бере турган тапшырмалар (2 тапшырма);
3-бөлүк – кеңири жооп бере турган тапшырмалар (3 тапшырма).
Бөлүк
Тапшырмалар
Туура жооп
Максималдуу балл
Биринчи бөлүк
№1 - №20
1 балл
20 балл
Экинчи бөлүк
№2.1, №2.2
2 балл
4 балл
Үчүнчү бөлүк
№3.у, №3.3
5 балл
16 балл
№3.2
6 балл
Бардыгы:
40 балл
Аткарылган тестти тариздөөдө сынак тапшырмаларын аткаруунун төмөнкү талаптарын сактоо зарыл:
бардык тапшырмалар толугу менен аткарылышы керек;
тариздөөдө жана жазгандарында каталар жок болушу керек;
3-бөлүктү чыгаруу кадамдык жана логикалык ыраатуулук менен аткарылышы керек;
тапшырмалар рационалдуу жол менен аткарылышы керек.
Тапшырмаларды текшерүү Тиркемедеги баалоонун критерийлеринин негизинде жүргүзүлөт.
Окутуу орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили боюнча жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча жазуу сынагы (IX, XI класстар)
Мамлекеттик/расмий тилдер боюнча комплекстүү жазуу тесттери IX, XI класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун текшерүүгө багытталган. Тест 3 бөлүктөн турат:
Класс
Убакыт
Тесттин бөлүктөрү
баллдардын саны
Тест үчүн максималдуу балл
9-класс
1,5 саат
Лексика. Грамматика
40 балл
70 балл
Окуу жана түшүнүү
30 балл
11-класс
2,5 саат
Лексика. Грамматика
60 балл
110 балл
Окуу жана түшүнүү
40 балл
Жат жазуу тапшырмасы менен
10 балл
1-бөлүк. Тесттин максаты – предметтик стандарттарда жана программаларда аныкталган коммуникативдик маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон тилдик компетенциянын калыптануу деңгээлин текшерүү.
Класс
Убакыт
Мазмуну
Тапшырмалар
Лексика. Грамматика
9-класс
40 мүнөт
- жак, сан (атооч, этиш)
- жөндөмө категориясы (А, И, Б, Т, Ж, Ч)
- сан атооч, сын атооч, ат атооч, тактооч, кызматчы сөздөр
- сүйлөмдүн түрлөрү
Төрт жооптун ичинен бир туура жоопту тандоого 40 тапшырма
11-класс
50 мүнөт
- кептин түрлөрү
- кептин стилдери
- сөздүн тике жана өтмө маанилери
- сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү
- жак, сан (этиш)
- жөндөмө категориясы (А, И, Б, Т, Ж, Ч)
- сүйлөмдүн түрлөрү
Төрт жооптун ичинен бир туура жоопту тандоого 60 тапшырма
2-бөлүк. Тесттин максаты – окуу боюнча берилген коммуникативдик маселелерди чечүү үчүн окуучунун сүйлөө көндүмдөрүнүн жана шыгынын калыптануу деңгээлин текшерүү.
Класс
Убакыт
Мазмуну
Тапшырмалар
Текстти окуу жана түшүнүү
9-класс
50 мүнөт
- Мазмунду толук түшүнүү (биографиялык текст, көркөм текст, диалог)
- Берилген маалыматты түшүнүү (илимий-популярдык, публицистикалык, коомдук-саясий текст)
2 текст жана төрт жооптун ичинен бир туура жоопту тандоого 15 тапшырма
11-класс
60 мүнөт
- Толук түшүнүү (жарнама, кулактандыруулар, анонс, маалымкат, аба-ырайынын божомолу)
- Мазмунду толук түшүнүү (биографиялык текст, көркөм текст, диолог)
- Берилген маалыматты түшүнүү (илимий-популярдык, публицистикалык, коомдук-саясий текст)
3 текст жана төрт жооптун ичинен бир туура жоопту тандоого 20 тапшырма
3-бөлүк. Тапшырмалуу жат жазуу (11-класстын окуучулары үчүн гана)
Жат жазуу беш баллдык тутум боюнча бааланат. XI класс үчүн жат жазуунун көлөмү – 110-125 сөз.
Эскертүү: тааныш эмес сөздөр жана сүйлөмдөр түшүндүрүлүп, татаал кыскартылган сөздөр аббревиатурасы менен кошо доскага жазылат.
