СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этиштин чактары боюнча аралыктан окутуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

                             Этиштин өткөн чагы

     Сабактын максаты:

   Билим берүүчүлүк:өткөн чак тууралуу маалымат алат; 

   Өнүктүрүүчүлүк: өткөн чактын түрлөрүн, аларды уюштуруучу каражаттарды үйрөнүшөт. Өткөн чакты этиштин башка чактарынан ажырата алат.

   Тарбия берүүчүлүк: укканын зсте сактап калууга , сабырдуулукка, адептүүлүккө тарбияланат.

        Сабакта ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

   Тилдик:өткөн чак боюнча маалымат алуу менен анын грамматикалык белгилерин билишет.

   Кептик: Кебинде өткөн чакты туура колдоно билет, оюн так, түшүнүктүү айта алат.

   Маданий: Алган билимин билгичтик менен сүйлөө жана жазуу кебинде кеңири колдонуп ,кебинин бай жана орундуу болуусуна аракет кылат.

    Кана, балдар, буга чейин өтүлгөн этиштин чактарын эсибизге салабыз. Учур чак менен келер чактын айырмасы эмнеде? Азаматтар !  Аларга оозеки мисалдарды келтиребиз.

    Өткөн чак деп эмнени айтабыз? 

   Бул окуя  кызыктуу болгон эле?  Бул китепти мен окугамын. Сүйлөмдөрдү байкагылачы , кыймыл- аракет

квчан болду? Ооба, кыймыл- аракет сүйлөп жаткан мезгилден мурда эле болуп өткөн. Демек, өткөн чак сүйлөп жаткан мезгилден мурун болгон кыймыл- аракеттиаракетти билдирет.

   474-475- көнүгүүлөрдөгү өткөн чакты белгилегиле, аларды уңгу, мүчөгө ажыраткыла.

   Өткөн чак берген маанисине карай төрткө бөлүнөт.

         1) Айкын өткөн чак. Адыл тапшырманы жазды.

         2).Капыскы өткөн чак. Адыл тапшырманы жазыптыр.

         3).Жалпы өткөн чак. Адыл тапшырманы жазган.

         4).Адат өткөн чак. Адыл тапшырманы жазчу. 

   476-көнүгүүнү көрсөтүлгөн үлгүдө иштейбиз.

     Бышыктоо: Өткөн чак деп эмнени айтабыз?

   Өткөн чактын түрлөрүн ата.

  Өткөн чак кантип жасалат?

  Тапшырма: 478-көнүгүүнү иштөө.

   Баалоо: дигоностикалык баапоо