Этиштин келер чагы
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: келер чак , анын түрлөрү боюнча билишет.
Өнүктүрүүчүлүк:келер чак тын маанилик түрлөрүн, алардын жасалышын түшүнөт.
Тарбиялык: сабырдуулукка, адептүүлүккө тарбияланышат.
Төмөндөгү компетенттүүлүккө зз болушат:
Тилдик : келер чак анын түрлөрү,жасалышы жөнүндө
билишет.
Кептик: аларды кебинде орундуу колдоно алат.
Маданий:алган билимин жазуу жана оозеки кебинде сабаттуу колдоно алат8
Саламатсыңарбы ,окуучулар!
Сабакка даярсыңарбы?
Өткөн сабакта учур чак жөнүндө өткөнбүз.
Келер учур чак деп эмнени айтабыз ?
Учур чак кантип жасалат?
Түзүлүшүнө карай учур чак канчага бөлүнөт? Аларды атагыла .
466- көнүгүүгө түзгөн сүйлөмүңөрдү окугула.
Азаматсыңар', окуучулар! Эми жаңы темага көңүлүңөрдү бургула.
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу , Ата яЖурт!
Ааламгм алтын нурун чачыратып, тоо башынан күн чыгат. Келечекте эл ишин аркалаган ар намыстуу,ак ниет
адам болобуз деген сүйлөмдөодөгү этиш сөздөрдү белгилегиле. Алар кыймыл-аракеттин кайсыл мезгилин билдирип турат? Азаматтар, сүйлөп жаткан мезгилден кийин болорун билдирип турат. Сүйлөмдөгү этиш сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла. - а, - й,-т мүчөлөрү улануу менен жасалды. Анда келер сак деп змнени айтат экенбиз? Ооба,Сүйлөп жаткан мезгилден кийин болуучу
кыймыл-аракет келер чак деп аталат.
Келер чак маанисине карай экиге бөлүнөт : айкын келер чак жана арсар келер келер чак.Айкын дегенде кандай маанини түшүнөсүңөр? Туура, ачык, так деген маани .Кыймыл-аракет сөзсүз болот. Ал эми арсар дегендечи?
Ооба , болот, же болбойт. Аткарылбай да квлышы мүмкүн.467-көнүгүүдөгү учур чактагы сөздөрдү келер чакка айландыргыла. Болуп жатат-болот, болмокЫрдап-
бийлөөдө- ырдап- бийлешет, ырдап- бийлешер.Чертүүдө-
чертишет, чертмек.Келип жатышат- келишмек ,келишер. 470- көнүгүүдөгү этиш сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла
Бышыктоо: окуучулар бири-бирине суроо берүү менен бышыкталат.
Үйгө тапшырма: 468- көнүгүү
Баалоо: окуучулар бири- бирин диагоностикалык баа менен мугалимдин көзөмөлүндө баалашат.