Жат жазуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги №473/1 буйругундагы нормаларга ылайык бааланат.
ЖМАны уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча катышуучуларга маалымдоо КРдин БИМдин жобосу, буйругу жана ЖМАны нускама-методикалык каттар менен тааныштыруу билим берүү уюмдарын жана билим берүүнүн аймактык органдарын жалпыга маалымат берүү каражаттары «Кут Билим» газетасы жана аймактар менен он-лайн байланышын түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек жана Ош шаарларынын Билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна, бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, мугалимдердин жана ата-энелердин арасында областтык координациялык борборлордун, билим берүү институттарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин жыйынтыктоочу аттестациянын форматтары менен тааныштыруу боюнча кеңири маалыматттык иштерин жүргүзүү керектигин эске салабыз.
Өткөрүлгөн иштер боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2019-жылдын 20-майына чейин жиберүү зарыл.
Тиркемелер:
01_Нускама-усулдук_кат_эне_тили_жана_адабияты_эссе _11-класс
02_Үлгү_эссе_кыргыз_тили_жана_адабияты_11-класс
03_Нускама-усулдук_кат_эне_тили_жана_адабияты_баяндама_9-класс
04_Үлгү_баяндама_тексти_кыргыз_тили_жана_адабияты_9-класс
05_Нускама-усулдук_кат_алгебра_9-класс
06_Тесттин_үлгүсү_алгебра_9-класс
07_Нускама-усулдук_кат_мамлекеттик_жана_расмий_тилдер_9_жана_11-класс
08_Тесттин_үлгүсү_мамлекеттик_тил_9-класс
09_Тесттин_үлгүсү_мамлекеттик_тил_11-класс
№1 ТИРКЕМЕ
XI класстарда эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик) жана адабияты боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ѳткѳрүү боюнча нускамалык-методикалык кат
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги №378/1 буйругуна ылайык XI класстардын окуучуларынын эне тили жана адабияты боюнча Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы (ЖМА) жазууга 5 астрономиялык саат бѳлүнгѳн, кѳлѳмү 150-300 сѳздѳн турган эссе-аргументация формасында өткөрүлөт.
Сынак катары эссени жазуу максаты окуучулардын тандалган теманы чыгармачыл түшүнүүсүн, ѳзүнүн позициясын аргументтѳѳ менен коюлган кѳйгѳй боюнча ѳзүнүн пикирин жана ойлорун билдире билүүсүн, логикалык жактан туура ойлонуу жѳндѳмүмдүүлүгүн, келтирген ойлорунда карама-каршылыкка жол бербей, ѳз ойлорун туура жана ырааттуу билдире билүүсүн текшерүү эсептелет.
Ар кандай аргументацияда тезистин (негиздѳѳ үчүн келтирилген ырастоолор, ой жүгүртүүлѳр, пикирлер) жана далалдердин (далилдѳѳлѳр же аргументтер) болушу болжолдолот.
Кѳз караштын пайда болушуна жана аны аргументтѳѳ үчүн негиз катары окуучуларга текст сунушталат. Окуучу тексттин мазмуну менен таанышып, окулгандын негизинде жеке таасирленүүсүн жана ойлорун түзүшү керек.
Окуучулардын тандоосуна ар кандай проблематиканы камтыган 3 текст сунушталат:
- көркөм текст – проза;
- көркөм текст – поэзия;
- публицистикалык текст.
Аргументтѳѳчү эссе үчүн сунушталган тексттер тандоо критиерийлерине дал келет, министрлик менен макулдашылган (1-тиркеме) жана тѳмѳнкү проблематикаларды камтыйт:
- адамдын адеп-ахлактык сапаттары;
- адамдардын ѳз ара аракеттешүүсү (үй-бүлѳдѳ, достору менен, коомчулукта);
- коомдун социалдык түзүлүшү;
- жакшылык менен жамандыктын тирешүүсү;
- адам жана жаратылыш;
- адам жана искусство.
Тексттин темасы талкуулого коюлган тигил же бул кѳйгѳйдү бѳлүүгѳ мүмкүндүк берет.
Окуучу текстте берилген бир гана кѳйгѳйдү тандап, эссенин композициясын ойлоп чыгып, андан кийин тѳмѳнкү структурада эссени жазуусу керек.
1). Кѳйгѳйдү формулировкалоо
Тексттеги кѳйгѳй – бул чечүүнү жана изилдѳѳнү талап кылган теоретикалык же практикалык татаал маселе. Кѳйгѳйдү татаал, маанилүү, олуттуу, кыйын, терең, негизги, башкы, актуалдуу, учурдагы эң кызык, курч, жетилген, философиялык, саясый, идеологиялык, социалдык, улуттук, эл аралык деп аныктаса болот.
Кѳйгѳйдүн ѳзүнүн объекти болот, мисалы, согуш, тынчтык, экономика, саясат, идеология, тарбиялоо, билим берүү. Тексттин кѳйгѳйүн эки негизги ыкма менен формулировкаласа болот: а) кѳйгѳйдүн объектин баалоо («Бул кимдин кѳйгѳйү?», «Бул эмне болгон кѳйгѳй?» деген суроолорго жооп берүү); б) кѳйгѳйдү суроо түрүндѳ аныктоо (кѳйгѳй чечимди талап кылган суроо болуп саналат).
Ошондой эле кириш сѳздѳ кѳйгѳйдүн пайда болуу тарыхы кѳрсѳтүлүшү мүмкүн; чечилип жаткан кѳйгѳйдүн башка кѳйгѳйлѳрдүн катарында аныкталган орду; кѳйгѳйдүн ѳзгѳчѳлүктѳрүн баяндап жазуу; кѳйгѳйгѳ жалпы кѳз караш ж.б.
2) Кѳйгѳйдү комментарийлѳѳ
Автордун жазганы канчалык актуалдуу экени жѳнүндѳ ойлонуу керек; ким жана кандай жагдайларда мындай кѳйгѳйлѳргѳ учурайт. Эгерде мүмкүн болсо, «маселенин тарыхына» тие кетсе болот, бул кѳйгѳйдү кандай карашкандарын, башка авторлор бул кѳйгѳйдү чечүүгѳ аракет кылышкандыгы, бул маселе боюнча автордун кѳз карашы менен дал келбеген башка кѳз караштар бардыгы тууралуу кыскача айтып кетсе болот.
Эссенин бул бѳлүгүндѳ материалды баяндоонун эки ыкмасы болушу мүмкүн: 1) айрым фактылардан кѳйгѳйдү формулировкалоого ѳтүү; 2) кѳйгѳйдү формулировкалоодон комментарийге ѳтүү.
3) Автордун позициясын аныктоо
Эгерде тексттин кѳйгѳйү суроо түрүндѳ коюлса, анда автордун позициясы – бул текстте коюлган суроого жооп болуп саналат.
Автордун позициясын аныктоо үчүн тѳмѳнкү суроолорго жооп берүү керек: «Текстти түзүү менен автор ѳз окурмандарына эмне деп айтайын деди эле?», «Автор баяндалып жазылган жагдайды, каармандын жоруктарын кандайча баалайт?».
4) Жеке кѳз карашты формулировкалоо
Бул тапшырма адепки тексттин кѳйгѳүн жана автордун позициясын түшүнүү менен түздѳн-түз байланышкан – дал ушул учурда окуучу ойлонууга, ѳзүнүн пикирин билдирүүгѳ, автор менен диалогго киришүүгѳ мүмкүндүк алат, Бүтүрүүчү автордун позициясы менен макул болууга же макул болбоого укуктуу. Анын жеке пикири далилдѳѳнү талап кылуучу тезис болуп саналат.
Тезис – бул кандайдыр бир идея (ой, кѳз караш, позиция, абал). Эссенин бул бѳлүгүнѳ тактык жана ачыктык маанилүү. Тезисти түшүндүрүү зарыл. Муну башкы сѳздѳрдү түшүндүрүү аркылуу кылса болот.
5) Ѳз кѳз карашты аргументтѳѳ
Окуучунун бардык ойлору аргументтер менен бекемделип кѳрсѳтүлүшү керек. Бул изилдѳѳ учурунда табылган, алынган далилдер, далилдѳѳлѳр. Алар эмнеге окучуу тарабынан келтирилген тезистерди кабыл алууга мүмкүн жана керек экендигине негиздеме болуп саналат.
Аргументтерди мисалдар, далилдѳѳлѳр, авторитеттүү пикирлер ж.б.у.с менен бекемдеп кѳрсѳтүү керек. Эреже катары, бул окуучу ѳзүнүн кѳз карашын далилдѳѳ үчүн колдоно турган фондук материалдар болуп саналат.
Бул үчүн окуучу тѳмѳндѳгүлѳрдү колдонсо болот:
- логикалык (рационалдык) далилдер, же аргументтер – бул реалдуу фактылар, теориялар, гипотезалар, статистикалык маалыматтар, жаратылыш мыйзамдары, ѳз кѳзү менен кѳргѳн адамдардын күбѳлүктѳрү, эксперименттердин жыйынтыктары ж.б.у.с.;
- иллюстрация мисалдары – бул адабияттан, жеке турмушунан же жакын адамдардын жана тааныштардын турмушунан алынган мисалдар, ошондой эле кандайдыр бир шарттарда турмушта мүмкүн болуп кала турган окуялар;
- авторитеттүү пикир – бул бардыгы тарабынан аксиома катары кабыл алынуучу белгилүү адамдардын, илим же адабияттын ишмерлеринин айтымдары. Элдин турмуштук тажрыйбасы, элдик даанышмандык катары кабыл алынуучу макалдар жана лакаптар.
Бардык келтирилген аргументтер логикалык жактан тезис менен шайкеш болуусу керек. Негизинен далилдер же аргументтер «Эмнеге?» деген суроого жооп беришет. Бул суроону тезисти формулировкалагандан кийин, аргументтер бири-бири менен байланышканын жана башканы эмес, дал ошол абалды далилдеп тургандыгына ынануу үчүн берүү керек.
6) Жыйынтык чыгаруу
Аргументтѳѳнү бүтүргѳндѳн кийин окуучуга жыйынтыкты формулировкалоо зарыл. Анда ал тѳмѳнкүлѳрдү кыла алат:
- карылып жаткан маселени кыскача түрдѳ кѳрсѳтүү; бардык ойлорду жалпылоо;
- келечектеги, перспективадагы кѳйгѳдүн ѳрчүшүн белгилѳѳ;
- сунушталган чечимдердин практикада колдонулушу жѳнүндѳгү божомолдору менен бѳлүшүү.
Окуучуларды эссени жазууга даярдоодо тѳмѳнкүлѳрдү кылуу керек:
1. Окуучуларды эссеге болгон талаптар жана аны текшерүүнүн критерийлери менен тааныштыруу.
2. Ар бир критерийдин этаптык талдоосун жүргүзүү:
а) тексттин кѳйгѳйү, кѳйгѳйлѳрдүн түрлѳрү, тексттин кѳйгѳйлѳрүн бѳлүп чыгаруу ыкмалары, кѳйгѳйдү формулировкалоо ыкмасы;
б) комментарий, комментарийдин түрлѳрү, жол-жоболоо ыкмасы;
в) автордун позициясын ачып кѳрсѳтүү жана аны жол-жоболоонун ыкмалары;
г) ѳз позицияны аргументтѳѳ, аргументтердин түрлѳрү.
3. Аргументтѳѳчү эссенин композициясынын үстүнѳн иш жүргүзүү.
4. Эссени жазуу боюнча жана баалоонун ылайыктуу критерийлери боюнча ѳз ара текшерүү иштерин уюштуруу.
2-тиркемеде эссени жазуу үчүн тапшырмаларды камтыган тексттин үлгүсү кѳрсѳтүлгѳн. 3-тиркемеде окуучуларга текстти логикалык жактан туура түзүүгѳ жардам бере турган сунуштоолор жана кептик клишелер берилген.
Аргументтѳѳчү эссе окуучу канчалык деңгээлде тѳмѳнкүлѳрдү билерин кѳрсѳтѳт:
- берилген проблематикага ылайык текстти ырааттуу жана логикалык жактан туура түзѳт жана ѳз ойлорун билдире алат;
- аргументтѳѳнү, мисалдар менен тезистик-далилдѳѳ бѳлүгүн түзгѳндү билет;
- ассоциациативдик жана ийкемдүү ой жүгүртүүнүн кѳндүмдѳрүн кѳрсѳтѳт;
- жазуу текстин орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык нормаларга ылайык жол-жоболштурат;
- сѳздүк запасынын ар түрдүүлүгүн кѳрсѳтѳт.
Бул тѳмѳнкүлѳрдү ѳзүнѳ камтыган баалоонун критерийлерин иштеп чыгууга негиз болду:
Ойду баяндап жазуунун структурасын/композициялык жактан бүткѳндүгүн, логикага негизделгендигин, ырааттуулугун.
Тексттин негизги кѳйгѳйүн формулировкалоо жана комментарий берүү
Адепки тексттеги автордун позициясын комментарийлѳѳ жана аргументациялоо.
Окуучунун жеке пикирин жана тезисти формулировкалоосун кѳрсѳтүү.
Ѳз позициясынын аргументациясын: аргументтердин бар болуусу.
Аргументациянын сабаттуулугу.
Корутундунун бар болуусу.
Кептик жана стилистикалык нормалардын сакталуусу
Эссе жазуу боюнча сунуштама
Сунушталган текстти кунт коюп окуӊуз.
Эссени жазууда структураны так жана толук сактаӊыз:
I. Киришүү (теманы жана тексттен келип чыккан көйгөйдү аныктоо)
II. Негизги бөлүк
Автордун көз карашын аргументтештирүү жана ага түшүндүрмө берүү.
Тезис (жеке көз карашы, автордун оюна карата макул же карама-каршы көз карашын билдирүү).
Биринчи аргумент (Ата Мекендик, кыргыз жана чет элдик көркөм адабий чыгармаларга таянуу).
Экинчи аргумент (турмуштук тажрыйбаларга таянуу).
III. Жыйынтык
Эскертүү: Эссенин көлөмү 150 жана 300 сөздөн кем болбошу керек.
Текстин темасы тиги же бул талкууга алынган маселени белгилеши мүмкүн. Бул учурда темада белгиленген позицияны окуучунун кабыл алуусу зарыл эмес.
Сынактык текттердеги көйгөйлөр( болжолдуу тизме)
Тарыхый эс-тутум көйгөйү ( эмне үчүн адам өткөндү эске сакташы керек? Өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ата Мекенин сүйүү деген эмне?).
Адамдын нравалык туруктуулук көйгөйү.
Адам жана жаратылыш көйгөйү (Адамдын жаратылышка тийгизген таасири жана анын натыйжасы).
Адамдын жаратылыштын жандуулугун кабыл алуу көйгөйү (Адамдын жаратылыштын жандуулугун кабыл алып, ага кам көрүүсү зарылбы? ).
Коомдун социалдык түзүлүшүндөгү акыйкатсыздык көйгөйлөр (Коомдогу адамдардын бай жана кедей болуп бөлүнүшү табигый көрүнүшпү? Коом туура түзүлгөнбү? ).
Жеке жана коомдун кызыкчылыгын эске алып, кесип тандоо көйгөйү (Кесип тандоодо жеке жана коомдун кызыкчылыгы дал келиши мүмкүнбү?).
Адамдын өзүнүн жана коомдун алдындагы жоопкерчилиги ( адам коомдон жана башка адамдардан эркин боло алабы?).
Маданияттардын бири-бирине өтүү көйгөйү.
Жалгыздык жана жакындарына кайдыгерлик көйгөйү.
Аталар жана балдар көйгөйү.
Согуш мезгилиндеги нравалык тандоо көйгөйү.
Адамдын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн жакшы нерсенин таасир этүү көйгөйү.
Экологиялык көйгөйлөр.
Адамдын жашоосундагы нандын орду жана мааниси.
Сүйүү көйгөйү.
Ата-энелик сүйүүнү көйгөйү .
Достук көйгөйү.
Аткарган кызматка карата жоопкерчилик көйгөйү.
Жеке мамиледеги ишеним жана чыккынчылык көйгөйү.
Аял жана согуш.
Жазуу сынак иштери баалоо сынак болгон күн эсепке алынбастан эки иш күнүнөн көп эмес убакыттын ичинде тиркелген баалоо критерийлеринин негизинде ПК тарабынан ишке ашырылат. ИГАнын жыйынтыгы беш баллдык системанын негизинде бааланат. Окуучулардын иши "2" (канаатандыралык эмес) жана "5" (эӊ жакшы) деп бааланган бааларына карата сын-пикир жазылат.
Эссе үчүн тандалган тексттин критерийлери
№ | Критерий | Талаптар |
1 | Тексттин көлөмү | Тандалган текст талап боюнча көлөмдөн ашпайт( 700 сөз) |
2 | Тексттин стили | Текст көркөм (проза, поэзия) же публицистикалык стилге тиешелүү. |
3 | Тексттин мүнөзү | текст бүтүрүүчүнүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келет жана мазмуну окуучулардын коммуникативдик, окурмандык жана турмуштук тажрыйбасынын чегинен чыкпайт; текст автордун көз карашын, коммуникативдик ой-пикирин жана максаттарын ишке ашырууда өтө жөнөкөй болбоого тийиш; текст өнүктүрүүчүлүк, билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүккө ээ жана окуучулардын кругозорун өстүрүүгө жөндөмдүү; текст этикалык, нравалык ж.б. социалдык, инсандык маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу өзгөчөлүгүнө ээ; тексттин мазмуну тигил же бул көйгөйдү бүтүрүүчү тарабынан ар тараптуу, эмоционалдык жактан кеңири чечмелеп жана баяндап берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт; текст окуучу тарабынан окулган материалга карата анын ар түрдүү ой жүгүртүүсүн жана жеке пикирин баяндоого шарт түзөт; тексттин мазмуну окуучуларды диний, улуттук, жыныстык ж.б. белгилери боюнча бөлбөйт; текст маалымттык элементтер менен ашыкча жүктөлбөйт: терминдер, энчилүү аттар, фактологиялар жана цифралар; Эгер көркөм чыгарманын үзүндүсү берилсе, ал маанилик бүтүндүккө ээ болууга, тактап айтканда, анын аяктаган бөлүгүн түзүүгө тийиш. |
Эссенин мазмунун баалоо критерийлери
Критерийлер | Сүрөттөө | Балл |
Эссенин структурасы, логикалуулук, ойду баяндоо уланмалуулугу | -эссенин түзүлүшүндө бардык элементтер катышат, иште маанилик бүтүндүк мүнөздүү болот, баяндоонун кептик байланышы жана уланмалуулугу сакталса; | 5 |
-эссенин түзүлүшүндө бардык элементтер катышат: маанилик бүтүндүк мүнөздүү болот, баяндоонун кептик байланышы жана уланмалуулугу сакталат, бирок бир логикалык ката, же тектти абзацка ажыратууда бир катага жол берилсе; | 4 |
-эссенин түзүлүшүндө бардык элементтер катышат, коммуникациялык ой берилет, бирок үч-төрттөн кем эмес логикалык катага, же текстте 2 абзацтын бузулушуна жол берилсе; | 3 |
- жазуу ишинде абзацтын ажыратылышы сакталбай, түзүлүшүндө элементтер толук эмес берилип, 5 логикалык катага жол берилсе; | 0 |
Тексттин түйүндүү көйгөйүн аныктоо | -бүтүрүүчү тексттеги көйгөйдү туура аныктай алса, жазуу ишинде көйгөйдү түзүүгө жана түшүнүүгө байланыштуу фактылык каталар жок болсо; | 5 |
-бүтүрүүчү тексттеги көйгөйдү туура аныктай албаса; | 0 |
Тексттеги автордун көз карашын аргументтештирүү жана түшүндүрмө берүү | - бүтүрүүчү тарабынан текстке таянуу менен андагы көйгөйлөргө түшүндүрмө берилип, так аргументтер жана цитаталар келтирилсе; | 5 |
- түшүндүрмө үстүртөдөн берилсе; | 3 |
-түшүндүрмө жок, айтып берүү менен чектелсе; | 0 |
Жеке пикиринин болушу | - автор тарабынан текстте коюлган көйгөйгө бүтүрүүчүнүн өз пикирин билдирүүсү (автордун көз карашы менен макул же макул эмес); | 5 |
Биринчи аргумент( көркөм чыгармага таянуу менен) | -бүтүрүүчү окуган көркөм чыгармага таянуу менен аргумент келтирсе; Эскертүү: ар бир кийинки аргумент үчүн (ар башка чыгармадан) кошумча 0,5 баллдан эсептелет. | 5 |
Экинчи аргумент( турмуштук тажрыйбага таянуу менен) | -бүтүрүүчү турмуштук тажрыйбага таянуу менен аргумент келтирсе; | 5 |
-бүтүрүүчү тексттин автору тарабынан коюлган көйгөйгө өз пикирин билдире алган жок (автордун көз карашы менен макул же макул эместигин), аргументтерди келтирген жок, же сынакка катышуучунун ою жөн гана формалдуу (мисалы: “Мен автор менен макулмун же макул эмесмин), же иште бүтүрүүчүнүн пикири таптакыр чагылдырылган жок. | 0 |
Жыйынтык | - жыйынтык түзүлгөн тезистен, келтирилген аргументтерден жана мисалдардан келип чыгат; | 5 |
- жыйынтык тезис жана аргументтерге жарым-жартылай гана жооп берет; | 3 |
- жыйынтык жок, же тезис жана аргументтерге жооп бербейт; | 0 |
Кептик жана стилдик ченемдердин сакталышы | -стилдик жана кептик каталар жок же 1гана катага жол берилсе; | 5 |
- 2-4 каталарга жол берилсе; | 3 |
- бештен көп каталарга жол берилсе. | 0 |
Баллдарды баага которуу шкаласы (адабият)
Баллдар | Баа |
40-31 | 5 |
30-21 | 4 |
20-11 | 3 |
10-0 | 2 |
Сабаттуулук (кыргыз тили)
Баа «5» | 1 пунктуациялык же 1 грамматикалык катага жол берилет. |
Баа «4» | Жол берилет: 2 орфографиялык жана 2 пунктуациялык каталарга; 1 орфографиялык жана 3 пунктуациялык каталарга; 4 пунктуациялык жана 2 грамматикалык каталарга жол берилип, орфографиялык каталар жок болсо. |
Баа «3» | Жол берилет: 4 орфографиялык жана 4 пунктуациялык каталарга; 3 орфографиялык жана 5 пунктуациялык каталарга; 7 пунктуациялык каталар жана 4 грамматикалык каталарга жол берилип, орфографиялык каталар жок болсо. |
Баа «2» | “3” баасы үчүн каралган каталардан да орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык каталар көп болсо. |
Эссе үчүн берилүүчү текст
Берилген текстти окуп чыгыӊыз.
Кыямат
Аксаӊдаган Авдий вокзалга жарым саатта араӊ жетти. Жолдон тактанын жараӊкысын таап алып, аны балдак ордуна таянып барганы огожо болду.
Кыйма-чийме чубалган темир жолдордун, поездден артылып турган темир көпүрө баш болуп, ар кандай темир курулуштардын, бийик илинген прожекторлор менен ары-бери соймоӊдоп жуп крандардын, вокзал алдындагы аянт түгүл, бүткүл станция шаарчасынын үстүнөн селектордон баркылдаган буйрук-сөздөр аркы-терки жылган локомотивдердин үндөрү, келген-кеткен жүргүнчүлөрдүн поездеринин кабарын айткан радиокызматчынын жарыя добушу жаӊырат. Кулак-мурун кескендей ыӊжыӊ ээн талаадан келген Авдий буерде турмуштун кайнап жатканын туйду. Жанталашып кымгуут чуркаган калыӊ элдин тобуна кирди. Жалпак-Саз бекеринен айтпай Түркстан аймагындагы тогуз жолдун тоому болгон жер эмес.
Кайсы поездге түшүп, кантип кетиш керек, деги жанында бар болгону отуз беш сом менен кантип жан сактоо керек Авдий ушуга бушайман эле. Эгер кассада чыпта болсо, ушерден Москвага чейин плацкарта вагонуна түшүү отуз сом турат. Анан эмнеге жашайт? Шишиген бутун, көгала денесин кантет? Оюна тумчуккан Авдий башы жерге салаӊдап, станциянын эл быкбырдай кайнап, абасы дем болгон бөлмөлөрүнөн өттү. Үстүндөгү кийиминен тамтык жок, бети башынан тамтык жок. Аз келгенсип тактанып жарты жараӊкасын балдак ордуна таянып алган бу кебетеси көзгө урунттуу болуп, тегеректегилер кылчактап карай беришти. Поезддин расписаниесин көрүү үчүн перронго чыгып баратып, Авдий артынан бир милиционер кадала ээрчип алганын байкады.
Эй, жигит, токточу!-деп милиционер жанына келди. Кыжырлангандай катаал көз карашында ырайым көрүнбөйт. Буерде эмне кылып жүрөсүӊ? Өзүӊ кимсиӊ?
Менби? Билесизби, мен деген гезиттин кабарчысы болом.
Мени ээрчип, бөлүмгө жүр. Ким экениңи ошерден териштирип алабыз…
Эки жагын карап келаткан Авдий көргөн көзүнө ишене албай бакырып ие жаздады. Кире бериштеги улага бурчта арматура темирден согулган тордун ичинде, куду ажайыпканадагы кор болгон жырткычтар түспөлдөнүп, баягы наша жыйнагыч чабагандар отурат. Петруха, Лёнька, Махач, Коля, дагы бейтааныш балдар -баары болуп он эки. Командасы бүтүндөй, болгондо командири гана жок. Кол баштаган Гриша өзү жок.
Ой, балдар, силерге эмне? Эмне болдуңар? деп элейе калды Авдий.
Чабагандардын бири да үн катпады. Кыбырап да коюшпады. Тор ичинде жалаң полдо бири- бирине ыкташып, азган-тозгон, капкандагы бөрүдөй сүзө тиктеген чабагандар тунжурайт.
Булар сенин балдарыңбы? Лейтенант мыйыгынан кытмыр жымыйып койду.
Ананчы! Баары менин балдарым!
Ошондой де! Лейтенант таң калган кыязда Авдийди тигиле тиктеди. –Бул, эмне, силердин кишиңерби? деди ал тигилерден.
Эч жооп болбоду. Баары үлүрөйүп жер тиктешти.
Ар бир жолду бөгөп, ар бир поездден силерди кутурган иттей кылып бирден тутпасам элеби! Менден кутулуп кете албайсыңар!—деп лейтенант жаалдангандан жаалданды. –Дагы сурайм, кабарчымын деген мобу самтырак ким? Ким бул неме? –Авдийди колдон алып, тордун түбүнө жетелеп барды. Жакшылык менен айткыла! Силердин кишиңерби?
Тынымга баары тунжурап турушту. Авдий таң калды: кечээ эле ээн талаада алып-учкан жигиттер, жүрүп бараткан поездди токтотуп түшүп алып, наша чегип маң болуп, аны вагондон ыргыта тепкен эргулдар азыр минтип шымдарынын куру жок кашаттарын карманып, жылаңаяк, кыязы, жылаң баш, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп, таяк жеген иттей үлүрөйүп турушат.
Акыркы жолу сурайм,- деп лейтенант ачуусуна муунуп, энтиге дагы сурады. –Мен кармап келген бу неме ким, силерденби, же силерден эмеспи?
Жок бизден эмес, деди Петруха Авдийди олурая карап.
Экөө эл толгон залга кайра чыгышты. Лейтенант Авдийди бир бош орундукка алып кирди да, отуруусун өтүндү, өзү да отурду.
Сенден аябай суранам, жолдош,- деп лейтенант сырдашкандай чын көңүлүнөн айтты. Биздин ишке жолтоо болбочу.
Ою кымгуут түшүп, деми кыстыкты, жүрөгү айланды. Кокустан жолуккан көпчүлүктүн арасында, абасы дымыккан залдын ичинде Авдий эстен танып отурду. «Алда жаным-ай,кыйналып баратасыңбы, деп коёт. Адамдар неге мынча кызык жаралган? Киши менен кишинин иши жок. Айланаң бүт ээн, ар ким тентиреп өз бетинче». Бу кыйналганы өтүп кетер, кайра калыбына келип, камактын капаатына калгандарга жардам бериш үчүн эптеп бир айла табарын күттү Авдий. Кечээ күнү алар өзүн өлүп тынчысын деп жүрүп бараткан поездден ыргытып жибергендери артта калды. Тиги киши өлтүргүч мыкаачылар, кылмышкерлер, арамдар азыр боорун оорутпай жинин келтирип, өч алууну каалатпайт беле. Жок, идеалист Авдий Каллистратов турмуштун эч кандай сабагына моюн сунгусу жок, эч бир ойдун жүйөсүнө да көнөр эмес. Наша чабагандарынын жеңилиши – өзүнүн жеңилиши экенин, өзгөнүн камын жеп, өзүнүн жанын жеген идеасынын жеңилиши экенин ал тереңинде сезип олтурду. Ушул оор жазадан куткарып калыш үчүн ал нашачыларга таасир эте албай койбодубу. Ошону менен бирге ал өзүнүн ушундай кечиримдүүлүгүнүн азабын тартарын түшүнбөй койгон жок...
(657 сөз)
Ч. Айтматов
Автор тарабынан текстте көтөрүлгөн көйгөйдү жана анын актуалдуулугу эмнеде экендигин аныктаӊыз.
Чыгармада козголгон көйгөйгө карата жеке көз карашыңызды эссенин талаптарына ылайык далилдеп (аргументтештирип) жазыӊыз.